Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:32

Көк-Бөрү: Эгемендик кубогу башталды


26-августта Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында эгемендик күнүнө карата президентин Кубогуна арналган Көк-Бөрү мелдеши башталды.

Быйылкы мелдешке 11 команда катышууда. Алар Жалал-Абад облусунун “Камбар-Ата”, Ысык-Көл облусунун “Кабылан”, Талас облусунан “Ынтымак” менен “Ой-Кайың” командалары жана калганы Чүй облусунун командалары болуп, төрт топко бөлүнүп, мөрөй талашып жатышат.

26-августта үч оюн болуп, миңден ашуун күйөрман жигиттерди сүрөөнгө алып турушту.
Алгачкы беттешүүдө Ысык-Көл облусунун “Кабылан” командасы 11:7 эсеби менен Токмоктун “Тынай” командасын утуп алды. Бул беттешүүдө 18 жаштагы ысыккөлдүк жаш улакчы Бактияр Таалайбек уулунун чеберчилигине күйөрмандар, адистер жогору баа беришти.

Экинчи беттешүү да курч мүнөздө өтүп, Талас облусунун “Ынтымак” командасы менен мурда Бишкектин атынан чыгып жүргөн, бул ирет Сокулуктун намысын коргоп жаткан айтылуу “Бөрүлүү” командасы күч сынашты.

Натыйжада президенттин Кубогун беш ирет уткан “Бөрүлүүнүн” жигиттери жеңип чыгышты. Талас облусунун "Ынтымак" командасы да жалпыга таанымал. Алар үч жолу өлкө чемпиону болсо, Спартакиаданын баш байгесин да уткан. "Нооруз" турниринде алтын медаль тагынган. Бир нече жолу байгелүү орундарды ээлеген. Алдыда дагы таймашуулар бар, ошондуктан таластык жигиттер биринчи оюнда күчүн сактап, аярлап ойношту.

Үчүнчү беттешүү Чүй облусунун “Суусамыр” жана “Конуш” командаларынын ортосунда болду. Бул оюнда суусамырлык жигиттер өнөрү менен таанылып, алгачкы утушка ээ болушту.

Көк-Бөрү спорт федерациясынын басма сөз катчысы Табылды Асыгалиевдин айтымында, өлкө Президентинин Кубогу үчүн таймашуулар жаңы гана башталып, алдыда дагы кызыктуу мелдештер турат.

Президенттин кубогуна арналган эл аралык турнирге мурдакы жылдары Казакстан,Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Тоолуу Алтайдан тандалма командалар келип, мелдештин денгээли жогору болчу дешет адистер. Бишкектик күйөрман Кубандын пикиринде, быйыл дагы Казакстандын мыкты командалары келбей калып, оюнга Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көлдун жигиттери гана катышууда.

Учурунда Президент кубогунун жалпы байге фондусу 2 млн. сомдон ашчу. Сыйлыктарды тапшыруу аземине өлкө башчысы өзү катышчу. Бирок эгемендиктин 20 жылдыгына арналган быйылкы мелдештин байгеси канча болоору азырынча табышмак. Бул жагдай алигиче чечиле электигин федерациянын башкы катысы Темир Дүйшекеев "Азаттыкка" билдирди.

Оюндар «Аккула» ат майданында күн сайын саат 12де башталып, жеңүүчүлөр 31- августта аныкталат.

27-августта Токмоктун “Тынай” командасы менен Сокулуктун “Белек” , Таластын “Ынтымак” жана “Ой-Кайың” командалары беттешет. Үчүнчү оюн Чүй облусунун “Суусамыр” жана “Кожомкул” командаларынын ортосунда болмокчу.

28-августта дагы үч беттешүү өткөрүлөт. Ысык-Көлдүн "Кабыланы" Сокулуктун "Белек" командасы менен таймашка чыгат. Сокулуктун "Бөрүлүү" командасы менен Таластын "Ой-Кайың" командасы мөрөй талашат. Сокулуктун "Аюу" командасы жаңы түзүлгөн. Алардын атаандашы Жалал-Абад облусунун "Камбар-Ата" командасы болмокчу.

29-августта жарым финалга чыккандардын таймашууларына күйөрмандар күбө болушат.
30-августта көкбөрүчүлөр өргүү кылып, бир күн эс алышат. 31-августта баш байге үчүн таймашууларга кезек берилет.

Чынында бабалар оюну Көк-Бөрү эл аралык деңгээлде таанылып, кызыгуу күч алып баратат. Тайказанга улак таштоо эрежеси киргени, көкбөрү күйөрмандары да арбыды. Атүгүл бул оюнга чет өлкөлүк меймандар дагы кызыгып, жигиттердин чеберчилигине жогору баа берип жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG