Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:55

Көк бөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесинде


Көк бөрү мелдешинин соңку таймашында Достук (Ош) жана Мурас топторунун беттеши. Чолпон-Ата. 31.08.2017.

Көк бөрү улуттук оюну ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилди. Бул тууралуу маалымат ЮНЕСКОнун расмий сайтында 7-декабрда жарыяланды. Аны Көк бөрү федерациясы да ырастады.

Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча маселе Түштүк Кореянын Чежу аралында өткөн материалдык эмес маданий мурастарды коргоо боюнча өкмөт аралык комитеттин 12-сессиясында каралган.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев көк бөрү оюнун каттоого документтер 2014-жылы жиберилгенде, кайра толуктоолорду киргизиш үчүн артка кайтарылып, бул сунуш 2016-жылы 31-мартта кайрадан берилгенин айтып берди.

- Алгач документ жөнөтүлгөндө бир аз кемчиликтер менен берилип калган. Анан Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик, Көк бөрү федерациясы, ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссия ж.б. бир катар мекеме-уюмдар менен биргеликте чоң иштер аткарылып, 2016-жылы 31-мартта кайрадан документ берилген. Аткарылган иштердин айрымдарын атасам: мисалы, бизнес коомчулугу менен биргеликте спортчуларга коопсуз экипировкалар (коргоочу костюмдар), жаңы тайказандар жасалды. Мурда тайказандар чоподон жасалган. Анын ордуна тайказандын ичи карбонопластиктен жасалып, сырты каучук (резина) менен капталды. Бул жаракат алуу мүмкүнчүлүгүн азайтты. Ошондой эле оюн эрежелери дагы каралып чыкты. Кооптуу учурларды кыскартканга аракеттер жасалды.

ЮНЕСКОнун расмий сайтында көк бөрү тууралуу жарыяланган маалыматка тиркелген видеодо оюнчулар улактын жасалма кебин (муляж) жана союлган улакты (серкени) тартып жатканын көрүүгө болот.

ЮНЕСКОнун расмий сайтындагы көк бөрү оюну тууралуу видео:

Көк бөрүнүн улагын жасалма кепке алмаштыруу маселеси бул оюнду ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүдөгү талаптардан улам чыкканын “Азаттык” үналгысына Улуттук спорт боюнча дирекциянын 2016-жылдагы жетекчиси Алмаз Касенов билдирген эле.

40 миң сомго жасалган жасалма кепти былтыр 5-майда Бишкектеги Ак-Кула ат майданында болгон оюнда сынап көрүшкөн. Бирок бул аракет күйөрмандардын нааразылыгын жараткан үчүн оюн кайрадан улак менен уланган. Кийин Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюнундагы мелдештер дагы улак менен өткөн.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын аткаруучу директору Султан Бекташев бул багытта төмөнкүлөргө токтолду:

- Республикалык же эл аралык деңгээлдеги мелдештер улак менен эле ойноло берет. ЮНЕСКОго улак жана муляж дагы киргизилди. Бирок муляж негизги эмес. Бул боюнча ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү Кыргызстанга келгенден кийин дагы тактап, маалымат жыйынын өткөрөбүз. Муляжды алуунун бир себеби - тандоо (альтернатива) болуш үчүн жасалган. Биз көк бөрүнү өнүктүрөбүз деп умтулуп жатпайбызбы. Дүйнөгө чыгарып, эл аралык деңгээлде оюндар болгондо көп суроо жаралып калышы мүмкүн. Ошондо кааласаңар бизде муляж бар, муляж менен ойногула деп сунуштасак болот.

Ушул күндөрү Түштүк Кореяда өтүп жаткан ЮНЕСКОнун жыйынында жүргөн "Айгине" маданий изилдөө борборунун жетекчиси, ЮНЕСКОнун эксперти Гүлнара Айтпаева КТРКнын "Ала-Тоо 24" телеканалына берген интервьюсунда Кыргызстан көк бөрүнү ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастарынын тизмесине сунуштап өткөргөн алгачкы өлкө болгонун маалымдады.

- Бул эң оболу кыргыздарды дүйнөгө таанытат. Дүйнөдө ушундай эл бар экен, ушундай өлкө бар экен, ушундай өлкөнүн маданий мурасы бар экен, маданий мурасын булар сактай алышкан деген маанини берет. Жана биз бул оюнду биринчилерден болуп киргизип жатабыз. Көк бөрүнү – көкпар же башка аттар менен көп мамлекеттерде ойношот. Бирок кыргыздар биринчилерден болуп киргизип жатышат. Демек, бул бизде кенен сакталган деген маанини берет.

Жогорку Кеңештин депутаты, Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Жыргалбек Саматов көк бөрү оюнуна чет мамлекеттерде кызыккандар көп болуп жатканын, бул оюн келечекте Кыргызстандын бренди болуп калышы мүмкүн дейт.

- Мисалы, дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда Кыргызстан менен Казакстандан сырткары Кытай, АКШ, Түркия жана Орусиядан командалар келишти. Быйыл көк бөрүнүн эрежесин өзгөртүп, көкпар деп атап Казакстан өткөргөн 1-дүйнөлүк чемпионатка көп мамлекеттен командалар келди. Бул деген башка мамлекеттерде дагы көк бөрүгө кызыккандар бар экендигин билдирет. Ал жактан АКШ командасынын оюнчулары: “Бул аябай кызыктуу оюн экен. Бул көк бөрү оюнунан беш-алты жылдан кийин чемпион болобуз" деп айтышты. Ошол себептен көк бөрү Кыргызстандын бренддеринин бири болуп калат десем жаңылышпасам керек.

Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдеш. 15.03.2-17-ж. Бишкек.
Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдеш. 15.03.2-17-ж. Бишкек.

Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Максат Чакиев ЮНЕСКОго киргизүү көк бөрүнү спорт катары дүйнөлүк аренага алып чыгууга стратегиялык жактан бөгөт болот деген пикирде.

- ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине көк бөрүнүн киргизилишине, албетте, кубанып жатам. Кыргызстандын элин куттуктайм. Бирок дүйнөлүк спорт катары эмне берет? Бул дүйнөлүк спортко чыгуу жагынан караганда туура эмес стратегиялык жүрүш болуп жатат. Эмне үчүн убагында Европа өлкөлөрү футболду ЮНЕСКОго алып киришкен жок. Же жакында эле пайда болгон керлинг, же ошол эле таэквондо, каратэлерди убагында эмнеге ал тизмеге сунуштаган эмес? Кытайлар, корейлер алар деле 1950-1960-жылдары биздей кедей болуп турушкан. Алар өз спорттук оюн түрлөрүн дүйнөлүк масштабдагы спорт деп алып чыгышты. Алар спорт аркылуу дүйнөнү багындырабыз дешкен.

Биз болсо жок болуп бара жаткан же этностук оюн, кыргыздардын тарыхый мурасы деп алып кирип жатабыз. Анан эми биз кыргыздардын оюну деп киргизсек молдован же башкалар ойнойбу? Көк бөрү кыргыз спортунун флагманы.

Спорт катары башка эмнени алып чыга алабыз? Эми эки-үч спортубуз бар. Аларды биздики дебей, тарыхый, этностук мурас дебей, профессионалдык спорт катары алып чыксак, дүйнө эли ошондо гана ойнойт. Тилекке каршы, ошону биздин эл түшүнбөй жатат. ЮНЕСКОго киргенине эл сүйүнүп жатат. Мен деле сүйүнүп жатам. Бирок дүйнөлүк спорт катары дүйнөнү багынтууга эмне берет? ЮНЕСКОнун имиджи ушундай. Эгер биз Олимп оюндарына киребиз десек, "бул кыргыздардын гана оюну турбайбы, өзүңөр эле ойной бергиле" дешет да.

Көк бөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы кинорежиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыккан. Аталган эреже 2002-жылы негизделген Эл аралык Көк бөрү федерациясынын алгачкы конгрессинде бекитилген.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы болсо 1998-жылы түзүлгөн.

Спорт журналисти, көк бөрү боюнча эксперт Табылды Асыгалиев учурда Кыргызстандын Көк бөрү федерациясы тараптан деле, эл аралык көк бөрү федерациясы тараптан дагы көк бөрү оюнун өнүктүрүүгө тиешелүү деңгээлде аракеттер көрүлбөй жатат деп эсептейт.

- Эл аралык Көк бөрү федерациясы 2002-жылы негизделген. Уюмдун президенти болуп Казакстандын жараны Кайрат Сатыбалды, башкы катчы болуп Кыргызстандын атынан Болот Шер дайындалган. Ал уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Тажикстан мүчө болуп, 1996-жылы негизделген эрежени кабыл алып, эл аралык оюндар ошол эреже менен өтө турган болгон.

Ошондон соң Кыргызстанда жана Казакстанда бир нече эл аралык мелдештер өткөн. Бирок 2004, 2005-жылдардан кийин Болот Шер башкы катчылыктан кеткенден кийин бул уюмдун ишмердүүлүгү токтоп калды.Учурда эл аралык федерация иштебей жатат деп айтсак туура болот да. Бул уюмдун аткарып жаткан иштери тууралуу отчет жок. Кимиси жетекчи экени да белгисиз. Анын башкы кеңсеси мурда Бишкекте деп жүргөн.

Уюмду калыбына келтирип, алдыда аткарыла турган иштерди такташ керек. Болбосо Кыргызстан өзүнчө, Казакстан өзүнчө мелдеш өткөрүү менен алек. Ошону менен көк бөрүбүз эл аралык деңгээлде дайыны жок да.

Эл аралык эмес, өзүбүздүн федерация дагы иштебей жатат. Эч кандай турнирлерди уюштурбай калды. Бир жылда эки-үч мелдеш гана өтүп жатат. Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекция тарабынан Ноорузда жана эгемендик күнүндө президенттик кубокко арналган чоң мелдеш өтөт. Анан быйыл Манас оюндары кошулду. Жылына үч эле оюн болуп калды. Эч кандай чемпионат өтпөйт. Республикалык федерация, анан эл аралык федерациянын иши жанданса көк бөрү оюнун өнүктүрүүгө алгылыктуу аракеттер жасалат эле.

Буга чейин ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастарынын тизмесине кыргыздын "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпикалык үчилтиги, ала кийиз менен шырдак, айтыш өнөрү, боз үй, Нооруз майрамы, Оштогу Сулайман-Тоо кирген.

Мындан сырткары Кыргызстанда Сары-Челек көлү, Падыша-Ата, Беш-Арал коруктары, Сулайман-Тоо жана Чүйдөгү байыркы Невакет, Суйаб, Баласагын шаарларынын калдыктары да ЮНЕСКОнун тарыхый баалуулуктар тизмесине кошулган. Ал эми Ысык-Көл уюм тарабынан Биосфералык резерваттардын Дүйнөлүк торчосуна киргизилип, улуттук деңгээлде корголушу керек экендиги белгиленген. Бул тизмедеги мурастарды ЮНЕСКО эл аралык деңгээлде жайылтууну, аны коргоого алууну көздөйт.

Мындан эки жыл мурда көк бөрү Кыргызстандын атынан эмес башка өлкөнүн атынан ЮНЕСКОго катталып калышы мүмкүн деп бир катар активисттер коңгуроо кагып, тынчсыздануусун билдирип чыгышкан эле. Алар көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастар тизмесине кыргыздардын улуттук оюну катары катталышы керектигин, ал үчүн өлкө жетекчилери дагы колдоо көрсөтүшү зарылдыгын баса белгилешкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG