Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Шайлоо: Үгүткө камынган ырчылар


Концерттен бир көрүнүш
Концерттен бир көрүнүш

Кыргызстанда үгүт өнөктүгү популярдуу ырчылар үчүн ири киреше табуунун булагы экени жашыруун эмес.

Жергиликтүү маалымат каражаттары өтүмдүүлүгү боюнча алдыңкы он сапта турган ырчылар шайлоодо 10 миң доллардан 30 миң долларга чейин бааланарын жазып чыгышты.

Бул чөйрөнү жакындан билгендер мындай баа өткөн парламенттик шайлоодо коюлганын, ал эми азыркы президенттик шайлоодо маданий программалар кыскартылып, ырчылардын акысы азайганын айтып жатышат.

Обончу Майрамбек Осмонов шайлоодо иштеген өнөрпоз менен саясатчынын ортосундагы мамилени мындайча сүрөттөдү:

- Шайлоо деген ырчылар үчүн жайлоо. Шайлоого чыгып жаткан ырчынын көкүрөгүндө "тиги талапкер өтсүн, бул талапкер өтсүн" деген жекече максат, тилек болбойт. Алар болгону шайлоодо акча таап калуу максатын көздөйт. Талапкерде деле ошондой максат. Ал эптеп эле шайлоодон өтүп алса, анын үгүт ишине катышкан ырчыларды кийин унутат. Бул нерсе баштан өткөн.

Ушундай жагдайлардан улам көңүлү калган Осмонов кийинки кездерде үгүт иштерине катышкандан баш тартып, ага караганда тамада, ырчы катары тойлордон каражат тапканды өйдө коюп калганын айтат.

Үгүт өнөктүгүндө жаштар арасында популярдуу ырчыларга кардарлар көп болору, алардын арасынан мисалы Эмгек сиңирген артист Мирбек Атабековдун кызмат акысы 30 миң долларга бааланары айтылып келет. Ырчы өзү мурда жогорудагыдай баага ырдап келгенин четке какпай, бирок учурда өзүнүн жарандык позициясына туура келген талапкерлерди акысыз колдоп жүргөнүн билдирди:

- Отуз миң доллар деген мурдагы шайлоолордо белгиленген кызмат акым болчу. Бул жолу биз буга чейин колдоп келген талапкерди дагы да колдоп чыктык. Калем акы боюнча кеп кылсак, ал нерсе негизинен айтылбайт. Бирок мен бул жерде ал талапкерди идея үчүн колдоп жатам. Бизде азыр акчага ырдагандар да, акысыз ырдагандар да бар. Мисалы, мен бул жерде бир да тыйын алган жокмун.

Шайлоодо иштей турган алдыңкы он сапта турган ырчылардын катарында жаштар менен бирге орто муундун да өкүлдөрү бар. Алардын кызмат акысы орточо 20 миң доллар деп белгиленген. Алардын бири ырчы Динара Акулованын учурда үгүт ишине катышканга шарты келбейт экен:

- Бул иштер менен продюсерлер алектенип жаткан. 20 миң деп, кымбат десе 15 миң долларга түшүрүп, айтор өздөрүнчө эле соодалашып жатышат. Анан мен такыр катышпайм деп койгом. Мен негизинен балам менен үйдөмүн. Аны таштап чыга албайм го. Кичинекей балам бар...

Президенттикке талапкерлердин биринин штабында иштеп жаткан атын атагысы келбеген кызматкердин айтымында, ырчылар башында эмгек акысын өздөрү кымбат айтып, соодалашуу учурунда анын жарымына түшүрүүгө макул болушат. Негизинен жети обулуска жети же 14 концерт коюлуп, мында ырчынын ар бир концертке катышканы 500 доллардан 2 миң долларга чейин бааланат.

Адис музыканттар мындай үгүт иштерине негизинен музыканы искусство эмес, пайда табуу булагы катары түшүнгөн катмардагы ырчылар катышарын айтып келишет. Эл артисти Курмангазы Азыкбаевдин ою да ушундай:

- Мен мынчага чыгам, мен түкүнчө акчага ырдайм деп жаткандардын көбү фонограмма менен ырдагандар. Алардын параметри айылдык деңгээлге туура келет. Алар чыкса чыга берсин, өзүнүн үй-бүлөсүн багыш керек. Тиричилик кылыш керек да. Ушунча жүрүп мен бир да үгүт өнөктүгүнө катышкан эмесмин. Себеби менин музыкам элге өтпөйт да. Ал жакка шоу керек. Эл топтолгондо шайыр музыкалар менен элди чакырышат.

Нурзат Токтосунова
Нурзат Токтосунова

Бул чөйрөнү жакындан билген алып баруучу Нурзат Токтосунованын баамында, буга чейинки парламенттик шайлоодо маданият программасына өтө көп каражат жумшалса, азыркы президенттик шайлоо бул жагынан ырчылар күткөндөгүдөй болбоду:

- Парламенттик шайлоода чын эле 30 миң доллар алгандар болгон. Отуз, жыйырма, он беш миң доллардын тегерегинде алышкан. Бул жолу баалар өтө эле төмөн экенине күбө болдум. Анан калса кыргыздар баары бир ага-ини, тааныш болуп, бирөөлөр ортого түшүп, айтор, ырчылардын баасы өтө эле төмөн түшкөнүн көрдүм.

Нурзат Токтосунованын "Нур" мектеби үгүт иштерине катышпайт. Мындан сырткары ал бул жолку президенттик шайлоодо ырчылардын кызматы 5 миң доллардан 15 миң долларга чейин бааланганын, алардын ичинде чоң суммада каражат бериле тургандар сейрек экенин кошумчалады.

Ошол эле учурда социалдык тармактарда акыркы жолу мамлекеттик наамга ээ болгон айрым ырчылар үгүт иштерине акысыз тартылганы айтылып жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG