Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:55

Совет доорунун белгилүү композитору Давид Тухмановдун “Жеңиш күнү” (“День Победы”) деген майрам сайын жаңырган ырында “Бул майрамда ачуу жаштын даамы бар, бул майрамда аккан кандын тагы бар” деген сөзү көп кайталанат.

Чынында да 9-май ошондой өзгөчө майрам эмеспи. Көз жаш менен маңдай тер жыттанган, сүйүнүчү да, күйүнүчү да бар улуу күн. Сыягы, ошон үчүн 9-майдын баркы өтө чоң. Ошон үчүн ал күнү кары дебей, жаш дебей, эл жапырт көчөгө чыгат, майрамдайт, бул күн чынында да улуу күн экенин ар бир жаран акылы менен да, жүрөгү менен да сезет. Албетте, бийлик да болгон аракетин жасайт.

Ал эми 31-августчу? Биз ушул майрамдын чындап баркына жетип, анын маанисин, ар бир кыргыз үчүн жүрөк толкута турган улуу күн, керек болсо ыйык күн экенин сездикпи, билдикпи? Азыр Кыргызстанда кызыл календарь деп аталган күндөр көп болуп кетти го, бирок ошолордун арасында 31-август середей болуп шаңданып, майрамдай болуп даңктанып турабы? Менимче, жок.

Бул майрам дале болсо каны-жаныбызга сиңген, акыл-эсибизди дүргүтүп, шаңдана бастырткан, калпагыбызды көккө ыргыта турган майрам боло элек. Ал гана эмес атың өчкөн Курманбек Бакиев 2005, 2006 жана 2007- жылдары аны атайлап белгилетпей, билсе да билмексенге салып койгону баарыбыздын эсибизде. Акылынын жеткени ошол: “бул майрам меники эмес, мурункулардын, Акаевдин майрамы” дегенсип, 31-августта аянтка басып да келбей койгон. Бирок 24-мартта дүңгүрөтүп аскер парадын жасатып, элдин баарын дүрбөткөн.

Атамбаевдин бийлиги да адегенде эгемендик күнүнө ачык эле жонун салып жүрсө да, бирок кийинчерээк чыныгы элдик майрам катары көңүл бура баштады. Өткөн жылы эгемендикке чейрек кылым болду деп бир топ шаңдана тургандай маанай болуп турду эле, бирок, тилекке каршы, майрам күн күтүлбөгөн жерден саясатташып, чыр жыттанып калган. Аны көргөн эл-журт “бул кандай бирин-бири кекеткен майрам болду” дегендей, аянтта ары-бери басып, айланышып жүрүп, кийин тез эле үйлөрүнө тарап кеткен.

Айтор, дээрлик он жылдан бери бул майрамдын улуулугун даңктаган, маанисин барктап, шаанисин чыгарган жарытылуу иш-аракеттер боло элек. Сепсиз келген кызга окшотуп, эгемендик күнүн чындап төгүлүп-чачылбай, ооз учунда майрамдайбыз. Эмне үчүн? Себеп бирөө эле – баркына жете элекпиз.

Анткени 31-август, башкача айтканда, Улуттук көз карандысыздык күнү бизди бир да убара кылбай, башыбыздан бир кыл чач түшүрбөй, күтүүсүздөн келген конок сыңары ирегебизден аттады да. Башкача айтканда, бир күн да бизди убара кылбай, кан төкмөк түгүл тер төктүрбөй, акыл же күч короттурбай эшигибизди тыкылдатты да. Ошон үчүн бул майрам – бизде ушу күнгө чейин сыпайы майрам, “конок” майрам. Ага анча “ийибей”, тоңдоосун, ат үстүнөн тосконубуздун себеби да ошол. Кудайга шүгүр, канткен менен бул күндүн маанисин түшүнгөн жарандарыбыз улам көбөйүп баратат.

Жок, бул күн чынында да маңдайыбызды жарылтып, шаңдана турган, даңктана турган күнүбүз. Төгүлө турган, чачыла турган күнүбүз. Миңдеген жылдар эңсеген, көксөгөн күнүбүз. Таманыбызды таш тилип, нечен тар жол, тайгак кечүүлөрдөн өтүп, Жусуп Турусбеков айткандай, “шымыбыз жаргак, мурун зардап” жүрүп жеткен ыйык күнүбүз.

Ушул күндү жараткан кыргыз элине жар кылсын, түбөлүк кылсын деп тилейли.

Майрам кут болсун, замандаштар!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG