Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Тамада менен ырчыны ойлондурган салык


Иллюстрация
Иллюстрация

Шоу-бизнестин кыргыз коомчулугуна белгилүү өкүлдөрү арасында той-топурдан, шайлоо өңдүү саясий иш-чаралардын үгүт концерттеринен ири каражат таап, кескин байыгандар көбөйгөнү айтылып келет.

Буга чейин тойдо маарыган тамадалар мамлекетке салык төлөбөй жатканы тууралуу парламентте да сөз болгон. Өнөрпоздор мамлекет аларга салык салардан мурда ырчылардын автордук укугун коргоп бериши керек деген пикирде.

Мурдагы депутат Нарынбек Молдобаев өнөр адамдары дагы элден калбай салык төлөөгө милдеттүү деген пикирде:

- Тамадалар бир күндө 700 доллар табат экен. Күнүнө миң той болот. Демек тамадаларга күнүнө 700 миң доллар кетет. Ошол тапкан акчасынын он эле пайызын эл үчүн салык катары төлөп койсо жакшы болмок. Анткени элдин баары салык төлөйт да, туурабы? Эмне үчүн төлөйт? Анткени анын коопсуздугун милиция сактап жатат. Балдары мектепте бекер билим алып, ооруканада бекер дарыланат. Чек арачылар кайтарып, сот укуктарын коргоп жатат да, туурабы?

Тапкан акчасынын он эле пайызын эл үчүн салык катары төлөп койсо жакшы болмок. Анткени элдин баары салык төлөйт да туурабы?
Нарынбек Молдобаев

Молдобаев өлкөдө аз айлык алган мугалим, дарыгер, маданият кызматкерлери ай сайын тапкан эмгек акысынын кайсы бир пайызын өлкө казынасына салык катары төлөйт. Демек тамада менен ырчылар да мындай милдеттен качпашы керек деп эсептейт.

Анткен менен көп жылдан бери тамадалык өнөрдү аркалап келген Улан Турдалиев той алып баруу бирдей баа менен аныкталбагандыктан салык салуу туура эмес деген пикирде:

- "Тамадалардын тилине салык салалы" дегендин өзү күлкү келтирет. Экинчиден, бүгүнкү күндө ар бир тамада күнүнө 700 доллардан киреше табат дегенге мен ишенбейм. Ошол эле той берип жаткандардын арасында тууган, жек-жаат, досторубуз бар. Алардын айрымдарынын тоюн бекер алып барганга туура келет. Анан калса тамадалар күнүнө эле тойго чыга бербейт .

Улан соңку жылдары тойдон пайда издеген өнөрпоздордун баары эле тамада болууга умтулуп, бул өнөрдүн баа-баркы түшө баштаганын да кошумчалады.

Мирбек Атабеков
Мирбек Атабеков

Жергиликтүү басма сөз каражаттары Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабековду той жана шайлоо компаниялардын үгүт иштеринде кымбат бааланган ырчы катары белгилеп келишет. Атабеков мамлекет салык салуудан мурда өнөр адамдарынын укугун коргоп бериши керек деген пикирде:

- Бизде ырчылардын укугу бир топ эле тепселенип калган. Мисалы, биздин ырыбызды каалаган киши каалашынча чыгарып, каалаган базарына сатат. Эгерде мамлекет ошолорду көзөмөлдөп, автордук укугубузду коргоп берсе мыйзамдуу сатылган ырларыбызды беш жүз, миң киши жүз сомдон алганда эле 50 миллион сом түшмөк. Салыкка ошол каражаттын он пайызын алса туура болмок. Азыр биз жылына ашып кетсе он миң доллар табабыз.

Биздин ырыбызды каалаган киши каалашынча чыгарып, каалаган базарына сатат. Мамлекет ошолорду көзөмөлдөп, автордук укугубузду коргоп берсе, салыкка ошол каражаттын он пайызын алса туура болмок.
Мирбек Атабеков

Атабеков эгер мамлекет өнөр адамдарынын автордук укугун коргоп, алардын чыгармалары мыйзамдуу түрдө сатылышына камкордук көрсө, ырчылар шайлоону, тойлорду аңдыбай, сатылган дисктеринин эсебинен эле жашап, салыкты да арбын төлөйт эле деген пикирде.

Учурда чыгармачыл чөйрөдө аудио жана видео материалдар авторлордун уруксаты жок эле сатылып жатканы башкы көйгөй болуп келет. Мыйзамдын негизинде автордун укугун бузган тарапка административдик жаза колдонулат же кылмыш иши ачылышы керек. Бирок буга чейин республикада бул жаатта кылмыш иши козголгон учур болгон эмес.

Айыпка жыгылган тамадалар

Ал арада Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарындагы ресторан жана кафелерде рейд өткөрүп, салык мыйзамдарын бузган операторлорду, фотографтарды жана тамадаларды аныктаган.

Тамадалар: Бакыт Байсариев, Майрамбек Осмонов, Урмат Борченов.
Тамадалар: Бакыт Байсариев, Майрамбек Осмонов, Урмат Борченов.

Текшерүүлөр той болуп жаткан мезгилде өткөндүктөн, белгилүү алып баруучу Бакыт Байсариев, Урмат Борченов, Майрамбек Осмонов патентин көрсөтө алган эмес.

- Албетте, биз адам факторун да эске алдык. Той ээлери жана меймандары тамадалар салык төлөбөгөнү үчүн айыптуу эмес. Биз эреже бузгандарга эскертүү берип, эртеси күнү эки миң сомдон айыппул төлөөгө милдеттендирдик, - деп билдиришти “Азаттыкка” Салык кызматынан.

Рейд учурунда, мындан сырткары, ишкерлер К. Майназаров, Ж. Эсенбеков жана Э. Жунусовго да патентсиз иштеп жатканы үчүн айыппул салынган.

Кичинекей, 2500 сомдук патентти албаган тамадалар, ырчылар көп.
Эркин Сазыков

Мамлекеттик салык кызматынын маалымат-катчысы Эркин Сазыков мыйзам боюнча салтанаттуу иш-чараларда кызмат көрсөткөн тамада, ырчы-чоорчулардын салыгы айына беш жүз сомдон эки жарым миң сомго чейин жетерин билдирди. Шоу-бизнес өкүлү жашаган регионуна, көрсөткөн кызматына жараша жогоруда айтылган суммага патент алып, жүз миңдеп пайда таба берсе болот:

- Бирок бизде мындай да көйгөй бар. Аппарзан, 2500 сомдук патентти албаган тамадалар, ырчылар көп. Биз бул боюнча атайын рейд өткөрүп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Той ээлери: “биз тууганбыз, бекер эле кызмат көрсөттү, ырдады” деп калкалаган учурлар жок эмес.

Сазыков мындан улам шоу бизнес өкүлү менен аны жалдаган тараптын келишими болбогондуктан өнөрпоздун акча таап жатканын далилдөө мүмкүн эместигин айтты.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча акыркы сегиз айда казынага салтанаттуу иш-чараларда кызмат көрсөткөн музыкант, тамада, ырчы-бийчилерден 665 миң сом салык жыйналган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG