Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:31

Жылдыз Малдыбаева кыргыз аялдарынан чыккан биринчи композитор, айтылуу Абдылас Малдыбаевдин кызы. Өмүрүн музыкага арнаган композитор жакында "Ырлар" деген аталыштагы жаңы китебин чыгарды. Анда балдарга арналган музыкалык чыгармалары топтолгон.

Чыгармалар жазылууда, уккан киши аз

Малдыбаеванын чыгармалары дүйнөнүн белгилүү оркестрлеринде ойнолуп, кыргыз музыкасынын атын даңазалап келатат. Анын сюиталары, симфониялык, камералык-аспаптык, камералык-аваздык, вокалдык, хор үчүн жазылган чыгармалары музыка сүйүүчүлөргө кеңири белгилүү.

Жылдыз Малдыбаеванын 24-прелюдиясы музыка сүйүүчүлөрдүн өзгөчө сүйкүм чыгармасы. Композитордун жарым кылымга жакын мезгилде жараткан мындай чыгармаларын санап чыгуунун өзү кыйла убакты-саатты алар эле. Ал ушул азыр да музыка жаратуунун түйшүгүнө батып, жаңы чыгармаларды жаратууда.

Ош: театр тойканага айланганда...

Ошто үйлөнүү тойлор Бабур атындагы өзбек драма театрында өтө башташы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Өнөр адамдарына карата учурдагы кайдыгер мамилеге карабай нотага керемет кайрыктарды түшүрүүдө. "Классикалык музыкага көңүл бурулбай калды. Жеңил музыка болуп калбадыбы, ал элге бачым сиңет", дейт композитор. Ал эми классикалык музыканы баары эле түшүнө бербейт, ал үчүн азыноолок музыкалык сабат, даярдык керек. Социализм заманында классикалык музыка мамлекет камкордугуна алынып, шарт түзүлүп, ага жараша композиторлор да мыкты чыгармаларды жаратышчу.

- Өкмөт аябай көңүл бурчу,- дейт Жылдыз эже. - Премьера, ишти өткөрүп алуу учурунда сөзсүз маданият министри катышчу. Кондучалова бирөөн да калтырчу эмес. Коллектив жанданып калчу. Азыр прьемерага көңүл деле бурушпайт, келишпейт.

Жаңы заманда Кыргызстанда консерватория ачылып, музыкалык окуу жайлар сан жагынан азайган жок. Мындайда даярдалчу адистердин сапатына көңүл бурулушу керек. Бул тууралуу Жылдыз Малдыбаеванын пикири кандай экенине кызыктык.

- Мурда СССР заманында бир талап коюлчу. Мисалы, консерваторияны кантип ачуу боюнча жобосу бар болчу. Ал кезде консерватория жок эле, себеби деңгээлибиз жетишпейт болчу. Ал жерде канча доктор, эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, пианист, скрипкачы болушу керек деген шарт бар эле. Консерватория социализм заманында да көтөрүлгөн. Молдобасанов, Давлесовдор ошол жобону билген. Биздин деңгээлибиз жетпейт деп токтотуп коюшкан. Кийин кайра жаралуу болуп, анан консерваторияны ачып коюшту. Москва, Париж консерваторияларынын деңгээли таптакыр башка да. Анан диплом деп бере берген болбойт да, - дейт композитор.

Династияны улачу композитор жок

Кыргыздын туңгуч композиторлорунун бири Абдылас Малдыбаевдин жолун улаган Жылдыз Малдыбаевадан кийин үй-бүлөлүк "салтты" улаган жаңы муун музыкачы Малдыбаевдерден чыга элек. Жылдыз Малдыбаева муну учурдагы жагдайга байланыштуу түшүндүрөт:

- Агамдын балдары да болбой калды, эжемдин балдары башка тарапка кетишти. Себеби биздин кесипти билишти да.

Анткен менен кыргыз композиторлору замандын утурумдук кыйынчылыгына биротоло кол куушуруп, музыкалык чыгармаларды жазбай отуруп калышкан жери жок. Аны ошол эле Жылдыз Малдыбаеванын өзүнүн чыгармалары, жыл сайын болбосо да мезгил-мезгили менен жарыяланып келаткан ноталык жыйнактары, альбомдору көрсөтүп бере алат. Кийинки жылдары жарыяланган андай китептердин саны отуздан ашат. Музыка дүйнөсүнө кирип кеткен чыгармачыл инсандын куру кол отуруп калышы мүмкүн эмес экен:

- Эми кээ бир композиторлор жазып деле жатат. Бирок пропаганда жагы начар. Анан концертке эл өтө аз келет. Себеби даярдыгы начар, анан кызыгуусу да жок. Ошого музыка таануучулар тарбия берип, мындай лекция кылып кичине элди ошого даярдаш керек да.

Баарын бузган базар

Композиторлор журтуна базар мамилеси салакасын тийгизүүдө.

- Азыр баары эле акчага кызыгып калышпадыбы. Композиторлор каржылык жагынан начар абалда. Себеби мурда Маданият министрлиги угуу өткөрүп каржы жагынан бир аз жардам берчү. Акча жок, өкмөт бербей жатат деп шылтап коюшат. Биз негизинен бекер иштеп атабыз. Жазып атабыз, жазып атабыз бирок ага төлөнбөйт. Азыркы заманда кантип жашаш керек, ошону да өйдө жактагылар түшүнүш керек го. Эмгек деген бааланышы керек. Азыр телеканалдар көбөйбөдүбү. "Маданият" деген канал бар, ошондо чет өлкөлөрдөгү музыканы угузуп атышпайбы. Бизди болсо баалашпайт. Чет өлкөдө симфония жазсаң эмгегиңдин баасы 10 миллион доллар. Бизде миллион эмес эч нерсе жок. Иштегенге стимул болуш керек да. Анан жашоого дагы, - деген Жылдыз Малдыбаева Кыргызстанга бир эле симфониялык оркестр жетиштүү деп эсептейт. ​

Филармониядан бир көрүнүш.
Филармониядан бир көрүнүш.

Эптеп акча табыш үчүн 4 - 5 жерде иштеген музыканттан кантип сапатты талап кылууга болот. Кеп арасында композитордун чыгармачылык иш күнү кандайча башталарына кызыктык. “Күн сайын эле чыгарма жазылбайт”, дейт Жылдыз Малдыбаева.

Орусча ырдаган балдар

Айтылуу композитордун үйүнүн жанында балдар бакчасы жайгашкан. Ал жердеги балдар "Крокодил Генаны" ырдашат. Бөбөктөргө кыргыз тилин үйрөтүү, кичине кезинен эне тилинин кереметине каныксын деп композитор балдар үчүн ырларды нотасы менен китеп кылып чыгарды.

- Кыргыздын ырлары бар да, ошон үчүн мына бул балдар үчүн ырларды чыгардым, үйрөтүш керек. Бакчага барсам тарбиячылар орусча сүйлөп отурушат. "Крокодил Гена" менен. Кыргыз тилин ошол жерден башташ керек да, - деген Жылдыз Малдыбаева ушул тапта кыргыз композиторлору өз деңгээлине жараша чыгармаларын жазып жатканын айтты:

- Аны эл баалап, тандаш керек. Мурун ошондой болчу да. Наамдарды кантип берчү? Элге кеңири таркаганда, чыгарма элге сиңгенде ошол наамды берчү. Азыр башаламан, "чала молдосу" деле, эч нерсе билбегени деле алып жатат. Анын баарын көрүп-угуп отурабыз да. Өкмөт наамдын баркын кетирди.

Бишкектеги композиторлор үйүндөгү фортепьянодо Жылдыз Малдыбаева "Күзгү кеч" деген чыгармасын “Азаттыктын” угармандары үчүн ойноп берди. Авторго ийгилик каалап музыка жаратуучулар үйүнөн көчөгө чыктык. Бишкектин машине батпаган көчөсүндө Жылдыз эженин музыкасы кулагымда жаңырып, утурумдук кыйынчылыктарга карабай асылдык дүйнөсүндө жашап жаткан улуу өнөр адамына ыраазы болуп келе жаттым.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG