Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:29

Түркия Кыргызстандын жолуна түшөбү?


Түркиялыктар
Түркиялыктар

Узап бараткан аптада дүйнөдө эмне болду? Эл аралык медиага сереп салабыз.

Түркия Орусия, Кыргызстан, Венгрия жана Грузиянын жолуна түшүп, чет элдик агенттер тууралуу талаштуу мыйзамдын өз версиясын кабыл алууну караштырууда. Global voices сайтында 16-майда жарык көргөн макалада долбоор депутаттар жайкы каникулга тарай электе, 1-июлга чейин парламенттин кароосуна сунуш кылынары айтылат.

Материалдын автор Арзу Гейбуллаева жазгандай, мыйзамдарга “тыңчылык” деген түшүнүктү кеңейткен түзөтүү аркылуу “чет өлкөнүн таасириндеги агент” деген адамдарды кылмыш жообуна тартууну көздөп жатышат. Укук коргоочулар бул мыйзам сөз эркиндигине каршы багытталганын жана жарандык коомду бутага алууну актаган дагы бир куралга айланарын айтышат.

Полиция Стамбулдагы жүрүштү чагылдырган кабарчыны кармап жатат. 26-июнь 2021-жыл (иллюстрация)
Полиция Стамбулдагы жүрүштү чагылдырган кабарчыны кармап жатат. 26-июнь 2021-жыл (иллюстрация)

Журналист ушундай жалпы мүнөздөмөдөн кийин кептин бардыгы майда деталдарга катылганын белгилейт.

Анын маалыматына караганда, 4-майда Түркиянын чалгындоо кызматы “Тыңчылык деген эмне?” деген аталыштагы ролик жарыялаган. Видеодо чет мамлекеттердин тыңчыларына билип-билбей көмөктөшүү кылмыш болуп эсептелери эскертилген. Бир нече күндөн кийин эле башкаруудагы "Адилет жана өнүгүү" партиясы (АК) парламентке соттук реформанын жаңы пакетин сунуш кылды. Ага ылайык, беренелердин бирине “чет жактын таасириндеги агент” деген терминди киргизүү каралган.

Автор медианын эркиндиги чөйрөсүндөгү эксперт Гүркан Өзтуранга шилтеме кылып, бул термин партиянын аткаминерлерине тааныш болгонун, алар бийликти сындагандарды ошентип эле атап жүрүшкөнүн жазат. “Ошентип, бул сунуш жарандардын өз оюн эркин билдирүү укугун бутага алган, репрессивдүү мыйзамдардын тизмесин толуктаган долбоор”, - деген бүтүмгө келет эксперт.

Буга үндөш билдирүүнү “Чек арасыз кабарчылар” уюму да жасаган. Уюм асыресе түзөтүү чет өлкөлөрдөгү түрк жарандарына да жайыларына көңүл бурат.

Долбоордо мыйзамды бузгандарды абакка кесүү, өмүр аягына чейин эркинен ажыратуу каралган.

Гейбуллаева түрк журналисти Жеран Баярдын DW агенттигине берген интервьюсун мисал келтирет. Ал жаңы жобо медиа кызматкерлерин гана эмес бийликти сындаган жарандарды да жазага тартууга жол ачарын айткан. Журналист кайсы бир жергиликтүү уюм өкмөттү же мамлекетти сындаган баяндама жарыяласа, алар башка өлкөдөгү донорлордон каржы алса, аларды "чет элдик агент" деп айыптоого өбөлгө түзүлүшү мүмкүн деп түшүндүрөт.

Ал эми адвокат Керем Алтыпармак чечмелегендей, түрк жараны интернетте эркиндик, демократия же Түркиядагы адам укуктары жөнүндө ой бөлүшсө, ал пикирден кийин эл аралык коомчулук өлкөдөгү абалды сындаса же айыптаса, ал киши да "агент" болуп калышы ажеп эмес.

Макалада ошондой эле түрк бийлиги буга чейин кабыл алган адам укуктарын чектеген бир катар мыйзамдар тууралуу кеп болот. Алардын арасында жалган маалымат таратууга каршы жобо бар. Түркиянын юстиция министри Йылмаз Тунчтун айтымында, азыркы мыйзамдар жетишсиз, ал эми жаңы долбоорду иштеп чыгууга “соттор, прокурорлор жана катардагы жарандардан” түшкөн өтүнүчтөр түрткү болду.

Бакунун Жаңы Каледониядагы тополоңго тиешеси барбы?

Бир нече күндөн бери Франциянын карамагындагы Жаңы Каледония административдик аймагы тополоңдордун кучагында калды. Тынч океандагы аралдарда жашаган элдин козголушуна шайлоо кодексине алымча-кошумча киргизүү сунушу түрткү болду. Муну менен катар франциялык маалымат каражаттары сырткы күчтөрдүн, атап айтканда Азербайжандын ыктымал кийлигишүүсү тууралуу жазышууда.

Жаңы Каледониядагы нааразылык акциясы. 16-май 2024-жыл
Жаңы Каледониядагы нааразылык акциясы. 16-май 2024-жыл

Le Monde 16-майда жарыялаган макалада француз өкмөтү Бакуну архипелагдагы кырдаалды курчутуп жатканы үчүн айыптаганын, Азербайжандын буга чейинки дестабилдиштирүү кампаниясындагы ролу талашсыз болгону менен бул жолку чыңалууга катыштыгы күмөн санатарын баяндаган.

Дамьен Лелу материалын “Жаңы Каледониядагы тоз-тополоңду кайсы бир деңгээлде Азербайжан көзөмөлдөп жатабы?” – деген суроо менен баштап, Франциянын ички иштер министри Жералд Дарманендин айткандарына шилтеме кылат. “Бул ойдон табылган нерсе эмес... Тилекке каршы Каледониянын эгемендигин жактаган айрым лидерлердин Азербайжан менен келишип алганы талашсыз”, - деп айткан министр France 2 телеканалынын эфиринде.

Журналист Баку бир нече айдан бери Жаңы Каледониянын иштерине тикелей же кыйыр аралашып жатканы калетсиз деп эсептейт. Radio France белгилегендей, канак (аралдардын түпкүлүктүү эли - ред.) жикчилеринин марттагы демонстрацияларында азери желектери байкалган, сыягы аларды “Бакунун демилгелүү тобунун” таасири менен көтөрүп чыгышкан. Бир жыл мурун түзүлгөн топ Франциядагы “колониализм жана неоколониализм менен күрөштү колдоону” максат кылат. Аны түзүү конференциясына Мартиника, Гвиана, Корсика, Жаңы Каледония жана Француз Полинезиясынын (Франциянын метрополиядан сырткары жайгашкан департаменттери - ред.) өкүлдөрү катышкан. Топтун төрагасы Аббас Аббасов марттагы толкундоого тиешеси жоктугун айтып келгени менен демонстранттар ошол уюмдун эн белгиси тартылган футболкаларды кийип жүрүшкөн.

Лелу Азербайжандын изи буга чейин да байкалган деген окуяларга токтолгон. Мисалы Франциянын атайын кызматы билдиргендей, былтыркы жылдын этегинде өздөрун журналист деп атаган азербайжандык эки аял Жаңы Каледониянын борбор шаары Нумеага барган. Ошол маалда аймакта француз коргоо министри Себастьен Лекорню жүргөн. Europe 1 телеканалы чалгын кызматындагы булактарга таянып кабарлагандай, ал аялдар Бакунун коопсуздук кызматы менен кызматташканы аныкталган. Бирине архипелагга кирүүгө уруксат берилген эмес, экинчиси Азербайжандын мамлекеттик кабар агенттигине эгемендикти талап кылгандардын нааразылык акциялары тууралуу макалаларды жазып, Францияны катуу сындаган.

Журналист андан ары улантып, Баку бир жылдан ашуун Франциянын аброюна көлөкө түшүрүү аракетин көрүп келатканын талдаган. Андай аракеттер арасында Париждеги жайкы Олимпиаданы бойкоттоого чакырган жалган маалымат таратуу кампаниясы аталат. Ошондой маалыматтарды тараткан ресурстар бир нече күн мурун Жаңы Каледониядан тартылган делген монтаждалган сүрөт жарыялашкан. Анда эки ак полиция кызматкери өлгөн канактарды мылтык менен мээлеп турат. Сүрөткө байланышкан постторду азербайжанчыл түйүндөр уюштурган 4000 аккаунт жарыялады. Кеп болгон булактардын Баку менен байланышын аныктоо мүмкүн эмес, - деп кошумчалайт автор.

Анын айтымында, Франция менен Азербайжандын мамилелери былтыр Баку Тоолуу Карабакта армениячыл жикчилдерге каршы операция жүргүзгөндөн бери кескин начарлап кетти. Париж Еревандын жакын өнөктөшү экенин эске салган журналист ортодогу чыңалуудан улам өткөн айда Франция Бакудагы элчисин чакыртып алганын жазат. Азербайжан тараптын Францияга каршы дезинформация өнөктүгүнө тиешеси бар, ички иштерге кийлигишип жатат деген дооматтарды четке какканы белгиленет.

Андан ары баяндалгандай, Бакунун Жаңы Каледониядагы башаламандыкка таасири жана ал окуялардагы ролуна байланышкан суроолор ачык кала берүүдө. Лелу сырттан аралашуу кризистин чырагына май тамызышы мүмкүн, бирок биринчи кезекте козголоңго ички маселелер түрткү болду деген пикирин ортого салат. Андай тышкы күчтөр арасында Азербайжандан башка Орусия дагы болушу ыктымал. Мындай ойго орусиячыл активисттердин, сайттардын жазгандары жем таштайт. Макалада француз бийлиги кийлигишүү жана түрдүү манипуляцияларга алып келбеши үчүн Жаңы Каледонияда кыйталык ТикТок платформасына тыюу салганы, бирок дестабилдештирүү кампаниясынын чоо жайы айтылбаганы белгиленет.

Микерина пирамидасы
Микерина пирамидасы

Байыркы пирамидалардын жанындагы дарыянын табышмагы

Окумуштуулар Нил дарыясынын миңдеген жыл мурун пирамидалардын жанынан агып өткөн жаңы бир айрылышын таап алышты. Бул ачылыш байыркы Египеттеги пирамидаларды куруунун жандырмагын табууга жардам бермекчи. Ажанс Франс Пресс (AFP) агенттигинин кабарчысы Жюльет Колиндин жазганы боюнча дарыянын 64 чакырым айрылышы пирамидалардын белгилүү Гиза комплексин аралап акчу. Өзөн миңдеген жыл бою чөлдүн жана айдоо аянттарынын астында жашырылган.

Изилдөөчүлөр дарыянын жакындыгы Нил өрөөнүндөгү ээн жерде 31 пирамида каз-катар тургузулганын түшүндүрөрүн айтышат. Алар 4700-3700 жыл мурун курулган. Буга чейин чоң-чоң таштар кантип ташылганы табышмак болуп келген.

Байыркы Египеттин борбору Мемфистин жанындагы тилкеде Хафра, Хеопс жана Микерина пирамидалары орун алган. Гиза комплексиндеги Хеопс – байыркы дүйнөнүн жети кереметинин биздин доорго чейин сакталып калган жападан жалгыз жайы.

Археологдор байыркы египеттиктер эбегейсиз курулуш материалдарын суу жолдору менен ташыганын болжолдошкону менен “дарыя кайсы жерде акканын, канчалык чоң экенин так айта алышчу эмес”, - деп чечмелейт Түндүк Каролина Уилмингтон университетинин кызматкери, изилдөөнүн жетекчиси Эман Гонейм.

Макалада айтылгандай, окумуштуулардын эл аралык тобу бул ачылышын радиолокациялык спутник сүрөттөрүнүн жардамы менен тапты. Аны Ахрамат деп аташты. Арабчадан которгондо “пирамида” дегенди билдирет. Алар дарыяны 4200 жыл мурун башталган катуу кургакчылыктан тарта бара-бара кум көмүп калганын боолголошот.

Фараондордун сөөктөрү коюлган пирамидалар, мындай чоң жана түбөлүк эстеликтерди куруу тарыхтын эң чоң табышмактарынын бири бойдон калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG