Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:55

Кудай диндин патентин эч кимге берген эмес


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сиздер билгендей "Азаттыктын" сайтына бир нече макалам чыккан. Айрыкча диний мааниде жазганда "менин оюмча" деп жыйынтык чыгарганым бир топ кишилерге жакпады.

Адатта "...сенин оюңдун кереги жок...", "...шариятта кандай жазылса, ошондой болот, cенин оюң бир тыйын...", "Алла баарын билип, качан эле эрежелерин так жазып койгон, сен экөөбүздүн акылыбызга Кудай муктаж эмес...", "...акылды да тизгиндеш керек...", "...чектелүү акылың менен оюңду айта бербе. Күнөөгө батасың..." деген сыяктуу пикирлерди көрүп калам.

Мындай кекеткен эскертүүлөр айрым окурмандардын диний усул тууралуу толук маалыматка ээ эмес экендигин, экинчиден, диний түшүнүктөрүбүз оор чабуулдарга кабылганынан кабар берет.

Азирети пайгамбар дүйнөдөн кайткандан бери кылымдар өттү. Бүгүн диний (исламдык) мааниде ондогон, балким жүздөгөн окуулар, көз караштар пайда болду.

Бирок исламдын негизги булагы болгон Куран менен азирети пайгамбардын сүннөтү ошол эле бойдон турат.

Маселе, ким аны канчалык деңгээлде түшүнүп, ага жете алышында болуп жатпайбы. Мына ушунун негизинде ар кыл окуулар, ой-пикирлер жаралды. Кызыгы анын баары "меники гана туура" дешет. Бул өтө коркунучтуу көз караш.

Тактап айтканда, альтернативдүү, өзгөчө пикирлерге жабык болгон окуу же түшүнүк эч качан өнүгүүгө жол тартпайт.

Ушу күндө кыргызстандык мусулмандардын дээрлик токсон пайызы ишенимде имам Матуридийди, амалда (иш-аракеттерде-ред.) имам Абу Ханифаны ээрчийбиз.

Имам Матуридийдин бизге жеткен саналуу эмгектеринин бири "Китабут Таухидде" ааламдын жаралышы, Алланын сыпаттары, тагдыр, пайгамбарлык, ыйман сыяктуу накта теологиялык маселелер тууралуу кеп кылат, жоромолдойт. Ар бир темадан соң "эң туурасын Алла гана билет", "Катадан толук оолак болуу Аллага гана тиешелүү", "Бүткүл күч, кудурет Аллага гана тиешелүү", "Ийгиликке жетүү Алланын жардамы менен гана болот" деген маанидеги эскертмелер бар. Бул эмнени билдирет?

Илим ээлери диндеги тийиштүү маселелер тууралуу жоромолдогонго укуктуу, бирок өзүнүн оюн гана туура деп таңуулабашы керек дегенди билдирет. Тактап айтканда, улуу имам Матуридий да ал жерде жазгандары өзүнүн ою экенин, балким ал ката болуп калышы мүмкүн экендигин, Курандын аятын же сүннөттү туура эмес жоромолдоп алуу ыктымалдыгы бар экенин моюнга алып, туурасын Кудай гана билерин ачык-айкын айтып жатат.

Имам Абу Ханифага келе турган болсок, ал шакирттери менан ар дайым тең ата мамиледе болгон. Шакирттери анын ой-пикирине каршы чыккан учурда "...Менин оюм ката болуп калышы мүмкүн. Анда сен өз оюңду тастыктаган далилди айт. Эгер туура болсо сенин айтканыңды туура деп кабыл алалы" деген мааниде, накта илимий чөйрөгө жарашкан тариз көрсөткөн. Мындан сырткары, "...эгер устазынын катасын көрүп туруп аны айтпаса, анда ал окуучу адепсиз болуп саналат. Ал эми устаты окуучусунан өз катасын уккан соң аны кабыл кылып, катасын оңдобосо, анда ал устазы да адепсиз болуп саналат" деген сөзү да айтылат.

Мына ошондой усул, тариз менен илимге мамиле кылган доорлордо ислам маданияты канчалык деңгээлге чыкканын тарых барактарынан көрүүгө болот.

Исламга, мусулмандарга мына ушул жарашат. Тилекке каршы, исламды чөктүргөн доорлордо дин ириде саясатка курал болуп келген.

Натыйжада диндин бүгүнкү формасы, тактап айтканда, бүткүл адамзатка бакыт тартуулоого сөз берген, бирок дээрлик эч кимге бакыт тартуулабаган парадоксту пайда кылды. Сөзүнө турбаган, ишенимден чыгып калган кишинин кейпин кийген сыяктуу.

Буга ислам эмес, исламды туура түшүнүүгө аракеттенбеген, эркин ой жүгүртүүгө, илим менен тыгыз байланышта болууга бут тоскон биз, мусулмандар күнөөлүүбүз.

Бүгүн ислам тууралуу "менин оюмча" деп ката кетирип коюшун моюнга алып сүйлөгөн илим адамдарын эмес, Кудай менен пайгамбардын атынан сүйлөгөн, белгилүү бир окууга, түшүнүккө фанат болгон кишилерди баалап, барктап, аларды дээрлик пир тутуп алдык.

Мындай коомдо исламдан бакыт, илимден өнүгүү, жашоодон ырахат күтүү мүмкүн эмес. Мен айтып жаткан пикирлердин дээрлик баары тарыхта айтылган. Мага окшоп ойлонгон аалымдар да жашап өткөн, учурда да бар.

Бирок динди түшүнүүгө бир топ жылын берип жаткан адам катары эч бир киши, аалым, имам, шейх акыйкаттын кепилдиги боло албай тургандыгын ишенимдүү айта алам.

Алсак, Фарабий, Ибн Сина, Абу Ханифа, Матуридий, Газзалий, Ибн Рушд сыяктуу чыныгы аалымдардын илимий гиганттар экенин тарых тастыктап койду. Бирок ушуга карабастан алар айткан бардык нерсе туура дегенге эч бир учурда кошулбадым, кошулбайм дагы. Анткени алар да пенде болгон, кайсы бир жерден жаза тайып ката кетирген.

Так ушул себептүү акыйкаттын белгилөөчү критерийи катары “тигил аалым айткан”, “бул шейхтин китебинде жазылган” же “көпчүлүк ушинтип ойлонот” деген критерийлер эмес, "менимче да ушул туура болот. Анткени мен карманган усулга ылайык келет" деген принципти карманам. Ошондуктан мен үчүн да туура болгон бул пикирлерди "менимче" деп колдоном. Алланын алдында да ар ким өзүнүн тандоосуна жооп берет эмеспи?!

Исламдан рухуна туура келбеген аң-сезимдин басымдуу болуп кетиши тарыхта диндин жүгөнү саясаттын колуна өтүп калган доорлорго барып такалат. Кылымдар бою кетирген каталарыбыздын натыйжасы десек болот. Атайын “эл окуп, ой жүгүртүп акылдуу болуп кетпесин, башкарууга оңой болсун, бийликтин ката-кемчиликтерин көп деле байкай бербесин” деген максатта, эркин ой жүгүртүүгө аң-сезимдүү түрдө бөгөт коюлган. Мындай аң-сезим отурукташып, үстүнөн бир канча кылым өткөн соң, биз аны кудум эле акыйкат катары баалап, рухубузга сиңирип алдык деп ойлойм. Натыйжада ислам сөз берген бакыт эч эле жашообузга кирбей жатат. Анткени биз, мусулмандар исламды эмес, кылымдап уюткусу ууланган тарикатты, жамаатты же шейхти ээрчип кете берүүгө бел байлап калдык.

Исламды туура түшүнүш үчүн талкууга, экинчи пикирге ачык болууга тийишпиз. “Талаштан тактык жаралат” демекчи, илим талкуу менен гана бышып жетилет. Талкуудан, башкача пикирден качуу, аны жокко чыгаруу, укканда ачуулануу тийиштүү кишинин өзүнүн диний маалыматына ишенбегендигин айгинелейт.

Мусулман акыйкаттын гана дартында болуш керек. Башкача айтканда, тигил жамааттын же бул тарикаттын туура деп эсептеген түшүнүктөрүн карманып, коргоп, башкача пикирдеги кишини көргөндө уруша кетпестен, акыйкатты табыш үчүн башкаларды уга билиши, чыдай билиши, сабырдуулук көрсөтө билиши керек.

Урматтуу окурман! Өзүңүзгө ишениңиз, акылыңызды колдонуңуз. Кудай диндин патентин эч кимге берген эмес. Демек “мага окшоп ойлонуп, мага окшоп жашайсың” деп өз түшүнүгүн башкага таңуулоого эч кимдин акысы жок. Селдеси чоң болсо, таң аткыча намаз окуса, элүү жыл илим алса, сакалы жер чийип, дайыма даарат менен жүрсө да эч кимге өз оюн күчтөп таңуулоого укук берилген эмес.

Ислам маданияты өнүккөн доордогу илим адеби, көз караштын эркиндиги келмейин, диний маданиятыбыз өнүкпөйт, артка кетет, диндин атын жамынган кылмыштар боло берет.

Эң аянычтуусу - буларга бара-бара көнүп, ал тургай туура көрүнүш катары кабыл ала баштайбыз; убагында өз агайына тике карап, катасын бетке айткан маданияттын балдары бүгүн “ал кишиге сөз айтпа”, “бул кишиге каршы чыкпа”, “шариятта баары айтылган, сенин ой-пикириңдин кереги жок, акыл калчаба” деп зөөкүрлүк кыла турганчалык деңгээлге түшүп кеткендигибизге көнүп калган сыяктуу...

Дагы да түшүнүктүүрөөк болуш үчүн бир мисал келтирейин. Менин түшүнүгүмдө, Чынгыз Айтматов "маңкурт" каарманы аркылуу, бир инсан өзүнүн нукура аң-сезимин жоготкон соң, өзүнүн нукура баалуулуктарын душман, ал эми душмандарын дос деп билип каларын айткысы келгендей.

Бир боорукер бала өзүнүн апасын душман катары таанып, ошону менен эле тим болбостон аны жаа менен атып сала турганчалык мыкаачыга, нукура аң-сезимин жоготкондо гана айланат го?

Бүгүнкү диний абалыбыз, балким, ушуга окшоп калды. Тактап айтканда, “ар бир адам ардактуу; Кудайдын алдында бирдей даражага ээ, эч ким Кудайдын өзгөчө кулу эмес, киши канчалык адеп-ахлактуу болсо ошончолук диндар болуп эсептелиши керек” деген ойлорду айтып, жазгандар “дин душманы”, “дин бузар”, “сабатсыз”, “чала молдо” деген атка конуп калды.

Ал эми “сенин акылың эч нерсени чечпейт, жада калса адаштырат, менин оюм гана туура, мага окшоп ой жүгүртүүгө же эч эле ой жүгүртпөөгө тийишсиң, жекече диний ритуалдарды кылган кишилер гана өзгөчө, диндар, сый-урматка татыктуу” деген ойлорду чагылдырган нерселерди тилинен түшүрбөй жүргөн кишилер дин аалымы, диний лидер, элдин уулу катары кабыл алына баштады.

Кыскасы, карапайым элге жан тарткан, Кудайдын алдында ар бир киши адебине карап таразаланарын айтуу менен ажыке, молдокенин кадимки адамдан бул мааниде артыкчылыгы жок экендигин айтып, Кудайдын алдында кадыресе пенде экендигин сездиргиси келгендер дин бузар көрүнө баштады. Ачык айтпаса да, белгилүү кишилерден сырткаркы калың катмарды дээрлик адам ордуна көрбөгөн, өздөрүн дээрлик Кудайдын жан-жөкөрү катары көргөн кишилер бүгүнкү күндө, тилекке каршы, диний лидерге айланды.

Бул акыл калчаган кишилердин кыжырын кайната турган көрүнүш. Бөлүнүп-жарылууга жол ачкан, аялуу маселелерди ырбата турган жагдай десек болот.

Диний жашоо стилине карата айтылган сын-пикирлердин (албетте баары эмес) бир тобу чындыгында көңүл бурууга татыйт. Албетте, бул маанидеги бардык күнөө диний жашоо таризин кармангандарга тиешелүү эмес. Диний жашоо таризин катуу сынга алган тараптардын да жок эле дегенде кудум ошончо сын-пикир укса жараша турган кебетеси бар.

Бирок адеп, дурустук, кичипейилдик, ынтымак деген баалуулуктарды жандандырып, адамдын бактысына салым кошуу динге жарашкандыгы үчүн алгач диний маанидеги каталарыбызды талкуулоого кириштим.

Элмурат Кочкор уулу, Түркия

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG