Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Маданият кызматкерлерине үй куруу үчүн жер бөлүндү


Маданият министри Алтынбек Максүтов
Маданият министри Алтынбек Максүтов

Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу Алтынбек Максүтов “Азаттыкка” билдирди. Анын белгилешинче, маданият кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үй курууга Бишкектин четиндеги Кара-Жыгач жаңы конушунан 70 сотых жер бөлүндү.

“Кара-Жыгачтын үстү, Алтын-ордонун ылдый жагынан жер тилкесин бөлдүрүп алдык. Комиссия карап чыкты. Бул башталышы. Буга чейинки жыйында премьер-министр Темир Сариев 7 жылдан 14 жылга чейин ипотекалык насыя караларын, айына 5-7 миң сомго чейин төлөнчү социалдык каражатка үй курдурабыз деп айткан. Ошого жерибизди даярдап койдук”, - дейт Максүтов.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында эле үйгө муктаж, кезекте турган маданият кызматкерлеринин саны эки миңден ашуун.

2-ноябрь - Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү. Майрам 1995-жылдан бери белгиленип келатат. Бул дата 1926-жылы 2-ноябрда биринчи жолу кыргыз тарыхында И.Токобаевдин «Кайгылуу Какей» пьесасынын коюлушуна байланыштуу тандалып алынган. Бул күнгө карата бүгүн Улуттук филармонияда салтанатуу иш-чара өтөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG