Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 10:13

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өткөн кылымда табылып, Тарых музейинде алтымыш жылдан ашуун баалуу экспонат болгон аялдын сөөгүн көмүүгө уруксат берди. Президент Алмазбек Атамбаев адамзаттын жашоо тарыхын изилдөөгө табылгыс сөөктү көмгөндөр жаза алат деп билдирди.

Мамлекет башчынын мындай билдирүүсү көмүлгөн сөөктү музейге кайтара алабы? Дүйнө жүзүндөгү төрт-беш мумиянын бири болгон аялдын сөөгүн кайра көмүүгө кимдер кызыкдар болду жана анын башкы себеби эмне?

"Арай көз чарай" талкуусуна маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жана Кыргызстандын президентине караштуу "Мурас" тарых фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов катышты.

"Азаттык": Түгөлбай мырза, өткөн жумада жерге көмүлгөн аялдын мумияланган сөөгү сыяктуу өтө баалуу жана кайра табылгыс тарыхый артефакт дүйнө жүзүндөгү төрт-беш өлкөдө гана табылып, азыркыга чейин музейлерде сакталып турат. Анын бири Кыргызстандын мамлекеттик музейинде турган аялдын сөөгү эле. Анын музейде турушу кимге тоскоолдук кылды? Сиз жетектеген министрлик эмне үчүн буга жол берди? Бул адамзаттын тарыхын жокко чыгарган түркөйлүк эмеспи?

Түгөлбай Казаков
Түгөлбай Казаков

Түгөлбай Казаков: Биздин дарекке күнөөлөй турган сөздөр толук эле айтылды, түркөйлүккө чейин айтылды, ушундай жыйынтык чыгарып жатасыздар.

Тарых музейинде буга чейин дагы адамдардын сөөктөрү көмүлгөн. Беш-алты жыл мурда эле адамдын элүүгө жакын баш сөөгү көмүлгөн. Анда да эч ким чуулдаган эмес, унчуккан да эмес. Адамзаттын тарыхын талкаладыңар деп эч ким ыйлаган да эмес. Түркөй экенсиңер деп эч ким сөккөн эмес. Ошондой эле бул деле катардагы факт.

Биринчиден, Юрий Баруздин муну 1957-жылы Баткен облусундагы Кара-Булак айылынын түштүк жагынан таап, Оштогу край таануу музейине алып келип коюп койгон. Ал болгону IV-V кылымга таандык деп айткан экен. Андан башка маалымат жок. Анын IV-V кылымга таандык экендиги жөнүндө далил документ дагы жок. Дагы жакшы IV-V кылым дегени, биздин заманга чейин 50 миң жылдагы десе эмне болмок? Бирок мындай нерселер далилдениши керек. Илимий жактан изилденип, документтери болушу керек.

Экинчиден, андай мумияны сактагандын да мааниси бар. Мисалы, Египеттеги фараондор же болбосо Москвадагы Ленинди эмне үчүн сактап жатышат? Алар бүтүндөй элдин жол башчылары, бүтүндөй элдин тарыхын бурган инсан катары Ленинди жана фараондорду сактап жатышат. Алардын бул фараон деп көрсөткөнгө аты-жөнү бар. Биздин мумиянын аты да жок. Мисалы, бул мумия Каныкей, Айчүрөк же Кыз Сайкал болсо адамзаттын тарыхынын бирден бир фактысы деп кармоого болот эле.

“Азаттык”: Түгөлбай мырза, президент Алмазбек Атамбаев кыргыз коомунда катуу талаш жараткан бул окуя боюнча оюн билдирип, көмгөн адамдар жазаланат деп билдирди. Президенттин мындай билдирүүсүнөн кийин мумияны тарых музейине кайтарып келүү керек деген талаптар да коюлуп жатат. Сөөк чирип кете электе кайтарылабы? Анан ким жазаланат? Көмүү чечимин чыгарган комиссиянын мүчөлөрүбү же буйрукка кол койгон министрби?

Түгөлбай Казаков: Кыргызстанда эмнегедир ким жазаланат, ким камалат деген абдан кызыктуу маселе аябай маанилүү.

Биринчиден, президентке маалыматты кандай жеткиришти? Эртеден кечке чейин муну окумуштуулар тытмалап изилдеп жатса, мен барып колдорунан жулуп алып Баткенге көөп салгандай айтып жатышат. Бул мумия музейде алтымыш жыл жатты. Бир окумуштуу басып келип караган жок, эч ким изилдеген жок. Антрополог же генетиктер изилдеши керек эле, биологдор карашы керек эле. Бир да жолу изилденген жок, бир да кагаз жок. Алтымыш жылдан бери эмне кылып отурушту? Болгону Баруздин IV-V кылымга таандык деп оозеки айткандан башка эч нерсе жок.

Экинчиден, СССР учурунда Эрмитаждан атайын адамдар келип сактайлы деп бир жолу бальзамдашкан экен. Андан кийин союз кыйрагандан бери мына 26 жыл болду. Ушул мезгил ичинде бир гана жолу 1999-жылы Эрмитаждан келип таштап кеткен химиялык заттар менен дагы бир жолу бальзамдашкан. Андан кийин андай атайын заттар жок, бальзамдалбай эле жаткан. Ачык жерде жаткан сөөк бузула баштаган. Эгер дагы жата берсе бир күнү упурап, үбөлөнүп жок болмок. Ызы-чуу ошондо чыкмак.

Азыр дүйнөлүк практикада, мисалы, он жылдан бери Голландия, Түштүк Америкада табылган эки кыздын денеси изилденип жатат. Аларда вакуумдуу атайын лаборатория бар. Адистешкен окумуштуулар чачын, клеткасын, ДНКсын изилдеп жатат. Эгер ошондой иш жүргүзүлүп жатса кайсы адам эле колунан жулуп алмак? Бизде шарт жок, ким экенин билбейбиз. Тарыхта аты калган адамдардын бири болгон болсо тарыхый факт катары көрсөтсөк болмок.

“Азаттык”: Кыяс мырза, сиз ар бир тарыхый окуяга, буюмга өтө этияттык мамиле кылган тарыхчы катары айтсаңыз, тарыхчылар, бийлик эмне үчүн ушундай кадамга жол берди? Же бул аялдын сөөгү адамзаттын, анын ичинде Кыргызстандын тарыхы үчүн керексиз беле?

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

Кыяс Молдокасымов: Бул маселе бүгүн эле көтөрүлүп калган жок. Эки-үч жылдан бери удаама-удаа өзгөчө молдолор менен көз ачыктар “ушул балекеттен кутулбасак Кыргызстанда алаамат болуп кетиши мүмкүн” деген көз караштарын таңуулап келишкен.

Окумуштуулар албетте, бул маселени чечүүдө толук кандуу аралаштырган жок деп чыгып жатышат. Археолог Кадича Ташбаева жалгыз болуп калдым, комиссияга түшүнбөгөндөр кирип, кол коюп коюшту деп жатат. Албетте изилдөөгө, сактоого шарт болбой келгендиги чындык. Аны биз моюнга алабыз. Аны изилдөөгө шарт түзгөнгө аракет кылган жокпуз. Аракет кылсак, балким чечилип калабы деген ойдо окумуштуулар бүгүн ушул маселени көтөрүп жатышат.

Бул аялдын мумияланган сөөгү көпчүлүктү таң калтырып келген. Аны көмүү кимдер тарабынан чечилди деген маселе окумуштуулардын нааразылыгын жаратып жатат. Ачыгын айтканда, Кыргызстанда чирибеген, бальзамдалган ушул эле сөөк болчу. Калган археологиялык казууларда табылган сөөктөрдүн баары сөпөт болуп, терилери таптакыр ажырап, сөөктөрү эле аппак болуп калган. Таза сакталганы ушул болчу. Бирок бизде чын эле илгеркидей Герасимовдой болуп калыбына келтирген күчтүү окумуштуу антропологдор да, ДНКны текшергенге да Кыргызстандын өзүндө дарамети жок. Ошол үчүн ачыгын айтуу керек, бул жагынан окумуштуулар алсыз болуп келишти.

“Азаттык”: Демек тарыхчылар тарабынан кызыгуу болгон жок беле?

Кыяс Молдокасымов: Тарыхчылар музейдеги экспонат катары мамиле жасап келишти. Муну атайын изилдейли, калыбына келтирели, анан дагы ДНКсын текшерели дегенге адистерибиз чын эле мойнубуз жар берген жок. Аны окумуштуулар дагы мойнубузга алышыбыз керек. Ошондой эле буга чейин иликтөөгө атайын каражат да бөлүнгөн эмес.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бүбүкан Досалиева

    "Азаттыктын" кызматкери, журналист. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, саясий илимдердин кандидаты. Кыргыз Мамлекеттик университетинин журналистика жана юридика бөлүмдөрүн бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG