Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Композитор Азат Дөөткулов дүйнөдөн кайтты


Композитор жана музыкант Азат Дөөткулов 13-апрелде каза болгонун кесиптештери билдиришти. Буга чейин анын жакындары, маданият кызматкерлери Дөөткулов кант диабетинен жабыркагандыктан кымбат дарылар зарылдыгын, каржылык жардамга жана канга муктаж экенин маалымдашкан.

Маркум 1962-жылы туулган. Калый Молдобасанов жана Жумамүдүн Шералиев атындагы сыйлыктардын ээси.

Өмүрүнүн акыркы жылдарында мамлекеттик "Учур" жаштар театрынын музыкалык бөлүмүн жетектеген.

Аталган театрдын бүгүн бет ачары өтүп жаткан "Чек ара” спектаклинин музыкасын жазган.

Маркумдун сөөгү 14-апрелде Кочкордо жерге берилет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG