Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 03:53

Ырчы Самара Каримова Сулайман-Тоо музейине жетекчи болуп дайындалды


Ырчы Самара Каримова.

Кыргызстандын Маданият маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаковдун буйругу менен ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей-комплексинин башкы директору болуп дайындалды.

Абдраим Тургунбаев. 2017.
Абдраим Тургунбаев. 2017.

Самара Каримова айым өзү бул маалыматты "Азаттык" радиосуна ырастады. Мекеменин мурдагы башкы директору Абдрайым Тургунбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылууда. Буга чейин анын дарегине музейдин эмгек жамааты нааразылык билдирип чыгышкан эле.

Маданият министрлиги жамааттын нааразылыгын иликтеп, мурдагы директор Тургунбаевге сөгүш берилип, жамааттагы нааразылыктарды жоюуга 10-августка чейин мөөнөт берген.

Сулайман-Тоонун этегиндеги ажайыпкана. 2017.
Сулайман-Тоонун этегиндеги ажайыпкана. 2017.

Аталган музей жайгашкан жалпы Сулайман-Тоо аймагы ЮНЕСКОнун заттык эмес маданий мурастар тизмесине кирген. Учурда анда 80ден ашуун кызматкер бар.

26 жаштагы Самара Каримова буга чейин Оштогу “Киргизия” деп аталган кинотеатрды көп жылдык мөөнөткө ижарага алып иштетип жаткан. Ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин түштүк аймак боюнча борборунун башчысы Асан Мансуровдун жубайы.

Кыргыз коомчулугунда бул жаңы дайындоо тууралуу аны колдогон да, сындаган да пикирлер айтылууда. Айрымдары "бул кызматка музей таанууну мыкты билген кесипкөй тарыхчы илимпоз келиши керек болчу" деген сындарын интернеттеги коомдук тармактарда жазып чыгышты. (YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG