Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:04

Жүрөккө от койгон ырчы айымдар (1-бөлүк)


Билли Холидей
Билли Холидей

Бул изилдөөгө 2002-жылы Stylist музыкалык интернет басылмага чыккан макала негиз болду. Америкалык музыка таануучу Марк Хамфри ал макалада кыргыз ырчысы Саламат Садыкованы дүйнөдө белгилүү ырчы айымдар менен бир катарга коёт.

Музыка таануучу Марк Хамфри Stylist басылмасындагы макаласында: "Үндү жазуу мүмкүн болгон доордун улуу аял-вокалисттери: Билли Холидей, Сэнди Денни, Арета Франклин жана Эдит Пиафтын катарына дагы бир ысымды - Саламат Садыкованы кошуңуздар, - деп жазат. - Ал жөнүндө такыр уккан эмессизби? Сиз жалгыз эмессиз. Мурдагы советтик Борбор Азиянын эң алыскы жана баарынан обочодогу республикасы - Кыргызстандагы бул ысымды ажыратып таануу кимге да болсо жеңил эмес. Бирок... Саламат Садыкова жөнөкөй музыканы кандайдыр бир сыйкырлуу нерсеге айланткан сейрек сүрөткер".

Музыка изилдөөчү Марк Хамфри атаган ысымдардын ичинен орто жана улуу муундагы кыргызстандык музыка ышкыбоздоруна француз ырчысы Эдит Пиаф гана белгилүү.

Ошон үчүн калган үч ырчы жана Португалиянын үнү аталган Амалия Родригеш жөнүндө учкай маалымат бере кеткенибиз жөндүү.

Үнү сыйкырдуу Билли Холидей

Америкалык Билли Холидей жаз (jazz) музыкасындагы ырдоо өнөрүнө же вокалга өзүнүн оригиналдуу ырдоо стили менен олуттуу таасир эткен ырчы. Ал 1915-жылы Балтимор шаарында туулуп, 1959-жылы 44 жашында кайтыш болгон.

Билли Холидей музыкалык сабаты жок болгону менен ырдап жатканда үнүн каалагандай кубулжуткан.

"Сени каалаган мен акмакмын" деген бул ырды Билли Холидей атактуу Фрэнк Синатра, Жек Волф жана Жоэл Херрон менен чогуу жазган.

Билли Холидей береги ырды аткарган кезде уккан адамды маңзаттай нес кылып, жыландай арбаган үнү табынан тайып, баңгичиликке кыныгып калган организми өлүмгө камданып калган кезең болчу.

Бирок да аракты суу ордуна ичип калган ырчынын үнүнө азгырылган аранжировщик, дирижер, продюсер Рэй Эллис 1958-жылы Билли Холлинин ”Атлас көйнөкчөн аял” деген пластинкасын жазат.

Ошондо Рэй Эллис үнүн аздектебей кар кылган ырчы тууралуу мындайча баасын айтат:

“Мен Билл Холидейдин үнүн укканда таң калдым. Мен анын үнүн сүйүп калдым жана көз алдыма эң жаман, сезимтал, кумары канбаган, балакет нерсе тартылды... бул, балким, мен өмүрүмдө уккан эң сыйкырдуу үндүр...”

Үркөр жылдыздай залкар ырчы айымдар (1-бөлүк)
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:04 0:00

Билл Холидей өмүрүн өзү башкарбай, талантын бапестеп бакпай өткөнү бир баа.

Ал эми атактуу Фрэнк Синатра 1958-жылы “Билл Холидей мага эң катуу таасир эткен музыкант жана ошо бойдон кала берет. Ал Американын акыркы жыйырма жылдагы популярдуу ырчыларына эң көп таасир эткен ырчы”, - деп айтканы экинчи жана түбөлүктүү баа.

Элдик ырларды жаңыча кубулткан Сэнди Денни

Биздин экинчи каарманыбыз - британиялык ырчы жана гитарачы Сэнди Денни.

Бул өмүрү кайгылуу аяктаган ырчы болгону 31 жыл жашаган. 1947-жылы 6-январда туулуп, 1978-жылы 21-апрелде Лондондо ооруканада көз жумган. Өмүрүнүн акыркы жылдары аракка алданган таланттуу ырчынын өлүмүнө тепкичтен жыгылуусу себеп болот. Андан мурда Сэндини күйөөсү таштап, кызын өзү менен ала кеткен эле.

Дүйнөдөгү эң эски британиялык музыкалык журнал - Melody Maker 1971-72-жылдары эки мертебе Сэнди Деннини Улуу Британиянын эң мыкты аял ырчысы деп тааныйт.

Ырчы айым 1969-жылы Fairport Convention тобу менен биргеликте жазган эки альбом англистердин фольк-рок музыкасынын алтын классикасы деп аталат. Себеби топ бул эки альбомдо америкалык фольк-рокту туурабастан, англиялык элдик ырларды жаңыча интерпретация кылып аткарат.

Бул альбомдогу “Убакыт кайда акканын ким билет” (Who Knows Where the Time Goes) деген ыр 2002-жылы атактуу Жон Малкович тарткан The Dancer Upstairs ("Жогорку кабаттагы бийчи") деген фильмде, 1999-жылы экранга чыккан A Walk on the Moon ("Ай кыртышында сейилдөө") деген фильмде жана ирланддардын 2012-жылы чыккан Silence ("Жымжырт") деген көркөм фильминде аткарылат.

Би-Би-Синин Radio 2 каналынын угармандары бул ырды 2007-жылы бардык доорлордун эң мыкты фольк-композициясы деп аташкан. Ырчы үчүн мындан артык баа барбы???

Былтыр 2016-жылы Сэнди Деннинин ысымы Би-Би-Синин Radio 2 каналынын “Даңк залында” алтын тамга менен жазылды. Бул сүйлөмдү жазып жатып, ыр элдин жүрөгүнө конуп, жашоого дем берип турса, аны жазган адамдын ысмы өлбөйт деген ой мени бийлеп жатты.

Улуу Арета Франклин

АКШлык Арета Франклин 1987-жылы рок-н-ролл музыкасынын Кливленд шаарындагы музейиндеги “Даңк залына” ысымы жазылган биринчи өнөрпоз айым. Бул тизмеге музыка индустриясына олуттуу таасир эткен өнөрпоздун ысмы биринчи диски же табагы чыккандан 25 жылдан кийин киргизилет.

Музыка жана поп-маданиятка арналган АКШдагы популярдуу журнал Rolling Stone Арета Франклинди эки жолу тарыхтагы улуу 100 ырчынын тизмесине кошкон. Ал 2008-жылы береги тизменин башында турса, 2013-жылы тизмеде 9-орунду ээлеген.

75 жаштагы африкалык тектүү америкалык ырчынын "Мени сиз өзүмдү кадимки аялдай сезүүгө аргасыз кылдыңыз" (You Make Me Feel Like A Natural Woman) деген ырына назар салалы:

Арета Франклин сиздер уккан бул ырды эки жыл мурда 29-декабрда Вашингтондогу Кеннеди атындагы театрдагы жылда бир болчу чоң салтанатта аткарды.

Кайталангыс үндүү Арета Франклин Американын музыка академиясынын Грэмми сыйылыгын 18 жолу жеңген. Ал дүйнөдө ырлары эң мыкты сатылган ырчылардын бири: анын 75 миллион нускадагы жеке альбому сатылган.

Фадунун падышасы

Дагы бир ысымды эсиңиздерге тутуп алыңыздар: Ама́лия Родригеш. Португалиялык бул ырчы 1999-жылы 79 жашында дүйнө салган.

Амалияны жердештери “Португалиянын үнү” жана “фадунун падышасыдеп атаган. "Фаду" - португалдардын популярдуу музыкалык жанры. Анын мазмуну көбүнесе меланхолиялык темада болуп, ыр мандолина же гитара менен коштолот.

Амалия Родигештин “Кызганыч” деген ыры:

Амалия Родригеш өткөн кылымдын 50-60-жылдары Францияда да көп концерт берген. Анын ичинде Париждеги атактуу Олимпия концерттик залында музыка сүйүүчүлөргө 10 сезон концерт тартуулайт. Бүгүн ырчынын бир топ ырлары Fado do Ciúme, Ai Mouraria, Que Deus Me Perdoe жана Não Sei Porque Te Foste Embora - фаду жанрынын классикасы деп аталат.

Амалия Родригеш 1999-жылы Португалиянын демократиялык тарыхындагы 25 эң маанилүү инсандардын бири деп табылат. Улут сыймыгы саналган ырчынын сөөгүнүн күлү Португалиянын даркан уул-кыздары гана көмүлчү улуттук пантеонго - атайын көрүстөнгө коюлган.

Сиздер өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу учкай маалымат алган Билли Холидей, Сэнди Денни, Арета Франклиндин ысымдары АКШ менен Британиянын музыкалык тарыхына мөөрдөй басылган.

Бул сөз Франциянын улуу ырчысы Эдит Пиафка жана португалиялык Амалия Родригешке да тиешелүү.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG