Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 19:22

1937: Базаркул Данияров баш сөз жазганы үчүн жазага тартылган


Базаркул Данияров (1897-1942), кыргыз агартуучусу

1930-жылдардагы сталиндик алааматтуу жазалоолорго жазыксыз кабылгандардын бири - Базаркул Данияров (1897-1942) болгон. Кыргыз агартуучусу тууралуу чакан баянды сунуштайбыз.

Кыргыз агартуучусу Базаркул Данияров 1897-жылы Кеминдеги Чоң-Кайыңды айылында оокаттуу кишинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Данияр Байбото уулу өз уруусундагы таасирдүү төбөлдөрдөн болгон. 1916-жылкы Үркүндө Базаркул ата-энесинен, Иман деген инисинен ажырап, Батыш Кытайдан туулган жерине кайтып келет.

“Бай-манап көрсөң камагын”

Совет бийлиги тушунда Базаркул Данияров Ташкендеги агартуу институтунан билим алып, жаңы бийликтин маданий курулуштарына активдүү катышат.

1930-жылдары агасы Бакир кулакка тартылып, 1937-жылы өзү камакка алынып, экөө тең сталиндик ГУЛагдан кайтпай калышат.

Базаркул Данияров 1942-жылы Орусиянын Свердловск облусундагы саясий камактагылар түрмөсүндө каза болгон.

Кыргыздын туңгуч агартуучуларынын бири Базаркул Данияровдун өмүр жолу Октябрь революциясына чейин эле билимге ээ болуп, жаңы бийликке жан-дили менен кылган, 1930-жылдары күчөп кеткен сталиндик кандуу жазалоонун курмандыктарына чалынган курбалдаштарынан анчалык деле айырмаланбайт.

Айрым маалыматтарда анын төрөлгөн учуру катары 1895-жыл көрсөтүлөт. Бирок да көпчүлүк маалыматтарда ал 1897-жылы төрөлгөнү, жарык дүйнөгө келген жери Чоң-Кеминдин Кайыңды айылы, атасы Данияр Байбото уулу оокаттуу адам болгондугу, уруусундагы таасирдүү кишилерден экени айтылат.

Айылындагы Шабдан ачкан мектептен окуп, совет бийлиги келгенче эле кат-сабаты ачылган, жаңы заманды чочуркабай кабыл алып, анын жамы журтту туташ сабаттуулукка жеткирүү демилгесин колдоп, ага болгон аракетин жасаган улуу агартуучулардын бири болгон.

Ташкендеги казак-кыргыз агартуу институтун 1924-жылы аяктагандан кийин Жалал-Абад менен Ошто мектептер ачып, мугалимдик кылып, билим берүү бөлүмдөрүн жетектеп, Бишкекке кайтып келген соң, Борбордук педагогикалык техникумда окуу бөлүм башчысы, директору болуп иштеген.

Ага улай Ташкендеги кызыл профессура институтунан окуп, илимий иштерге аралашат.

1926-жылкы латын арибине өтүү маселесин козгогон Бакудагы илимий конференцияга катышып, илимий кызматкерлердин республикалык секциясын башкарат.

1920-жылдардан тарта кыргыз эл оозеки чыгармачылыгын жыйноо ишин уюштурат.

Илимий-практикалык иштер менен алпурушуп жүргөн кезинде камакка алынып, 1942-жылы Орусиянын саясий камактагылар абагында каза тапкан.

Сталиндик кандуу жазалоонун жаалы азыноолок кайткан тушта, 1959-жылы акталып, социализм акыркы күндөрүн санап турган горбачёвдук “кайра куруу” кезинде – 1990-жылы КПССтеги партиялык мүчөлүгү калыбына келтирилген.

Агартуу иштерине баш-оту менен берилип, саясий кине, айып коюуга эч бир негиз бербеген иште жүрүп, Базаркул Данияровдун камакка алынышына эки жагдай себепкер болгону айтылып келет. Биринчиси, анын Өктөбүр ыңкылабына чейинки эл бийлөөчү таптын өкүлүнөн болгондугу. Ушул негизге таянып 1916-жылкы Үркүн азабынан өлгөндөн калган Даниярдын чоң уулу Бакир кулакка тартылып, Сибирде жок болот. Анын сегиз баласын бутуна тургузуу түйшүгү Базаркул Данияровго жүктөлгөн. Агасы камалгандан беш жыл өткөндө өзү камакка алынып, беш жылдан кийин Уралда каза болуп отурбайбы.

Базаркул Данияровдун камакка алынышына себеп болгон экинчи жагдай катары анын Касым Тыныстановдун 1925-жылы Москвадан жарыкка чыккан ырлар жыйнагына жазган баш сөзү, улуу инсанды жактоочулардын бири болгондугу белгиленип жүрөт.

Ал баш сөздө буржуазиячыл улутчул дегенге негиз берчү кылдай күнөөнү табыш кыйын. Репрессия азгырыгына арбалып калгандар үчүн бул маселе анчалык деле тоскооол болгон эмес. Алар үчүн улут каймактарын бир четтен жок кылуу, мыктылардын көзүн тазалоо максаты турган.

Аида Кубатова
Аида Кубатова

Агартуу системасынын тарыхын изилдеген окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатованын ырасташынча, жазалоо механизми алдында улут кызыкчылыгы деген маселе турган деле эмес.

- Башында "кулактар" деп колунда бар бай адамдарды бир сыйра жок кылса, кийинки саясий террор интеллигенциядан башталган. Алардын катарында Базаркул Данияров да бар. Ал абдан билимдүү, интеллигент киши болгон. "Касым ырларына" баш сөзүндө анын казакча ырларын ошол боюнча эле калтырдык дейт. Кийинки ырларынын көркөмдүгу артып жакшырганы байкалып турат, дейт.

Ошол кириш сөздө татар, казак тилинен кирген сөздөр бар. Октябрь ыңкылабына чейин билим алган муунду бириктирген казак, татар тилдери болгон. Мында жалгыз эле кыргыздарды карабашыбыз керек.

Касым Тыныстанов ошол ырлары үчүн аябай куугунтукталган. Анын ичинде “Алашка” деген ыры бар. Ошондон да кыйкым табышып, “Алаш” партиясынын мүчөсу болгон үчүн делип кармалып кеткен. Базаркул Данияровду камакка алууга шылтоо анын “Алаш ордо” партиясына мүчөсү болгондугу. Мына быйыл ошол партиянын 100 жылдыгы болуп жатат. Казак-кыргыз интеллигенциясынын биргелешкен аракетин айтсак жакшы болмок.

Баш сөздүн баркы

Улут адабиятынын туңгуч китеби кандай шартта, ким тарабынан жазылып жатканы, алгачкы китептин ийгилик-мүчүлүштөрү жайында кыскача кеп болгон. А бирок мына ушул баш сөз Базаркул Данияровду кандай да болсо камакка алып, аны жат тап катары жок кылууну көздөгөндөргө кадыресе себеп болуп берген. Болбосо чоңдор менен жаштардын, өспүрүмдөрдүн сабатын ачыш үчүн окуулуктар жазып, өмүрүн кыргыз элин агартууга арнаган илим адамын жок кылууга андан башка шылтоо таба алышкан эмес.

Жаңы заман адабиятынын баштоо ыкыбалына туш келген Касым Тыныстановдун тун китебине Базаркул Данияров жакшы каалоо-тилектерин билдирип, минтип белгилеген:

“Бул китептеги ырлар 1921-24-жылдардын арасында жазылган. Адепки жылдардагы жазгандары эл ичи төңкөрүш жаңы башталган кездеги агитациялар. Ал кезде калкты үгүттөө жолу ушундай эле. Андан кийин жазылгандары жаш акындын акыл, ою өзгөргөн сайын, түрдүү-түрдүү тилекке урунгандыгын көрсөтөт. «Адам айланасынын кулу», – деген акыйкат. Касымдын ырлары түрдүү убакытта жазылган үчүн, түрдүүчө магнасы бар”.

Кыргыз элинин маданий турмушундагы жаңы ыр китеп чыгып жатышына байланышкан орошон окуянын маани-мазмунун белгилей келип баш сөздүн автору дагы бир оюн ортого салган:

“Касымдын кийинки жылдардагы жазганы өңкөй кыргыз тилинде, абдан сулуу жазылган. Булар тил жагынан кадыры артык. Кийинки ырларында биздин адабиятка моюн суна элек олдоксон тилибиздин болочок адабиятка канчалык чебердиги бар экендиги абдан жакшы көрүнгөн. Касым - жаш акын. Жашы жыйырмадан жаңы ашты. 1924-жылы казак кыргыз институтун жаңы бүтүрдү. Касымдын болочок адабиятка түп салуучунун бири болушуна хам бул китептей эчен китеп жазып чыгарышына биздин ишеничибиз чоң».

Касым Тыныстановдун ал китеби кийин чоң саясий талаштын чордонунда калып, андагы жазылгандардан толгон-токой идеялык каталар табуу, авторуна буржуазиялык улутчулдук менен “Алаш” ордосуна мүчөлүгү күнөө катары тагылары ал кезде эч кимдин капарына келе элек.

Улуттук интеллигенциянын мыкты өкүлдөрү бул кезде билим алуу, кат-сабаты ачыла элек элин ойготуу, илим-билимге жетишүү абыгерчилиги менен жүрүшкөн.

Мугалим түйшүгү: “үйрөтүп жатып үйрөнөм”

Базаркул Данияров усулдук иштерин практика менен бекемдеген нукура мугалим болгон. Республиканын түштүгүндө мектептер ачып, бала окутуп, ага эриш-аркак окуу китептерин жазып, келечекке оголе чоң үмүт артып жашап келген.

Анын шакирттерине мамилеси кандай болгонун, педтехникумда конуп-түнөп сабак берип, жаштарга акыл-насаатын аябай, алдыга үндөп келишин Базаркул Данияровдун ыкластуу шакирттеринин бири айтылуу окумуштуу Зияш Бектенов кийин минтип эскерген:

“Көркөм адабиятка, бизге алгачкы кадамды шилтетип, көркөм дүйнөгө көзүбүздү биринчи ачкан да Базаркул Даниярович болгон эле. «Кооз адабият», «макала», «кабар», «окшош сөз», «жанытма», «фельетон», «очерк», «аңгеме», «роман» «тамсил», «ойдон жазма» (сочинение), «ыр», «поэма», «пьеса», «драма», «комедия», «трагедия», «сын» жана ушул сыяктуу толуп жаткан адабий терминдерди бизге биринчи жолу Базакем окуткан эле. Бизге Базакем сочинениени көп жаздырып, аны үйдөн өзү текшерип келип, эң мыкты жазылгандарын класска келип окуп бере турган. Биздин класстын жазган сочинениелеринен Абдылда Байимбетовдун сочинениесин, орто даярдоо класста окугандардын ичинен Ташым Байжиевдин жазган сочинениесин аябай мактачу. Мына дал ушундай метод менен Базакем биздин балдардын таланттарын курчутуп, алардын кооз адабиятка болгон сезимин ойготуп, ак шумкардай таптаган болучу”.

Зыяш Бектеновдун "Эскерүүлөрү" - баалуу булак.
Зыяш Бектеновдун "Эскерүүлөрү" - баалуу булак.

Зияш Бектенов Базаркул Данияров тууралуу эскерүүсүндө дагы бир маалыматты ортого салат:

“Туркестан республикасынын мезгилинде, 1922-жылы Туркестан эл агартуу Комиссариатынын алдында кыргыздын илимий комиссиясы түзүлүп, анын төрагасы Ишеналы Арабаев, орун басары Базаркул Данияров, мүчөсү Кacым Тыныстанов болот. Ал кезде кыргыз эли Казак Республикасынын составында болгон. Бул комиссиянын алдында коюлган максаты – кыргыздын эл адабиятын жыйноо, «Манас» жомогун Сагымбай Орозбак уулунун оозунан жаздыруу, кыргыз элинин орфографиясын түзүп, алипбээсин жазуу, кыргыздын башталгыч мектептерине окуу куралдарын даярдоо, кыргыз тилинде газета чыгаруунун камын көрүү кыргыз басмасын уюштурууга камынуу, эл адабиятынын айрым үлгүлөрүн басмага даярдоо, оозеки чыгарманы жыйноону улантуу сыяктуу милдеттер болгон. Кыргыз эли 99 процент сабатсыз болуп, караңгылыктын туткунунда уктап жатканда, кыргыз маданиятынын түбүн түптөп, керегесин калап, түндүгүн көтөрүшкөн агартуучу үч окумуштуунун бирөө Базаркул Данияров болгон эле.”

Базаркул Данияровдун агартуучулуктун теориясы менен практикасын эриш-аркак ала жүрүшүн, китеп жазып, жаштарга билим берип, мүмкүнчүлүгү болушунча китеп мааниси менен баркын алдыга сүрөп, бул ишке болгон убакты-саатын кандай жумшаганын агартуу тарыхын терең изилдеген академик Эсенбек Мамбетакунов мындайча сыпаттайт.

- Бул киши 1916-жылкы Үркүнгө катышкан, Шабдан мектебинде, Токмокто, Верныйда окуп билим алган. 1919-жылдан 1924-жылга чейин Ташкендеги эл агартуу институтун окуп бүтүргөн абдан билимдүү адам болгон.

Мына менде Бишкектеги педтехникумду 1930-жылдары бүткөндөрдүн эки бүтүрүүчүлөрдүн альбому турат. Эң ортодо Данияров директор деп турат. Жанында Сатыбалды Нааматовдун сүрөтү, калган мугалимдер башка улут өкүлдөрү экен. Ошондогу иштеринин баалуу, салмактуу экендиги көрүнүп турат. Курсту бүткөндөр арасында Мукай Элебаев, Саткын Сасыкбаев, Касымалы Жантөшев, Ташым Байжиев дагы башка көптөгөн адамдар ошол жылдары окуп, жакшы билим алып чыгышкан экен. Касым Тыныстанов, Кусейин Карасаев, Ишеналы Арабаев, Сатыбалды Нааматовдун аты мамлекеттик университеттерге коюлду. Бирок Базаркул Данияровдун эмгеги эмнегедир айтылбай келатканы мени өкүндүрөт. Ошол учурдагы интеллигенттер тууралуу биз көп айтып, эскерип турушубуз керек деп ойлойм.

Кыргыз маданияты, анын ичинде тили менен адабияты үчүн чын дилден күйгөн башка улут өкүлдөрү да куугунтукка кабылган. Алардын арасынан өзгөчө орун орус илимпоздору Евгений Поливанов менен Константин Юдахинге таандык.

Константин Кузьмич Юдахиндин бир тууган агасы Петр Кузьмич Бишкектеги педагогикалык техникумдун директору, Базаркул Данияров окуу бөлүмүнүн башчысы катары убакты-саатынын баарын сапаттуу билим берүүгө жумшап, кыргыз интеллигенциясынын бүтүндөй бир муунуна мыкты билим берген.

Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда кыргыздын агартуучусу Базаркул Данияровдун (1897-1942) өмүрүнө жана ишмердигине арналган студенттик илимий жыйын болду. 16.5.2015.
Ош мамлекеттик педагогикалык институтунда кыргыздын агартуучусу Базаркул Данияровдун (1897-1942) өмүрүнө жана ишмердигине арналган студенттик илимий жыйын болду. 16.5.2015.

Сталиндик жазалоолор Базаркул Данияровдун шакирттерин да чарпып, Тазабек Саманчин, Зияш Бектенов, Ташым Байжиев согуштан кийин камакка алынган.

Ташым Байжиев Карагандыда саясий камактагылар абагында каза болуп, Тазабек Саманчин менен Зияш Бектенов өмүрү өткөнчө өкүмзор бийликтин кысымы алдына жашашкан.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG