Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:20

Чынчыл коммунисттин чыркыраган чындыгы


Осмон Тынаевдин архивдеги сүрөтү.

Сталиндик репрессиянын желдеттери 30-жылдары “абдрахмановчулар”, “сыдыковчулар”, ага улай “тынаевчилер” тобуна аёосуз күрөш ачкан. Кандай да болсо айыпка жыгып, апыл-тапыл жок кылуунун кыныгын алгандар кийинчерээк мыйзамдын эреже-талаптарын сактоого деле көңүл бурбай, “үчилтиктин” колу менен бейкүнөө инсандарды жок кылууга киришкен. Осмон Тынаевди ошентип жок кылышкан.

Жаңыдан баш көтөрүп келаткан улут интеллигенциясынын мыкты өкүлдөрү күлгүндөй жаш кезинде “эл душманы”, “революцияга каршы чыккандар” катары атылып кеткен. Осмон Тынаевдин тагдыр жолу ушундай катаал учурга туш келген.

Окуучу, малай, комсомолдук кызматкер

Совет бийлигине жан дили менен берилген Осмон Тынаев 1904-жылы Каракол үйөзүнүн Ак-Суу болуштугундагы Күңгөй айылында төрөлгөн. Азыр ал Ысык-Көл районунун Темир айылы. Анын өмүр баянында жазган маалыматтарга караганда, ата-энеси оокаттуу дыйкан адамдардан болушкан. Улуу Үркүнгө чейин алардын жашоо-турмушу дурус, көтөрүлүштөн кийин начарлап кеткенин атайын белгилеген. Оокаттуу адамдын баласы болгондуктан эртелеп билим алууга мүмкүндүк алган. 1913-жылдан тарта үч жыл ал өз айылындагы орус-тузем мектебинде окуган.

1916-жылкы көтөрүлүштөн улам окуусун таштоого мажбур болуп, эл арасында ата-энеси менен Кытайга качып, оор азаптарды башынан кечирген. Кытайда өлбөстүн күнүн көрүп, жерине кайтып келгенден кийин каргадай бала кезинен апийим талаасында иштеген. Ачкалыктын айынан бир туугандарынан ажырап, бирөөлөргө малайлыкка кирип, ортодо токтолуп калган окуусун улантууга киришкен. Бирок да жетишпеген турмуштун айынан кайра эле кара жумушта иштөөгө мажбур болгон.

Осмон Тынаевдин архивде сакталган өмүр баяны, өз колу менен толтурган маалыматтары тууралуу Кыргызстандын Саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышева буларга токтолду:

- Мында өз колу менен жазган өмүр баяны бар. 1904-жылы Күңгөй – Темир айылында төрөлгөн. Ата-энеси эмгекчил дыйкан адамдардан экен, 1914-жылга чейин алардын колунда жашаган. Андан 1916-жылга чейин билим алып интернатта жашаган. 1916-жылкы Үркүндө ата-энеси менен кытайга кеткен. “Кыргыздарды тыл жумушуна алабыз деген падышалык бийликтин кысымынан качып Кытайга кеттик. Ачарчылык менен сууктан өлүп калбаш үчүн ата-энеме жардам болсун деп малай болуп жалданып иштедим. Ошентип тапкандарыбыз жетишпей, ачкалыктын азабын аябай эле тарттык. Ал жерде заман тынчыптыр, уруштар токтолуптур деген кептерди угуп, жерибизге кайтууну эңсей баштадык. 1917-жылы үй-бүлөбүз менен жөө-жалаңдап жерибизге кайттык. Келсек бул жерде деле оор экен, орустар бизди көрүнгөн жерде атып, ач-жылаңач эл азапты аябай тарттык. Дан, азык-түлүк орустардын гана колунда болчу. Ачарчылыктан эки иним, карындашым, апам каза болушту. Ошол жылы жайында эгин талаасында иштеткени бир кулак келип киши чогулта баштады. Үйдөгүлөргө айтпай мен ушул кулакка жалданып ишке кирдим. Анда бир ай иштеп, анан Рыбачы стансасында батрак болуп иштедим. 1921 – 23-жылдары Караколдогу комсомолдун агартуу үйүнө ишке кирдим. 1924-жылга чейин лениндик чакырык боюнча Пишпекте иштедим". Бул анкетаны Осмон Тынаев 1925-жылы Москвада 5-мартта толтурган. Бул жерде дагы бир протокол көчүрмөсү бар, 246-протоколдун көчүрмөсү, ВКП(б) Кыробкомунун заседаниеси. 30-декабрь, 1936-жыл. “О. Тынаевге эмгек отпускасын берүү тууралуу. Тынаевге эмгек отпускасы 1937-жылдын 10-январынан 20-январына чейин берилсин”. Буга М. Белоцкий кол койгон. Ушундай документтер бар.

Пролетардык ишке берилген

Осмон Тынаевдин саясий ишке аралашуусу 1920-жылдардан башталат. Алгач Караколдогу “Кошчу” союзунда катчы, кийинчерээк комсомол катарына өтүп, уюштуруу иштери менен алектенип жүргөн кезинде зирек жаш уланды Москвага Чыгыш элдеринин коммунисттик университетине окууга жиберишет. Аталган окуу жайынан билим алган Осмон Тынаев коммунисттер катарына өтүүгө татыктуу экенин ырастап, Жусуп Абдрахманов, Данаке Иманов, Кожокан Шоруковдор мүнөздөмө беришкен. Жусуп Абдрахманов Осмон Тынаев “кара кыргыз жаштарынан комсомолдун мыкты кызматкери” деп белгилесе, Данаке Иманов Тынаев “пролетардык иш үчүн берилген жана Кыргызстандын жаштарынын алдыңкы мыкты бөлүгүнүн бири катары РКП (б) партиясынын мүчөлүгүнө татыктуу" деп сунуш кылган.

Унутта калган репрессия курмандыктары

Унутта калган репрессия курмандыктары

Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.

Коммунисттер катарына өткөндөн кийинки Осмон Тынаевдин кызмат тепкичинен көтөрүлүүсү ыкчам жүргөн. А кездеги шартка жараша тез-тез кызмат алмаштырып, жөнөткөн жеринде иштеп, аз гана жылдар аралыгында белгилүү партиялык кызматкер катары таанылган. Осмон Тынаевдин атын чыгарган, артынан чубалжыган айыпты ээрчиткен жумушу айыл чарбасын коллективдештирүүгө барып такалат.

Колхоздоштуруу - чоң чатактын башы

1920-жылдары СССРди ачарчылыктан сактап калган лениндик жаңы экономикалык саясат сталиндик бийликке жакпай, эңгезер өлкөдө күчтөп коллективдештирүү - колхоздоштуруу өнөктүгү башталган. Жаңы чарба коммунисттердин айыл чарбасындагы үлкөн реформасы, чарба жүргүзүүнүн коллективдүү ыкмасы катары жалпы элдин колдоосуна татыктуу болушу керек эле. Иш жүзүндө баары тескерисинче чыкты. Коллективдештирүү азыноолок токтолуп калган карама-каршылыкты кайра күчөттү, элдин бийликке ишенимин жоготту, куралдуу каршылыктардын чыгышына алып келди. Андан улам бийликтин репрессия машинасы күчөп, жазалоо массалык түргө өттү.

Кыргызстанда 1940-жылдары тартылган сүрөт.
Кыргызстанда 1940-жылдары тартылган сүрөт.

Революциянын баш айлантчу ийгиликтери артынан “соолугууну” ала келет. Колхоздошторуу жетиштүү дегидей түшүндүрүү, материалдык-техникалык базасы жок, апыл-тапыл башталган. Анын натыйжасы 1932 – 33-жылдардагы ачарчылыкка, малдын башынын кескин азайышына, нааразылыктарды, айрым жерлерде басмачылыктын кайрадан баш көтөрүшүнө алып келген. Жагдайдын кайсы тарапка ооп баратканын революцияны жан дили менен колдогон ошол кездеги айрым ишмерлер, атап айтканда, Жусуп Абдрахманов менен Эркинбек Эсенаманов жакшы түшүнүшкөн. Партиялык башкы багытка кайчы келген көз караштары үчүн булардын баары кандуу жазага туш келишти. Осмон Тынаевдин тагдыр жолу сталиндик репрессияда үзүлдү.

ВКП(б) съездинин өкүлү

1930-жылы Осмон Тынаев Ош окружкомунун жооптуу катчылыгына дайындалган. Бул кызматта ал аз убакыт гана иштеген. Жыл аягында окружкомдор жоюлуп, алардын ордуна райондор түзүлгөн. Осмон Тынаев оштук коммунисттердин колдоосу менен Москвада өтчү ВКП (б)нын XVI курултайына өкүл болуп шайланган. Ал жыйын тарыхка “бүткүл майдан боюнча социализмге кеңири чабуул коюунун съезди” катары кирген. Зордук-зомбулук менен коштолгон колхоздоштурууну аягына чыгарып, ага каршы чыккандарды аёосуз жазалоо, коммунисттик идеологияга шек келтиргендердин текши баарын жок кылуу, коммунизмдин желегин бардык жерде желбиретүү демилгеси соңунда келип репрессияны күчөтүүгө, жазалоо механизмин толук ишке киргизүүгө алып келген.

Ош окружкому жоюлуп, анын ордуна 24 район түзүлгөндөн кийин Осмон Тынаев Жалал-Абад райкомунун жооптуу катчылыгына дайындалган. Бул иште ал үч айга жакын гана иштеп, кызматынан алынган.

Ага себеп болгон жагдай деле партиялык жыйынга байланыштуу болгон. 1931-жылдын башында Кыргыз обкомунун 2-пленумунда Осмон Тынаев айыл чарбасын коллективдештирүүдө кеткен кемчиликтер тууралуу сөз сүйлөгөн. Мына ушул сөзү үчүн аны партияга каршы чыккан адам, оңчул оппортунист деп, бир топ күнөөлөрдү коюшкан. Айтса, ошол партиялык жыйында Осмон Тынаев козгогон маселелер туура экенин мезгил өзү ырастады. Ал колхоздоштурууну эки этапта өткөрүүнү, алгач жаңы чарбаларды кредиттөө зарылдыгын белгилеп, кулакка тартуу малдын ыксыз азайышына алып келгенин, анан дагы бир маанилүү маселе, коммунисттик партия катарына жалаң кедейлерди ала берүү уюмдун кадырынын кетишине, “булганышына” алып келгенин ачык айткан. Макталган жаңы чарба колхоздор дан-пахта даярдоо пландарын толук аткара албай калышкан. Бул жагынан жеке чарбалар уюшкандыгын көрсөтүшкөн.

Айыл чарбасындагы жагдайды мыкты билген ишмердин чындык үчүн күйүп-бышып сүйлөгөн сөзү кайра өзүнө душман чыгып, Осмон Тынаевге саясий жарлыктар тагылган, бийликтин куугунтугуна жол ачкан. Осмон Тынаевге каршылаштары кулактарга жан тартат, аларга каршы күрөштө чечкиндүүлүк көрсөтө албаган деп да айыпташкан. Аны менен эле тим болбой, бай-манаптар менен кулактарды колхозго кабыл алган. Ага себеп, партиянын XV курултайында жасаган Молотовдун баяндамасына таянып, жогорку инстанциядан тийиштүү чечим чыгартууга жетишкен деп күнөөлөшкөн. Кийинки партиялык документтерде “тынаевчилик” катары айыпталган иштин чоо-жайы ушундай.

Осмон Тынаевдин айыбы колхозго оокаттуу адамдарды да тартып, жаңы чарбага өтүүнү этап-этабы менен жүргүзүү тууралуу сунуш кылганы өз көлөкөсүнөн корккон партиялык бюрократтарга жакпай, аны колунан келишинче жамандап, партиянын душманы, бөлүп-жаруучусу дей башташкан.

Колхоздоштуруу өнөктүгү өтөле оор болгону, малын ортолукка кошкусу келбей, бийликке апачык каршылык көрсөткөндөр чыкканы ал кезде айтылчу эмес. Мал-жанын алып чет өлкөгө көчө качкандар, колундагы малын бир четтен союп канабайрам салгандар же болгон мал-жандыктын текши баарын ортого өткөрүп салып, үйүндө үрүп чыгар ити жок жарды-томаяк болуп калгандардын азабы социализм заманында жаап-жашырылып келди. Осмон Тынаев колхоздоштуруу – жаңы чарба биринчи иретте кредиттөөдөн башталышы керек деп эсептеген. Анын ырасташынча, кээ бир колхоздордун дан-пахта даярдоо пландарын толук аткара албай калышы алардын жеке чарбадан мыкты эместигин көрсөткөн.

Ал башка партиялык жетекчилерге окшоп элдин баары жапырт колхозго кирип жатышат деген шаңдуу рапортторду бербей, бул иш ыраатында жүрүшүн жактырган. Ошон үчүн аны Кыргызстан обкому партиядан чыгарып, бирок ал чечимди ВКП (б) БКК бекиткен эмес. Иштен четтетилген Осмон Тынаевди партиялык төбөлдөр дагы Москвага окууга жөнөтүшкөн. Бул ирет ал Чыгыш элдеринин коммунисттик университетинин аспирантурасына өткөн.

Камак алдындагы эмгек отпускасы

Отузунчу жылдардын ортосуна чейин Осмон Тынаев агартуу эл комиссарынын орунбасары, аз убакыт Каракол райондук партия комитетинин жооптуу катчысы болуп иштейт. Партиялык курултайларга өкүл болуп шайланып, иши мурдагы калыбына келе баштаган чакта 1935-жылдын июлунда кайрадан куугунтукка кабылып, партиялык сөгүш алган, биртоп партиялык ишмерлер катарында аты аталып, жалаң каралоо, айыптуулар катарына кошулган. Караколдогу кызматынан алынып, аз убакыт Кыргызстандын Москвадагы өкүлү болуп дайындалып, бирок андан да тез эле чакыртылып алынган. 1937-жыл Осмон Тынаевдин бир топ жылды камтыган партиялык ишмердигине чекит коюлуп, ошол кездеги көнүмүш айыптардын баарын ага илишип, “үчилтиктин” чечими менен атып салышкан.

Репрессия курмандыктары көмүлгөн "Ата-Бейит" комплекси.
Репрессия курмандыктары көмүлгөн "Ата-Бейит" комплекси.

Сыртынан караган адамга совет бийлигине чын дилден кызмат кылган алгачкы муун кыргыз аткаминерлеринин жасаган иштеринин текши баары жогортон түшкөн буйрук көрсөтмөлөрдү кынтыксыз аткарууга гана жушмшалгандай сезилери бышык. Бирок алардын арасында жасап аткан ишине сынчыл көз менен караган, башталган иштин натыйжасы кандай болорун таасын туйган, сергек акыл, зирек туюмга ээ инсандар деле аз эместигин тарыхтын өзү ырастады.

Ошондой мыктылардын бири Осмон Тынаев болгон. Ал партиялык иш ириде карапайым калктын кызыкчылыгына багытталышы керектигин, “келе бакан куу союл” саясатынын зыяндан башка пайдасы жоктугун жакшы билген. Ошон үчүн өзү көргөн, жакшы билген акыйкатын жашырбай ачык айтып, ал учүн куугунтукка кабылып, революция душманы катары атылган.

Кызмат тепкичи менен улам жогорулап, бийликтин бийик чокусун мелжеген ишмерлер арасынан минтип ачык күрөшкө чыккандар, акыйкат кебин жашырбай айтчулар чанда бир чыкпаса, көпчүлүк аткаминерлер жалпы агым менен калкып келе беришет. Учуру келгенде көздөгөн максатына жетип, бирок ошондо да акыйкат сөзүн ачык айталбай, баарын системага шылтап, өзү четте калат. Осмон Тынаев андайлардан эмес болчу. Ошон үчүн анын өмүр жолу бир жарк этип куйрук үзгөн баркырак жылдыздай кыргыз асманында бажырая ачылып, өзүнүн ким экендигин, кандайлыгын кыска өмүрүндө ачык далилдей алды.

"Азаттыктын" архиви:

Сталиндик репрессия курмандыктарына 80 жыл
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:08 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG