Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Сөз менен алпурушкан өмүр


Эрнис Турсунов.
Эрнис Турсунов.

Кыргыз Эл жазуучусу, атактуу акын, даркан котормочу, драматург жана прозаик Эрнис Турсунов чыныгы кесипкөй жазуучу, өмүр бою жалаң калеминин касиети менен жашап өткөн адам эле.

Илгери орустун улуу жазуучусу Алексей Максимович Горький "жазуучу деген наамы бар адамдар «кесипкөй жазуучу» жана «катардагы жазуучу» болуп экиге бөлүнөт" дечү экен.

Башкача айтканда, жалаң калеми менен оокат кылып, жазуучулуктун бардык сырларын, адабияттын бардык жанрларын өздөштүрүп бүткөн адамдарды «кесипкөй», б.а. калемгер деп атап, калгандарын колу бошогондо, илхамы келгенде калем кармаган адамдар катары карачу экен. Эгер ушул жагынан алып карасак, Кыргызстандын Эл жазуучусу, атактуу акын, даркан котормочу, драматург жана прозаик Эрнис Турсунов чыныгы кесипкөй жазуучу, өмүр бою жалаң калеминин касиети менен жашап өткөн адам эле. Ал мамлекеттик кызматта жаш кезинде гана азыраак иштеди, бирок негизинен жалаң жазуучулук менен үй-бүлөсүн бакты, балдарын окутуп-тарбиялады, дээрлик 80 жаш бою мазмундуу өмүр сүрдү.

Күндөлүк турмушта Эрнис ага абдан тамашакөй, ошону менен бирге оор басырыктуу, көп сүйлөбөгөн, сүйлөсө да таап сүйлөгөн, чебердеп сүйлөгөн, ар бир сөздүн даамын татып, салмагын тартып кеп салган адам эле. Ошону менен Эрнис аганын юмору, куудулдугу, кыргыз маданиятынын адамдарынын кылык-жоруктарын укмуштуудай жандуу жана элестүү кылып айтып бергени акын агабызды көрүп-билип калган адамдардын эсинен оңой менен чыкпаса керек. Бул өзүнчө бир театр, кээде кейиткен, кээде боорду эзип күлдүргөн эпизоддор, тарыхтар, окуялар эле. Акылдуу инсан эмеспи, ошолордун көбүн радиого жаздырып, калганын «Триумф жана трагедия» деген китебине киргизип, айтор кызыккан, издеген киши таап ала турган кылып калтырып кетти.

Ал эми Эрнис Турсуновдун чыгармачылык бейнесине келе турган болсок, бул кичинекей радиомаекти эмес, чоң илимий изилдөөнү талап кыла турган маселе. Ооба, акындыгы да, жазуучулугу да, котормочулугу да чоң Эрнис аганын адабий мурасын изилдегенге кызыккандар бар, ага арналган макала-эмгектер да жок эмес, бирок анын чыгармачыл дүйнөсүн чындап изилдөө, кыргыз адабиятынын тарыхындагы ордун, маанисин аныктоо келечектин иши го деп ойлойм.

Эрнис Турсуновдун чыгармачылыгындагы эң күчтүү тармак - анын лирикасы эле. Дегеле Эрнис аганын лирикасы – кыргыз поэзиясындагы эң көрүнүктүү жетишкендиктердин бири. Бул жагынан Турсунов өз замандаштарынын ичинен эң биринчи катарда турган акындардын бири.

Жашадым мен өзүмдүн күнүм менен,
Жалыны жерге атылып дүрүлдөгөн.
Кезинде, октон качкан коен болуп,
Кезинде, жолборс болуп күрүлдөгөм.

Ырдадым мен өзүмдүн үнүм менен,
Ыргагы кышкы ызгаарга күбүлбөгөн.
Кезинде, ээ бербеген ташкын болуп,
Кезинде, билик болуп бүлбүлдөгөм.

Жар сүйдүм жүрөктөгү сүйүүм менен,
Жан барбы жар сүйгөндө сүйүнбөгөн!
Кезинде, бычак тийсе чарт жарылып,
Кезинде, чоюн болуп ийилбегем.

Өрт болуп күйдүм ар кыл курагымда,
Өз үнүм, өз мүнөзүм турар ырда!

Пушкиндин "Евгений Онегин" романы Эрнис Турсуновдун котормосунда. "Мектеп" басмасы, 1967-жыл.
Пушкиндин "Евгений Онегин" романы Эрнис Турсуновдун котормосунда. "Мектеп" басмасы, 1967-жыл.

Эрнис Турсуновду жогоруда кыргыз адабиятындагы сейрек профессионалдардын бири деген ойду айттык. Чындыгында да Эрнис ага ырдын да, котормонун да, прозанын да чыныгы чебери, устасы эле. Ар бирине токтолуп өтүүгө шарт болбогондуктан учкай гана санап өтөлү: Эрнис Турсунов которгон Александр Сергеевич Пушкиндин «Евгений Онегин» романы буга чейин же азыр эле эмес, келечекте да алдына эч кимди салбай турган таланттуу котормо. Ошол эле катарда турган кайталангыс котормо Николай Некрасовдун «Оруста ким жакшы жашайт» деген атактуу поэмасы. Андан тышкары Шекспир, Петрарка, Байрон, Лермонтов, Тютчев, Сергей Есенин… Санай берсек Эрнис Турсунов кыргызча сүйлөткөн дүйнө адабиятынын классиктери ондоп саналат.

Эрнис Турсунов 80-жылдардын этеги менен 90-жылдардын башындагы өткөөл доордо, нечендер адабият менен маданиятты таштап, базар аралап соодагер болуп кеткен заманда да калемин таштаган жок. Тескерисинче, өзү айткандай, «түн бакырдыкы» деп күнү-түнү иштеди. Тактап айтсак, мусулмандардын ыйык китеби «Курани Керимди» биринчи болуп кыргызчага оодарды. Андан соң «Библияны» (“Инжилди”) кыргызчалатты. Ушул эки монументалдуу эмгек Эрнис Турсуновдун дээрлик 10 жылга жакын өмүрүн алып, нечен көз майы короду. Булар катардагы адабий китеп эмес, ыйык китептер экенин билип, бардык күчүн салды, кадалып иштеди. Ырас, сын да укту. Котормолорун жактыргандар да, жактырбагандар да болду. Бирок кандай болгондо да баштаган иштин өтөөсүнө чыгып, адамзаттын ушул эки ыйык китебин кыргыз тилине оодарып берип кетти. Албетте, адабий китеп, ыр же поэма болсо Эрнис Турсуновдон мыкты кылып эч ким которо алмак эмес. Ал эми диний китеп канткенде да башка стилди, башка сөз маданиятын, башка ыргакты талап кылат экен. Ошого карабастан ушул эки ыйык китепти кыргызчага биринчи которуп берген адам катары Эрнис аганын ак эмгегин эч бир унутууга болбос.

Чыгаан акын, чыныгы мекенчил, адис калемгер, кайталангыс котормочу Эрнис Турсунов арабыздан кеткенине быйыл төрт жылдын жүзү болот. Убакыт, мезгил деген нерсе буйлалаган төө эмес экен. Күн артынан күн, ай артынан ай сызып, кечээ эле арабызда каткырыгын салып, салабаттуу кебин сүйлөп, ар качан ойчул баскан акын агабыз Эрнис Турсунов азыр чоң тарыхтын бүктөмүнө кетти.

Өмүрүнүн акырында жазган китебинин аты “Арман китеп” эле колубузда турат. Бирок жазгандары, артына калтырган адабий мурасы Эрнис аганын атын эч качан өчүрбөйт го деген терең ишеним бар. Анткени алтынды эч качан дат баспайт, дат басса да көп баспайт. Анын ырлары менен котормолору, романдары, драмалары - эч качан унутулбай турган, баасы кемибей турган, тескерисинче, кадыры улам өсө бере турган баасы чексиз маданий табериктер.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG