Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:22

Журналист Султан Жумагулов бул ирет кыргыздын жана Кыргызстанды мекендеген башка элдердин сөөк коюу жөрөлгөсү, чыгымдары жана түйшүктөрү тууралуу баянын сунат. “Бир кыргыздын өлүмүн бүт улуттун проблемасына айлантып жаткан жокпузбу?” деп кабыргадан суроо салат автор.

Кыргыз болуу кыйынчылыгы

Санаалаш инилердин бири жакында эле башынан өткөргөнүн жазып жибериптир. “Жалгыз иштейм, келинчегим балдар менен үйдө. Кайненем айылдан катуу ооруп келип, ары-бери ташып дарылаттык. Турмушу орто кайнилерим болуп акча чыгардык. Бирок, кайненем 6-7 ай бою оорудан оңоло албай, кете берди, биздин да пул куруду. Ыйлап-сыктап айылга алып келдик. Анан баары башталды. Сөөк жууган аялга пальто, күмүш шакек (аны чылапчынга илип коюшат экен), 3 метрлик кездеме, маасы көлөчү менен, сөөктү кармашкан аялдарга да маасы көлөч, кездеме берилди. Бир кара мал (50 миң сомдой болду), 2 кой союлду, 50 килдей аш демделди (Өзгөндүн 105 сомдук жайдары күрүчү, ак майы 1000 сомдой). Дасторконго кеткен чыгымды санаган жан жок. 25 сомдук нандан 400дү алсак, ал жетпей калып, дагы 100дү сатып келдик. Жаназа окуган молдого атап жайнамаздын кымбатынан, 1500 сомдук чепкен жабылды, тигиге-буга деп толтура көйнөк алынды. Баса де, жакшы аял эле деп кездеме сатып келип, четинен кыркып, жыртыш таратылды. Кудагыйлар, аяштар апкелген көк жоолуктарды бириникин бирине алмаштырып берип жатышты. Жакындарынын көк кийдисине деп калың көк көйнөк, жашыл жоолук тартуулашты. Кыскасы, сөөк коюлган 2 күндө жалгыз менден эле 100 миӊдей сом кетти, аны ар кимден карыздап алдым. Жоролордон, аяштардан түшкөн кошумча анын жарымын гана жапты. Эсти жыйганча кырк ашы келип калды. Кыркы тойдой эле болду. Себет жасалып, мал союлуп, келген аялдарга калп айтпасам 150-200дөй кытайдын көк чынысы, ага кошуп бирден кол аарчы чачык таркатылды. Келинчегим түтпөй кетип, арыдан-бери болбойлубу деди эле аке-эжелери “эл эмне дейт?” деп, жаагын басышты. Мына азыр мен балдарымды багыштын ордуна карызды жапканга иштеп жүрөм. Арга кетип, 150 миӊ сом кредит алганга туура келди. Жакында жылдыгы болот, ал дагы өзүнчө түйшүк, чоң чыгым...”.

Мындай окуя анча-мынча оош-кыйышы эле болбосо Кыргызстандын бардык жерине бирдей көрүнүш. Бир жерде чүпүрөккө көп кетсе, бир жерде көп мал союлат. Казакстанда иштеген бир таанышым кайнатасынын ашына келип, кайындарына кошумчага, кийитке (көӊүл айтмай, ээк бүтөмөй ж.б.у.с.) бир-эки жылда тапкан акчасынын баарын салып берип, жер алам деген максаты таш каап, кайра жылаңач бойдон Казакстанга аттанган эле...

Баарыбыз эле жамандыктан калбайлы деп, топурак салганы, куран окуганы көп жерге барабыз. Эмесе, акылга сыйбай турган айрым гана көрүнүштөргө токтоло кетейин. Бир айылда улгайган аял маркумга арналып келген тоодой үйүлгөн килемдерди басып жатат, утур-утур көзү илинип кеткенине кайыл ордунан жылбай кайтарганы кайтарган. Ар бир килемде алып келген ээсинин аты жазылуу, эртеси бири-бирине алмаштырып таратып беришти. Дагы бир жерде жыты жакын эркек атпайларга бел боо деген көк чүпүрөк таратылды. Баасы 70 сомдон 700 сомго чейин дешти. Мурда Өзбекстандан жасалып келчү экен, азыр Кытайдан арзандап келип жатыптыр.

Кыргызда сөөк чыккан үйгө өлүм менен кошо тозок келерин мен биринчи айтып жатпасам керек. Келин-кесек боорсок жасап, тынымсыз чай куюп, тасмалды кайра-кайра жаңыртып, ал ортодо балчайта басып киргендердин калдыгын шыпырып, алды чарчагандан же уйкусурап чалыштап жүрөт. Эркектер отун жарып, мал союп, эт бышырып, аш басып, келген-кеткенди киргизип-чыгарып, кудаларды тосуп, аларды ар жерге жаткырып, өзүнчө убара. Чыт курсак балдарга да түйшүк жетет, алар эки-үч күн окуудан калат, суу ташыйт, самоор же титан кайнатат, колго суу куят, кыскасы, аягы жок майда иштерден бели бекчейип алар жүрүшөт...

Сөөк жаткан үйгө топурап келе беришет, келе беришет, чай ичишет, аш же беш бармак жешет, пакеттерге боорсогу менен токочун, момпосуюн, устукандарын, башкаларын ороп кетип жатышат. Жылдык ашына кудалар бирден кой союп келет, кайра ошончо этти жеп жана кешикке деп пакетке шыкап кетишет.

Айылдан жакыныбыз өтсө, куда-сөөктүн, дос-жоролордун баары ишин таштап, машина менен чубап жөнөшөт. Кайра шаарга келгенде катышына жараша кафеге же ресторанга 200-500 киши чакырып, куран окутмай. Канча иш күн, канча бензин, канча бөөдө чыгым? Бир кыргыздын өлүмү бүт улуттук иш-чарага айланып жаткан жокпу?

Бишкектеги фирмалардын бири “жумушка чакырабыз, европа тектүү адамдар гана кайрылгыла” деп жарыя берди. Мен намыстанып, бу силер эмне элди бөлүп жатасыңар деп чалдым. Орустар да кыргыздан бетер копол, бетке чапма келишет эмеспи, “кыргыздар өтө тууганчылсыңар, ырым-жырымыӊар эч качан бүтпөйт, баланчам өлдү, түкүнчөмдүн ашы деп сурана эле бересиӊер” деп телефонду тарс коюп салды... Туура сөзгө эмне дейсиң?

Эми биз менен жанаша жашап жаткан башка этностогу мекендештерибиз сөөктү кандай коёт – ошону көрөлү. Албетте, бир аз оош-кыйыш болушу мүмкүн, бирок андан чындык бузулбайт деле.

Мисалы, өзбек туугандарда сөөк кандай коюларын журналист кесиптешим аркылуу тактап туруп жаздым.

Өзбектерде ким бирөө өткөндө керектүү даректерге дароо кабар айтылып, тажия (жаназа) убактысы белгиленет. Тажияга өкүрүп-кыйкырбастан, башты жерге салып келишет. Келгендерге дасторкон жайылбайт, алдына эт-аш, казы-карта коюшпайт. Сөөк чыккан үйдө үч күн бою казан асылбайт, тамак жасалбайт. Үй ээлерине, аза күткөндөргө туугандары же кошуналары тамак апкелип турушат.

Эгер маркум түшкө чейин өтсө, сөөктү кийинки күнгө калтырбай жайга беришет. Бейшембиге чейин күн сайын таң заардан батага келе беришет. Түштөн кийин келишпейт. Анткени аза күткөндөрдүн да тирилиги бар. Биринчи бейшембиде бир кой союлат же керек өлчөмдө эт сатып алынып, аш демделет. Келген мартабалуу аксакалдарга жартыдан жилик тартылып, калган меймандарга жөн гана эт тууралган аш берилет. Андан кийинки бейшемби күндөрү эртең менен туугандары гана келип, бата кылып кетишет. Дүр-дүйүм тамак болбойт.

Ошону менен жылына эки жолу айт күндөрү гана бата кылынат. Анда же кой союлат же зарыл өлчөмдө эт алынат, азыраак аш демделет. Жылдыгында бир кой союлуп, тууган-урук гана келет. Кыргыздыкындай сүрмө топ бастырып кирбейт, аза күткөн адамга сарпай (кийит) кийгизүү, кара мал союп, килейген жилик тартуу, казан-казан аш демдеп, бүт элдин курсагын тойгузуу жок.

Эми дунган жердештердикин көрөлү. Ал тууралу чогуу окуган дунган окумуштуу кыскача жазып берди.

Дунгандарда сөөк коюу жөрөлгөсү өтө жупуну, болушунча чыгымсыз уюштурулат. Ызы-чуу болбойт, маркумду көп кармабай жерге беришет. Анан сөөк чыккан үйгө келип, куран окуган соӊ тарап кетишет. Бул күнү сөөк чыккан үйдө тамак жасалбайт. Отуруп алып эт же аш жемей, пакеттерге кешик чогултмай жок. Алыстан келген туугандарга адатта коӊшулар тамак берип жөнөтүшөт. Андан кийинки жетилик, айлык, кыркылык жана жылдык тажияларга негизинен туугандары келишет да, бирин-экин салат жасалат жана келгендерге чактап палоо басылат. Устукан, кийит-сарпай дегендер болбойт.

Сөөк коюу жөрөлгөсүндө ким кандай түйшүк, канча чыгым тартарын өзүӊүздөр көрдүӊүздөр. Ушундан кийин Кыргызстанда кыргыздар эң кедей жашайт, башкалар бай, эпчил деп кыйкырышыбыз канчалык орундуу?

Атадан калган салт, жөрөлгө экен деген - куру шылтоо. Салт, үрп-адат, ырым-жырым деген догма эмес, тарыхый, экономикалык, башка шарттарга жараша өзгөрүп, кээси жарактан чыгып турат. Мисалы, көчмөн кыргыздар 6-7-кылымдарга чейин адам өлгөндөн кийин сөөгүнөн этин бөлүп алып, “кылыч менен кырдыртып, кымыз менен жуудуртуп” (“Манастан”) тазалап, табытка салчу экен. Этинен ажыраган сөөктү өрттөп жиберип, күлүн гана алып калганы тууралу кытай жазма булактарында жазылган.

Сөөк демекчи, дагы бир көрүнүшкө токтолбой кете албайм. "Ала-Арча" көрүстөнүндө иштеген бир тааныш жакында ал жактан чыгып кетти. Анткени бул мартабалуулар коюлчу көрүстөнгө жакынын көмөм дегендер, ал турсун өзү да ошол жерге коюлсам дегенде эки көзү төрт болуп, керээз калтыргандар азыркы акча бийлеген заманда толтура дейт. Кийинки кезде жер сайган сайын адамдын сөөктөрү чыга берип, жүрөгү чыдабай калганда баса бериптир...

Баса, "Ала-Арча" көрүстөнүнөн эмне гана мүрзөлөрдү, күмбөздөрдү көрбөйсүз! Биринен бири өткөн архитектуранын шедеври четтен чыгат. Чет элдик кесиптешим кыргыз айылдардагы көрүстөндөрдү көрүп, анан "Ала-Арчага" кирип чыккандан кийин “эмне, кыргызда тирүүлөргө сапаттуу үй салбай, өлгөндөргө мармар күмбөз салуу улуттук өзгөчөлүкпү?” деп какшык аралаш сураса, жерге кирип кете жаздаган элем...

Азыр Бишкекте жана борборго жакын жерде, Ошто өлгөн адамга жер тартыштыгы күч. Ошондуктан, көр сатуу кадыресе бизнеске айланды. Шаарга жакалаш айылдарда бир жарым-эки кадам жердин баасы 20 миңден 150 миңге чыкты! Ал бизнесте айыл өкмөттөрүндөгүлөр, “каралар” отурганынан, көр коррупциясы боюнча соттук териштирүүлөрдөн үрөйүбүз деле учпай калды. Буга байланыштуу эл акыны Шайлообектин ташка тамга баскандай саптарын эске сала кетейин:

Көндүк го көз жаш акканга,

Көкөйдү кескен дарттарга.

Көналбай койдум мен бирок,

Көмгүн деп көрдү сатканга.

Өкүмүң келсе ободон,

Өмүрдү ажал торогон.

Өлчөөсү тайкы калк белек,

Өлүктөн акча тоногон?

Эш тутаар салт-нарк ою бар,

Эгеге жетер колу бар.

Эл эмес белек түгөнгүр,

Эки миң жылдык жолу бар.

Көк тулаң түздө зоо болбойт,

Көккө учкан жанда доо болбойт.

Көр сатпа кыргыз, суранам,

Көр саткан өлкө соо болбойт!

Азыр Бишкектен сөөктү тоо төштөгү көрүстөнгө жеткирүү өзүнчө азап. Жүздөгөн машиналар чубап, алды топурак салып бүткөндө арты жаңы жетип жаткан болот. Кыязы, дагы ончакты жылдан кийин Бишкектин тегерегинде көр көйгөйү шаар ичиндеги машиналардын тыгынындай эле чечилгис абалга келчүдөй. Арга түгөнгөндө бабалардын сөөктү өрттөп, күлүн алып калуу жөрөлгөсүнө кайтат окшойбуз.

Азиянын көп өлкөлөрүндө жер тартыштыгына, диний көз карашка же санитардык-гигиеналык талаптарга жараша сөөктөрдү өрттөп же сууга салып жиберишет. Европада да өрттөп, күлүн сактагандары бар, ал эми көрүстөнгө маркумду көмгөнгө чакталуу гана кишилер киргизилет. Жалпы улутка эмгеги сиӊген инсандар өтүп кеткенде гана мамлекеттик деңгээлде мамиле жасалып, тажияга каалаган адамдын баары катыша алат. Анын үстүнө сөөктөн уулуу заттар бөлүнүп чыккандыктан, тирүүлөрдүн жашоосуна жана жер кыртышына зыяны тийбесин деген да ой өкүм сүрөт.

Дүйнө тынымсыз өзгөрүп жатат. Жер, суу, башка жер байлыктары үчүн атаандаштык, согуштар басылчудай көрүнбөйт. Ошого жараша көп өлкөлөр, улуттар жашоо образын, салт-санаасын кайра карап, сарамжал, жупуну жашоого бурулууда. Мындай шартта кыргыздар эскирип жарактан чыккан, түйшүктүү жана опсуз чыгымдуу ырым-жырымдарынын, үрп-адаттары менен салттарынын басырындысында калбасак болду эле.

Султан Жумагулов, журналист

PS: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.​ ​
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG