Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:43

Тажикстан: той азайса экономика оңолот


Тажиктердин үйлөнүү үлпөтүнөн бир көрүнүш.
Тажиктердин үйлөнүү үлпөтүнөн бир көрүнүш.

Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам ишке кирген он жылдан бери өлкө тургундары 18 млрд сомони үнөмдөшкөнүн айтып чыкты. 2 млрд долларга барабар бул сумма жакырлардын санын азайтты деп ырастайт бийлик. Бирок элде пикир ар башка.

Аш-тойлордон үнөмдөлгөн 18 млрд сомони акча каражаты тууралуу маалымат “Тойлорду, мааракелерди жана каада-салттарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамдын 10 жылдыгын белгилөө салтанаты маалында кабарланды.

Жаңы келин үйгө кирүүдө. Хорог, Тажикстан. 2016.
Жаңы келин үйгө кирүүдө. Хорог, Тажикстан. 2016.

Тажикстандын Конституциялык сотунун төрагасы Махкам Махмудзода муну так ушул мыйзам актысынын пайдасы деди:

- 2007-жылы өлкө калкынын 70 пайызы жакыр болчу. Тойлорду көзөмөлдөө боюнча мыйзам ишке кирген так ошол 10 жылдан бери бул сан 30 пайызга азайды. Башкача айтканда, тажик эли 18 млрд сомони, же 2 млрд доллар акча үнөмдөдү. Бул - биз үчүн чоң жетишкендик.

Махкам Махмудзоданын айтымында, “Тойлорду, мааракелерди жана каада-салттарды жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам дүйнөдөгү 100 уникалдуу мыйзамдын катарына кирген. Конституциялык соттун башчысы белгилегендей, бул жагынан тажиктерди коңшу өлкөлөр – Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстан да туураган экен. Ушуга окшош эле мыйзамды Ооганстандын бийликтери да кабыл алууга даярдап жатыптыр.

Маалым болгондой, 2007-жылы кабыл алынган той-аштарды жөнгө салуу мыйзамы мааракелерге чакырылган коноктор менен анда жасалган тамактарга чектөө коёт. Маселен, үлпөт-тойго келгендер 150 кишиден ашпашы керек, ал эми жалпы салтанат үч сааттан узак болбошу кажет. Туулган күн жана 50-60 жаш мааракелер үй-бүлөнүн ичинде гана белгилениши шарт.

Тажикстандык өзбек аялдар үйлөнүү тоюнда бийлеп жатышат.
Тажикстандык өзбек аялдар үйлөнүү тоюнда бийлеп жатышат.

Бирок тажик коомунда бул мыйзамдын реалдуу иштеп жатышы тууралуу ар кандай пикирлер бар. Көпчүлүк жашоочулар мыйзамды колдоого алганы менен, кээ бирлери той-мааракелерди өткөрүү ар бир адамдын жеке иши экенин, ага бийлик кийлигишпөөсү керек эле дешет.

Буга улай айрымдар мыйзам аткаминерлерге жана байларга карата иштебей жатканын сынга алышат. Атын атагысы келбеген Тажикстандын жараны буларды айтууда:​

- Бир тажик аткаминери Кожент-Канибадам бөлүмүндө миңден ашык адам сайрандаган “Тойкана” ачкан. Ресторан Кыргызстандын аймагында жайгашкандыктан, той өткөрүп жаткандар чоң айыппулдардан чочулашпайт. Ал эми андан да тыңыраак жашаган тажиктер балдарынын үлпөт-салтанаттарын Түркияда же Бириккен Араб Эмираттарында өткөрүп жатышат. Бул мыйзам карапайым адамдарга ченеп-бычып эле жазылгандай.

Бирок ошол мезгилде мыйзамдын шарапаты тууралуу жакшы ойдогулар да арбын. Башка бир тургун - Мизроб Амирбеков “Азаттыктын” тажик кызматына мындай пикирин билдирген:

- Тойлорду көзөмөлдөгөн мыйзам түзүк эле пайда берди. Байкашымча, ар кандай иш-чараларга кеткен чыгымдар кескин кыскарды. Мурда кишилер карыз, насыя алып, тойлорун, тажияларын өткөрүшчү. Кийин анысын төлөй албай калып, көп жылдап азап чеккендер бар болчу. Азыр андайлар дээрлик жокко эсе. Ушул тапта деле ашыкча адам чакырып, жамаат башчылардын көзүн жазгырып, чоң той өткөргөндөр деле бар дечи. Бирок алар бара-бара кыскарат деп ойлойм.

Мыйзам ишке киргенден бери анын талаптарын аткарбай, чоң көлөмдөгү айыппул төлөгөндөр тууралуу кез-кезде массалык маалымат каражаттарынан кабарлар чыгып калат. Бирок ушу учурга чейин мыйзам бузган тиги же бул аткаминердин аты аталган факт боло элек.

Тажик президенти Э.Рахмон. 28.2.2017.
Тажик президенти Э.Рахмон. 28.2.2017.

Ушул жылдын башында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон той-мааракелерди көзөмөлдөгөн мыйзам аткарылбай жатканын айтып, бир катар аткаминерлерди зекип өткөн.

Ал тургай тажик президенти мыйзамды аткарбаган кээ бир чоң кызматтагыларды иштен алганын да кабарлап, бирок алардын ысымдарын жарыялаган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG