Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:26

Максүт болуштун казалда калган арманы


Максүт болуш тууралуу китеп.

Максүт Солто уулу падышалык Орусияга, кийин совет бийлигине кызмат кылган билимдүү, анан да акындык шыгы бар аткаминер болгон. 1916-жылы качкан эл менен кошо Кытайга чейин барып, совет бийлигинин тушунда эки ирет Сибирге айдалып, экинчисинде түрмөдөн кайтпай калган.

Максүт болуш ал жерде көргөн азап-тозогун ырларында калтырган. Жаңы бийликтин азабын тарткан болуш 1991-жылы акталган.

Максүт Солто уулу 1870-жылы төрөлгөн. Дал ушул жылы падышалык Орусияны жаңы заманга оодарчу дагы бир тарыхый инсан Владимир Ульянов (Ленин) Волга боюндагы Симбирск деген кичине шаарда жарык дүйнөгө келген. Максүт эртелеп билим алып, анын аркасы менен кызмат тепкичине жетип, падышалык орус бийлигинин тилин таап болуштук кызматка жеткен.

Максүт Солто уулу
Максүт Солто уулу

Ал кезде 25 жашында жооптуу бийликке жетүү, андан да ал бийликти сактап калуу кыйын болсо керек. Анткени атаандаш уруулар өз жаатынан башкаруучу чыгышына кызыкдар болчу. Максүт болуштун кызмат тепкичиндеги эң оор сыноолордун бири 1916-жылга туура келген. Көтөрүлгөн эл болуштун сөзүн укпай, Кытайга качмак болгондо орус бийлигинин аткаминери эли менен чет жерге кетүүгө аргасыз болуп, ал жерден бир жылдан кийин Көлгө кайтып келген. Кытайда колунан келишинче, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче элине жардам кылган. Аны замандаштары унутпай эскерип айтып жүрүшчү экен.

Совет бийлиги кыргыз жерине орной баштаган убактан тартып Максүт болуш мал-мүлкүн өткөрүп берип, билимдүү адам катары жаңы заманда элинин кат-сабатын ачууга белсенип киришет. Мектептерди ачат, эл агартуу системасына башчылык кылат, айылдык кеңештин башчысы, айыл чарба жетекчиси болуп иштейт.

Сот кескендер кутулду

Кайсы бийликке болсо да берилип иштеген мурдагы болуштун жаңы заманда деле ат тизгинин коё бербей келатканына ичи чыкпаган өз айылындагы эле туугандары анын үстүнөн арыз жазып, 1930-жылы Максүт болуш сегиз жылга сүргүнгө кесилип кетет. Акын өзү айткан Шиберде беш жыл жүрүп, акталып чыгып келет.

Шиберге Максүт болуш 1932-жылы жеткен. Ага чейин Кыргызстан менен Казакстандын түрмөлөрүндө болуп, кычыраган суукта мурда атын угуп жүргөн жерге кантип келгенин күндөлүгүндө минтип жазган.

Билинип калган ышпана болсо сабап отуруп ышпаналардын үстүнө киргизет экен. Билинбеген гана уурулары жүрөт экен, уурдатып ийем деп уктамак жок, кокустан серп этип ийсең көпчүлүктөн ким алып, ким койгонун кайдан билесиң?

“Ачарчылыкты, кысымчылыкты Томскиден көрдүк. Көпчүлүк ошондо экен, күнү-түнү менен тындырбай, тынчтык бербей жумушка айдап турганы, тамагы болсо начар, суткесине 400 грамм кара буудайдын наны, көк шорпо, ысык суу кемчил, бирок ышпанага кыйындап тыюу салган экен. Билинип калган ышпана болсо сабап отуруп ышпаналардын үстүнө киргизет экен. Билинбеген гана уурулары жүрөт экен, уурдатып ием деп уктамак жок, кокустан серп этип ийсең көпчүлүктөн ким алып, ким койгонун кайдан билесиң? Жалаң орус, бирин-серин ногойлор бар, алардын тигилерден көп айырмасы жок. Ошону менен 22-декабрга чейин Томскинин түрмөсүндө жаттык”.

Күзүндө Бишкектен 33 кыргыз, төрт казак, бир сарт-калмак, эки таранчы, 12 орус - бардыгы 52 киши айдалып, анын бир тобу Алматыдагы абакта калган болчу. Шибердин сөөктөн өтүп чучукка жеткен суугунда, жети ай кыш, беш ай жылуу кезинде чиркейге таланган азап жашоону Максүт болуш өзү айткан “казалдарында” ачык жазган.

Чыгарып ичтен казалым,

Чынын бир айтып жазамын.

Шишитип бетти жаралап,

Чиркейдин тарттым азабын.

Чыкпай турган жараткан,

Чыңыраак беле казабың, - дейт акын Шибердеги азаптуу күндөрү тууралуу.

Бийлик кумары менен жүрүп, колго албай калган каламы мына ушул Шибердеги сүргүндө акындын жан шерик сырдашы, өзүн соороткон жолдошу, ажал аңдып отурган катаал турмуштагы жарык жылдызы болгон.

Сот кескендер кутулду,

Шордуулар мында тутулду.

Соопко калар барбы деп,

Чогулуп биздер жутунду.

Чогулсак да болбоду,

Жолборсуң мойнун толгоду.

Чогулуп барып арыздансак,

Жооп берип оңбоду.

Жан бүткөндү жарым саатка жеткирбей тоңдуруп салчу Шибердин катаал суугунда абакта жаткандар боо түшүп кырылып, адам өмүрү түккө арзыбаган катаал шартта Максүт болуш башынан өткөнүн кээде кагазга чүргөй жүрөт.

Казактан өлдү үч киши,

Калбады казак эч киши.

Кара кыргыз уруктан,

Катар өлдү беш киши.

Кайтып жатат тирүүлөр,

"Карыдан калбайт" деп киши.

Каламбы деп көмүлбөй,

Кайгырып атаң өрт ичи.

Сегизи өлдү бир жерде,

Жеткилең Пошкой Шиберде.

Жетемби-жокпу элге деп,

Сезим ай, көңүл кир жерде.

Акын абактагы абалын эч жашырбай ортого салат, семиз болуп келген жаны “кекиликтей эти жок” арыктаганын, жөө жүрө албай талыкканын, документин ала албай айласы куруганын жашырбай тизмелеп жазат. Кетер болсо жол жабыктыгын, кеме келгиче Шибердин түнт токоюнда жабыгып келер күндү күтөрүн айтат. “Башынан кызмат ак кылдым советский властка, ушагы элдин көп болду, урматтуу карып бу башка” дейт акын түрмөдө жаткан учуруна кайрылып.

Максүт болуштун жубайлары
Максүт болуштун жубайлары

Бийликтин “катуу кол” саясаты күчүнө кирип, "ак-караны ылгабай" душман деп баарын Шиберге айдата баштаганына таң калат. Бийликке ак кызмат кылуу дайым эле сый-урмат менен коштоло бербесине өз кезиндеги эң билимдүү, тапшырылган жумушту так аткарып, карапайым калктын кызыкчылыгын жадынан чыгарбаган тоолук аткаминер бир алдын ишене бербейт. Улам күчөп бараткан жазалоо өнөктүгүнүн себеп-жөнүн таба албай, аягында келип айыпты өзүнөн табат, Жаратканга эмнесинен жазганын ойлонот.

Бешинин эле жаныбар,

Бере көргүн буйрук бар.

Белден кар, түндө жөө басып,

Безилдедик кылып зар.

Эртеңки ичкен чай менен,

Эчтеме даам татпадык.

Ээн калган Калпашка,

Эс алып бир күн жатпадык.

Эч болбосо түнөтүп,

Эртең менен баспадык.

"Эгем өзүң колдо" деп,

Эңгиреп көздү жаштадык.

Шибердин катаал табиятын акын ыктуу саптар менен таамай сүрөттөйт:

Калың кар, токой, тоосу жок,

Калдайган бийик зоосу жок.

Карап турсаң Шиберди,

Кардан бөлөк жоосу жок.

Ар тараптан өзөн суу,

Агып келет жошулуп.

Аягы болуп чоң дайра,

Агыны өпкө кошулуп.

Арасында поселке,

Орустардан тозулуп.

Аны көргөн биз шордуу,

Агылып жашы созулуп.

Максүт болуштун трагедиясы

Максүт болуш биринчи сүргүндөн беш жылдан соң бошонуп келгенден кийинки тагдыры да аянычтуу. Замандаштарынын айтуусунда, Максүт болуштун жакшы көргөн токолу күйөөсү камакка алынганда айылындагы милиционерге турмушка чыгып, андан эки кыздуу болгондон кийин биринчи күйөөсү түрмөдөн келип отурбайбы. Анын Шиберден жакшы көргөн жаш жарына жазган сүйүү каттары ушул азыр да кызыгуу менен окулат. Ошол аялы Максүттүн өзүнө жазган катын кийинки күйөөсүнө окутуп коёт.

Максүттүн небереси, белгилүү журналист Сымбат Максутова чоң атасы тууралуу баларды айтып берди:

Сымбат Максүтова.
Сымбат Максүтова.

- Чоң атам 1919-жылы Компартиянын катарына өтүп, кийин чыгарылган экен. Ал эми Сибирде жүргөндө Максүт болуш көп адамдарды өлүмдөн арачалап калган. Орусча жакшы билгени үчүн бир топ адамдардын тагдырын орустарга айтып берип, түшүндүрүп, Сибирдеги Омск, Томск, Новосибирск түрмөлөрүндөгү кыргыздар Максүттү издеп эле жүрүшчү дешет. “Максүт барбы, бу орустарга мен түшүндүрө албай жатам” деп эле жүрүшчү дейт. Чоң атамдын эң кичүү баласы, менин атам алты жашында калган экен. “Элес-булас билем” дечү. Ал кезде азыркыдай жол жок, Балыкчыга чейин кемеге түшүп барышчу тура. Бостериден кемеге отурганын, кетерде чака-чака ак канттарды алып кеткенин айтышат. Чоң атам камалгандан кийин балдары жетим калып, ар кимдин колунда чоңоюшат. Артында Камбарбек, Канатбек, Ногойбек деген балдары, анан Нурила деген кызы – төрт баласы калган. "Максүт болуштун тогуз аялы болгон экен" деп айтылат, бирок документтерде үч гана аялы жазылган. Биздин Чырпыкты айылында үч аялынан тараган балдары барбыз. Аңылдак менен Акылбек айылын бириктирген чоң көчө азыр Максүт болуш атындагы көчө.

Эрнис Турсунов.
Эрнис Турсунов.

Кыргыз Эл акыны, маркум Эрнис Турсунов Максүт болушту эскерүүсүндө минтип жазган:

“Максүттү болуш дешет. Ал болуштукту кантип жүргүзгөн? Ал элге "беш жылга" деп бирден саан уй, бештен кой таратып берген. Беш жылдан кийин уйдун башын, койдун беш башын кайра алган, тукумдаган бир канча малы алган кишисинде калган. Ага чейин Максүт этин, жүнүн, сүтүн, күчүн алып турган. Ал элди ушинтип жан сактаткан. Мындайча айтканда, азыркы банкирлердин ишин аткарган. Дыйкандарга биринчи моло ташты, буурусунду орустардан алып келген Максүт болгон. Бир-эки тегирмен орноткон”.

Суу чыгарып, эгин эктирген

Профессор Токтосун Акматов агай Максүт болуш атасын Кытайда өлүм жазасынан Максүт болуш алып калганын белгилеп, Үркүндөн келери менен Максүт болуш элди сабаттуулукка үндөп, мектептерди ачып, жаштарды орусча сүйлөгөнгө көндүрүп, мектеп директору, райондук эл агартуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштегенин айтып, мен анын “эл душманына экенине ишенбеймин” деп жазган.

Көл кылаасындагы Чырпыкты айылынан чыккан айтылуу илимпоз, жазуучу, мамлекеттик ишмер Касым Тыныстановдун өмүр жолун кыйла жылдардан бери иликтеп келаткан жазуучу Самсак Станалиев эки сыйра куугунтукка кабылып, сөөгү Шиберде калып кеткен Максүт болуш тууралуу мындай деди:

- Максүт болуштун трагедиясын "трагедиядагы трагедиялуулук" деп айтса болот. 30-жылдары, тагыраагы 1928-жылдан башталган мамлекеттик деңгээлдеги репрессиянын курмандыгы болгон элдик бийлик башындагылардын бири ушу Максүт болгон. Көл аймагында 17 болуш, манап, бий камалган. Ошолордун эң алгачкылары болуп ушул киши камалган. Иса Ахунбаевдин репрессияга чалынышы, сурактардан акталып чыгышынын бир бутагы да ушул Максүт болушка барып такалат. Анткени булар бир атадан тараган, Шыкмамбет аке деп коюшат, ошонун уругунан чыгышкан. Андан беш ата тарайт, ошонун биринен Ахунбаев чыгат. Акылбек, Аңылдак бир тууган. "Аңылдак" деп элдин койгон аты. Кыйкырып сүйлөгөн, элди бийлеген киши болгон экен. Максүт болуштун аталары ошол. Максүт болуш Чырпыкты мектебинен сабатсыздыгын жойгон, араб тамгасында мыкты жаза алган адам болгон. Булардын эң жакшы жери - Көл өрөөнүндөгү бала окутууга уруксат берилген болуштуктардын бири болгон. Андай болуштуктар төртөө болгон деп айтып жүрүшөт. Бири Тоң тарапта, экинчиси ушул Чырпыктыда. Максүт болуш адамдарды кат-сабатын ачууга үндөгөн киши болгон. Чырпыктынын өйдө жагында Тыныстандын кыштоосу, Токомбайдын кыштоосу, кадимки Аалы Токомбаевдин атасынын кыштоосу болгон. Мына ушул таштак жерлерге ошол убакта эгин эктиргенге чейин жеткен экен. Анткени ал жерлерде булак болгон. Ошол суулуу жерлерге эгин айдатып, дан маселесин чечкен. Чырпыкты таштак жер. Ушундан улам аны “түшпөс хан” деп коюшкан. Анын атаандаштары бар да. Ошолордун арызы менен бул киши манап, болуш, бий болгону үчүн 1930-жылдардагы репрессияга кабылган. Касым Тыныстанов менен бул кишинин карама-каршылыгы бар, бирок ал саясаттын, бийликтин айынан болгон каршылык деп түшүнүү керек.

Максүт болуш тууралуу кеп кылгандар аны Жусуп Турусбековдун “Ажал ордуна” музыкалуу драмасындагы кейипкерлердин бири дешет. Драмада Искендер менен Зулайка, Бектур карыялардын каршысында турган эзүүчү таптын өкүлү, амалкөй кыйды Максүт болушту жаалданган көпчүлүк Кытайда өлтүрүп коет. Жусуп Турусбеков Көлдүн күңгөйүндөгү айтылуу болушту музыкалуу драмасында чын эле прообраз кылып алганбы же жокпу – муну так айтыш кыйын. Бирок эки заманга кызмат кылып, таптык күрөшкө азгырылган большевиктик бийликтин кандуу жазасына туш келип, Шиберде жок болгон тарыхый инсандын артында калган эмгеги эскерилип, кечирээк болсо да укуктук жагынан акталып, кылган кызматы калк арасында унутулбай келатышы - Максүт болуштун эки заманга туш келген өмүрү текке кетпегенин билдирет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG