Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Балетке күйгөн талант кетти...


Берик Алимбаев менен коштошуу зыйнаты
Берик Алимбаев менен коштошуу зыйнаты

Кыргыз Эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаев менен коштошуу зыйнаты Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Митинг-реквиемге президенттин, өкмөттүн өкүлдөрү, бийчинин замандаштары, шакирттери катышып, маркумдун кыргыз балетине кошкон салымы жана өлкөдөгү хореография искусствосунун бүгүнкү абалы тууралуу сөз болду.

Замандаштарынын айтымында, жаштайынан жетим калган Берик Алимбаев 1947-жылга чейин Фрунзедеги балдар үйүндө тарбияланган. Кийин аны Ленинград шаарына хореографиялык окуу жайга жиберишет.

Маркумдун замандаштарынын бири, Кыргыз Эл артисти Тентимиш Мураталиев Алимбаевдин чыгармачылык жолуна мындайча баа берди:

- “Жашыңда тартсаң мээнетти, карыганда көрөсүң дөөлөттү” дешет эмеспи. Жаш кезинде кыйынчылыкта жашаса да Берик Каримович Ленинграддан окууну аяктап келгенден кийин өзүнүн байсалдуу эмгек жолун баштады. Мен маркумду ошол жылдардан бери билем. 60-жылдары биз Күреңкеев окуу жайында студент элек. Балет искусствосуна ат көтөргүс эмгек кылды. Берик тарбиялаган балдардын бири, менин досум Чолпонбек Базарбаев СССРдин эл артисти болду. Андан башкалары бери эле дегенде Орусиянын эмгек сиңирген артисти наамын алышты. Берик Алимбаев бий искусствосунда педагогикалык таланты жагынан алдына киши салчу эмес.

Берик Алимбаев бийчи катары классикалык жана улуттук спектаклдердеги негизги партиялардын дээрлик баарын аткарган. Алардын катарында "Ак куу көлү", "Жизель", "Ромео жана Жульетта" жана башкалар бар.

Маркум өмүр жолунда балет өнөрүнүн чебери катары бир нече шакирттерди тарбиялап өстүргөн экен. Алардын бири - Кыргыз Эл артисти, таанымал балет жылдызы Акан Нуртазин. Ал бизге устаты тууралуу буларды айтып берди:

- Алимбаев кыргыз хореография искусствосунда өтө салмактуу орунду ээлейт. Ал Рейна Чокоева, Уран Сарбагышев сыяктуу замандаштары менен бирге кыргыз балетин түптөп, аны жогорку деңгээлге алып чыккан. Берик Алимбаевдин өзгөчөлүгү - аны кыргыз балет искусствосунун бирден бир романтиги болгон десек болот. Ал таланттуу солист, таасирдүү педагог, мыкты көркөм жетекчи эле. Мен да өзүмдү Алимбаевдин шакиртимин деп эсептейм. Азыр балет өнөрү боюнча эл аралык сынактардын жеңүүчүсү болуп жүргөн Марат Сыдыков да Алимбаевдин кийинки муундагы шакирттеринин бири.

Маектешибиз кеп оролу келип турганда, кыргыз балет өнөрүн жогорку деңгээлге алып чыккан залкар бийчилердин эмгеги эгемендик жылдары кейиштүү тагдырга туш болгонун да кошумчалай кетти:

- Бүгүн хореографиялык искусствонун абалы жакшы эмес. Мен акыркы 5-10 жылда мамлекеттин балет өнөрүнө болгон мамилеси таптакыр начарлап кетти деп айтар элем. Албетте, бул биздин саясый оош-кыйыштарга байланыштуу болду. Өкмөт, маданият министрибиз тез-тез алмашып, жалпы маданият боюнча туруктуу саясат жүрбөй калды. Мамлекеттик камкордук азайды. Бир учурда өкмөт жылына Опера жана балет театрына төрт толук метраждуу спектаклге каражат бөлөр эле. Учурда бир тыйын да берилбейт.

Акан Нуртазин Берик Алимбаевдей мыкты балет устаттарынан сабак алган шакирттер Кыргызстандан кетип, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөнүн кошумчалады.

Балетмейстер Берик Алимбаев менен коштошууга келген маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов балет өнөрүнө болгон мамлекеттин азыркы мамилеси тууралуу буларды айтты:

- Буга чейин балет өнөрү кыйын абалда болсо, жакындан бери жалпы эле опера жана балетке катуу көңүл бурула баштады. Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев театрга өзү келип, ар бири менен жолугуп, алардын маянасын жүз пайызга көбөйткөн. Жолугушууда Опера жана балет театрынын жыйырма артистине он миң сомдон стипендия берди. Андан сырткары театр имаратынын ички, тышкы ремонтуна 37 миллион сом бөлүп жатат. Президент айрыкча ушул театрга көңүл буруп, "жакшылап иштетели, болбосо дүйнөлүк маданияттан чыгып калабыз" деген ойду айткан.

Максүтов алдыда Берик Алимбаевдин 80 жылдык мааракесин өкмөттүк деңгээлде белгилөөгө камылга көрүлүп жатканын, маркум өзү ал күнгө жетпей калганы өкүнүчтүү болгонун кошумчалады.

Берик Алимбаев 20-июлда 79 жашында дүйнө салды. Ал 1936-жылы 30-декабрда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG