Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 16:54

Музей: Көөнө зайып мумиясын көмгөнгө жооптууларга чара көрүлөбү?


1500 жылдан да мурда мумияланган зайыптын сөөгүн жайга берүү учуру. 14.10.2017.

Баткенден өткөн кылымда табылып, 2017-жылы 14-октябрда кайра шашылыш көмүлгөн байыркы мумиянын чатагы айдыңдардын бүйүрүн кызытууда. Журналист А.Азам уулунун жеке пикири камтылган блогу ушул окуяга арналган.

Өткөн аптада эл аралык коомчулукка биздин тарыхый дөөлөттөрдү сактоодогу сабатсыздыгыбызды, түркөйлүгүбүздү, болочок жана тарых алдындагы жоопкерсиздигибизди кашкайтып көрсөткөн окуя болду.

Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде 60 жылдан бери сакталып жүргөн мумияланган зайыптын I-V кылымдарга таандык экспонаты жерге көмүлдү. Бул “Жылаңач төөнү бучкакка чапкандай” тездикте боло калган окуяда өлкөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинин жетекчилигинин тиешелүү роль ойногону таң калтырат.

Өлкөдөгү “Акипресс” жаңылыктар агенттигинин Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурастар институтунун археология бөлүмүнүн башчысы Кадича Ташбаевага шилтеп маалымдашынча, байыркы мумияны Мамлекеттик тарых музейинин экспонаттарынын тизмесинен чыгаруу жана көмүү боюнча чечимди Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматынан келген өкүлдөр, Фрунзе атындагы Мамлекеттик мемориалдык үй-музейинин директору, Маданият министрлигинин эки кызматкери жактаган. Жалгыз гана археолог К. Ташиева каршы болгон жана анын айткан жүйөлөрүн беркилер укпай коюшкан.

Маданият министри Түгөлбай Казаков көөнө маданий мурасты - белгисиз аялдын мумиясын кайра көмүүнүн зарылдыгын “экстрасенстер жана кээ бир молдолордун жүйөсү” менен түшүндүрүп, “биз, кыргыздар мусулманбыз, шариятка ылайык өлгөн кишинин жасатын сактоого болбойт, мүмкүн болушунча тез көмүү керек” деп негиздеген. Андан тышкары Кыргызстандын маданият тармагын тейлеген министр мумия 60 жыл арасында илимпоздор тарабынан эч изилденбегенин, аны изилдегендей шаймандардын жана адис-антропологдордун жок экенин да бетке туткан.

Андан эки күндөн кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз өкүлү министрдин мурдакы жүйөлөрүн сөзмө-сөз кайталаган билдирүү жасады.

Перуда 4500 жыл мурда көмүлгөн мумиянын азыркы 3 өлчөмдүү сүрөтү. 11.10.2017
Перуда 4500 жыл мурда көмүлгөн мумиянын азыркы 3 өлчөмдүү сүрөтү. 11.10.2017

Бул тушта Түштүк Американын Перу мамлекетинде былтыр, 2016-жылы табылган мумиянын үч өлчөмдүү (3D) портретин түзүшкөнү тууралуу кабар дүйнөгө жайылды.

Илимпоздордун изилдөөсү жанагы мумияланган аял өлгөн кезде 40-50 жаштарда болгонун көрсөткөн.

Тарыхчы-археологдор 4 миң жыл илгерки жасаттын жанынан табылган буюм-тайымдардын негизинде ал аял бай, социалдык статусу жогорку катмардан экенин да аныкташкан.

Мен терең сыйлаган обончу, жазуучу, коомдук ишмер жана министр Түгөлбай Казаков үчүн ушундай дагы эки мисалга да токтоло кетейин.

1991-жылы Алпы (Альпы) тоолорунан табылган байыркы “муз кишинин” өздүгүн кесипкөй криминалисттер менен окумуштуулар кылдат изилдешип, быйыл жайда өз жыйынтыктарын коомчулукка жарыялашкан.

Көрсө, илимпоздор Отци деп атаган “алпылык муз киши” мындан беш миң жылдан да мурда жашаптыр. 30 метр аралыктан атылган саадактын жебеси бейкам отурган Отцинин мүрүсүнө тийип, ошол жарааттан өлгөнүн, өлөр алдында кандай тамак жегенин, бечаранын кимдир бирөөдөн качайын деген ою жок болгонун көөнө мумияны изилдеген эксперттер аныкташканын даректүү фильмден көрүп, маалымат булактарынан окубадыкпы!

1999-жылы АКШнын Атланта шаарындагы Карлос музейи египет фараону Рамзес Биринчинин мумиясын 2 миллион долларга сатып алып, кийин Каирдеги музейге тартуу кылган. Байыркы Египеттин фараонунун мумиясын XIX кылымда белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен эле.

Мен эмне үчүн жогорудагы үч мисалга токтолуп жатам?

Себеби, биринчиден, бул үч факт цивилизациялуу жана демократиялуу мамлекеттерде археологиялык эстеликтерге кандай мамиле кылышканын, андай тарыхый дөөлөттөрдү изилдөөгө акча аябаганын күбөлөйт.

Экинчиден, Баткендеги Мыктым-Гөрдөн табылып, 60 жыл изилденбей турган мумияланган зайып азыр изилденбесе, болочокто казына акчага толуп, өкмөт илимий изилдөөлөргө жетерлик каражат бөлгөн кезде изилденет деген ойду ырастайт.

Үчүнчүдөн, буга чейин Маданият министрлиги жана Мамлекеттик тарых музейи коммерциялык жагын ойлошсо, байыркы мумияга жарандар менен чет элдиктерди кызыктыруу боюнча кандайдыр бир кадам жасашмак эле го. Атүгүл музейдин орус тилиндеги сайтында мыктым-гөрлүк мумия тууралуу эч кандай маалымат жок.

Мунун баарын айткан жөнүм, непада Берлиндеги Египет музейине барсаңыз, мумия коюлган экспонаттар залынан эл аягы үзүлбөгөнүн көрөсүз. Музейге байыркы Египеттин тарыхын изилдөө үчүн дүйнөнүн чар тарабынан илимпоздор да келип турат. Өз кенчиндеги сербаа шедервлерге байланыштуу илимий изилдөөлөрдү дембе-дем жарыялап турат.

Ал эми Кыргызстандын көзгө басар килейген музейи - Мамлекеттик тарых музейинде Баткенден табылган мумияланган байыркы зайыптын сөөгү бар болгондугун жана кызыккандар аны экинчи ирет көрүү мүмкүнчүлүгүнөн айрылып калышканын көпчүлүк эл ушул күндөрү гана билди окшойт.

Байыркы мумияны оперативдүү тездик менен жерге бере салуунун өзү Кыргызстанда тарыхый мурас болчу баалуу маданий объекттерге төбөлсүздүк жылдары жасалып келаткан “көзгө илбөөчүлүк” дартын дагы бир мертебе ачык айкын кылды.

Бишкектеги борбордук темир жол бекетинин жанындагы дубалы калың “Ала -Тоо” мейманканасы (алгач курулгандан кийинки аты “Тянь-Шань”) пайдаланууга жараксыз делген шылтоо менен үч жыл мурда талкаланып жок кылынды.

Болбосо, 1960-жылы гана курулган бул имарат СССРдеги чет өлкөлүк туристтерди тейлөөчү “Интурист” түзүмүнө кирген каадалуу мейманкана болчу. Аны тарыхый эстеликтердин тизмесинен чыгарып салган шаардын ошол кездеги мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн Улуттук банкты жетектейт. “Ала-Тоо” мейманканасы талкаланып, жок болушу үчүн сөгүш да албады, сыягы.

Кадамжай районундагы Үч-Коргон кыштагындагы XIX кылымга таандык калың дубалдуу, шыбы гүлдүү чайхана да төрт-беш жылдай мурда талкаланып, ордуна мечит курулду.

Эгер Кыргызстандын Маданият министрлиги архитектуралык баалуулугу бар эски имараттарды өлкө боюнча эсепке алып, тыкыр көзөмөлдөсө, анда Испайрам дарыясынын кашатындагы эски кербен сарайдын береги имараты бузулуп жок кылынат беле? Ал чайханага Алайга бараткан эчендеген кишилер, анын ичинде Алай өрөөнүн изилдеген орус географы Алексей Федченко 1867-жылы токтогон. Туяк ырчыны өлтүргөн жанбезерлер ырчыга ушу жерде оболу сый тамак берип, анан жолдо баратканда, атка сүйрөтүп өлтүрүшкөн

Испайрам дарыясын бойлой Биринчи Дүйнөлүк согуш кезде австро-венгр туткундары курган таш жолдун кокусунан сакталып калган аз гана бөлүгү жайгашкан зона эми тарыхый мурас катары коргоого алынбаса, ал да жакынкы жылдары жексен болот. Бул туткундар Алай районунда курган жолдон азыр эч нерсе да калбаганы буга далил.

Кызыл-Кыя шаарына ныпталаш адырдын боорундагы бир кылым мурда австро-венгриялык согуш туткундарына жана 1920-жылдардын башында совет бийлигин коргойбуз деп окко учкан кенчилерге коюлган монументтер да шариятка туура эмес деп "бааланып", турган турпаты менен оодарылып, кышы талоонго түшүшү мүмкүн.

Тарыхый эстеликтерге карата жасалган мындай бейкамдык улана берсе, дагы көп нерселерден ажырап калабыз.

Мумия зайыпка кайрылсам, аны көмүү боюнча чечимди кабыл алууга түздөн-түз тиешеси бар кызмат адамдары өз ыктыяры менен кызматтан кетиши керек деп эсептейм. Ал эми терс чечимди колдоп, мумияны ойрон кылуу үчүн добуш бергендерди коомчулук билүүсү үчүн алардын аты-жөнү ачык жарыяланууга тийиш!

Эмне үчүн? Эгер алар чындап эле көөнө экспонатты көмдүрбөй сактоонун амалын ойлошсо, байыркы (1,5 миң жылдык) көөнө мумияны жерге кайтаруу тууралуу чечим кабыл алгандан мурда коомчулукка кайрылып, абалды ачык түшүндүрүшү керек болчу. Аны сактоонун аракетин кылышы керек эле.

Алар эгер мындан ары да минтип тарыхчылар менен археологдордун пикирлери менен эсептешпей, мындан ары да экстрасенстер менен динзарларга жетелене берсе, дагы башка тарыхый эстеликтерди, көркөм артефакттарды жок кылууга жол бербейт дем ким кепил өтөт?

Цивилизациялуу өлкөдө маданият министрлери баалуу тарыхый эстеликтерди сактоодо бейчекиликтерге жол бербөө үчүн кызматтан баш тартып, маселеге коомчулуктун көңүлүн бурдурат.

Алсак, 2002-жылы премьер-министр Силвио Берлускони мамлекеттин ээлигиндеги тарыхый эстеликтерди, анын ичинде Колизей амфитеатрын менчик компанияларга өткөрүп бермекчи болот. Ошондо Италиянын Маданият министринин орун басары Витторио Сграби "өкмөт башчы кирешени коомдун кызыкчылыгынан өйдө коёт" деп айтып чыгып, кызматтан өзү кеткен.

Пабло Пикассонун "Чачтарач" ("La Coiffeuse") эмгеги уурдалып кетип, кайра музейге кайтарылган учур. Париж. 2015.
Пабло Пикассонун "Чачтарач" ("La Coiffeuse") эмгеги уурдалып кетип, кайра музейге кайтарылган учур. Париж. 2015.

2014-жылы Пабло Пикассонун музейин ремонттоо иши создугуп, аны кайра ачуу кечигип жатканына байланыштуу жана маданият тармагына бөлүнгөн каражатты кыскартууга макул эместигин бышыктап, Орелли Филиппетти Франциянын Маданият министрлигин жетектөөдөн баш тарткан.

Эгер бул жазуучу айым комформисттик позицияны ээлесе, анда ал кыңк этпей өкмөттүн курамында кала бермек. Бирок мындай жолой жазуучу үчүн “өз идеяларына жана принциптерине” чыккынчылык кылуу болмок.

Сөз акырында

Эмне үчүн көөнө зайыптын (бул макалада "зайып" сөзү жалпыланып, "аял" маанисинде колдонулуп жатат) мумия жасаты 60 жыл бою сакталып келип, эми Кыргызстан өнүгүүнүн жигердүү жолуна түшөт деген убадалар берилип жаткан чакта, табылган жерине кайра жеткирилип көмүлдү деген суроонун жообун издеп жатып, бир кызыктуу фактыга көңүл бурдум.

Кыргызстан Перудан кишинин өнүгүү индекси (Human Development Index) боюнча алда канча артта экен. Тактап айтканда, Перу "кишинин өнүгүү индекси жогору өлкөлөрдүн" тобуна кирсе, Кыргызстан Перудан 36 орун төмөндө - "кишинин өнүгүү көрсөткүчү орто болгон өлкөлөрдүн" катарында экен. Бириккен Улуттар Уюмунун деңгээлинде аныкталчу бул көрсөткүч биздин жетекчиликтин төбөлсүздүк жылдары жасаган иштерине берилген сырткы калыс баа десем жаңылбастырмын.

P.S. Автордун ою "Азаттык" радиосунун көз карашын чагылдырбайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG