Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:27

Коюнга каткан жарым ай


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нооман Каримов окурман журтуна котормочу, кара сөзчү катары белгилүү.

Анын аңгемелеринде айыл турмушу, карапайым адамдардын мамиле-катнашы көркөм иликтөөгө алынат. Жазуучунун “Жалгыз” аңгемесинде тагдыры татаал адамдын жашоо-тирлиги, өмүр күзүндөгү асирет-арманы баяндалган.

Бет аарчыдай жерди көксөө

Айылда эч кимге зыяны жок момун Козубай деген чалдын там аркасына кошунасы көз артып, бу жаңылык көпчүлүккө ыкчам тарайт. Жер деген Козубайдын жаны, бул тирүүлүктөгү жападан-жалгыз ырахаты болчу. Андан ажыраса Козубай жашоо-турмушундагы чоң таканчыгынан ажырап, өмүрү маанисиз болуп калмак. Козубай там аркасындагы жерин талашып ачык чыкпайт, уккан жаңылыгына карата бугун үйүнө келгенден кийин чыгарат. Башка айласы деле жок болчу. Жандай көргөн байбичеси жалган дүйнөнү таштап кеткен. Жалгыз үйдө Козубай гана калган.

“- О жараткан! Бет аарчыдай жеримден бөлөк эмнем бар эле менин бул жалган дүйнөдө, ыя?! – деп өңгүрөп ийди. – Же артымда калчу туягым болбосо. Мен тирүү жан болбой эле эчак арбак болуп калганымды колхоз билбейт бекен, же?.. Ушуну Чотбайдан көрөм деп жети уктап түшүмө кирсе өлөйүн…”

Козубай карынын антип өңгүрөп, арманын төрт дубалга айтып отурушунун да жөнү бар. Кемпири экөө бала деп зар какшаса да тилеги орундалбай, байбичеси акка моюн сунгандан бери мээнеткеч кары жалгыз тирдигин улантып калган. Анын керелден-кечке эрмеги там арка жери болчу. Тагдырдын тамашасы аз келгенсип, минтип өмүр күзүнө келип калган карынын алакандай жерине кошунасы көз артып, заманасы куурулуп отурат. Бөксө турмушунда жарым кашык үмүтү ошентип үзүлүп атыры. Жер анын жалгыздыгын билгизбей, мээнеткеч чалды алаксытып турчу, дем берчү. Ошо жеринен ажырап каларын чал мурда ойлогон эмес. Социализм заманында жер колхоздуку болчу.

Күйүттүү кары көзү өтүп кетсе артынан ыйлап турчу баласы жоктугун ойлоп кемпирине, андан соң өзүнө аш берүүнү ойлойт. Буга чейин чогулткан мал-дүйнөсүн аянбай чачып, сегиз жандык союп, армандуу өткөн асылын жоктойт. Чогулган эл батасын беришип, үйлөрүнө тарашат.

Козубайдын өзүнө аш берүүсү бир топ этнографиялык жөрөлгөлөр менен коштолот. Кемпирине аш бергенден кийин ал мүрзөгө барып асылынын жанынан жай казат. Көзү тирүүсүндө өзүнө аш берүү кандай? Мында деле мал союлат, куран окулат. Бир өзгөчөлүгү - ашын берип жаткан Козубайды мүрзөгө алып келип, казылган жайына киргизишет.

“Бейитте Козубай өзүнүн мүрзөсүнө киргенде молдо курандын тийиштүү сүрөөлөрүнөн он беш чакты аятты окуп болуп, мүрзөгө жакын олтургандардын бирине:

“Маркум Козубайга үн узат, түбөлүк мекенинен убактылуу конушуна келип даам ооз тийип кетсин”, - деди.

“Козуке, чыга берсеңиз болот экен”, - деген үндү укканда Козубай мүрзөдөн чыгып, оболу молдокенин чөйрөсүнө, анан айылдаштарга кулдугун узатты.

Бейиттен кайткан эл короого жакындаганда алдын-ала дайындалган Козубайдын эки-үч куракташ кемпири кошок айтып кирди. Муну уккан элдин көңүлү чындап эле чөгө түшүп, кудум Козукеден ажырагандай туюлду. Бирок карыя короодо шашкалактап элдин көңүлүн көтөрүп жүргөнүн көрө коюшуп: “Жүрбөйбү… айылыбыздын момуну Козуке…” – деп кубанган эл Козубайдын ашын той-тойлошуп жеп-ичип кетишти…”

Пенде баласынын өмүр турмушундагы өтө эле оор абал деп ушуну айтса жарашат. Артынан ыйлап, өкүрүп эстеп алары жок жалгыз бой адам тирүүлөр арасындагы жөрөлгө, ырым-жырымдарын эртелеп өткөрүшү биралдын айла жоктон чыкса, экинчи жагынан тирүү адамдын өлүмгө каршылыгы болчу.

Ашын бергенден кийин Козубайдын бары-жогу менен эч кимдин иши деле болбойт. Тирүүлөр катарында жүргөнү менен ал эсепке кирбей калган. Карынын көңүлү биротоло чөгүп, эч кимге кошулбай, баарынан четтеп, жума намазга мечитке келгени болбосо, башка убакта үйүнөн чыкпай, акыркы саатын күтөт. Ошентип көңүл чөгөт болуп турган кезде колхоздон ага жер бөлүштүрүлгөнү угулат. Бул жаңылык өлүмгө моюн сунуп, тирүүлүктүн түйшүгүнөн өзүн оолак тутуп калган карыны кадимкидей жандантып иет, бөлүнгөн жер үйүнөн он эки чакырым алыста, Ой-Талаа деген жерде экени деле аны чочулатпайт.

“Козубайдын кубанычы көкүрөгүнө батпай, таң жарышкандан каш карайганга чейин жүгөрүсү менен алек. Анын мусулман кетменинин илеби, ал эми кетмен батпаган түпкө чор баскан сөөмөйлөрү тийбеген бир да түп жүгөрү калбады. Башкача айтканда, отуз сотук тилкенин ар бир түп жүгөрүсүн Козубай өз колу менен бирме-бир сылап-сыйпап, түбүн жумшартып чыкты. Жүгөрү тизеге жетип-жетпей көйкөлгөндө сууну кан-жанындай көргөн өсүмдүктүн нымга муктаж болуп калгандыгы сезилди. Карыя жүгөрүсүн шашпай-нетпей сугарды. Ар бир кулач каныга суу жутмайынча, экинчи кулачка суу өтпөдү. Ошентип отуз сотук жүгөрү аянтын карыя билектей суу менен үч күн сугарды.

“Каныга ичишсин, жаныбарлар, - деп кобурап коёт карыя сууну башка жерге буруп жатып. – Түбүнө жакшы иштөө берсең, үстүнөн көңүлдөгүдөй түшүм күтөсүң. Адам да ошондой: негизи, заты таза болушу керек. Адам баласы көктү эле карап жүрө берсе, сөзсүз мүдүрүлөт. Адам баласы өмүрүн сокурларча кечириши керек: оболу таягың менен басчу жериңди черткилеп, анан кадам шилтесең жаман болбос. Дыйкан да ошондой. Эгер ал бүчүрү тегиз ачылган гүлүнө ишенип коюп салкындап жатып алса, сөзсүз тамырынан мүрт кетет…”

Козубай кары да үч жыл үйдө санаага батып жата берип жерди сагынып калган экен. Бөлүнгөн жерин эрикпей кетмендеп, отоо чөптөн арылтып, анан ал жерге жүгөрү сээп, сугарып маанайын чөктүргөн жаман ойлордон арылып кубаттанып калат. Ээн талаа, тоодон агып түшкөн суу, анан буркураган чөптөр карыянын көңүлүн көтөрүп, жаш кезин эсине салып жиберет. Калбүбү менен ал буралган чөп үстүндө, талаада эмгек кызыган учурда табышып, ошону менен экөө турмуштун буркан-шаркан агымына киришкен.

Табияттын берешен дасторкону

Бир айыбы - сүйүшүп табышкан экөө бала жытына жетише алышпады. Ал үчүн бирин бири айыптап, ажырашып кетүү деле оюна келбептир. "Кудайдын кылганы да" деп тим болуп, жашоо-турмушун уланта беришкен. Элден алыс талаага көчүп чыкканда чалдын көңүлү чындап көтөрүлөт. Анын “акыркы отуз-кырк жылдык өмүрүндө асмандын ушунчалык кең жана кооздугун, ар бир куштун мукам үнүнүн жеке өзүнө таандык мукамдуу кайрыктары бар экенин, сары айгыр жөн эле чымчык болбой, күндөн бөлүнгөн бир чымчым чок экенин, адырлар жансыз бир дөбө эмей эле, элге касиет, ырыс-береке тартуулаган миң бир жандуу мээримдүү алп экенине ишенип”, көңүлү көкөлөйт.

Адам менен табияттын байланышы кандай бекем жана терең экени дыйкандын чор баскан колу, жаратмандык уялаган көкүрөгү аркылуу гана чынга чыгат. Козубай кары өмүрүнүн өксүгүн, жеке керт башынын кайгы-зарын куттуу талаасында толук унутуп, илгери үмүт менен эккен жүгөрүсүн гана ойлоп, андан башка эч нерсе жоктой, дыйканчылыктын кызыгы менен айылын да унутуп коёт. Айылга барыштан бир чети чочулайт. "Бирөөдөн жаман сөз угуп каламбы" деп, бирөөлөрү аяп, экинчилери жактырбаган элет ичинде ал кыйла убактысын үйүндө, анан намаз окуганы мечитке барыш менен гана өткөрүп, жандуу турмуштан өзүн оолак тутуп калган.

“Айрым түндөрү Козубай айылдын отторун көрүп, мечиттин мунарасын түспөлдөп издеп таап, анан алдындагы жепирейген мечитте Курбан, орозо айттарында, жума намаздарда окуган намаздарын эстейт. Ошол намаздардын соңундагы курандын сүрөөлөрүнүн тигил же бул аяттарынын таржымалдарын иликтеп олтурушканычы…

Тилкесинин батышында таштан-ташка чукактана урунуп, күжүлдөгөн чоң суу Козубайдын телевизору да, мукам күүлүү ыры да. Уйкуга да ошол суунун алдейинин коштоосунда камынат, ал. Анын үстүнө, Козубай бала кезинен ачык асманды карап жатканды жакшы көрчү. Эгер тестиер кездеринде жымыңдаган жылдыздардан күлүк же болбосо кооз оюнчук сурап көзү уйкуга чалынса, бозой кезинде – марал сымбат бийкечи Калбүбүнү эңсеп уйкуга бөлөнөр эле. Азырчы, өмүрүнүн соңку жылдарында?.. Мисалы, мына ушул азыр да өзүнүн жалгыз экенин унутуп: “Мен Теңир менен жер-суунун ортосундагы таканчыкмын,- деп жатты ал жылдыздуу асманды тиктеп. – Эгер мен азыр алачыгыма кирип кетчү болсом, жер менен Теңир таканчыгынан ажырап, бир-бирине капталып калат”.

Аңгеменин сюжеттик-композициялык бүтүндүгүн кармап турган мына ушул ой - адам менен табияттын биримдиги чыгармада акыйкатта да мыкты чагылдырылган. Жалган дүйнөнүн ырахатынан кечип, өзүн тирүүлөр арасынан бөлүп салган адамдын унутта калып бараткан ышкы-сезимдери козголуп, өзүн башкача сезе баштайт.

Мунаранын урандысында трактор тырылдап турат

Козубай карыны алеп-желеп кылган сезим жерге, өмүрүн арнап койгон дыйканчылыкка байланышкан болчу. Колхоз башкармасы макул болуп жер бөлүп бербесе күйүткө баткан кары дагы чөгүп, жалгыз үйдө акыркы күндөрүн самап кала бермек. Мына отуз сотук жерге өстүргөн жүгөрүсү тегиз бышып, мээнети текке кеткен жок. Бирок да бир түпөйүл ой аны беймаза кыла берет. Анын себеби чыгарманын аягында ачылат.

“Эмгек дегенде жатып алган карыя эки күн дегенде тилкесин оруп бүтүп, белин түзөп, айыл жакка көз чаптырса, мечиттин мунарасы жок.

“Ийе?! – чочуп кетти Козубай. – Айылды жер жуттубу?..

Козубайдын көзү караңгылашып, орогун ары ыргытып салды да, шар сууну кантип кечип өткөнүн өзү да сезбей, тилкеси менен айылды туташтырчу чоң жолго чыкты. Карыянын артынан жүк машине жетип келип, аны жолдун четине чыгуусун сураганын да байкаган жок. Шопур кабинадан чыгып келип, карыянын чыканагынан тартканда гана ал: “А-а!..” – деп чоочуп ордунда тык токтой калды.

“Олтуруңуз, аксакал, - деди машинени көрсөтүп, - айылга барасызбы өзү?”

“Ооба, ооба, тай, айылга…” – деп шопурдун жанынан орун алды.

Ооба, мунара кулап жатыптыр. Анын урандысынын ортосунда трактор тырылдап турат. Мунаранын как чокусундагы апакай жарым ай мүйүзү менен жерге сайылып калыптыр. Карыя күмүш жарым айга кантип жеткенин, аны жерден кантип көтөрүп койнуна катканын билбейт. Бирок жарым айдын табы жүрөк-боорун жылыта түшкөндө ал кудум көктөн издегенин ушул мечиттин мунарасынын урандысынан таба койгонсуп, кубанычы койнунда бойдон кайра тилкесине жол тартты. Карыянын бул жоругун четтен байкап турган колхоздун активдери карыяны токтоткону ашыгышты. Жок, Козубай өзүнө жеткирбеди, ата-бабалары менен куракташ мунаранын күмүш жарым айы ага кубат берип, куюндай чуркап жөнөдү. Активдерин го билбейм, бирок жаңы эле тырылдап жаткан трактор чүчкүрүп-бышкырып, анан күрс-күрс жөтөлүп, өчтү да калды.”

Козубай эш кылган айылдагы эски мечитти колхоз активдери уратып салышат. Дин анын бекем ишеними болчу. Кан күйгөн согуштан аман келишин, жарыкчылыкта эл катары жашап жатышын ал динге байланыштырып, ата-бабаларынан келаткан ишенимге өзгөчө урмат, ыклас менен мамиле кылчу. Социализм заманында дымактуу атеизмдин арааны күчөгөн чакта ушундай иштер болчу, мечит-чиркөөлөрдү бузуп же чарба жайына айлантып салышчу. Эми анын өмүр бою колдоп келген ишениминен күч менен ажыратышты. А бирок момун чал эски мунарадан калган күмүш айдын кертимин койнуна катып, ошону менен жашап калат. Андан момун карыны өлүм гана ажырата алмак.

Нооман Каримов.
Нооман Каримов.

Нооман Каримов карапайым элет адамынын жашоо-турмушун кыйчалыш кырдаалдарда, катаал сыноолордо көрсөтүүнү жакшы көрөт. Козубайды болсо дин ишеними турмуштан биротоло көңүл калуусунан сактап, жеке тагдыр жолундагы өксүктөргө басылып калбай, пенделик жашоосуна үмүт артып күн кечиришине шарт түзүп берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG