Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Хорсбол: Кыргызстан vs. Франция


29-октябрда Бишкекте хорсбол оюну боюнча Кыргызстан менен Франциянын курама командалары ортосунда жолдоштук беттешүү болду.

Бишкектеги ат спорту мектебинин мелдеш аянтында Европада белгилүү хорсбол оюну боюнча Кыргызстан менен Франциянын командалары ортосунда жолдоштук беттешүү болду.

Мында Кыргызстандын намысын мурда көк бөрү ойноп жүрүшкөн чүйлүк Аликбек Мырзалиев, Уран Чубак уулу, Бакыт жана Алтынбек Юсуповдор, Михаил Евдокимов коргоду.

Кыргызстанда Хорсбол федерациясы жакында эле уюшулуп, эл аралык уюмга мүчө болгон. Хорсбол оюну кыргыздын көк бөрү оюнуна бир аз окшоп кетет. Бирок алар улактын ордуна булгаары кайыш менен байлаган топту талашып, тайказандын ордуна топту бийиктеги дарбазага ыргытып жатышты.

Хорсбол федерациясынын президенти Мунарбек Кулданбаев бул оюнду Кыргызстанда таанытуу үчүн франциялык спортчулар келишкенин айтып, кийинки жылы Борбор Азия биринчилиги өтө турганын билдирди:

- Хорсбол (Horseball) кыргыздардын улуттук көк бөрү оюнуна окшошуп кетет. Бирок анда улактын ордуна топ колдонулат. Ар бир командадан 6 оюнчу катышса болот, бирок талаада анын төртөө гана ойной алат. Оюн Францияда 1970-жылдары пайда болгон. Кыргыздарга бул оюн жакты. Келечекте дүйнө, Европа чемпионатына барууга жол ачылганы турат.

Хорсбол боюнча Европанын көп жолку чемпиону, Франциянын командасынын капитаны Сернэн Питуа Кыргызстанда ат оюндары абдан өнүккөнүн белгилеп, бул оюнду кыргыз жигиттери тез өздөштүрүп кетүүгө негиз бар экенин “Азаттыкка” билдирди:

- Кыргызстанда ат оюндары абдан өнүккөн. Көк бөрүнү ойногон жигиттер үчүн хорсбол ойноо абдан эле оңой болоору байкалды. Оюн абдан кызыктуу болду. Франциядан 6 оюнчу келдик. Келечекте кыргыздар бизге чыныгы атаандаш болуп, дүйнөгө таанылаарын сезип турам.

Бишкектен кийин эми 30-октябрда Таласта жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрөбүз. Кыргыз жигиттери хорсбол менен дүйнөгө таанылууга мүмкүндүк алышат. Себеби алар улак тартып жүрүп, абдан такшалган, ат жалында өскөн чебер жигиттер экени көрүнүп турат. Топту бири-бирине ыргытып, пас бергенди жана командалык биримдикте ойносо, машыкса мыкты оючулардан болчудай экен.


Бишкекке келген Эл аралык федерациясынын президенти Эрик Бассот хорсбол оюнун Кыргызстанга таанытуу, эрежелерин үйрөтүү, калыстарды даярдоого жардам берүүгө убада кылды. Өзү да Кыргызстан-Франция жолдоштук беттешүүсү жогорку деңгээлде өткөнүн бегиледи:

- Бул жолдоштук беттешүүлөрдүн негизги максаты - Кыргызстанда аталган спорттун түрүн өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу эле. Хорсбол - социалдык оюн. Ага 8 жаштан жогорку курактагы улан-кыздар катыша алышат. Бул оюнду бүткүл Европа, АКШ, Канада, Австралияда ойношот. Франциядан тандалган мыкты оюнчулар келишти. Европанын көп жолку чемпиону Сернэн Питуа “Хорсбол” деген китептин да автору. Келечекте бул оюнду Кыргызстанга жайылтуу үчүн машыктыруучу, калыстарды окутууга, даярдоого биз да жардам беребиз.

Аталган оюн федерациясы Кыргызстанда 2 ай мурун ачылган. Аны эл аралык Хорсбол федерациясы расмий түрдө таанып, катарына мүчө катары кабыл алышкан.

Хорсбол оюнунда ар бири алты оюнчудан турган эки команда беттешет. Оюн талаасынын узуну 65 метр, туурасы 25 метр болот. Бийиктиги 3,5 метр болгон диаметри бир метр алкак дарбазага топту ыргытып жатышты.

Оюнчу топту 10 секундада өнөгүнө ыргытып берүүсү зарыл. Бири бирине үч ирет ыргытып бергенден кийин гана дарбазага таамай согууга болот.

Кыргызстандын хорсбол командасы 2012-жылы Францияда өтө турган дуйнө чемпионатына расмий чакыруу да алды.

Кыргыз жергесинде 8 команда хорсбол ойноп машыга баштады. Алардын мыктылары иргелип, тандалма команда түзүлүп, келээрки жылы Францияга дүйнө чемпионатына барышат.

Францияда бул спорт менен 5 миңден ашуун спортчу магышат. Эл аралык федерациясына 20дан ашуун мамлекет мүчө болуп саналат.

Бишкектеги Кыргызстан-Франция жолдоштук беттешүүсү 9:7 эсебинде француздардын жеңиши менен аяктады.

Франциялыктар мурдатан ойноп жүрүшкөн үчүн топту бири-бирине таамай ыргытып, чеберчилигин көрсөтүштү. Кыргыздар экинчи таймда гана намыстанып, оюндун тактикасын баамдап, эсеп ажырымын азайтты.

30-октябрда Талас жергесинде да Франциянын командасы менен жолдоштук беттешүү болот.

Бул оюнга кыргыздын таанымал улакчылары катышкан жок. Алар Казакстандын Чымкент шаарында 30-октябрда баштала турган көк бөрү мелдешине катышууга аттанып кетишкен.
XS
SM
MD
LG