Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Күлүктөр жарышка түштү


1-Май - Эмгек күнү Бишкекте спорттук иш-чаралар өттү. “Аккула” ат майданында ат чабыш, жорго салдыруу, көк бөрү мелдештери болду.

Ала-Тоо аянтында үч миңдей киши катышкан ар кыл аралыктарга Тынчтык жарыштары болду. Мектеп окуучулары, жогорку окуу жайлардын студенттери, мекеме-ишкана кызматкерлери жана спорт ардагерлери катышкан бул жарыштарды мэрия жана шаардык спорт комитет уюштурду. Байгеге коюлган акчанын жалпы суммасы 300 миң сом экенин "Азаттыкка" шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров билдирди.

Мектеп окуучуларынан марага биринчи келген Самат Кудайбердиев алгач ирет байге алып, сүйүнүп жүрдү.

Таң эрте Тынчтык проспектинин башынан борбордук аянтты көздөй массалык түрдө вело жана автожүрүш өттү. "Дени сак жашоо, ынтымак жана достук" деген ураан менен өткөн жүрүшкө ар улуттун өкүлдөрү катышты. Арасында үй-бүлөсү менен чогуу катышкандар да болду.

Бабановдун байталы байге алды

"Аккула" ат майданында "Жазгы дерби" аттуу иш-чара өттү. Ат чабыш, жорго салдыруу, кунан жана тай жарыштар, көк-бөрү мелдештери болду.

1-майда Бишкектеги “Аккула” ат майданында асыл тукум күлүктөрдүн кыска аралыктарга жарыштары болду. Мында 1600 метр аралыкка ат чабылып, Жогорку Кеңештин депутаты Шаршенбек Абдыкеримовдун Моксер аттуу кунаны 1 мүнөт 39 секундда марага озуп келди. Бул күлүк Польшадан алынып келингени айтылды.

Экинчи орунду премьер-министр Өмүрбек Бабановго таандык Жен-лен аттуу байтал жеңип алды. Франциядан алынып келген бул күлүктү саяпкер Акмал Саитов таптаган.

Үчүнчү орунду да Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Угана аттуу күлүк байталы ээледи.

1800 метр аралыкка да асыл тукум 7 күлүк чабылды. Жарышка катышкан күлүктөрдүн аз болушунун негизги себеби, мелдешке катышуу үчүн күлүк ээси 1000 доллардан кирүү акы төлөгөндүктөн, колу жука саяпкерлер аттарын марага кошо албай, арманда калышты.

Бул аралыктагы ат чабыштын баш байгесин казакстандык Ардак Амиркуловдун Хорилтус аттуу күлүгү утуп алды. Ага 3000 миң доллар берилди. Экинчи орунду түркиялык ишкер Адали Севкинин Айландер уан аттуу күлүгү жеңип алды. Үчүнчү байгелүү орун Бишкек мэри Иса Өмүркуловдун Фастум аттуу күлүгүнө ыйгарылды.

Бишкек мэри Иса Өмүркулов мындай кыска аралыктарга ат чабыш кеңеш доорунан бери алгач ирет өтүп жатканын, асыл тукум жылкыларды сыноого өбөлгө болуп, жылкы чарбаларынын өнүгүшүнө түрткү болоорун “Азаттыкка” билдирди.

17 машине, 50 миң доллар уткан жорго

8800 метр аралыкка жорго салдыруу болуп, тандалган 13 жоргодон марага Кочкор районундагы “Сал-Эм” жылкы чарбасынын жетекчиси Маматкул Бостоновдун Тайфун аттуу жоргосу биринчи келди.

Экинчи орун Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун “Ай кашка” асыл тукум жылкы чарбасынын Космос аттуу жоргосуна ыйгарылды.

Үчүнчү болуп марага кочкордук Маматкул Бостоновдун Тачанка аттуу жоргосу келди.

Биринчи жана үчүнчү орундарды ээлеген жорголордун ээси Маматкул Бостонов кыргыздын жол жорго, кой жорголору мындай жарыштарга катыша албастыгын, атактуу жорголор таскак менен жоргонун ортосунан тапталаарын “Азаттыкка” айтып, Тачанка 17 автоунаа, 50 миң доллар байге утканын билдирди.

Эрендердин эр оюну - көк-бөрү

Майрамдын шаңын көк-бөрү мелдеши арттырды. Мында Токмок шаарынын “Тынай” командасы менен Сокулук районунун Рассвет айылынын “Кожомкул” командалары беттешти.

Жыйынтыгында 6:2 эсеби менен “Кожомкул” командасы утуп, 60 миң сом байге алды.

Экинчи орунга 40 миң сомдук байге ыйгарылды. Өкмөт башчы Бабанов баш болуп, тайказанга салынган ар бир улакка миңден 5 миң сомго чейин кошумча байгелер сайылып, күйөрмандар көк-бөрүчүлөрдү сүрөөнгө алып турушту.

Бардык иш-чаралар майрамдык шаң менен коштолду. Коопсуздук чаралары мыкты камсыз болуп, аянтта да, ат майданда да милиция кызматкерлери көп болду.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG