Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Тажикстан: той өткөргөндөргө жаза катаалдады


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстанда аш-тойду чектөө мурдагыдан да күчөдү. Айрым аймактарда жергиликтүү бийлик ар кандай салтанат өтүп жаткан үйлөрдү түрө кыдырып, ысырапкорчулук кылды дегендердин тамак-ашын алып кеткен учурлар катталып жатат.

Тажикстанда мындан туура он жыл мурун кабыл алынган "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзамга ушул жайында президент Эмомали Рахмондун тапшырмасы менен дагы кошумча-алымча кирген. Анда аш-тойду өткөрүүгө кошумча чектөөлөр кошулган.

Тажикстандын Хатлон облусунун Куляб шаарындагы Дахана аймагынын тургуну Зайдулло Худояров өткөн айдын этегинде улуу кызын күйөөгө берди. Аны үйдөн дүр-дүйүм салынган себеттер менен узатканы жатканда жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн турган топ келип, себеттерди алып кеткен. Ошол рейдге катышкан аткаминерлердин бири Холмурод Иброхимов кызын күйөөгө узатып жаткан Худояров мыйзамды бузду деп эсептейт:

Тажикстан: той азайса экономика оңолот

Тажикстан: той азайса экономика оңолот

Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам ишке кирген он жылдан бери өлкө тургундары 18 млрд сомони үнөмдөшкөнүн айтып чыкты

- Кыз узатып жаткан үйдө биз тамак-аш салынган көп себет турганын байкап калдык. Тактап айтканда, нандын, таттуунун түрү салынган алты себет бар экен. Биз муну административдик мыйзам бузуу деп баалап, протокол түздүк. Тамак-аш салынган себеттерди Куляб шаарындагы психиатриялык ооруканага жеткирип бердик. Бул тамак-аштын баасы ошол кыздын атасы тапкан кирешеден алда канча көп, ысырапкорчулук.

Жети баланын атасы, 44 жаштагы Зайдулла Худояровдун туруктуу жумушу жок, күнүмдүк жумуштарда иштеп, тапкан-ташыганы менен үй-бүлөсүн багат. Ал күйөөгө кетип бараткан кызды үйдөн себет менен узатуу ата-бабадан калган салт экенин айтууда:

- Биздин ата-бабаларыбыз муну мурдатан бери жасап эле келген. Кызды күйөө баланын үйүнө тамак-аш салынган себет менен жөнөткөн. Биз кызыбызды турмушка узатып жатканда мыйзамда көрсөтүлгөндөн көп себет даярдап коюптурбуз. Себетибизди психикалык жактан ооругандарга алып барабыз дегенде макул эле болдук. Себетке кошуп дагы тамак-аш салып бердик.

Эмнеси болсо да, Худояров себеттерди эле берип, жазадан жеңил кутулганына ыраазы. Эгер айып пул төлөсө мындан да чоң чыгымга учурамак. Азыркы мыйзам боюнча, аш-тойдо ысырапкорчулук кылгандар 4 миң доллардай айып пул төлөйт, эгер муну дагы кайталаса, айып пул өлчөмү 5,7 миң долларга чейин жетет.

Тажикстанда "Каада-салтты, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндө" мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Анда той-топурга канча конок чакырылышы керек, канча жана кандай тамак берилиши шарт деген жоболор көрсөтүлгөн.

Мисалы, мыйзам боюнча үйлөнүү тойго чакырылгандар саны 150 адамды түзүп, тойдун убактысы үч сааттан ашык созулбоого тийиш. Туулган күн, маараке чакан үй-бүлөлүк топ арасында гана белгиленет. Сүннөт тойго 60 гана конок чакырса болот. Тажик коомундагы кызга сөйкө салуу, үйлөнүү тоюна кам көрүү үчүн чогулуу, колуктунун кийимин көрүү өңдүү жөрөлгөлөргө таптакыр тыюу салынган.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Быйыл жайында бул мыйзамдын он жылдыгына арналган чоң жыйында тажик президент Эмомали Рахмон дагы кошумча-алымча киргизүү зарылдыгы келип чыкканын айткан. Көп өтпөй мыйзам дагы бир катар чектөөлөр менен толукталган.

Маселен, ымыркайды бешикке салуу, кыркын чыгаруу жана биринчи чачын алуу өңдүү жөрөлгөлөр үйдө, жакын туугандардан турган чакан топ арасында, мал союлбай өткөрүлүшү керектиги көрсөтүлгөн. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин жети күндүгүн өткөрүүгө таптакыр тыюу салынган. Бул ырым-жырымга ылайык, буга чейин үйдүн атасы эгер кыздуу болсо бир, ал эми уулдуу болсо эки кой союп конок тосуп келген.

Ошондой эле мындан ары сүннөт тойду үй-бүлөлүк чакан топ ырчы-чоорчулардын коштоосу жок өткөрүп, сүннөткө отургузуу уул төрөлгөндөн кийин 20 күндөн кийин медициналык жайларда бекер жасалышы керек.

Андан сырткары каза болгон адамдын жетилиги, кыркылыгы жана ашында бодо мал союлбайт, ошондой эле көз көрсөтүп батага келгендерге тамак берилбейт. Ажылык зыяратка барып келгендерге "ажы" деп кайрылууга болбойт.

Эң башкысы, каада-салтты, үрп-адатты жана той-топурду жөнгө салуу мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөгөн аткаминерлердин да жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Ишине шалаакы мамиле кылды дегендерге буга чейин 25-26 миң сомони айып пул салынса, эми мындан ары 35 миң сомони айып пул төлөшөт. Ошондой эле ашыкча ысырапкорчулук менен той-топур өткөргөнгө аралашкан ишкерлер, диний кызматкерлер, молдолор да 35 миң сомонисинен айрылат.

Президент Эмомали Рахмон той-топур тартипке салынгандан бери 18 миллиард сомони, тактап айтканда, 2 миллиард доллар үнөмдөлгөнүн билдирген.

Деген менен тажик коомчулугунда бул мыйзам боюнча пикир бир кылка эмес, аны колдогондор да бар, запкы көргөндөр да четтен чыгат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG