Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:07

Жумагулов: Маданияттын аксаганы кечиримсиз


Султан Жумагулов
Султан Жумагулов

Жогорку Кеңеш маданият, маалымат жана туризм министри кызматына журналист Султан Жумагуловдун талапкерлигин колдоду. Жумагулов "Азаттыктын" айрым суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Сиз маданият тармагындагы кайсы бир маселелер, маселен, тарых музейиндеги экспонаттардын жоголушу, мумиянын көмүлүшү өңдүү окуялар орун алып, коомчулуктун талкуусуна алынып турган маалда кызматка келип жатасыз. Ушундай маселелерди чечүүнүн кандай жолдорун көрүп жатасыз? Ишти эмнеден баштайсыз?

Султан Жумагулов: Укук коргоо органдары бул тармакта коррупциялык схемалар бар, бир канча жылдан бери орун алып келген, сакталып турган тарыхый экспонаттар сыртка чыгарылып, сатылып кеткен деген фактыларды таап чыкты.

Бүгүн муну депутаттар да айтышты, өкмөттүн өзүндө да көзөмөлдө турат. Бул буюмдар Кыргызстандын байлыгы, кенчи, мурасы болчу. Ошонун баары кыянатчылык менен сыртка чыгып кеткенби же сатып жибергенби, айтор мунун баары өзүнүн дарегин табышы керек. Уурдагандар, сатып байыгандар кусушу абзел.

Биз укук коргоо, фискалдык органдар менен сөз жок чогуу иштейбиз. Муну ким, кайсы жетекчи колдуу болгонун, качан болгонун аныктап таап, анын баарын ачыкка чыгарышыбыз керек. Бул премьер-министрдин дагы көзөмөлүндө турат. Бул өтө кыянатчылык болуп эсептелет. Дүйнөдө экспонаттарды жыйнай албай жүрсө, биздин сыртка сатып жибергенибиз жеткен кыянатчылык. Бул биздин алдыбызда турган биринчи маселе.

"Азаттык": Маданият тармагындагы башкаруу жаңыча, заманбап ыкмада эмес, артта, эски боюнча калган деген дооматтар айтылып келет. Ушул жактан өзгөрүүлөрдү күтсө болобу?

Султан Жумагулов: Ачык айтканда, менин өзгөртүүдөн башка жолум жок. Ал жерге барып алып министр болдум деп отуруп алгыдай абалда эмесмин. Эл аралык компанияларда иштегем, дүйнөлүк тажрыйбаларды билем. Заман алдыга кетти. Маданият министрлигинин азыркы сайтын карап көрүп ушул кантип болсун деп аябай ыза болдум.

Чоорчу Лео Рохас келгенде айрым маданият ишмерлеринин аны билбегенин көрүп аябай таң калдым. Рохасты билген чет өлкөлүк күйөрмандары аны Бишкекке келди деп жазып жатканын окуп алып үй-бүлөм менен жетип баргам. Аны болсо маданияттагы бир топ адамдар билбейт экен. "Капкара болгон эле бирөө келди" деп отурушат. Чоорчуну чакыра албай, концертине бара албай зар болгондор канча?

Эгер анын келерин жетиштүү жарнамаласа, чоор өнөрүн сыйлаган элдин баары барып, концертине киши батпай калмак. Мен ушундай көрүнүштөрдү көрүп төбө чачым тик турган.

Биз креативдүү, дүйнөлүк агымдарды билген адамдардан турган команда түзүшүбүз керек. Эми ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дейт. Маданият тармагынын бюджети чакан. Бул тууралуу бүгүн да парламентте сөз болду. Айылдарда клубдардын, маданият үйүнүн башчыларынын айлыгы эптеп эле ары-бери басканга жетет. Мен бул маселени өкмөткө да коем. Адамга канчалык камкордук көп болсо ал сөзсүз үзүрлүү иштеп берет.

Биз өткөндү, өзүнө чейинкини сындаган, эми келип кыйрата коем деген адатты ташташыбыз керек. Ар ким өзүнүн колунан келген салымын кошуп кетти. Эми жаңы санарип, жаңы технологиялар шартында маданиятты өркүндөтсө болот. Бизде көрүп алып тамшанчудай сонун чыгармачыл адамдарыбыз бар, аларды жок дегенде жакынкы тегерекке экспорттосок болот. Андай адамдарды Европада мисалы тамшанып көрүшөт. Мыкты өнөрпоздор коңшу өлкөлөргө чыга албай жүрөт.

Театрга барууну самаган учур да келет

"Азаттык": Ушундай татаал шартта театрларга, китепканаларга көрүүчүлөрдү, окурмандарды тартуу жагын кантип колго алса болот?

Кеңири масса тилекке каршы китеп окубай калды. Кагаз китепти жатып алып жымжырт жерде окуган менен интернеттен окугандын айырмасы бар.
Султан Жумагулов

Султан Жумагулов: Эл азыр кинотеатрларга аздыр-көптүр барып, кино көрүп жатышат. Жакшы кинолорду тандап көргөндөр бар, ылгабай кино көргөндөр бар.

Драмтеатрга, операга баргандар тилекке каршы өтө аз. Мен муну анализдеп көрдүм. Эми анча-мынча убакыт өтүшү керек экен. Көркөм, руханий азык керектигин сезип, театрга барууну самаган учур акырындык менен келет окшойт. Эми мен баарын айдап барам деп айта албайм. Театрдын баарын кыдырып, жагдай менен таанышып чыкса болот.

Ал эми китеп окуу маданиятына токтолсок, өзүмдүн деле китебим чыкканда китеп күйөрмандары издеп келип сатып алышкан. Бирок кеңири масса тилекке каршы китеп окубай калды. Кагаз китепти жатып алып жымжырт жерде окуган менен интернеттен окугандын айырмасы бар.

Менин бир кызым Францияда болуп келген. Ал жакта метродобу, күтүү залындабы, айтор бардык жерде китеп окугандарын көрүп, таң калганын айтып берген. Бизге да ушундай учур келеби деген үмүт бар. Ушул китеп окуу маданиятын өнүктүрүү боюнча да ойлорум бар, аны бара-бара ишке ашырабыз.

"Азаттык": Ырчылар сахнадан тойканага көчтү, тойдун деңгээлине түштү деп айтып жүрүшөт. Таланттуу, татыктуу ырчыларды кантип кайра сахнага кайтарса болот?

Султан Жумагулов: Ырчы-чоорчулар той-топурдан мамлекет бере албаган акчаларды таап жатат. Алар дагы жакшы жашагысы келет. Бирок азыр тойлордун форматын өзгөртүү боюнча маселе бар.

Болбосо бир тамада какылдап-какшайт, ырчылар ырдайт. Мындан элдин баары жадап, чарчап деле бүткөнү байкалып жатат. Той деген чер жазуу болушу керек да. Мисалы филармониядагы концерттердин баасы 300-500 эле сом. Бирок ушуну да төлөп, баргысы келбей жатпайбы. Эми бара-бара концерттерге деле эл келе баштайт деген үмүт бар.

Мен тойлордун форматын да ойлонуп жатам. Бизге мындай тойлор жарабайт деп айтардан мурун анын ордуна альтернативаларды, башка жолдорду сунушташыбыз керек. Ошондо гана натыйжа болот.

Туризм десе акчаны гана ойлобош керек

"Азаттык": Эми туризм тууралуу сүйлөшсөк. Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү, атын таанытуу боюнча бир канча программалар жазылып, ал тургай "Кыргызстан аяз аталардын мекени өңдүү" бренддер айтылып келди. Ушул багыттагы ойлоруңуз менен бөлүшө кетесизби? Көчмөндөр оюндарынан башка дагы эмнелерди алып чыкса болот?

Султан Жумагулов: Мен бир мисалдан баштайын. Мисалы Ат-Башынын Ак-Сай деген жери бар. Ошол жерде Төр-Көл деген көл бар экен, аны мен көргөн эмесмин.

Былтыр атайын барып, 20-30 унаага түшкөн чет өлкөлүктү көрдүм. Ат минип алып ошол жерлерди кыдырып жүрүшкөн экен. Азыр глобалдык шартта туристтерди бизге кел деп чакырбасаң деле өздөрү интернеттен билип алып келип жатышат. Кыргызстандын жаратылышы кооз, абасы таза экенин билишет экен. Ошондуктан инфраструктура түзүп, ошого жараша алардан акча алышыбыз керек.

Өкмөттүн программасында туризмге өзгөчө көңүл бурулган. Бизде туризмдин абдан көп түрүн өнүктүрсө болот. Бирок биз жерибиздин экологиясына абдан чоң көңүл бурушубуз керек. Акча эле таап, акча эле саап калбай татынакай, бейиштей жерибизди сактап калышыбыз керек.

Дүйнөдө геопарктар деген түшүнүк бар. Экологияга чоң зыян келбегидей жакшы инфраструктура түзүп, кээ бир жерин корукка алып, ушундай иштерди сөзсүз ишке ашырабыз. Дагы бир топ ойлорубуз бар.

Сөздүн дагы кусуру бар

"Азаттык": Сиз бир канча жыл эркин ЖМКларда иштегенсиз, тажрыйбаңыз бар. Азыр бир канча журналисттерди, жалпыга маалымдоо каражаттарын сотко берип, миллиондогон сом айып пул салынып турган шартта сөз эркиндигинин өнүгүшүнө кандай салым кошо аласыз?

Сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчиликти да билишибиз керек. Сөзгө этият мамиле кылганды үйрөнүшүбүз керек. Анан уруп-согуп, келекелеп, жамандап, мазактай бергенибиз жакшы эмес.

Султан Жумагулов: Эгер мен сөз эркиндигине каршы чыксам анда өзүмдүн эле аброюма кыянатчылык болот. Албетте журналисттерди урган-сабаган, соттогон бул өтө туура эмес. Муну дүйнөдө туура эмес тажрыйба деп эсептешет.

Эл аралык стандарттарга өткөн, ар бир фактыны тактап берген, жалаң фактыга таянган, объективдүү маалымат тараткан компанияларга тиешелүү эмес, бирок мен кээ бир гезиттерди окуп алып төбө чачым тик турат.

Отуруп алып адамды келекелейт, "баланча деген эрен бар" деп ат да коюшат. Сөз эркиндиги менен кошо жоопкерчиликти да билишибиз керек. Сөзгө этият мамиле кылганды үйрөнүшүбүз керек. Анан уруп-согуп, келекелеп, жамандап, мазактай бергенибиз жакшы эмес. Азыр журналисттерге жөнөкөй адамдардан көп доо иштер бар. Биз айсбергдин үстүн гана көрүп жатабыз.

Мисалы жакында эле бир киши кайненесин өлтүрүп, аялына да кол салайын дегенде кармап калышыптыр. Аны бир гезиттин журналисттери тимеле аттарын атап, сүрөттөп жазышыптыр. Аны окуган балдар мектепке барбайбыз деп чыгышыптыр. Ушул туурабы? Болгондо да өтө чоң тираж менен чыккан гезит жазыптыр. Өлгөндүн үстүнө көмгөн эле кылышыптыр. Ушундай фактылар бар. Ар бир адам өз абийирин, ар-намысын коргошу керек. Бул Батышта да иштейт. Мамлекет башчысы болобу, жөнөкөй эле карапайым адамбы абийирин, иш беделин коргой билиши керек.

Албетте кээ бир иштерди саясий, тиги-бу деп жатышат. Эгер баары такталып, кынтыксыз далилдер турса анда эч ким сотко бере албайт. Биз ушундай процесстерди башыбыздан кечиришибиз керек. Анан баары өз ордуна келе берет. Басма сөз эркиндиги, демократия ушинтип келет. Бул жолду көп эле өлкөлөр көп жылда басып өткөн.

Кыргызстан болсо өтө тездик менен басып өтүп жатат. Мисалы мени деле кандай кылышты. Менин атам 88 жашында өкүрүп-бакырып ыйлады. Мен сотко берсем жөн эле утуп алмакмын, бирок өзүм журналист болсом сотко берип ары-бери сүйрөбөйүн деп, баарын кудайга койдум. Сөздүн дагы кусуру бар, ошол кээ бир адамдар оңгон деле жок.

Ошондуктан адамдарды "коррупционер, эрен-берен" деп ат коюп, жүрөнөөк, басанаак, жатанаак экен деп баа бербей, жалаң фактыларга таянып жазса, ошол адамдын жегичтиги, баскан-турганы көрүнүп эле калат. Эми менде биз ушундай процесстерди башыбыздан өткөрүп, жышылып отуруп баары ордуна келет деген үмүт бар.

"Азаттык": Маегиңизге рахмат, ишиңизге ийгилик каалайбыз.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG