Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:58

Кыргыз музыка таануучулардын катары суйдаң тартып, жаштар арасынан бул өнөргө кызыккандар азаюуда. Улут маданиятынын музыкалык өнөрүнүн жаралышы менен өнүгүшүн чечмелеп, композитордун чыгармасынын ичте катылган сырларын ачып берүү жөндөм-шыкты, терең музыкалык билимди талап кылат. Музыка таануучу жана композитор Тимур Саламатов "Азаттык" үналгысына курган маегинде бул тармактагы жетишкендиктер менен көйгөйлөрдү айтып берди.

“Азаттык”: Тимур мырза, кыргыз классикалык музыкасынын учурдагы абалы кандай, анын изилденишинин учурдагы абалына токтоло кетсеңиз?

Саламатов: Акыркы мезгилде анча-мынча жылыш бар десем болот. Мындан 15 - 20 жыл мурун баары токтогонсуп калган. Музыка изилдөөчүлүккө кызыккандар жоголуп кеткен. Совет мезгилинде кандидаттык диссертация жактагандар бар эле. Андан бери токтогонсуп калган. Мына, акыркы кезде жакшы жышаан пайда болду. Быйыл эки доктордук диссертация жакталды. Баялиева деген кызыбыз музыка жана сөз айкалыштарынын культурологиялык маселелери боюнча, Роза Аманова салттуу музыка боюнча жакынкы күндөрү жактады. Ушундай нерселер, жылыш бар десем болот.

Бирок да негизинен классикалык музыка, академиялык музыка – опера, балет, симфония, фортепианолук же скирипкалык, вокалдык, хордук чыгармалар – мына ушулардын баары, музыканын өзү жазылбай калган мезгил болду. Буга көп деле көңүл бурулбай калды. Мына акыркы 20 жылдан бери чоң-чоң чыгармалар “Айчүрөк” операсы, “Саманчынын жолу”, "Маңкурт жөнүндө баян” дегендей балеттер пайда болгон жок. Бирок ошол эле мезгилде, мисалы, Үркүндүн 100 жылдыгына карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги симфониялык, аспаптык, оркестрдик чыгармаларга конкурс жарыялады. Биздин композиторлордун бир топ жылдардан бери жыйнап келаткан чыгармалары бар экен. Он чакты чоң-чоң чыгармалар угулду. 1916-жылкы Үркүнгө арналган симфониялык поэмалар аткарылды. Алардын арасынан Эсенгул Жумабаевдин, Сатылган Осмоновдун чыгармалары сыйлыкка татыды. Жакшы чыгармалар бар экен, композиторлор бекер жатпаптыр. Бирок азыр совет доорундагыдай пландуу, системдүү иштер жок. Мурун өкмөттөн каржыланып, Маданият министрлиги тарабынан заказ берилип, опера, балет, кантата, оратория, симфониялар жаралчу. Композиторлор күнүмдүк оокатын жылдырып турганга алдын-ала акчасын алып, андан кийин иштеп, аны бир нече жолу угуп, бир нече комиссия тарабынан кабыл алынып, оңдочу жери болсо оңдолуп, ошентип чоң-чоң чыгармалар жаралчу. Азыр андай иштер токтолгон, өкмөт тарабынан заказ берүү пландуу иш болбой калган. Андай музыканын азыр кереги да жок болуп калды.

Байкап атасыңар го, азыр тойдо ырдалчу жеңил-желпи ырлар, эстрадалык ырлар мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда деле аткарылып, концерттерде жеңил музыка толуп кетти. Азыркы мезгилдин же коомдун талабы ошолбу, маданиятты башкарып турган чөйрөнүн табити ошолбу - мен аны баамдай албадым. Эгемендик, Нооруз майрамында же болбосо ШКУнун жыйыны болуп калса, мына ушундай эл аралык деңгээлдеги салтанаттарда кыргыз күүлөрү аткарылууда, ал, албетте, керек, бирок тойдун ырларына, жеңил-желпи эстрадалык ырларга толуп кетип жатат. Антип классикалык музыкага талап жок болуп жаткандан кийин музыка изилдөөчүлүккө талап жок десем болот.

Мурун жылына 10 – 15 бала музыка изилдөө боюнча бүтсө, азыр беш курстун ичинен болгону 2 – 3 гана бала бүтүүдө. Алар дагы музыка жазууга же журналистикага кызыккандар. Музыканы терең изилдөөгө кызыккан балдар аз болуп жатат.

Бишкектеги классикалык музыканын концерттеринин бири.
Бишкектеги классикалык музыканын концерттеринин бири.

“Азаттык”: Классикалык музыкага даярдык өзү мектептен башталышы керек эле. Азыр мектепте классикалык музыкага көңүл бурулабы? Анын маанисин жеткилең түшүнгөн, ошого ылайыкташкан адистер сабак беришеби?

Саламатов: Жалпы билим берүү системасында музыкага көңүл деле бурулбайт. Ал эми музыка сабагын мектептерде кимдер гана өтпөйт. Айыл жериндеги мектептерде сааты жетпей калган мугалимге бере бермей адат болуп калган. Шаарларда атайын музыкалык билим берчү мектептер бар. Ошондой 7 жылдык мектептер, 11 жылдык мектептер, музыкалык окуу жайларда билим берүү дурус эле. Илгерки агым менен, күү менен советтик системадан калган салт менен келатышат. Мурдагы система иштеп жатат. 70 – 80-жылдары чыккан окуу китептери ошол эле бойдон. Эски китептерди эле колдонуп келатышат. Эгемендик жылдары музыка боюнча окуу китептерибиз деле пайда болгон жок. Аны музыка изилдөөчүлөр жазышы керек эле да. Эми андай талап болбогон соң окуулуктарды жазбай турушат. Мамлекет өзүнчө программа кабыл алып аны системдүү түрдө колго албаса ал болбойт. Билим берүү тармагынын абалы ушундай.

Филармониядагы концерт. Бишкек.
Филармониядагы концерт. Бишкек.

Музыкалык окуу жайларында кайсы багыт басымдуулук кылат? Мына ырдоо бөлүмү, элдик, эстрадалык ырларды аткаруучулар. Комуз, кыяк, чоор тартканга көбүрөөк келип атышат. Гитарага кызыгышат. Ошол эле окуу жайда композиторлук жагына ыктагандар, музыка изилдөө жагына ыктагандар жокко эсе болуп атат. Бул өзү коомдук тенденцияга айланууда.

Азыркы күндө маданий очоктун негизи тойканалар болуп калбадыбы. Мен бул тууралуу бир макала жаздым. Ошондо айттым, жылына бир-эки жолу театрга барган кыргыз аз, бирок жумасына бир жолу тойго барбаган кыргыз жокко эсе. Жашообуздун негизги маданий жагы ошол тойканалар болуп калды. Аны биз баарыбыз байкап атабыз, өзгөчө күз маалында. Жайында деле. Карасаңар кыргыздын баары кайда – тойканаларда. Тойканада толгон эл, театрда 20 – 30 киши. Мына ушундай абал.

(Маекти толугу менен мына бул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG