Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Театр ордуна тойду тандаган элита


Иллюстрация
Иллюстрация

Бүгүнкү күндө коомдук жана мамлекеттик белгилүү ишмерлер маданий иш-чараларга, театр, музейге караганда той-топурга көп барат. Алсак, ушул айда шоу-бизнес өкүлү өткөргөн сүннөт той коомчулуктун талкуусун жаратты. Интернетке тараган тасмадан ал кечеге жоон топ бийлик өкүлдөрү барганын көрүүгө болот.

Белгилүү шоу-бизнес өкүлүнүн ушул айда Бишкекте башталып, Ошто уланып, Сүлүктү менен Лейлекте соңуна чыкмак болгон сүннөт тоюн чагылдырган сүрөт, видеолор интернет бетинен али да түшө элек. Бул коомчулуктун ар кандай реакциясын жаратканын көрүүгө болот.

Айрыкча ага учурдагы бийликтин жоон топ өкүлдөрүнүн барганы элитанын, интеллигенциянын вазийпасы жана орду тууралуу талкууларды жандантты.

Коомдук телерадио компаниясынын “Маданият-Тарых-Тил” каналынын шеф-редактору Гүлмира Кулумбаева бул көрүнүшкө таң калганын жашырган жок:

Гүлмира Кулумбаева.
Гүлмира Кулумбаева.

​- Кээде райондун, облустун деңгээлинен жаңы эле чыккан айрым ырчылардын тоюнда өкмөт өкүлдөрүнүн жүргөнүн көрүп таң каласың. Бул абдан өкүнүчтүү. Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер жүрөт. Алар менен тууган болсо бир жөн. Элдин баары тууган эмес экенин көрүп-билип турат. Анан эмне себептен алар ошондой жерлерге барышат?

Кулумбаева мамлекеттик кызматкердин кайсы бир таанышынын сый-урматын көрүп, төрүндө отурганы, болгондо да ошол учур тасмага, сүрөткө тартылып жалпы журтка жарнама болуп атканы өтө одоно көрүнүш экенин да айта кетти.

Баса, ошол ырчынын сүннөт тою өткөн 12-декабрь күнү күндүзү Ата-Бейитте Чыңгыз Айтматовду эскерүү иш-чарасы, улуу жазуучунун үй-музейинин "Ачык эшик күнү" белгиленген. Ага бийлик өкүлдөрү дээрлик барган эмес.

Бул көрүнүшкө парламенттин депутаты Рыскелди Момбеков жазуучунун кабыр башында туруп, мындай баа берген эле:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Чыңгыз Айтматовдун айылдаш иниси, дегеле анын кичи мекенинин кулуну катары эртең менен сегизден бери ушул жерде турам. Залкар жазуучуну эскерүүгө эмне үчүн маданият министри, депутаттар келбейт? Чыңгыз Айтматов эмне, бир гана жазуучуларга керекпи?

Бул тойдон бир аз илгери Опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаеванын жүз жылдыгына арналган кече өтүп, ага чакыруу жөнөтүлгөн бийлик адамдарынын бири да барбай койгону айтылган.

Кечеге келген жалгыз бийлик өкүлү, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев бул көрүнүшкө өкүнгөнүн жашырбай, бийлик үчүн отурган элден кечирим сураган:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

- Кыргызстанда жетекчи кызматта иштеген адамдардын көпчүлүгү маданий тармакка көңүл бурбайт. Жок дегенде биздин кыргыз маданиятын дүйнөгө таанымал кылган инсандардын мааракелери болгондо катышып койбойт. Мейли театрга барбай эле койсун, киного барбай эле койсун, саланаттуу иш-чараларга келип коюш керек да. Бул адамдын түпкү маданиятынын жетишпестиги.

Масалиев дегеле бийлик бутактарында отургандардын театрларга караганда тойлорго көп бара баштаганын - жалпы мамлекеттин маданиятка болгон натуура саясатынын жыйынтыгы деп баалаган.

Шоу-бизнес өкүлү өткөрүп жаткан сүннөт тойдо мамлекеттик жетекчилер, саясатчылар "той генералдары" катары төрдү ээлеп отурганын сындагандар арбын. Алардын бири - жазуучу Олжобай Шакир:

Олжобай Шакир.
Олжобай Шакир.

- Бул кыргыз саясатында салт болуп калыптанып калган терс көрүнүш. Алардын жүрүм-туруму элге түздөнгөнгө көмөк болмок. Булар театрга барса, башкалар да театрга кызыкмак. Мен европа маданиятына аралашып калган бирин-экин гана чиновникти билем. Ошолор театрга барып жүрүшөт. Калгандары болгон убактысын той-ашка жумшайт. Театрга, музейге барайын деген бир чиновникти көбөйсүң. Улуттук деградация деген ушундай болот.

Олжобай бүгүнкү мамлекеттик чиновниктер, саясатчылар туугандарынын эле эмес, колунан чай ичмек түгүл учурашканга болбой турган кээ бир чуулгандуу, ыплас иштерге аралашкан адамдардын тойлоруна деле барып катышып жүргөнүн, демек бул алардын кызматташ экендигинен кабар берерин кыстарды.

Өкмөттө, парламентте ашыкча шаан-шөкөттү, сылаңкороздук менен кошо ысырапкорчулукту жоюу, арийне мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар өткөргөн тойлорду көзөмөлдөө боюнча бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Бирок мындай аракеттердин бири да ишке аша элек.

"Азаттыктын" архиви: Жазуучу Султан Раевдин элита тууралуу маеги. 25-ноябрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG