Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Шайлоонун болгону ырчыга пайда


Иллюстрация
Иллюстрация

“Азаттык +” бул жолу шоу-бизнес өкүлдөрүнүн, интернет жылдыздарынын шайлоо өнөктүгүндөгү кызматын талкуулады.

Быйыл үгүт кампаниясы расмий башталары менен кыргызстандыктар таңды ажолукка талапкерлердин жүзү менен тосту. Сыналгы, радиодон убадалар жаңырып, көчөдө карыш сайын президент болом дегендердин баннерлери илинип турду.

Талапкерлер каражаттын негизги бөлүгүн жер-жерлерди кыдырууга, аймактардагы тарапкерлери менен жолугууга жумшаганы менен социалдык тармактардан, сайттардан жана ырчылардан акча аяган жок.

Эстрада ырчысы Курал Чокоевдин айтымында, шайлоо өнөктүгүндө өнөр адамдары менен кызматташуу үчүн бир-эки жыл мурда сүйлөшүү болот.

- Ар бир фракциядан, талапкерлерден өнөр адамдарына сунуш түшөт. Чындыгында, ырчылар кимден кандай сунуш түшөт деп күтөт. Иштешүүдөн мурда атайын адистер келип, эмне иш аткаруу керектигин кагаз түрүндө тааныштырат. Жакса кызматташууга кол коебуз.

15-октябрда өткөн президенттик шайлоо эң кымбат шайлоо кампанияларынын бири деп бааланды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоодо эң көп каражат сарптаган талапкер Өмүрбек Бабанов болду.

Шайлоо фондуна эң аз акча төккөнүнө карабай Адахан Мадумаров алдын ала жыйынтык боюнча үчүнчү орунду ээледи.

Шайлоодо ырчылар канча киреше тапты?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:52 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG