Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Анна Нетребко - дүйнө операсынын ханышасы


Музыка дүйнөсүндө мезгил-мезгили менен бүт дүйнө кулак төшөп, чыгармачылыгына, инсандык бейнесине ким да болсо кызыккан ырчылар, аткаруучулар, артисттер менен дирижерлор жаралып турат.

Бир кезде, тактап айтканда, 1950-60-жылдары легендарлуу опера ырчысы Мария Каллас деле музыкага кошкөңүл адамдардын да көңүлүн өзүнө буруп, телевидениеден, гезит беттеринен түшчү эмес экен.

Ошол эле сыяктуу тагдырды бир убакта америкалык киноактриса Мерилин Монро, атактуу дирижер Герберт фон Караян, жазуучу Эрнест Хемингуэй баштан кечиргени белгилүү.

Бүгүнкү күндө да маданият дүйнөсүндө ошондой ар дайым өзүнө тартып турган ишмерлер жок эмес. Ошолордун бири - түпкү теги Орусиядан, азыркы учурда Австрияда жашаган, эң эле кымбат жана театрлар биринен сала бири талашкан опера ырчысы Анна Нетребко десек туура болот го.

Орусиянын түштүгүндө, Краснодар шаарында туулуп, музыкалык билимди Санкт-Петербург консерваториясынан алган, таалим-тарбияны атактуу дирижер Валерий Гергиевден үйрөнгөн 45 жаштагы Анна Нетребко азыркы учурдагы эң эле атактуу опера жылдызы десек жаңылбас элек.

Бул ырчы америкалык Time журналынын жыл сайын чыгарылып турган рейтинги боюнча дүйнөдөгү эң эле беделдүү 100 инсандын бири деп саналды. Ал эми Forbse журналы жакында Аннаны дүйнөдөгү 10 эң эле атактуу жана абройлуу опера ырчыларынын бири деп тааныды.

Эми Орусиядан атактуу ырчылар менен маданият ишмерлери илгертен чыга келген, дагы да чыга берет болуш керек, бирок Анна Нетребкодой чыныгы супержылдыз наамына атактуу Федор Шаляпинден кийин эч ким жетпесе керек. Анын үстүнө азыркы заман интернет менен Ютубдун, Фейсбук менен спутник телевидениесинин заманы эмеспи. Ошондуктан эл кызыккан ысымдар кайда болсо да талаш, аларды ким да болсо реклама катары пайдалангысы келет.

Кубандык казак орустун кызы Анна Нетребконун фотосүрөттөрү бир канча жылдан бери эң эле атактуу деген журналдардын бетинен түшпөйт, анткени ал классикалык музыкага кызыккандардын чыныгы кумири, эл аралык масштабдагы супержылдыз.

Аннанын ысымы - рекламалык товар, чырайлуу дидары - Австриянын негизги авиакомпаниясынын мактанычы. Ал эми бир туруп Мария Калласты, бир туруп Ирина Архипова менен Елена Образцованы эске салган шыңгыр авазы, ырчылык чеберчилиги, табият берген нукура таланты - опера дүйнөсүндөгү чоң жаңылык. Ошол себептен Анна Нетребко - ырчы Нью-Йорктогу Метрополитан театрынан тартып, Европанын эң эле мактанган сахналарында, атап айтканда Венада, Парижде, Лондондо, Римде, Миланда чыдамсыздык менен күткөн конок. Анткени анын гастролго келиши - мааниси чоң маданий окуя катары кабыл алынат.

Учурда Анна Нетребко Австрияда, башкача айтканда, Моцарт менен Бетховендин мекенинде жашайт. Ошол эле мезгилде экинчи үйү Нью-Йоркто, Манхеттенде. Албетте, өзүн Орусиянын жаранымын деп эсептейт жана кээде Москва менен Санкт-Петербургда концерт берип турат. Баса, ага Путин өз колу менен Орусиянын Эл артисти деген ардактуу наамды, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты деген белгини Кремлде тапшырган жана аны менен бүт орус калкы чын ниеттен сыймыктана турганын айткан.

Нетребко - дүйнө операсынын ханышасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:29 0:00
Түз линк

Анна Нетребкого табият кереметтей таза үндү бергенин жогоруда айтып өттүк. Азыркы учурда Аннанын үнү абдан бышып, бардык кооздуктары менен уккан адамдын моокун кандырып турган кези. Анын ырчылык чеберчилигин сын көз менен баалаган “Опера ньюс” журналы мындай деп жазат:

“Нетребко сахнанын кайсы жеринде турбасын, дал ошол жер көрүүчүлөр көзүн албаган сахна борборуна айланат. Ал эми ар кандайынан кубулжуган, жогорку регистрде да, төмөнкү регистрде да эркин шыңгыраган Аннанын доошу - азыркы күндөгү чыныгы опера ханышасынын доошу”.

Анна Нетребко жана Юсиф Эйвазов
Анна Нетребко жана Юсиф Эйвазов

Нетребконун ырчы катары репертуары классикалык опералардагы башкы партиялардан тартып, романстарга чейин кетет, ал гана эмес, “Подмосковные вечера” сыяктуу ырларды да шаанисине жеткире ырдайт. Баса, бул ырды экинчи бир дүйнөлүк атак-даңкы бар орус ырчысы Дмитрий Хворостовский менен Кызыл аянтта 2014-жылы ырдаганда Орусиянын биринчи жетекчилери, атап айтканда Владимир Путин менен Дмитрий Медведев шатырата кол чаап отурганы али күнчө эсте.

Анна Нетребко азыркы күндө ар бир опералык ырчы кыялданган, жетсем деп эңсеген чыгармачыл чокулардын баарын багынтып бүттү сыяктанат. “Грэмми” сыйлыгы, миллиондоп чыгып аткан дисктер, эң эле маанилүү гала-концерттердин башкы каарманы болуу, алдыда келе жаткан бир нече жылга түзүлгөн миллиондук келишимдер…

Миландын Ла-Скала театры, Лондондогу Ковент Гарден, Париждеги Гранд Опера, Москвадагы Чоң театр Анна Нетребко ырдаган театрлардын чети гана. Аны менен чогуу ырдаганды чоң урмат катары кабыл алышкан опера жылдыздары Пласидо Доминго жана Эрвин Шротт, Андреа Бочелли жана Дмитрий Хворостовский, атактуу дирижерлор Даниэль Беренбойм, Рикардо Мутти, Валерий Гергиев бул ырчынын атагы менен ырчылык баркы канчалык жогору экендигин кабарлап турат.

Анна Нетребконун ырчылык карьерасы учурда өзүнүн туу чокусуна жетип турган кези. Ырчынын ар бир жолку сахнага чыгышы - 50 миң доллар деп эсептелет, ал эми жалпы кирешеси, ошол эле Forbse журналынын жазганына караганда, 4 миллион долларга жакын.

Ырчы азыр туура 45ке карады. Адегенде уругвайлык атактуу ырчы Эрвин Шротт менен никелешип, андан бир уул төрөгөн эле. Азыркы учурда экинчи жолу турмушка чыгып, өзүнөн алты жаш кичүү Азербайжан ырчысы Юсиф Эйвазов менен жашайт. Баса, Эрвин Шротт сыяктуу Юсиф Эйвазов да опера дүйнөсүндөгү эң эле белгилүү ысымдардын бири экенин белгилей кетели.

Кыскасы, орус операсы эле эмес, дүйнө операсынын чолпон жылдызы катары бир ооздон таанылган Анна Юрьевна Нетребко азыркы учурда улуттук гана эмес, нака дүйнөлүк примадонна, телеканалдар менен радио толкундардын сүйүктүү каарманы.

XS
SM
MD
LG