Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

АКШ Путиндин Абхазияга сапарын сынга алды


Владимир Путин жана Абхазия лидери Рауль Хажимба.
Владимир Путин жана Абхазия лидери Рауль Хажимба.

АКШ Владимир Путиндин Грузиядан бөлүнүп чыккан Абхазияга сапарын "жөнсүз" деп, сынга алды.

Беш күндүк орус-грузин согушунан кийин 2008-жылы 8-августта Абхазия Грузиядан бөлүнгөн. Орус президенти ошол датанын урматына барган болчу.

Өзүн көз карандысыз мамлекет атаган Абхазияны Орусия, Никарагуа, Венесуэла, Науру, Вануату жана дагы бир Грузиядан бөлүнгөн Түштүк Осетия гана тааныган.

Абхазия менен Түштүк Осетияда Орусиянын миңдеген аскерлери бар, Москва бул өлкөлөргө ири каржылык жардам да берип келет.

Аз мурда АКШ вице-президенти Майк Пенс Тбилисиге барып, Грузиянын бүтүндүгүн колдой тургандыктарын айткан. "Орусиянын грузин жергесиндеги баскынчылыгын айыптайбыз" деген эле. Ал эми АКШ мамдепартаменти 9-августта "АКШ Орусиядан аскерлерин согуш болгонго чейинки туругуна чыгарып кетүүнү талап кылат" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG