Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Словакия өкмөтү Фицонун абалы оор, бирок өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирди


Роберт Фицо. Архивдик сүрөт.
Роберт Фицо. Архивдик сүрөт.

Словакиянын премьер-министри, төрт күн мурда кол салууга кабылган Роберт Фицо дагы эле оор абалда жатканын, бирок өмүрүнө коркунуч жок экенин бүгүн 19-майда өлкөнүн вице-премьери Роберт Калинак билдирди. Анын айтымында, Фицо азырынча борбор калаага которулбайт, анткени абалы оор:

«Биз кооптонуп жаткан эң коркунучтуунун баары артта калды деп азыркы тапта айта алабыз. Абалы жакшы деп айтышыбызга бир кадам болсо да жакындадык. Бирок абалы дагы эле оор, ошондуктан Банска-Бистрица шаарынын ооруканасынын дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп турат. Ал азыр деле интенсивдүү терапияга муктаж. Дарыгерлер жекшемби күнү эртең менен консилиум өткөрүп, бейтаптын өмүрүнө коркунуч жок, бирок эс алып, өзүнө келиши үчүн узак убакыт керек деген тыянагын айтышты».

Борбордук Европадагы калкы 5,4 миллион кишилик Словакиянын премьер-министри, 59 жаштагы Фицого кол салуу 15-майда өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашкан Гандлова шаарында, ал өкмөттүн көчмө жыйынын өткөргөндөн кийин көчөгө чыгып, жол боюнда турган адамдар менен учурашканы барган учурда болгон.

Төрт жолу ок атылганы, кол салуу жакын арадан жасалгандыктан Фицонун жансакчылары аны октон сактап калууга үлгүрбөгөнү маалымдалган. Колунан жана курсагынан жараат алган өкмөт башчыны тик учак менен жакынкы Банска-Бистрица шаарына жеткирип, дароо операция жасашкан.

Бул Европада саясий лидер кабылган 20 жылдан берки алгачкы кол салуу болду.

Фицону аткан киши.
Фицону аткан киши.

Аткан кишинин аты-жөнү расмий жарыялана элек. Бирок жергиликтүү басылмалар ал Левице шаарынын 71 жаштагы тургуну Юрай Цинтула экенин, ыр жазган, түрдүү идеологияны карманган ар кыл саясий уюмдар менен байланышы бар киши экенин жазышты. (RK)

XS
SM
MD
LG