Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:22

Польша Беларус менен чек арасын бекемдөөгө 2,55 миллиард доллар бөлөт


Польшанын Беларус менен чек арасы.
Польшанын Беларус менен чек арасы.

Польша Беларус жана Орусия менен чек арасын “эч ким өтө алгыс” кылып бекемдөөгө, ал жактагы коопсуздугун камсыздоого 10 миллиард злотый (2,55 миллиард доллар) сарптай турганын 18-майда өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск билдирди.

Анын айтымында, «Чыгыш калканы» деп аталган долбоор алкагында чек арада «ыктымал душман өтө алгыс боло тургандай» тилке түзүлүп, аскердик жактан бекемделет.

Польшанын чыгыш тарабында Беларус менен чек арасында 2021-жылдан бери миграциялык кризис уланууда. Жүздөгөн, айрым учурларда миңдеген мыйзамсыз мигрант Европа Биримдигинин аймагына ошол тилке аркылуу өтүүгө аракет кылган окуялар катталган. Польша бул үчүн орус жана беларус бийлигин «шыкакчы болууда» деп айыптап келет.

Быйыл апрель айында Польша менен Беларустун ортосундагы чек арада мигранттардын Европа Биримдигине агымы рекорддук санга жеткен – бир айда 5500 киши катталган.

Польшанын буга чейинки өкмөтү Беларус менен ортого 400 миллион долларга дубал курууну сунуштаган. (RK)

XS
SM
MD
LG