Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Ош: театр тойканага айланганда...


Бабур атындагы өзбек драма театры
Бабур атындагы өзбек драма театры

Ошто үйлөнүү тойлор Бабур атындагы өзбек драма театрында өтө башташы коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Маданий чордондун тойканага айланышын театр жетекчилиги кошумча акча табуу максаты деп түшүндүрдү. Бирок коомчулук маданият ордосунда арак-шарап ичилишине каршы.

Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык драма театрында үйлөнүү тойлору өтүп жаткан видео жана фото сүрөттөр интернетке тарады. Ал видеодо тойго келген жаштар катыра бийлеп жатышат. Сүрөттөрдө болсо театр имаратынын маңдайкы бөлүгүн бүт жапкан жарнакта кол кармашкан эки жаш турат. Өзбек драма театрын ижарага алып, фотосалон жана дискотека залы катары пайдаланып жаткан Мухаммед аттуу ишкер келечекте театрда банкеттерди да уюштурууга камынып жатканын жашырбайт.

- Ошол драма театрдын балконун сүрөткана кылганбыз, балкондун экинчи бөлүгү дискотека залы. Үйлөнүү тоюна келген жаштар баш кошуп жаткан кыз-жигитти сүрөткө тартканга чейин бийлеп турушат. Азыр көбүнчө ал жерде өзбек тойлор өтүп жатат. Эки жашты сүрөткө тартканга чейин тамак-аш уюштуруп коюну да суранышууда. Бизде өзү балкондун нары жагында да сонун орунубуз бар. Эмдиги жылы ал жерди банкет өткөрчү жай кылабыз.

Негизи бабур театры концерттик залын жеке артисттерге ижарага берүүдөн жыл сайын 700 миң сомго чейин киреше табат. Ал акчалар кызматкерлердин айлыктарына жана театрдын кем- карчына сарпталат. Маданият ордосунун жетекчиси Набижан Мамажанов имараттын бир бөлүгүн кошумча киреше табуу максатында ишкерлерге ижарага берүүгө мыйзам жол берет дейт.

- Бул жерде өтүп жаткан тойлорго, фотосалонго театрдын эч кандай тиешеси жок. Себеби муну ижарачылар өздөрү уюштуруп жатышат. Алар бизге ижара акысын төлөйт. Ошол гана. Аларды сахнага чыгарган жокпуз. Ишкерлер ижарага алган жер бул балкон эле. Кышында суук болчу эле. Азыр алар балконду тосушту, эми кышында бизге жылуу болот деп турабыз.

Бирок маданият ордосунун тойканага, арак-шарап ичилүүчү жайга айлануусу социалдык тармактарда кескин сынга алынууда. Шаар тургундары борбордук аянтты, түбөлүк отту, ар кайсы эстеликтерди жана шаар көчөлөрүн ээлеген тойлор эми театрга жетти деп сындап жатышат. Кыргыз-казактын эл артисти Саламат Садыкова болсо мындай көрүнүштү маданият тармагынын жетекчилери көзөмөлгө алышы керек деп эсептейт.

- Азыр деген театрга базардан чаңын чала-була кагып алып чыгып жатпайбы. Театр дегенди мындай бир абайлаш керек да. Сахна деген ыйык да. Сахнаны кандайдыр бир касиетти көтөрүнүп жүргөн, элге кут чакыра турган, ой баккан, сөз баккан, өнөр баккан деңгээлдеги адамдар чыгуучу жай деп эсептейм. Азыр артисттер ачка кала турган заман эмес. Байларыбыз кафе-ресторандарды куруп коюшту. Тойлорун ошол жерде өткөрө берсин.

Кыргызстанда опера, драма театрларын, клубдарды тойкана катары пайдаланган окуя биринчи ирет катталып жаткан жок. Маселен, былтыры Бишкекте опера балет театрында банкет өткөн. Ошто болсо Абдыкадыров атындагы филармониянын короосу көп жылдан бери Ош-Кызыл-Кыя таксилеринин жайы болуп келе жатат. Ибраимов атындагы кыргыз драма театрынын жертөлөсү болсо түнкү клуб болуп калган.

XS
SM
MD
LG