Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:51

Кыргызстан Эгемендик күнүн белгиледи. Азаттыктын артта калган 26 жылында өргө жетелеген өнүмүбүз жана артка тарткан өксүгүбүз тууралуу кеп кылабыз.

Кыргызстан мамлекеттүүлүктүн пайдубалын калыптандыра алдыбы? Демократиялык институттар бутуна турдубу? Парламенттик башкаруу, көп партиялык система орун-очок алдыбы? Сот адилеттүүлүгүнө жетиштикпи, адам укугу, сөз эркиндигин коргой алдыкпы?

“Арай көз чарай” талкуусуна саясий илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев жана коомдук ишмер Алмаз Кулматов катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, Кыргызстандын чейрек кылымдан ашуун азаттык мезгилине саресеп салсак, биз сыймыктанып, тапкан негизги олжобуз эмне болду, ошол эле мезгилде өкүткө салган өксүгүбүз эмне болду?

Орозбек Молдалиев: Чынын айтканда, Эгемендик күнүнүн мааниси илгерки совет заманындагы майрамдардын деңгээлине чыга элек. Бул эмнени билдирет? Биз эгемендүүлүк асмандан түшө калгандай болуп, анын баркын, баасын биле албай жатабыз.

Бул эгемендүүлүк Советтер Союзу кыйрагандан кийин кааласаң-каалабасаң да Кыргызстанды бирдиктүү мейкиндиктен түртүп койгондой эле болду. Кыргызстандын бир топ маселелери чечилбеген бойдон калган.

Эгемендик жылдары оңой болгон жок. Эки революциянын өзү эркиндик эмне экенин көргөздү. Эгемендик бизге кудайдын буйругу менен тийип калган олжо. Дүйнөдө канча улуттар азаттыгына жете албай жүрүшөт. Мына, Сирия, Түркия, Иран, Ирактын аймагындагы күрттөрдүн маселесин көрүп жатабыз. Кытайдагы боордош уйгур элинин маселеси турат.

Эгемендиктин алгачкы жылдарында биринчи президент Аскар Акаевден “Кыргызстан капитализм курабы же социализм курабы, кайсы жол менен өнүгөт?” деп сурашканда, “Биз үчүнчү жол менен барабыз” деген. Биздин саясий элита мамлекетти башкарууга даяр эмес болчу. Андан бери бийлик, эл да көп сыноодон өттү. Акыркы жылдары эгемендиктин маани-мазмунун калкка, өзгөчө кийинки муундарга жеткирүү боюнча көп иштер жүрүп жатат.

“Элдин күүсү жоргонун жүрүшүндөй” деп коет. Элдин жаратмандык күчтүү идеясын, интеллектуалдык энергиясын, демин идеологиялык максатта колдоно алган жокпуз. Бул – чоң өксүк болду.
Алмаз Кулматов

Алмаз Кулматов: Кыргызстанда мамлекеттүүлүккө умтулуу 1989-жылы эле башталган. Кыргыз тилин мамлекеттик тил кылуу боюнча жалпы эл катышкан күрөш жүрдү. Анда СССР ыдырай элек, ал акцияга студенттер да активдүү катышкан. Таяк кармап алып көчөгө чыкпаса да бүткүл элибиз буга кайдыгер эмес экендигин көргөзгөн, кандайдыр бир улуттук ойгонуу мезгили болгон.

Андан кийин 1990-жылы Кыргызстандын суверендүү республика болушуна жетиштик, бул дагы чоң саясий акт болгон, интеллектуалдык күрөштүн натыйжасы эле, анда деле СССР бар болчу. Анан бир жылдан кийин 1991-жылы толук кандуу, көз каранды эмес Кыргызстандын декларациясы кабыл алынды.

“Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы (КДК) бирикмесинин митинги, 1991-жыл, Бишкек
“Кыргызстан” Демократиялык Кыймылы (КДК) бирикмесинин митинги, 1991-жыл, Бишкек

Эгемендик конкреттүү мазмунга ээ: кыргыз мамлекетин дүйнөнүн ондогон өлкөлөрү, абройлуу эл аралык уюмдар тааныды, улуттук валюта сомду киргиздик, Кытай, Казакстан менен чек араларыбызды тактап, бекитип алдык, дагы көптөгөн жетишкендиктерибиз болгон. Азыр өзүн мамлекетмин деп жарыялаганы менен өзүнөн башка эки-үч өлкө гана тааныгандар бар эмеспи.

Биздин бир кемчилигибиз, 1980-жылдардын аягында пайда болгон элдин улуттук кайра жаралууга умтулган демин пайдалана алган жокпуз. “Элдин күүсү жоргонун жүрүшүндөй” деп коет. Элдин жаратмандык күчтүү идеясын, интеллектуалдык энергиясын, демин идеологиялык максатта колдоно алган жокпуз. Бул – чоң өксүк болду. Улам тигил-бул жакты карап, мамлекетке бир нерселерди чактап кийип жатып, көп учурлар өтүп кетти. Экономикада улуттук, өз алдынча система түзө алган жокпуз.

“Азаттык”: 1991-жылы 31-августта Кыргызстан өзүн дүйнө жүзүнө демократиялуу өлкө деп жарыялады эле. Андан бери мамлекеттүүлүктүн пайдубалы болгон, демократиялык институттар: парламенттик башкаруу, көп партиялуулук, шайлоо өткөрүү ж.б. тажрыйбалар калыптанды десек болобу? Болбосо ага кандай себептер кедергисин тийгизди?

Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, 1-декабрь, 2011-жыл
Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, 1-декабрь, 2011-жыл

Орозбек Молдалиев: Кыргызстандын 5-майда кабыл алынган биринчи Конституциясы мыкты болчу.

Эгемендик күнүнүн мааниси илгерки совет заманындагы майрамдардын деңгээлине чыга элек. Бул эмнени билдирет? Биз эгемендүүлүк асмандан түшө калгандай болуп, анын баркын, баасын биле албай жатабыз.
Орозбек Молдалиев

​Анда президент менен парламенттин ыйгарым укуктары боюнча тең салмактуулук бар эле.

Кийин президент “менин чечим кабыл алуума парламент тоскоолдук кылат экен" деп референдум аркылуу бийлигин бекемдеп, супер президенттик башкаруу түзүлүп калды. Анан азабын тарткандан кийин парламенттик башкарууга өтпөсөк болбойт, авторитардык система өкүм сүрүп жатат деген ойлор көп болду. Ага көп партиялардын түзүлүп, иштеп калганы да чоң түрткү берди. Кыргызстанда дагы бир жетишкендик - өкмөттүк эмес уюмдар күчтүү коомдук катмар болуп өсүп чыкты.

Алмаз Кулматов: Парламентаризмди бекемдейбиз дегенибиз менен анын чыныгы маңызын түшүнбөй жатабыз. Партия түзөт десе шайлоонун алдында акчалуу жигиттер чогула калып уюштуруп жатышпайбы.

Бийликке келбесе кайра жоюлуп жок болушууда. Партиянын идеологиясы туруктуу болушу керек, партия күнүмдүк түзүлбөшү керек. Партия түзүүдө, ал аркылуу парламентке депутат болуу саясий коррупцияны чыгарды, гүлдөттү. Бул дагы биздин өксүк. Партиялар майда-чүйдө кызматка чейин бөлүшүп жатса, кантип парламенттик башкарууну калыптандыра алабыз?

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG