Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:39

Симонэ: Комуз үчүн Италиядан Бишкекке бардым


Симонэ
Симонэ

Симонэ Мор Италиянын Брешиа провинциясында жашайт. Билими боюнча музыкант. Дүйнө элдеринин бир канча аспабында ойнойт. Жети тилде эркин сүйлөгөн Симонэ 2015-жылы Кыргызстанга келип, комуз чертүүнү үйрөнгөн. “Азаттыкка” берген маегинде музыкалык ишмердүүлүгү жана Кыргызстанга болгон сапары тууралуу айтып берди.

“Азаттык”: Музыка дүйнөсүнө кандайча аралашып калдыңыз эле. Комуздан башка кайсы аспаптарда кол ойното аласыз?

Симонэ: Бала чагыман музыка дүйнөсүнө жакынмын. Үч жашымда пианиного отурсам, төрт жашымда флейта боюнча атайын мектепке баргам. Онго чыкканда гитара үйрөндүм. Ошондон бери ал менин сүйүктүү досума айланды. Эс тартканда музыкалык билимимди Италиядагы консерваторияда уланттым. Өзүм Түштүк Америкадагы өлкөлөрдүн музыкасына кызыгам. Атам да гитараны жактырат. Мага рок, жаз, блюз сыяктуу жанрларда ойноону өзү үйрөткөн.

Бир элдин музыкасын жакшы өздөштүрүү үчүн ошол улуттун кулк-мүнөзүн, маданиятын, тарыхын билүү керек дегенге ынандым. Түштүк Американын музыкалык аспаптарын үйрөнөм деп ал жактагы өлкөлөрдө үч жыл жашап, окуп келгем. Музыканын аркасынан көп жерди көрдүм. Атам экөөбүз Индия, Таиланд жана Араб өлкөлөрүн кыдырдык. Бир жылдан бери Италиядан чыга элекмин. Учурда Индиянын ситары боюнча дасыккан адистерден сабак алып жатам.

Симонэ атасы жана кыргызстандык устат менен.
Симонэ атасы жана кыргызстандык устат менен.

“Азаттык”: Кыргызда алма сабагынан алыс түшпөйт дешет. Атаңыз да музыкантпы?

Симонэ: Атам башка кесиптин ээси. Устачылык жайы бар. Бош убактысында ар кандай музыкалык аспапты жасоо менен алектенет. Биринчи жолу гитара чапкан экен. Ошондон кийин бул ишке кызыгып кеткен. Түштүк Америка, кийин Борбор Азия өлкөлөрүнүн музыкалык аспаптарын жасоого өттү. Арабдардын мудун жасагандан кийин Иран менен оогандардын музыкалык аспаптарына кызыгуусу арткан.

“Азаттык”: Сиз учурда кыргыз комузун да чертет экенсиз. Комузга кандайча көзүңүз түшүп калды эле? Же бирөө-жарым сунуштадыбы?

Симонэ: Атам көпчүлүк инструменттерди интернеттен эле көрүп жасап коет. Бир жолу уйгурлардын дудары менен равапы тууралуу видеону издеп жатып комузду көрүп калыптыр.

Ал кезде мен Испанияда окучумун. Мага комуздун видеосун салып, эч кимге белгисиз, бирок абдан кызыктуу аспап экенин айтты. Видеону көрүп мен да дароо жактырдым. Атам аз убакыт ичинде эле комузду интернеттин жардамы менен жасап берди. Анан мен дагы “эми мага комузда кол ойнотконду үйрөткөн киши таап бериңиз” деп тамаша-чыны аралаш айта баштадым.

Кийин комузду чындап үйрөнүү үчүн жол издедим. Кыргызстан тууралуу бир топ маалымат топтодум. Ошондой күндөрдүн биринде Миланда "Экспо - 2015” көргөзмөсү өтүп калды. Ал жерден кыргызстандык эже-сиңди Бурмачач менен Перизатка жолуктум. Көктөн издегеним жерден табылгандай болду.

Негизи атам экөөбүз дүйнө кезүүнү адат кылып алганбыз. Атам ишине, мен музыкага байланыштуу чет өлкөлөргө көп чыгам. Бирок Борбор Азиядан алгачкы жолу Кыргызстанга бардык. Бишкектен бизди белгилүү комузчу Дилшат Кангелдиева, анын жолдошу Саадат жана Бурмачачтын сиңдиси тосуп алды. Дилшат Кангелдиева мага он күн бою комуз чертүүнү үйрөтүп, кыргыз маданияты менен тааныштырды.

Симонэ комуз чертип жатат.
Симонэ комуз чертип жатат.

“Азаттык”: Кыргызстанга болгон сапарыңыз эсте калдыбы?

Симонэ: Сапарыбыз жалаң жакшы каалоо-тилек, жагымдуу ирмемдер, саякат менен коштолду. Дилшат Кангелдиева менен Бишкектин эң кооз жерлерине бардык. Ысык-Көлгө саякатыбыз эстен кеткис болду. Ал жактагы комуз жасаган устага атамдын ишин көрсөттүк. Ал биздин комузга оң баасын берди.

Атам Италияга кайтып келгенде да эки комуз жасады. Бирин “Пабло” деп атадык, андан кийин уулдуу болдум, ага да Пабло деген атты ыйгардык.

“Азаттык”: Кыргыздар менен италия элинин ортосундагы кандай маданий өзгөчөлүктөрдү байкадыңыз?

Симонэ: Италияда Кыргызстан тууралуу билишпейт деле. Уккандар Иран же Ооганстандагы шаарлардын бири деп ойлошот.

Келгенде эле байкаганым кыргыздардын кулк-мүнөзү бизге окшошуп кетет экен. Мисалы, Канадада же Арабияда тамашалап сөз айтсаң, анча түшүнүшпөйт. Ал эми кыргызстандыктар бизге окшоп тамашакөй, ачык-айрым келет. Ысык-Көлдө жүргөндө комуз чертсек эл чогулуп, угуп жатышты. Чүнчүп, жатыркаган жокмун. Атүгүл Симонбек деген жаңы ысымдуу да болдум.

Италиялыктар да кыргыздар сыяктуу камырга жакынбыз, боорсокко окшош нандарды жасайбыз дегендей...

Симонэ: Гитараны жакшы көрөм
Симонэ: Гитараны жакшы көрөм

“Азаттык”: Комуз черткенди үйрөнүпсүз, эми дагы кандай планыңыз бар?

Симонэ: Жакында эле өзүм туулуп-өскөн Брешиа шаарында “Фламенконун дүйнө менен байланышы” деген тематикада кече өткөрдүм. Бул кечеде “Солтон сары” күүсүнүн чертилиши көпчүлүк үчүн ачылыш болду. Эми дагы ушул сыяктуу музыка кечелерин өткөрсөмбү деген оюм бар.

Келечекте дүйнө жүзүндөгү бардык аспаптарды анын ичинен Борбор Азия элдериникин изилдеп, үйрөтө турган бир окуу жай ачсам деп кыялданам. Жаштын тилегин берет эмеспи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG