Линктер

жекшемби, 22-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:12

Көркөм өнөр: Мурзали Жээнбаевдин ажайып музыка дүйнөсү


Композитор Мурзали Төлөн уулу Жээнбаев (30.10.1972-ж. туулган) 2016-жылы "Ак илбирс" сыйлыгына ээ болгон.

Мурзали Жээнбаев 50гө жакын киного музыкалык чыгарма жазган, бир топ симфониялык чыгармаларды жараткан композитор. Анын балдарга арналган чыгармалары келечек муундун кызыгуусун жаратса, симфониялык поэмасы композиторлор арасындагы конкурстун баш байгесин жеңип алган.

Кыргыз композитору Мурзали Төлөн уулу Жээнбаев (ал 1972-жылы 30-октябрда туулган) классикалык жанрлар менен эле чектелбей, кино музыкасына, эстрадалык чыгармаларды кемелине келтирип, убакты-саатын жалаң чыгармачылыкка арнап келатат.

Мурзали Төлөн уулу Жээнбаевдин музыкалык жөндөм-шыгынын артылышына бала кезинде уккан комуз күүлөрү, тамеки талаасында жаңырган элдик ырлар, анан Петр Чайковскийдин “Щелкунчик” балетинин музыкасы чоң таасир калтырган. Балалык сезимге бекем орноп калган кайрыктарды дагы угууга куштар улан айылдагы 8 жылдык мектепти аяктагандан кийин, Оштогу музыкалык окуу жайына келип кирет.

Аны аяктагандан кийин Бишкектеги консерваторияга өтүп, белгилүү композитор Муратбек Бегалиевдин классында билимин улантат. Консерваторияны аяктаган соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында окуйт. Композиторду дипломатиялык кызмат, өз кесибин мыкты билген адистердин дарсын угуу кызыктырат.

Бирок да Мурзали Жээнбаев музыка дүйнөсүнө баш-оту менен берилип, жалаң чыгармачылык менен гана алектенип келатат. "Академиялык музыканын кайсы түрү сизге жакын, кайсы жанрды баарынан алдыга коёсуз", деген сурообузга Мурзали Жээнбаев мындай жооп берди.

- Азыр заман талабына жараша мен кино музыкасына көбүрөөк кетип калдым. Ал үчүн мен өзүмдү күнөөлөй албайм. Мына ушул музыканын колдонмо (прикладдык) түрүндө 40 – 45тей музыкалык чыгармам жазылды. Кыргыз, казак киночулары менен көбүрөөк иштешип калдым. Консерваторияны бүтүп эле "мен композитор болуп калдым" деген туура эмес. Ал жерден мен багытты гана үйрөндүм, эми өмүр бою үйрөнүш керек. Симфониялык чыгармаларым бар. Ал эми диапозондук палитраны алганда, балдарга арналган чыгармалардан баштап симфониялык чыгармаларга чейин иштейм.

Композитор балдарга арналган чыгармаларга (маселен, кичинекей угуучуларга жаккан “Керемет көч”), анан элдик чыгармаларды заман талабына ылайык кайрадан иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурат.

Булардан тышкары композитор театрда коюлган драмалык чыгармаларды музыкалаштырууга салымын кошуп келатат. Бул жаатта анын Мар Байжиевдин сценарийи боюнча даярдалып жаткан “Манас тууралуу баянга” жазган музыкасын белгилей кетсе болот.

Ушу тапта кыргыз композиторлорунун нааразылыгын жараткан маселе - алар жараткан чыгармалардын оркестрде аткарылбай, элге жетпей жатышы болууда. Ушул маселе тууралуу Мурзалинин пикири кандай экенине кызыктык.

- Мен антип айта албайм. Кандайдыр бир жолдорун таап, аракет кылыш керек. XIX кылымдын ортосунда жашаган Мендельсондун “Сөзү жок ыр” деген чыгармасы бар. Муну айтып атканымдын себеби, бизде руханий деградация болгондой сезилип атат. Мен муну болуп атат деп да айта албайм. Оңолуп кетер деген үмүт бар. Белинскийдин элди руханий жардылыкка алып келүүгө интеллигенция гана күнөөлүү деген сөзү бар. Айдыңдар - коомду алга сүрөөчу бир чоң күч. Ойнолбой калды дегендин да чындыгы бардыр, бирок биз антип отура бербей, алдыга жыла беришибиз керек.

Мурзали Жээнбаев дүйнөлөшүү (глобалдашуу) заманында Кыргызстанда симфониялык музыканын жайылтылышы олуттуу тоскоолдуктарга учурап жатканын белгиледи жана аны элге түшүндүрүү жаатында бир топ иштер жасалбай жатканын ырастады.

- Эмне үчүн элдер кирбей жатат, жок, элдер кирип атат. Бизде адистер даярдалууда. Тилекке каршы, бизде акыркы убактарда жакшы кадрлар жетпей жаткандай болуп жатат. Жакшы кадрлар, - мына мени менен чогуу окуган балдардын көбү, - Орусия, Түркмөнстан, Тажикстанга кетип калып жатышат. Бул жерде каржы маселеси да көбүрөөк терс рол ойноп коюуда.

Европа өлкөлөрүндө классикалык чыгармаларды көчөдө эле аткарган таланттар толтура. Аянттагы эл алдына чыгып классикалык чыгармаларды ойноп берген симфониялык оркестрлер бар. Мунун баары элдин музыкалык сезиминин ойгонушуна, табитинин тарбияланышына, мезгил сынынан өтүп келаткан чыгарманын угарманга дагы жакын болушуна алып келет.

Мурзали Жээнбаев да классикалык музыканы элге таанытуунун, жакындаштыруунун ар кыл жолдорун таап, аны ишке ашыруу керек дейт. “Бул жаатта бизде да жылыштар болууда. Көбүрөөк концерттерди бериш керек”, - дейт ал.

Сөз соңунда Мурзали Жээнбаев жаш угармандарга агалык кеңешин айтты:

- Бирок музыканын да музыкасы бар. Замандаштарыма мындай ой айтар элем. Классикалык музыканы көп угуш керек. Бул музыка кылымдар мурун жаңырып келген, болочокто дагы жаңыра берет. Менден кийинки кеспитештериме айтаарым, бул музыкага кыргыздын кайрыктарын кошуп, аны дагы бийиктикке көтөрсөк. Академиялык музыка ооруган адамды айыктырат, руханий жактан жан дүйнөңдү тазалайт, жашоого көз карашты жакшы жагына өзгөртөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG