Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:46

"Маданият жылынын" маанилүү окуялары


"Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп жарыяланган 2017-жылдын жыйынтыгы кандай болду? “Азаттык” узаган жылда маданият тармагындагы маанилүү окуялардын топтомун сунуш кылат.

Кыргызстандын мурдагы маданият жана маалымат министри, "Айтыш" киностудиясынын, коомдук фондунун, "Калемгер" адабий клубунун негиздөөчүсү, кинорежиссер, коомдук ишмер Садык Шер-Нияздын баамында, мамлекет маданий тармакты жана маданияттуулукту оңдоонун ордуна саясий чөйрөнүн өз ара көрө албастык мүнөзүн кеңири жайылтууга шарт түздү.

Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

- Саясатчылар алып келген оору – бирөөнүн эмгегин баалап, кол чаап, жетишкендигин даңазалоонун ордуна бири бирин көрө албастык, бут тосмой. Тескерисинче, аларды болушунча ылдый түшүрүп, мазактап, болушунча жок кылуу аракети маданият тармагына да жугуп калганы кейитет. Чындыгында чыгармачыл адамдарга материалдык байлыктын кереги жок. Аларга элдин колдоосу, элдин кол чабуусу, элдин аларды даңазалап, талантына таазим кылганы эле керек.

Режиссер, мурдагы маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов "саясий өнөктүктөрдүн айынан маданий иш-чаралар пландалган деңгээлде өтпөй калды" деген оюн ортого салды.

Алтынбек Максүтов.
Алтынбек Максүтов.

- 2016-жылдагыдай - Тарых, маданият жылындагыдай маданият тармагына колдоо болбой калды. Чынын айтыш керек. Бул башка бир себептерге байланыштуубу же президенттик шайлоого көп маани берилгенине байланыштуубу, маданият тармагы экинчи, үчүнчү орунда болуп калды. Иш-чаралар көп көзгө көрүнө алган жок. Мисалы, биз сунуш кылган иштер бар болчу. Алардын кээ бирлеринин каражаты да кыркылып кеттиби, айтор 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы көп иш-чаралар өткөн жок десек болот.

“Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдун пикиринде, мамлекет коомдун маданияттуулугун өз алдынча өнүктүрө албайт. Ар бир жаран, жок дегенде бир үй-бүлөдө бир адам руханий баалуулуктар боюнча сайрап турмайынча өлкөдө адеп-ахлак экинчи, кээде акыркы орунда кала берет.

Нуржигит Кадырбеков.
Нуржигит Кадырбеков.

- Кыргызстандын эң чоң байлыгы - адам. Адам дегенди ыйман, адеп-ахлак, жакшы жүрүм-турум, кулк-мүнөздү алып жүргөн жан деп билебиз. Ошон үчүн 2017-жылдын берекеси менен бирге биздин адеп-ахлак деңгээлибиз да көтөрүлсө жакшы болот эле. Кыргызстандыктар космоско качан учуп, "Айфонду" качан ойлоп табарын билбейм, бирок бүгүн эле түкүрбөй, сөгүнгөндү, улуу адамдарды көзгө илбей уяттуу ишке барууну токтотсок болот. Ошон үчүн адепти жөнгө салуу абдан маанилүү. Эгер адепти көтөрбөсөк, чындап эле балакет басканы турат. Ал эми балакет деген - бул караңгылык, зулумдук, руханий жардылык жана бөлүнүп-жарылуу.

ТМС талдоо борборунун жетекчиси, медиа эксперт Тынчтыкбек Кожобеков болсо өкмөт советтик көз караштан арыла албай жатканын белгилейт. Ал мамлекет көп каражат кетирип иш-чараларды, салтанаттарды, жыйындарды өткөрүүнүн ордуна коомдо реалдуу өзгөрүүлөрдү алып келе турган менеджменттин жоктугун мисал менен айтып берди.

Тынчтыкбек Кожобеков.
Тынчтыкбек Кожобеков.

- Мамлекеттик деңгээлде атайын "Маданият жылы" деп жарыялаган нерсени ишке ашыруу - советтик көз караштагы эски механизм деп эсептейм. Бул саясий жүрүш да. Мен муну таптакыр кабыл ала албайм. Себеби биз жаңы замандын адамдарыбыз. Башкача көз жүгүртүп, дүйнөгө башкача акыл-эсибизди ачышыбыз керек. Маданияттуулук жылы болгон соң мамлекетте түп-тамырынан өзгөрүү болушу керек. Концерт, иш-чара, салтанаттар менен эле чектелбешибиз керек. Милициядан баштап, прокуратура, сот өкүлдөрү, троллейбус айдаган шопурдан баштап бардыгыбыз маданияттуу болушубуз керек. Ошону жүрөгүбүз менен сезип, жан дүйнөбүздө өзгөрүү болушу керек. Ошондо маданият жылында бир нерсе болду деп эсептесек болот.

2017-жылдын оош-кыйыштары...

Чү дегенде эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги кадрдык өзгөрүүлөргө токтололу. Узаган жылдын октябрь айында бир жылдан ашыгыраак мезгил министр кызматын аркалаган Түгөлбай Казаков кызматтан кетти. Анын бул кызматта отурган кыска мезгилин бир катар чуулгандуу окуялар коштоду. Алардын кээ бири - мисалы, мумияны жерге берүү тууралуу чечими азырга чейин талаштын себеби бойдон калууда.

Жаңы министр болуп дайындалган журналист, публицист Султан Жумагулов аймактагы жалпыга маалымат каражаттары реформаланаарын жарыялады. Жумагулов ар бир гезит, радио же телекомпания интернет-платформаларында маалымат жайылтууга өтүшү керек экенин кыйытты.

Буга чейин режиссер Фархад Бекманбетов маданият министринин орун басарлык кызматынан кеткени маалым. Дагы бир режиссер Назым Меңдибаиров болсо Кыргыз улуттук академиялык театрынын директору болуп дайындалды.

Музейдеги чыр министрликке жетти

Музейдеги чыр министрликке жетти

Сулайман-Тоо музейинин кызматкерлери жетекчисинин кызматтан кетишин талап кылып чыгышты.

Өзүнчө белгилей турган дагы бир окуя же кадрдык дайындоо коомчулукта кыйла нааразы пикирлерди жаратты. Бул июль айында Ош шаарындагы “Сулайман-Тоо” музей-комплексине жаңы жетекчи болуп музей иши жана тарыхый эстеликтерди коргоо жаатында тиешелүү билими жок, 26 жаштагы ырчы Самара Каримованын дайындалышы болду. Популярдуу музыка жаатында бир нече хитке айланган ырлары бар Каримова жана анын бир катар сахналаштары узаган жылы элдин тескери пикирлерин жараткан мамлекеттик сыйлык ыйгаруу темасынын да каармандары болуп калды. Анда жаш аткаруучуларга "Маданиятка эмгек сиңирген артист" деген наамдар мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга карабай эле берилгенин маданий ишмерлер айтып чыгышкан эле. Кийинчерээк Самара Каримова музей деректирлигинин кызматынан баш тарткан, бирок сыйлыктан баш тарткан эмес.

Дагы бир жылдын чуулгандуу окуясы – бул Мамлекеттик тарых музейинде 1970-жылдардан бери сакталып турган аялдын мумиясынын жерге берилиши болду.

Баткен: музейдеги мумия жерге берилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:44 0:00

Окумуштуулардын божомолу боюнча IV-V кылымдарга таандык аялдын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылган. Кийинчерээк көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук Тарых музейине алып келинген.

Эч кандай коомдук талкуусу жок эле 2017-жылдын 14-октябрь күнү Маданият жана маалымат министрлигинин уруксаты менен бир топ адам тарыхый артефактты Баткенге алып барып, өткөн кылымда табылган жерине жакын ачык эле талаада жерге беришкен. Ошол күндөн бери алигүнчө бул окуя кыргыз өкмөтүнүн ойлонулбай жасалган кадамы катары бааланып, кызуу талашты жаратып келет. Айтмакчы, бул окуя боюнча 15-декабрда парламенттик комиссия Тарых музейинен Баткенге жеткирилип, жерге берилген мумияны кайра кайтаруу тууралуу сунуш киргизген. Маселе боюнча акыркы чечим чыга элек.

Мумия капсалаңы Тарых музейинен жоголгон экспонаттар темасын кайрадан козгоп, парламентте бул боюнча өзүнчө депутаттык комиссия түзүү боюнча да сунуш түштү.

...жана аздыр-көптүр жылыштары

Чуулгандуу окуяларга катарлаш эле өлкөдө маданий жаатта бир катар жагымдуу иш-чаралар да болуп жатты. Алардын бири - Талас шаарындагы тогуз жылдан бери курулушу бүтпөй келген Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрынын ачылышын айтсак болот. Ошондой эле Нарын, Ысык-Көл театрларында да оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Башкааладагы Опера, балет театрынын фасады кайрадан реконструкцияланганы, Тарых музейинин ремонту да өткөн жылдын жакшы жаңылыктарын толуктады.

Ноябрь айында Бишкекте маданият кызматкерлери үчүн 216 батирлүү көп кабаттуу төрт үйдүн салына баштаганы бул тармакта иштегендерди абдан кубандырды. Президенттик аппарат ага мамлекеттен 340 млн сом бөлүнгөнүн кабарлаган. Бирок азырынча бул үйлөр качан бүтөт жана турак жайга кимдер ээ боло алат деген суроолор коомчулукка беймаалым бойдон калды.

Дагы бир жакшы кабар катары Ысык-Көлдүн жээгиндеги “Витязь” эс алуу жайы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин карамагына өткөнүн кошуп кетсек болот. Бирок кимдер жана качан бул пансионатта эс алаары белгисиз бойдон калды.

Бишкектеги Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги.
Бишкектеги Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги.

Искусство сүйүүчүлөрүн кубанткан окуялардан кыргыз маданиятына опол тоодой эмгеги сиңген актер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун музей-өнөрканасынын ачылышын жана Бишкектеги сейил бакта анын эстелиги пайда болгонун белгилеп кетели.

Соңку 20 жылдан бери Өзбекстан менен солгундап кеткен маданий алака 2017-жылы кайра жанданганын кошпой кетпесек болбойт. Адегенде Өзбекстандын маданий ишмерлери Ош шаарына келип, өз чыгармачылыгы менен кыргызстандыктарды кубантса, көп узабай эле оштук өнөрпоздор жана маданий ишмерлер Өзбекстандын бир катар шаарларын кыдырып келишти. Ал эми Ош шаарындагы Бабур атындагы академиялык музыкалык драма театры болсо Наманган, Анжиян, Фергана шаарларында "Айкөл Манас" спектакли менен атайын турне да уюштуруп келди. Бул театрдын өнөрпоздору узаган жылдын этегинде Лондондо өз спектаклин да тартуулаганга жетишти.

Дагы бир сыймыктанар кабар - жазуучу Султан Раевдин "Топон" романы Швециянын борбору Стокгольм шаарында өткөн эл аралык адабий сынакта "Көлөмдүү проза" категориясында биринчи орун алды.

Маэстронун "Илек-илек" спектакли быйыл Лондондо өткөн театралдык фестивалда тартууланып, анда башкы ролу ойногон Жамал Сейдакматова "аялдын мыкты түзүлгөн образы" деген наамга татыды.

Кино тармагы жана музыка

2017-жыл Кыргыз кинематографиясы үчүн да үзүрлүү жыл болду. Баса, бул багыт Кыргызстан маданиятынын бирден-бир жыл сайын туруктуу өнүгүп келаткан тармагы бойдон кала берүүдө.

Жыл башында жаш режиссер Руслан Акундун “Апамды издеп” тасмасы кыргыз коммерциялык фильмдеринин арасында өзгөчө ийгилик жаратты. "Апамды издеп" тасмасы кошуна Казакстанда Голливуд тасмаларынан кем калышпай, 51 млн сом киреше тапкан. Бул сумма "Kinopark" жана "Kinoplexx" кинотармактарынын эсептөөсүнө эле таандык.

Эл аралык аренадагы башка ийгиликтүү кыргыз тасмаларына токтолсок, арт-хаусчу Актан Арым Кубаттын жаңы "Кентавр" тасмасын Берлин кинофестивалынын көрүүчүлөрү кол чабуулар менен кабыл алышты. Актан Арым Кубат бул тасмасын жети жылдык тыныгуудан кийин элдин назарына сунуш кылды.

"Саякбай" тасмасынан бир көрүнүш.
"Саякбай" тасмасынан бир көрүнүш.

"Жылдын тасмалары" тизмесинин сап башына дагы бир тажрыйбалуу режиссер Эрнест Абдыжапаровдун улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүр таржымалынан алынган «Саякбай» тасмасын койсок болчудай.

“Бу фильмде этнографиялык тактыкта чагылдырылган реалдуулук менен сыйкыр дүйнө, теңирчилик таанымынын керемети бирдей көрсөтүлгөн. Абдыжапаровдун фильми жалаң эле Кыргызстанда гана эмес, жамы Борбор Азияда кино өнөрүндөгү жаңы багытты ачат” – деп жазат өзүнүн блогунда Борбор Азиядагы белгилүү казак кино сынчысы жана кино таануучусу Гүлнара Абикеева.

Темир Бирназаров.
Темир Бирназаров.

Жыл этегин кино тармагы дагы бир сыймыктана турган жаңылык менен жыйынтыктады. “А” классына кирген Таллин эл аралык фестивалында баш байгени кыргыз киночусу Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы жеңип алышы көпчүлүк мекендештер үчүн күтүүсүз болду.

Автор өзү "Азаттык" менен маектешип жатып, абройлуу фестивалдын көрүүчүлөрү адамдын жалгыздыгын үнсүз, жалаң эмоциялар менен берген идеясын түшүндү го деп боолголоп айтып берди:​

- Сөзү жок эле, окуясы да жок жөн эле экранда жашап жаткан адамдын ички абалын көрүүчүгө бере аламбы, көрүүчү ошондой абалда болобу дегем да. Ошого жеттим да.

Таллин фестивалына 600 тасма түшүп, андан калыстардын сынына болгону 18 тасма тандалып алынган эле.

Кыргыз кино тармагында жаңырган жылга кичине анонс катары да маалым болгон бир жаңылыкты эске сала кетели. 2017-жылдын күзүндө Кыргызстанда орус-кыргыз киночулары биргелешип тарта баштаган "Дарак ыры" кино-мюзикли учурда шөкөттөлүп жатат.

- Тасманын жанры драма. Бул Борбор Азияда биринчи жолу тарыхый мюзикл тартылып жатат. Мюзикл үчүн 17 ыр жазылган. Ырлардын автору Бактыгүл Чотурова, композитору Жолдошбек Апазов. Сюжет эки уламыштын негизинде тартылды. Бул драмада кыргыздардын 18-кылымдагы жашоосу сүрөттөлөт, - дейт тасманын продюсери Толкун Дайырбекова.

Кайрылбай калган кайрандар

Узаган 2017-жылы кыргыз маданият тармагында оор жоготуулар да болду. Айрыкча алардын көпчүлүгүнүн мезгилсиз дүйнөдөн кайтканы күйөрмандарынын кабыргасын кайыштырып кетти. Алар: композитор Азат Дөөткулов, ырчы жана аткаруучулар Кубанычбек Ашыралиев, Элмира Кайып кызы, Гүлбү Ороскул кызы, Айдин Жумалиев, Мурадил Сагыналиев жана актер, режиссёр Марат Козукеев.

Унутулган улуулук жана топураган тойлор

Маданият жана искусство тармагына саресеп салуубузду узаган жылдын этегинде социалдык тармактарда кызуу талкууга алынган коомдук жана мамлекеттик белгилүү ишмерлердин маданий иш-чараларга, театр, музейге караганда той-топурга көп бараары тууралуу тема менен улантайын. Анда Интернеттеги сүннөт тойдо отурган жоон топ бийлик жана маданият өкүлдөрүнүн сүрөт, видеолору талкууга жем таштаган эле.

Баса, бул тойдон бир аз илгери Опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаеванын жүз жылдыгына арналган кече өтүп, ага чакыруу жөнөтүлгөн бийлик адамдарынын бири да барбай койгонун Жогорку Кеңеште депутат Исхак Масалиев сөз кылган. Парламентчи бул көрүнүшкө өкүнгөнүн жашырбай, бийлик үчүн отурган элден кечирим сураган:

- Кыргызстанда жетекчи кызматта иштеген адамдардын көпчүлүгү маданий тармакка көңүл бурбайт. Жок дегенде биздин кыргыз маданиятын дүйнөгө таанымал кылган инсандардын мааракелери болгондо катышып койбойт. Мейли театрга барбай эле койсун, киного барбай эле койсун, салтанаттуу иш-чараларга келип коюш керек да. Бул адамдын түпкү маданиятынын жетишпестиги. Ошол себептен мына ушундай акмакчылыктар болуп жатат.

Кийинки жыл кимге арналат?

Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көлдөгү монументи.
Чыңгыз Айтматовдун Ысык-Көлдөгү монументи.

Мына ушундай окуялар менен "Кыргызстан Ыйман, адеп жана маданият жылы" деп аталган 2017-жылды аяктады. Жаңы тилектер менен башталган 2018-жылы кыргыздын залкар жазуучусу, ойчулу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленет. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданиятын бириктирген эл аралык ТҮРКСОЙ уюму бул жылы Айтматовго арналган бир нече иш-чараларды өткөрөөрүн жарыялаган.

Рухий баалуулуктар - бул адамзаттын байлыгы. Ансыз адам баласы кара курсагын гана ойлогон маңкурттан айырмасы жок болмок. Андыктан жаңы жылда ички көрөңгөбүздү, дүйнө таанымыбызды байытып, жаңы бийиктиктерге умтулалы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG