Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Тыныстановду окутканы үчүн жазаланган карыя


Сталиндик репрессия азабын тартып, 13 жылдан кийин айылына кайтып келген Шертай Субанов аксакал 102 жашка чыгып мындан эки жыл илгери каза болгон. Касым Тыныстановдун китебин окуткандыгы үчүн түрмөгө түшүп, эчен азап-тозокторду башынан кечирген карапайым мугалимдин биралдын оор, экинчи жагынан кайгылуу баяны китеп болуп чыккан.

Шертай атанын камалышы «эл душмандарынын» санын көбөйтүп, жогору жакка пландын аткарылышын билдирүүгө кызыкдар тийиштүү кызматтардын катардагы иши болчу. Кайнаган шорго кабылган мугалим абактан аман келип, кылым ашуун жашаган өмүрүндө репрессия кандай экенин кашкайта көрсөткөн чынчыл китебин артына калтырып кетти.

«Эл душманын» эптеп табуу далбасасы

Шертай ата Түптүн Токтоян айылында жарык дүйнөгө келген. Ал киши жашынан арабча кат таануу, эртелеп билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жетишкен экен.

Айылдагы медресе менен мектептен алган билими менен эле токтолуп калбай, алгач айыл чарба техникумун, 1932-жылы Караколдогу педтехникумду бүтүргөн. Каракол педтехникумунун жетекчиси айтылуу Токчоро Жолдошов илбериңки жигитти алыскы Ат-Башынын Ак-Жар айылына жибермек болгон экен. Ден соолугу, анан да билимин улантууга кызыкдар улан Ат-Башыга бара албасын айтып, шаардагы “Кереге” гезитинде иштеп калат. Гезитке иштеп калышына анын ошол кездеги ырлары себепкер болгон экен.

Адабиятка жакындыгы, анан да ошол кездеги кыргыз-казак акындарынын жазгандарын калтырбай окуунун натыйжасы кийин ага каскак болорун, “эл душманы” деп айыпталып камалып кетишине мына ушул адабиятка деген сый-урматы себепкер болору а кезде ойго да келе элек.

Арадан беш жыл өтүп-өтпөй көркөм сөзгө жакын, алгачкы муун кыргыз-казак акындарынын чыгармаларын жакшы көргөн мугалим Касым Тыныстановдун «Кыргыз тилинин морфологиясы» деген китебин окуткандыгы үчүн «улутчул», «Туран» партиясынын мүчөсү, «эл душманы» болуп репрессияга кабылган. Магадан, Колымадагы алтын кендеринде өткөн 13 жылы анын өмүрүндөгү эстен кеткис азабы, өмүр бою чочулаткан коркунуч катары калган.

1937-жыл сталиндик репрессиянын абдан күчөгөн мезгили. Кыргызстан НКВДсынын башчылыгына Лоцманов келип, Москвадан түшүрүлгөн «эл душмандары» менен контрларды табуу, совет бийлигине көзү түз эмес жат элементтерди жапырт жок кылуу өнөктүгү кызып, жазалоо механизми токтоосуз жүрүп турган учур. Шертай Субановго улутчул, «Туран» партиясына мүчө болгон деген айып коюлган.

Социал-туран, дагы бир маалыматта жөн эле "Туран" партиясынын чын эле болгону, айрымдар айткандай, анын 17 миң мүчөсү болгону алигече тактала элек. Атүгүл бу ойдо жок партияны ошол кездеги коопсуздук кызматы ойлоп таап, «эл душмандарын» жок кылыш үчүн алардын текши баарын ушул партияга байлап, кандуу кыргынга "Туранды" шылтоо катары пайдаланышканы айтылып келатат. Иши кылып, табышмактуу партиядан тышкары "эл душмандарына" кайсы бир өлкөнүн тыңчысы, пантүркчүл, панисламчы сындуу толгон айыптар даяр токулуп турган. Ушундай жалаа менен аныгы менен апыртмасы аралаш "Туран" партиясынын 17 миң мүчөсү делген сандан алда канча көп кыргыз, казактын эчен мыкты интеллигенция өкүлдөрү жок кылынган.

Маселен, 1937-жылы Москвадан бир жылдын ичинде Кыргызстандан 4 миңден ашуун кишини жазага тартуу тапшырмасы келсе, жергиликтүү коопсуздук кызматтын аракети менен пландагыдан үч эсе көп адам камалып, алардын кыйласы «үчилтик» чечими менен атылган. Касым Тыныстановдун китебин окуткандыгы үчүн делинип айылдык мугалим дал ошол 1937-жылы 13 жылга Магадан, Колымага айдалган.

Шертай Субанов Токчоро Жолдошев жетектеген окуу жайдан билим алып, кийин кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков менен ага-инилик мамиледе болуп, айылдык мектептеги эмгек жолу алгач жакшы башталган. Төрөкул Айтматов, Осмон Тынаев сындуу жетекчилер менен жолугуп, алардын жыйындарына катышып, Караколдон алган билими менен чектелбей, Ташкенге окууга даярданып жүргөн. А бирок райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы аны партиялык кызматка даярдап жатышканын айтып, окууга жөнөтпөй койгон. Ошол учурду жазуучу Абдымажит Мурзаевге берген маегинде Шертай Субанов минтип эскерет:

«– Билбейм да, кийин-кийин Лоцман дедиби, Боцман дейби. Калппы, чынбы ушундай. Өзүмдү басып, олтургузуп койду да, үйдөгү болгон кагаз, китептин баарын капка салды. Үйдө чаар китеп бар эле, жезде молдо болчу, окуп эле атчу. Үйдөгү болгон китептин баарын аңтарып, көргөн кагаздардын баарын салды. Үйдөгүлөрдүн үрөйү учуп эле кымкуут болуп:

«Эмне болду?», – деп жатышты.

«Эмне болмок эле, эчтеке болгон жок», – дейм, анткени эчтеке жасаган жокмун. Акмын да, эч нерсе оюмда жок, эч күнөө сезген да жокмун.

Китеп, кагаздарды алды. Мени айдап жөнөштү. Алып келип колхоздун кампасына камап салды. Бир топтон кийин атагы чыккан "Көк чолок" деген күлүк ат бар болчу. Анын ээсин кулакка тартып миң коюн, жылкысын тартып алышкан. Кийин ээси өлгөндө күлүктү союп жайына беришти.

Көк чолок аксап, арыктап калыптыр, ошого мени мингизип, айдап жөнөштү. Ал кезде тоют жок, элдин жашоосу начар. Ат арыктыгынан аксап араң келатат. Эки милийса ойноктогон аттары менен айдап жөнөштү, жүрүп олтурдук.

Бууган-Көл деген көл бар. Ошол жерге келгенде ат баспай калды. Сан-Таштын шамалы ызылдай баштады.

Мен аттан түшүп алып чылбырдан тартып сүйрөйм, эки НКВДнын кишиси артынан чапкылап айдайт. Ат баспай, жатып алды. Ошол жерден бирөөнү таап, атты табыштап, мени жөө айдап жөнөштү. Бутумда батинке, кээде бутка чаап коюшат тез бас деп. Экөөнүн минген аттары ойноп турат, учкаштырып албайт, экөө атчан, мен жөө. Ичим күйүп турат. Бир топтон кийин гана арабачан орус келатыптыр. Ошого салып алды, жаным бир аз жай алып калды. Анан мени абакка алып барып камап коюшту. Ал жер караңгы, түнт, ным жыттанып, суук экен».

Адам чыдагыс азап-тозок абактарда башталат. Катуу сурак а кездеги Фрунзе, азыркы Бишкек НКВДсынын абагында улантылат.

Күнөөсү болбосо табылат

Күнөөсү жоктугуна ишенген уландын чыныгы азап-тозокко кабылышы башкалаадан башталат.

«Жалгыз жатам. Түнкү саат 12де чакырат. Сурак жүргүзөт. «"Туран" партиясын билесиңби?» – дешет.

Мен: «Билбейм» – дейм.

«"Туран" партиясында канча киши бар? Улутчул болдуң беле?» – дешет, опузалап.

«Улутчулдугуңду деле, "Тураныңды" деле билбейм» – дейм.

Бир татар котормочу бар. Сурагандардын экөө орус. Бирөө кур тагынган, ал сурабайт, ары-бери эле басат, тигиниси сурайт:

«Айт чыныңды, айтпайсыңбы?» – деп, мен болсо:

«Эмнени айтам?» – дейм.

«Эмне болгонун айт! Кол кой» – дейт.

«Эмнеге кол коём? Кайсы шартка кол коём?» – дейм, мен дагы.

Ошол мезгилде тартынчу эмесмин, тигинин чоң экенин билбептирмин. Жаратылышым ошондой го. Коркпой эле, тик айтып, ушинтип туруп алдым.

Сурак берип жаткан жерде, столдун үстүндө билектей бир нерсе жаткан. Ошо менен бир койду. Тийгенде эле кулап түштүм. Көрсө ал, ичине кум толтурулган токмок сыяктуу, ура турган нерсе экен. Тийгенде эле жерге куладым. Анан тепкилешти. Эсим ооп калды, камерага сүйрөп алпарып салышты.

Эки-үч күн болду жатам. Жаткан жеримде эчтеке жок, жер цемент, сыз, тапчан да цемент. Кийимчен жатам. Оюма ар нерселер келет. Эсим ооп калган экен.

Бир күнү буту-колумду кыймылдатсам кыймылдабайт. Кыйналып жатам. Үчүнчү-төртүнчү күнү түн ичинде дагы суракка алып барды.

– Түн ичиндеби?

– Ооба, түн ичинде. Күндүзү сурабайт.

Мен жаткан жердин биягында да түрмө бар экен. Кез-кезде «Прощай!» деген сөздү угуп калам. Бул эмнеси экенин билбейм. Чыгарып атса керек деп коём. Арадан эки ай өтүп кетти. Сурагандары эле баягы.

«Канча улутчул бар? Канча "Турандын" мүчөсү бар? Касым Тыныстановдон сен кайдан окудуң эле? Бул китепти сен кайдан алып келдиң эле?» – дешет.

«Ой, мен окуп жүргөндө «Кыргыз тилинин морфологиясы», «Кыргыз тилинин синтаксиси» деген китептерди окуганбыз. Биз окуп жүргөндө окуу китептери жок болчу. Биринчи жолу ошол киши чыгарган» – дейм.

«Ии, мунун тилинин тантыраганын карачы деп, сен Жусуп Абдырахмановду билесиңби?» дейт.

«Билбейм. Билем деп мен айта албайм. Гезиттен окуйм, чоң кызматта иштеген кишилер болсо керек» – деп оюмду айтам.

Бирок билерин билчүмүн, Совнаркомдо иштеп жүргөн ал мезгилде. Ошентип түрмөдөмүн, сурак болсо баягы эле калыпта. Бир-эки күн өткөндөн кийин дагы суракка алып барды, түн ичинде:

«Чыныңды айт, чыныңды айтсаң эми бошотобуз» – деди.

«Эмнени айтам, айталбайм мен» – дегенде эле:

«Айта албайсыңбы?» – деп, тепкилей баштады.

Жерге жатып калдым, дагы тепкилешти. Тишимди тээп сындырышты. Андан кийин кабыргам ооруп калганбы, сынганбы, дем алганым начарлап бир жума жаттым».

Колыма менен Магадан…

Түрмөдө Шертай аксакал Жусуп Абдырахмановдун иниси Токо менен жолугуп, анын акылы менен тергөөчүлөр сунган кагаздардын баарына кол коюп, болбогон айыпты моюнга алып, катаал сурактан аман калат. Анан сот, Ыраакы Чыгышка созулган азаптуу жол.

«58-статья, I часть» деп 6 жыл, дагы бир статьяны айтып ага 9 жыл деп өкүм чыгарышты. Соттон кийин темир жолго алып барып, вагонго камашты, жүрүп олтуруп Новосибирск шаарындагы түрмөгө олтургузушту, ал 1937-жыл болчу.

Ал түрмөдөгү көргөн көргүлүктү адам баласына бербесин. Жылаңач, тикебизден тик турабыз. Тик турганда да турсичен турабыз. Баарыбыз бири-бирибизге кыналып турабыз селёдка балыгындай болуп. Тер чыпылдайт. Вагондун ичи бууланып, туман. Терезени ачышпайт, эшик кулпулануу.

Терезени, эшикти тепкилеп кыйкырып жатышат. Терезе талкаланды, эшик жарылып ачылды. Ошондо терезеден, эшиктен кирген шамал бур дей түштү. Анан милициялар келип бизди эшикке алып чыгышты. Ошондо бир аз сейилдеп калдык.

Бизди андан ары айдады. Жолдо жүрүп олтурдук. Кайрадан вагонго салды, селёдка салгандай вагонго камап койду. Кыйналып, кысталып Владивостокко келдик.

Владивостоктон ары, Япон деңизинде 30 миң переселенец бар экен. Болгон окуяларды айтып отурса өзүнчө жомок. Ошол «Кула» деген параходго 9 миң кишини үч күн жүктөдү. Ошентип, суу менен сүзүп олтуруп Магаданга, анын Нагай деген портуна жеттик. Андан ары 17 километр жөө басып, Магаданга жеткенибизде, 1937-жылы үчүнчү-төртүнчү декабрда жүз кишини жөө айдашты. Бир ай.

1938-жылдын үчүнчү-төртүнчү январында 600 километр жөө бастык, жолдо жүз кишиден 75 калды. Калганы үшүгөндөн-шишигенден, тоңуп буту-колу үшүп өлдү».

Колымадагы алтын казуунун азабынан эки миң ашуун абактагылдардан 1400дөйү эле калганын Шертай ата кийин өкүнүч менен эскерген. Адам өмүрү түккө арзыбай, өз элине фашисттик тартипти орнотуп койгондордун айынан миллиондор жок кылынып, өлкө кандуу жазалоолордун капшабынан чочулап, бийлик сталиндик системанын айткан-дегениндей болуп 70 жыл ашуун өкүм сүрдү. Канча бейкүнөө адамдар абактарда, кайнаган шорго малынган азаптуу жайларда, сурактарда, желдеттердин огунан, оорудан, адам чыдагыс шарттардан улам жок болушту.

Магадан, Колымада көргөн азаптуу турмушту кийинки муун билип калсын деген ниетте Шертай аксакал “Буюккан муң” деген эскерүү китебин жазган. Ошол китептин корутунду бөлүгүндө Шертай ата аздек сырын алдыга жайган экен.

“Өмүр бою элдин сөзүнөн, көзүнөн качып жүрдүм. КГБнын капканынан сактанып келдим. Ар бир ирет коркуу сезими менен таң атырып, коркуу сезими менен күн батырып жаттым.

Ошондой болсо да Кудайга шүгүр кылам, ата-бабамдын арбагына таазим этем. Ала-Тоомдун топурагына, Ысык-Көлүмдүн суусуна күнүгө сыйынам. Эми өсөрүм калган жок, өлөрүм калды. Колымада жүргөндө касиеттүү Ысык-Көлүмө жетсем экен, ошол жерден көз жумсам экен деген тилекте элем. Кудайдын буйругу менен азыркы турган жерим көлдүн жээги. Көлүм менен күнүгө көрүшүп, күнүгө тообо кылам. Тилегиме жеттим. Бул жазганымды даттануу иретинде кабылдай көрбөңүз. Мен муну жарым кылымдан ашуун мезгил сактап келдим. Башында өзүмдүн керт башымды, ата-энемди, бир туугандарымды ойлосом, кийин бала-бакырамды ойлоп, коркуп катып келдим. Азыр эми коркорум да калган жок. Кыргыз элимдин, мени менен бирге муздак дубалда отургандардын, өлгөндөрдүн алдында тирүүлүктө адамдык парзымды аткардым деп эсептейм. Эмнени көзүм менен көрсөм, ошону жазууга аракет кылдым”.

Шертай аксакал 2014-жылы кылым жашаганын белгилеп, өмүрдүн мына ушул эң бийик белинен ашкан. Жакындарына ал киши “Колыманын азап-тозогун көрбөгөндө бүгүнкү жүз жаш курагымда мындан да тың болмокмун. Албетте, тагдырдан качып кутула албайсың”, деп миңи кетсе бири кайткан азаптан аман калганына шүгүрчүлүк кылып жашоосуна ыраазы болгон окшойт.

1930-жылдардын маданий-экономикалык жаңылануу шарына кошулуп, алдына бийик максат коюп, элиме кызмат кылайын деген ак дил жигитти ошентип кырчын кезинде сындырышып, жок жерден жалаа жаап, Магадан менен Колымага айдап ийишкен. Бирок да ичер суусу түгөнө элек экен, тирүүлөй тозоктон аман келгени кантсе да бийик олжо болгон.

“Буюккан муң” китебине токтолуп: “Ошол китепти 300 нуска менен эптеп чыгаргам, өз акчама. Элге жагып калса кыргыздын дагы бир кыйыны чыгарып жибереби деген үмүттөмүн” деген экен кайран киши. Азырынча андай “кыйын” чыга элек. Чыгып калар деп үмүт кылып туралы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG