Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:17

Шамурзин кыргыз мамлекетин эки ай гана башкарган


Султанкул Шамурзиндин өздүк документиндеги сүрөтү.

Султанкул Шамурзин кыргыз мамлекетинин башчысы болуп 2 ай гана иштеген. Башка катарлаштарындай эле совет кыргыз жетекчисинин тагдыры кайгылуу аяктаган. Сталин өзү кол койгон жалаң атылчулардын тизмесине киргизилип, 1938-ж. 5-ноябрында жок кылынган. Сөөгү 1991-жылы табылып, “Ата-Бейитке” коюлган.

Кайрандарды кайткыс сапарга ташыган “полуторка”

Султанкул Шамурзинден калган жалгыз туяк, айтылуу опера ырчысы Эрнест Шамурзин 5-ноябрды ак жеринен атылып кеткен атасын эскерүү күнү кылып алган.

“Ата-Бейитте” сталиндик канкорлордун колунан курман болгон кыргыздын мыктыларынын катарында жаткан атасын эскерип, улам алыстап калып бараткан оор күндөрдү, “эл душманынын” баласы катары кодуланып, кыйынчылыкка туш келген балалыгын, катаал учурду эстейт:

Атамды көргөн эмесмин. Мен Орок айылында турам. Андан шаарга келатканда шаардын “Түштүк көрүстөнүнөн” өтүп Чоң-Арыкка киргенде чоң жол менен атамды “полуторкада” алып кетип атышканын дайым эстейм.

- Менде атамдын техникумду бүткөн кезиндеги чоң сүрөтү гана бар. Атам атылганда мен үч айлык бала экемин. Атамды көргөн эмесмин. Мен Орок айылында турам. Андан шаарга келатканда шаардын “Түштүк көрүстөнүнөн” өтүп Чоң-Арыкка киргенде чоң жол менен атамды “полуторкада” кантип алып кетип атышканын элестетем. Атам Сталиндин кабыл алуусунда болгон. “Эми бара бер, иште” деп жөнөтүшкөн. Анан кайра келе жатканда мобуреки жаңы вокзалда аны кармашкан, жок кылышкан. Бул жерде душмандары болгон да.

Атамдар кедей кишилерден болушкан. Ал Кочкордон качып келип техникумга кирген. Аны бүткөндөн кийин түштүктө “Ийри-Суу” деген колхозбу, совхозбу – ошого жетекчи болуп барыптыр. Ал жерден бул жакка чакырышып, бул жерде алты ай биринчи катчы болгон экен. Анан атылып кетти, 137 кишинин ичинде. “Ата-Бейитке” 7-ноябрь күнү барабыз. Ушул күн атылгандарды расмий эскерүү күнү болуп калбадыбы.

Мен кийин метрика алганы барсам фамилиям Шамурзин болуп жүргөн экен, ошондон Шамурзин болуп калдым.

Шамурзинге төрөлгөндөн үч айдан кийин атасы атылып, 1957-жылы акталганга чейин кандай оор учурларды башынан кечиргенин эстеш аябай эле оор.

- Атамдан эч нерсе калган жок. Бир сүрөтү бар эле, ошону чоңойтуп жасап койгонбуз. Андан башка эч нерсе жок. Атамдан мен эле калдым. Азыр менден башка эч ким жок. 33 жашында Кыргызстандын чоңу болуп, алты ай гана БАКтын төрагасынын милдетин аткаруучу болгон.

"Ата Бейит" мемориалы.
"Ата Бейит" мемориалы.

Султанкул Шамурзиндин өмүр баянында 1906-жылы Бишкектин түштүк-батыш ыптасындагы Орок деген айылда төрөлгөнү, жетишпеген турмуштун айынан кара жумушка эрте тартылып, 1915-1922-жылдары байларга жалданып иштегени маалымдалат. Башталгыч билимди ошол кездери алган.

Султанкул Шамурзиндин жалгыз уулу, айтылуу опера ырчысы Эрнест Шамурзиндин айтуусунда, алардын жердиги Кочкордон:

- Кочкордон келип техникумга өттү деп атпаймбы. Атам бүткөн техникумда кыргыздын мыктыларынын баары окушкан. Канча мыктылар болушкан! Менин бир эле карындашым бар болчу атамдан, апаларыбыз башка. Атамдын биринчи аялы Рысбүбү Курманова деген аял болгон. Уруубуз саяк. Шамурза өзү чоң атам Солтонкул мырзанын уулу. Мен чоң апамды көрүп калдым. Мени аябай жакшы көрчү. “Сөкөмдүн баласы” деп эле турчу. Атам чоң болгондо турмушу жакшы болгон окшойт. Чоң энем мени көргөндө эле ыйлачу, жарыктык. Чоң энем Ажар, атамдын апасы.

Султанкул Шамурзиндин өмүр баянынан белгилүү - алгач ал айыл чарба техникумуна келип кирип, кийин окуусун педагогикалык техникумдан улантып, 1925–29-жылдары Бишкектеги айтылуу педагогикалык техникумду бүтүргөн.

Тез-тез алмашылган кызмат тепкичтери

Окууну бүтөрү менен Билим берүү эл комиссарлыгында усулчу, андан соң шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп, 1932-жылдан тартып партиялык ишке тартылып, партиялык комитеттин үгүт-насаат бөлүмүн жетектеп калган. Ал кезде жаңыдан партиялык ишке тартылган адистердин текши баары дайындалган жумушунда ашып барса бир-эки жыл, көбүнесе кыска убакыт ишке дайындалып, ал жердеги жумушуна көнүп-көнө элегинде кызмат ордун алмаштырып турушкан.

Султанкул Шамурзиндин өмүр баяны да ошол кездеги курбалдаштарынан эч айырмаланбайт. Саясий документтер архивинин жетектөөчү адиси Айнагүл Табышеванын айтымында, ал кездеги коммунисттик бюрократия кадрларды тез-тез алмаштырууну өнөкөткө айландырып алган:

Мынабу жерде 64-протоколдун көчүрмөсү бар. Партколлегия “исключить из партии” деп турат, бирок эмне себептен партиядан чыгарылганы айтылган эмес.

- Ошол кезде кандайдыр чагым кеп болгон го деп ойлойм. "Бир нерсеге кирип кетти" же "каршы чыкты" деген деле эч нерсе жок, бирок бат-баттан которуп турушкан. Мынабу “өздүк ишинде” кызматтан кызматка которулушу боюнча буйруктар, протоколдор бар. Мисалы, мынабу жерде 64-протоколдун көчүрмөсү бар. Партколлегия “исключить из партии” деп турат, бирок эмне себептен партиядан чыгарылганы айтылган эмес. Ал эми өмүр баянында төрөлгөнүн, атасынан эрте жетим калганын, энесинин колунда тарбияланганын, байлардын колунда иштегенин, окууга өткөнүн – ушуларды жазган.

Мында Шамурзиндин айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалганы тууралуу Белоцкийдин колу турат. Шамурзин 1928-жылдан баштап партиянын мүчөсү болгон. Байлардын колунда иштеп, атасынан эрте ажырап, 1921-жылы интернатка кабыл алынып, андан айыл чарба техникумуна, андан Алматыдагы пединститутка, андан 1925-жылы Кыргыз автоном облусунун жаштары окуган Бишкектеги педтехникумга которулган. Аны бүткөндөн кийин шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Кызмат тепкичтеринен ыкчам көтөрүлгөн Султанкул Шамурзин 1936-жылы июлда Компартииянын кыргыз обкомунун айыл чарба бөлүмүнүн башчысынын орун басары, анан башчысы, кийинки жылдын октябрында Кыргыз ССРинин Борбордук аткаруу комитетинин убактылуу төрагасы (парламент спикери) болуп дайындалып, бирок эки айдан кийин саясий айыптоолордун айынан кызматынан алынып, партиядан чыгарылат.

Султанкул Шамурзин 1938-жылдын башында камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган. 1957-жылы акталган.

40 жылдык эмгеги татыктуу бааланбаган ырчы

Эрнест Шамурзин Евгений Онегиндин ролунда.
Эрнест Шамурзин Евгений Онегиндин ролунда.

Султанкул Шамурзиндин аты 1991-жылы “Ата-Бейит” ачылгандан бери арбын аталып, анын кылган иштери эскериле баштады. Уулу Эрнест Шамурзин 33 жашында атылып кеткен атасы тууралуу маалыматты жакындарынан гана угуп, кыйла жылдар “эл душманынын” баласы катары жашырын-жабык куугунтукталып келди.

40 жылга жакын Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында иштеп, бир топ ролдорду кемелине келтире аткарганы менен маданият тармагын жетектегендер таланттуу ырчыга "республиканын эл артисти" наамын ыраа көрбөй коюшунун себеп-жөнүн мындан башка жагдай менен түшүндүрүш кыйын.

“Эл душманынын” бала-чакасын кодулоо социализм тарыхый аренадан жылмышып түшкөнгө чейин ачык-тымызын уланып келбедиби. Эрнест Шамурзин ырчылык таланты атасынан өткөнүн, катаал замандын курмандыгына айланган жакын адамын дайым эстей турганын айтып, репрессия курмандыктары тууралуу көп айтылыш керек деп эсептейт.

- Мени “эл душманынын баласы" деп келишти. Евгений Онегинден тартып 40 партияны аткардым. Орус, кыргыз, Батыш Европа тилдеринде ырдадым. Ошону баалашкан жок. Атам 33 жашында 137 кишинин ичинде атылып кетти.

Султанкул Шамурзин өмүр баянында Узбеков, Султан, Ашыр деген байлардын малын бакканын, атасы 1918-жылы каза болгонун жазган.

Султанкул Шамурзиндин өздүк иши.
Султанкул Шамурзиндин өздүк иши.

​"Атамдын үч бир тууганы бар эле, анын бирөөсүнөн башкасынын көзү өтүп кетти. Ал азыр "Орок" колхозунда турат. Ата-энем ушул жерде Аламүдүн районундагы жерде мурдагы Канаев селсоветинде турушчу. Атам өлгөндөн кийин апамдын колунда өстүм.

1915-жылдан тартып ар кыл байлардын колунда жалданып иштедим. Узбековдордун, Мирзабайдын, орус кулагы Иван Сапожниковдун жана башкалардын ишин кылдым.

1915-жылдан 1919-жылга чейин байлардын колунда иштедим, жайында иштейм, кышкысын окуйм. 1921-жылы кышында интернатка кабыл алындым. Андан айыл чарба техникумуна өттүм”, - деп жазган Султанкул Шамурзин.

Ал Айыл чарба техникумунан Алматыдагы Педагогикалык институтка өтүп, андан Бишкектеги Борбордук педтехникумга которулуп, 1929-жылы жогорку билимге ээ болгон. Андан кийинки жети жылын билим берүү, партиялык жана мамлекеттик кызматтарга арнаган.

1938-жылы кыргыздын 33 жаштагы азаматынын өмүрүн сталиндик кандуу жазалоонун огу кыйган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG