Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Алоолоп күйүп баратам, карачы мендей жетимди...


Иллюстрация
Иллюстрация

"Сыр сурасам дечү элем. /Кар деймин аппак этиңди,/ Кан деймин кызыл бетиңди..." Бул саптар ичкиликтердин “Зирегим” деген ырынан. Ичкиликтердин ашыктык ырларынын өзгөчөлүгү эмнеде болду экен?

Ичкиликтердин ашыглык ырлары

Кээ бир илимпоздор кыргыз элинин оозеки адабиятынын ар кыл өзгөчө чөлкөмдөрүн аныктап, алардын жайгашуу картасын сызып чыгуу зарыл деп эсептешет.

Мисалы, Кытайдагы Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунан чыккан адабият таануучу илимпоз, профессор Мамбеттурду Мамбетакун:

“...Байыркы заман кыргыз адабиятынан баштап эсепке ала турган болсок, анда кыргыз элдик чыгармаларынын жаралуу, жайгашуу ордун Энесай-Алтай чөлкөмү, Теңир-Тоо - Талас чөлкөмү, Памир-Алай чөлкөмү деген үч чоң бөлчөккө бөлүүгө болчудай, - дейт.

(Булак: Мамбеттурду Мамбетакун. Кыргыз эл ооз адабиятынын Памир мектеби. Шинжаң эл басмасы. 2009. - 1-бет).

Мына ушу Памир-Алай чөлкөмүнө Баткен жергесинин Испайрам өрөөнү да кирет.

Укурукту минтип узакка таштап, сөз баштаган себебим - бул өрөөндү байырлаган элдин оозеки чыгармачылыгындагы ашыглык ырларынын өзгөчөлүгүнө токтолобуз.

Андай тамыры байырга кеткен мурастын сактоочусу Абыт уулу Ахуналы менен Кадамжай районундагы Марказ айылында кездештим.

64 жаштагы Абыт аксакал “Зирегим” деген ашыглык ырын ырдагандан мурда “Азаттык” радиосунун угармандарына батасын берди:

- Кыргызда жакшы сөз бар: "Карга тапканын чукуйт, молдо билгенин окуйт”. Эми каалоо-тилек айтып коёюн баарыңыздарга.

Баарыңа Кудайдан тилегеним: ден соолук берсин, узун өмүр берсин.

Кожой кызыр колдосун, кузгундун көзүн берсин, чечендин сөзүн берсин, палвандын билегин берсин, баатырдын жүрөгүн берсин.

Кудай тилегиңди берсин, үйүңдөн мейман кетпесин, душман тилегине жетпесин; аркаңдан куубасын, алдыңдан тоспосун, душманың сенден озбосун;

өзүң айбаттуу, балдарың кайраттуу, бала-чака, небере-чеберелер жыттуу болсун;

жакканың арча болсун, жамынганың парча болсун, жумшаганың орсок мурун калча болсун; өрүктөй горолуу, тооктой балалуу болгун;

талааң данга толсун, корооң малга толсун, төрүңдө чочоктуулар тайраңдасын.

Атың жүрүштүү, итиң күчтүү болсун, өмүрүң узун болсун, жегениң жүзүм болсун, уулуң он чакты болсун, кыздарың мончоктуу болсун! Оомийн, Алла акбар!

Абыт уулу Ахуналы
Абыт уулу Ахуналы

Ахуналы мырза куурулуп жаткан бадырактай бабырап, калайык журтка ак тилегин айткан соң, ичкиликтердин ашыклык ырына чексинен чубуртту:

Эй, керме, керме, Керме Тоо

Чөбү гия1 жок туруп,

Малы семиз Керме Тоо.

Упа, эндик жок туруп,

Кызы сулуу Керме Тоо.

Керме Тоону айланып,

Кыргыйек болсо салганың,

Кылыгы жакшы кымча бел оо,

Кыз бала болсо алганың.

Алганыңдан айрылсаң,

Таалайыңдын кәмдиги.

Камчыласа баспаган

Кара атыңдын дәмдиги2,

Өзүңө дегдеп жеталбай мен,

Таалайымдын кәмдиги.

Кызыл көйнөк көрүнсө,

Кыз көрүнөт көзүмө.

Кыжаалат кылбай келе көр, аа,

Кызыгалы жүдә өзүңө.

Бир эбиңди мен кылып,

Алып качам деп жүрөм.

Атаңыз өзү эстүү жан,

Сумсатпайс бизди деп жүрөм.

Аңдаштырып карасам,

Ургаачынын ичинен,

Уз экенсиң зирегим.

Байкаштырып карасам,

Кыз экенсиң зирегим.

Амиркәни3 мәстилар4,

Сизге ылайык зирегим.

Күмүшүңүз өзгөчө,

Бизге ылайык зирегим.

Пәрәндәнын сулуусу,

Чүрөк болот дечү элем.

Күндөй ыстык койнуңда,

Бир кечеси бир жатып, ой,

Сыр сурасам дечү элем.

Кар деймин аппак этиңди,

Кан деймин кызыл бетиңди.

Алоолоп күйүп баратам,

Карачы мендей жетимди.

Ак бетиңден өптүрсөң,

Пәйда болот өзүмө.

Бир Кудайдын алдында,

Сооп болот өзүңө.

(Бул шилтемеден аудио тасманы угуңуздар).

Ичкиликтердин ашыглык ырлары
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:15 0:00

Ичкилик урууларынын лирикалык ырлары негизинен комуз жана башка музыкалык аспаптардын коштоосу жок аткарылат.

Ашыглык ырынын түзүлүшү тууралуу чоң илимпоз, этнограф, профессор Сулайман Кайыповдун түшүндүрмөсү:

- Кыргыздын ичкилик урууларынын лирикалык ырлары, айрыкча, ашыглык ырлары өзгөчө бир поэтикалык түзүлүшкө, өзгөчө бир поэтикалык маанайга ээ. Аларда лиризм абдан күчтүү. Аны кайсы бир музыкалык аспаптын коштоосу менен ырдабайт. Өзүнчө речитатив менен ырдайт. Ал речитатив деле эмес. Ал абдан эски элдик обон да. Ошол обон менен ырдайт. Ал төрт же беш куплеттен турбайт. Ал ыр паралеллизм принцибинде курулат. Мисалы, алтын десе, күмүш деп; ак десе, көк деп, экинчи куплет баштала берет. Ошентип киши өзүнүн ичиндеги сүйүү сезимин өзгөчө каражаттар менен чагылдырат.

Проф. Сулайман Кайыпов, 2010-жыл
Проф. Сулайман Кайыпов, 2010-жыл

Профессор Сулайман Кайыпов ичкилик урууларында инсандын ички сезимине байланышкан кошоктор менен сүйүү ырлары жакшы өнүккөнүн белгилеп, анын себеби алардын башка кыргыздарга салыштырмалуу эртерээк отурукташуусу менен байланыштуу деген пикирин да кошумчалады:

- Ичкиликтер башка кыргыз урууларына караганда отурукташкан турмушка мурдараак өтүшүп, топурактан салынган үйлөрдө жашап калышкан; жер иштетишкен. Шондой турмушка өткөндөн кийин эпикалык доор бүтөт дагы, адамдардын сырткы күчү, сырткы келбети жана дене (физикалык) күчүнө караганда, ички сезимдери биринчи планга чыга баштайт. Ошентип отуруп ички сезимди, көңүлдү көркөм чагылдыруу каражаттары тилде иштелип чыгат. Мына ошондуктан ичкиликтер баатырлык темага караганда сезимди чагылдырган темалар, мисал үчүн, өлүм кайгысы, сүйүү сезими, көңүлгө байланыштуу темаларды чагылдырууда чоң ийгиликке жетишкен.

Окумуштуунун айтымында, ичкиликтердин ашыглык ырларын жыйноодо кетирилген усулдук кемчиликтер алардын сапатына чоң зыян келтирген.

- Ичкиликтердин ашыглык ырлары Кыргыз сүйүү ырлары ичинде өзгөчө бир орунду ээлейт. Ашыглык ырлары өзүнчө бир жанр, бирок сүйүү ырлары ичинде өзүнчө белгилене элек. Ошого ашыглык ырларынын поэтикалык табияты ачыла элек. Изилдөөчүлөр, фольклористтер түшүнбөгөн үчүнбү же кандайдыр бир себептер менен ашыглык ырлары толук жакшы жыйналган эмес. “Сүйүү ырлары” деген китепте ашыклык ырларынын тексти бар. Бирок ал тексттердин бардыгы туура эмес жазылып калган: транскрипциясы туура эмес, ичкилик диалектине таандык сөздөрдүн баары бузулуп жазылган.

Ошондуктан ырдын көркү, даамы кетип калган. Анын үстүнө алар ырдап жатканда жазылган эмес, бир сөздөн айттырып жаздырган. Ошентип отуруп бул ырлардын поэтикалык куну качкан.

Фольклорчу окумуштуу Сулайман Кайыпов акыркы жылдары Кытайдын Үрүмчү шаарындагы Педагогикалык университетте эмгектенип келет.

Тал чачыңда коңгуроо,

Тартып койсом шыңгырайт.

Тамагыңдан бир өпсөм ой,

Тоо гүлүндөй буркурайт.

Шон үчүн бозой сизди ырдайт,

Шам пәйит кылып келгенде,

Жанашып турсам бир саат.

Жай убакта бербеген,

Сенин күйөөң жаман бесаат.

Ак зирекке ким ашык,

Бир эле өзүм деп жүрсөм.

Көргөндөрдүн баары ашык.

Чын колтукка саз келет,

Сенин боюң зирегим.

Күлүшүңүз өзгөчө

Бизге ылайык зирегим.

Пәрәнданин сулуусу

Чүрөк болот дечү эле

Күндөй ысык койнуңда

Бир кечеси бир жатып ой

Сыр сурсам дечү элем.

Кар деймин аппак этиңди

Кан деймин кызыл бетиңди.

Алоолоп күйүп баратам

Карачы мендей жетимди.

.......................................

Ахуналы Абытов сиздер аудио тасмадан угуп жаткан ашыглык ырын чоң атасы Абдразактан эшитип жүрүп, жүрөгүнө түйүп алыптыр.

Абдразак чоң ата “Курманбек” дастанын да көп айтчу экен. Ал киши жашы токсондон ашып, 1968-1969-жылдар ченде кайтыш болуптур.

Атасы Абыт Сулайманов да ичкиликтердин көп күүлөрүн комузда ойночу экен. Бирок Ахуналы Абытов, өзү айткандай, комуз черте албайт.

Ошондон улам ал кадимки залкар төкмө Барпы Алыкул уулунун салтына салып, термелип отуруп, бозойдун арманын төгүп жатты.

Ак бетиңден өптүрсөң,

Пайда болот өзүмө.

Бир Кудайдын алдында,

Сооп болот өзүңө.

Тал чачыңда коңгуроо,

Тартып койсом шыңгырайт.

Тамагыңдан бир өпсөм ой,

Тоо гүлүндөй буркурайт.

Шон үчүн бозой сизди ырдайт,

Шам пәйит5 кылып келгенде,

Жанашып турсам бир саат.

Жай убакта бербеген,

Сенин күйөөң жаман бесаат.

Ак зирекке ким ашык?

Бир эле өзүм деп жүрсөм,

Көргөндөрдүн баары ашык.

Сенин боюң өзгөчө

Бизге ылайык зирегим.

Кудай таала жан эгем,

Куп жараткан сиздейди.

Эрмектешип жүрсүн деп,

Жуп жараткан биздейди.

Шуру-мончок, ак седеп,

Моюнуңузда болбодум.

Бир кечейи, бир күндүз

Коюнуңузда болбодум.

Ак зирек сенин дәрдиңдан,

Кыркка жашым жете элек,

Отуз бештен өтө элек.

Ччимдин учу агарып,

Карып калат шекилдим.

Миң бир эки дәәмдин,

Шириндиги туз менен.

Он сегиздеги жаштардын ой,

Тиричилиги кыз менен.

Чилги6 бышкан жүзүмдөй,

Мөлтүрөйсүң сулуум.

Сен баланы күйгүзүп,

Өптүртпөйсүң сулуум.

Тал чыбыктай ийилген,

Кашың кара чийилген.

Көзгәңәдан сулуум.

Сулууну сулуу дейт экен,

Сулуулугу курусун,

Суктантып жанды жейт экен.

Испайрамдан ийилип,

Суу аласын келинчек.

Белиңди ийип кармасам, оо,

Уяласың келинчек.

Суу койсо терек бак болот,

Сулуунун бети ак болот.

Жаңшанып ырдап жүрбөсөк, эй,

Сулуулар бизден жат болот.

Алты пакса чым коргон,

Ашып түштүм зирегим.

Мен атаңыздан ийменип, ой,

Шашып түштүм зирегим.

Жети пакса чым коргон,

Ашып түштүм зирегим.

Мен жеңеңизден ийменип, ой,

Шашып түштүм зирегим.

Ону айтсам, ого болбойсуң,

Оолжуп моюн толгойсуң.

Муну айтсам, буга болбосуң,

Болбойт, коюң, болбойт деп, ой,

Бурулуп моюн толгойсуң.

Чаавайдын7 башы Курчавай8,

Жалыныңа чыдабай,

Өлүп кетем шекилди,

Өппөй сени дагыңдай.

Жийделүү булак багыңда,

Мен жигит өлөт шекилдим,

Жыттабай сени дагыңдай.

Торгой сайрайт чымчыктай,

Мунумду билсе чымчытпай,

Арманым кайдан айрылсын, ой,

Ак дөшүңө бир чыкпай.

Жылгаадагы жылбызды,

Ата албадым зирегим.

Жыт алышып койнуңа,

Жата албадым зирегим.

Коктудагы коёнду,

Ата албадым зирегим,

Күймөнүшүп бир кече,

Жата албадым зирегим.

.......... ........... ............

Түшүндүрмө:

Ичкилик диалектиндеги ә тыбышын туура берүү үчүн а тамгасынын ордуна ә тамгасы колдонулду. Бул тыбыш казак тилиндеги ә тамгасына же англис тилиндеги [æ] тыбышына окшош айтылат.

1гыйа - көгөрүп турган чөп.

2 дәмдиги (сөздүн уңгусу дәм) - оорусу.

3, 4 әмиркәни мәстиләр - американын маасысы.

5 пәйит - ченде, убакта.

6 чилги - эрте бышчу.

7 Чаавай, Чавай - ырасмий аталышы Чаувай, кыштактын аты.

8 Курчавай - тоонун аты.

(Уландысы бар)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG