Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:47

Ковбойлор менен көкбөрүчүлөр күч сынашты


Америкалык ковбойлор жана кыргыз кыз-жигиттери Бишкекте жана Чолпон-Атада ат жалында чеберчилигин сынашты. Алты адамдан турган америкалык All-Star Cowboys тобу Кыргызстанга келгенине бир апта болду.

"Родео-2012" фестивалы 2-июнда Бишкектеги "Ак кула" ат майданында, 5-июнда Чолпон-Атадагы ат майданда өттү. Бардыгы болуп иш-чарада тогуз таймаш көрсөтүлдү.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен айымдын пикиринде, мындай иш-чаралар эки өлкөнүн достук байланыштарына өбөлгө түзөт.

- Мага спортчулардын духу жакты. Эки өлкөнүн жигиттеринин бирге өнөр көрсөтүүсү достукту бекемдейт. Келечекте кыргыз жигиттеринин өнөрүн америкалыктарга көрсөтүү долбоору да пландалып жатат.

Атчандар бир эле убакта америкалык жана кыргыз ат спортунун түрлөрүндө өнөрлөрүн көрсөтүштү. Америкалык ковбойлор кыргыздын элдик оюндары болгон кыз куумай, оодарыш, тыйын эңмей жана көк бөрү оюндарына катышты. Кыргыз кыз-жигиттери болсо америкалыктардын родео оюндарына: атчан чалма ыргытуу, чаап баратып, атка учкашуу, мөңкүгөн атты минүү, челектерди айланып чабуу мелдештерине катышты. Эки тарап тең чеберчилигин көрсөтүп, күйөрмандардын бүйүрүн кызытты.

Кыз куумайда Айжамал Темиркул кызы америкалык жигиттерге жеткирбеди. Родеонун эрежеси боюнча жиниккен букага чалма ыргытылат. “Ак кула” ат майданында коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан буканын ордуна чаап бараткан чабандеске чалма ыргытылды. Мында эки тарап тең чыкты. Тыйын эңмейде кыргыз жигиттери шамдагайлыгы менен айырмаланды.

Үч челекти айланып, кыздардын атчан жарышында америкалык Женна Жонсон жеңүүчү деп таанылды. Ат үстүндө бири биринин башындагы ак калпакты илип алууда кыргыз жигиттери утушка ээ болду.

Оодарыш оюну кызыктуу өттү. Америкалык Корт Ширди Ысык-Көлдүн “Кабылан” көк бөрү командасынын мүчөсү Элдияр Тургунбаев 4:1 эсебинде утту. Родео боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону Жон Жонсту Сыргак Ногоев бир мүнөткө жеткирбей, аттан оодарып кетти. Мөңкүгөн атты узак мөөнөткө минип жүргөн америкалык Корт Ширге биринчилик ыйгарылды.

Америкалык үч жигит “Кабылан” командасынын курамында көк-бөрү мелдешине да катышты.

Өлкөдө улуттук оюндарды, спортту өнүктүрүү борборунун жетекчиси Алмазбек Касенов эми кыргыздын ат оюндарын америкалыктарга көрсөтүүнү пландап жатканын айтты:

- Көк бөрүдө атчандар бири-бирин жөөлөп, ээ-жай бербей улакты тартышса, родеого катышкандар башын, колу-бутун коргоп, атайын материал менен оронуп алышат экен. Америкалыктар кыргыздын улуттук ат оюндарына абдан кызыгып жатышат.

"Мага кыргыздын аргымактары жакты. Эки түрдүү мамлекеттин маданиятында, ат оюндарында мындай бири-бирине окшош нерсе болгону таӊ калаарлык", - деди родео фестивалынын катышуучусу Маршал Тримбл.

"Родео – Түндүк Американын улуттук оюндарынын бир түрү. Ага атчандардын бир нече жарышуу түрлөрү кирет. Алар өз алдынча да, ири таймаштын курамында да өткөрүлүшү мүмкүн. Оюн өзүнө жапайы бука, токулбаган жана токулган атка минүү, букага чалма ыргытуу, буканы кулатуу жана челектердин арасында жарышуу сыяктуу бөлүктөрдү камтыйт. Мага кыргыздын көк бөрү оюну жагат. Бул чыныгы жигиттердин оюну. Американын родео оюндарынын өзгөчөлүктөрү бар", - дейт АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери Жохана Фернандо.

Родео деп аталган эң эле көзгө чалдыга турган таймашта жапайы букага же атка минүү чеберчилиги көрсөтүлөт. Ковбой ат же бука үстүндө 8 секундга жыгылбай туруудан сырткары жаныбар дараметин көрсөтүүсү зарыл. Кыргыз жергесине келгендер Америка родеосунун белгилүү жылдыздары болуп саналат.

Аталган ковбой тобунда дүйнөнүн беш жолку чемпиону Льюис Филд, Америка родеосунун мисс жеңүүчүсү Женна Жонсон Хенри, үч жолку дүйнөнүн чемпиону Жон Жонс, аялдар родеосунун профессионалы Шеннон Жонс, жогорку даражадагы кесипкөй ковбой Корт Шир жана ковбой темасында ыр жазган акын Маршал Тримбл бар.

Родео - бул мексикалык жана америкалык ковбойлордун илгертеден келаткан өтө кооптуу спорттун бир түрү. Оюн ар түрдүү болот. Мисалы, жинденген буканы кармоо, буканы минип челекти айлануу, буканы жыгуу жана албетте жапайы буканы жана аттарды минүү.

Родео Чыгыш Америкада өтө популярдуу. "Родео профессионалдар ассоциациясында" АКШдан 5 миң катышуучу бар. "Родео-2012" долбоору Бишкекте экинчи жолу өткөрүлдү. Былтыр Бишкектеги ат спорттук мектебинде өткөрүлгөн. Мектептин аймагы кичине болгондуктан, быйыл фестивалды шаардык “Ак кула” ат майданында өткөрүү ылайык деп табылды. Бул фестивалды Кыргызстандагы АКШ элчилиги уюштурду.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG