Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 09:01

Саясатты жандаган дин


Кыргызстанда дин саясатташтыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:19 0:00

Кыргызстанда дин саясатташтыбы?

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө мечиттердин саны мектептерден көп болгонун жакшы көрүнүш катары баалады. Ошол эле маалда ал салттуу диндин баалуулуктарын тутунуп, мамлекеттик көзөмөл болушу керектигин билдирди.

Саясатчылардын дин тууралуу билдирүүлөрү жана диниятчылардын ар кыл чакырыктары Конституция менен жашаган Кыргызстан үчүн кандай көрүнүш? Кыргызстанда дин саясатташып кеттиби? Бул суроолорду "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкуулайбыз.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов, буга чейин аталган комиссияны жетектеген коомдук ишмер, эксперттер Орозбек Молдалиев жана Каныбек Осмоналиев катышты.

“Азаттык”: Бишкектеги "Имам Сарахси" мечитинин ачылышында президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө көптөн бери айтылып келген мектептер жана мечиттердин саны боюнча салыштырууга өз пикирин билдирди. Президент муну жакшы көрүнүш катары атап, бирок бул жаатта көзөмөл керектигин айтты. Конституцияга ылайык, дин мамлекеттен ажыратылган Кыргызстанда президенттин мындай билдирүүсүн кандай бааласак болот?

Каныбек Осмоналиев: Ар кандай эле пикирди контексттен жулуп албаш керек. Мамлекет башчысынын сөзүн бурмалоо жакшы нерсеге алып келбейт. Бул жерде аталган мечитти ачуунун атмосферасы кандай эле? Эки мамлекеттин жетекчилеринин катышуусу менен Кыргызстанда ири архитектуралык жана руханий борбор ачылды. Анда Сооронбай Жээнбековдун айткан сөзү туура эле. Ал эми мечиттердин саны менен мектептердин санын салыштырып айтып жатышканы болсо башка маселе. Мечит менен мектептин функциялары такыр эки башка. Мектеп билим, илим бере турган жай. Мечит болсо ислам дининин баалуулуктарына сыйынып, зыярат кылчу жай. Менимче, кийинки учурда ушул эки объектти салыштырып, бири-бирине каршы коюуга аракет кылган айрым серепчилер пайда болду. Мындан эч кандай трагедия жасоонун кереги жок.

Ал эми мектептерди замандын чакырыктарына туура келгендей деңгээлге жеткире алдыкпы деген бул башка маселе.

Бишкектеги жаңы мечиттин ачылышында. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Бишкектеги жаңы мечиттин ачылышында. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

Орозбек Молдалиев: Мечит менен мектепти экөө тең бюджеттеги акчага курулса, салыштырса болот эле. Мечиттердин салынышына мамлекеттин эч кандай тиешеси жок. Бир гана жолу Бишкектин борбордук мечитин курууда мурдагы президент Акаев акча бөлүп салынган. Андан башка бюджеттен акча бөлүнгөн эмес. Экинчиден, мечитте "мектепке барбагыла" деген агитация жүрүп жатса, анда башка кеп.

Абдывахап Нурбаев: Биз 70 жыл Советтер Союзунда жашап, динден алыстап калганбыз. Эркиндик берилгенде динге жапырт берилүү, түшүнүк кире баштады. Экинчиден, мечиттердин санынын көбөйүшүнөн коркпош керек. Орозбек агай айткандай, өз демилгеси менен өзү кылып жатат, мамлекет ага тыюу салбайт. Негизги маселе катары мечиттеги имамдардын деңгээли кандай, алар канчалык деңгээлде мамлекеттик саясатка туура келет дегенди карайт элем. Аны сөзсүз көзөмөлдөш керек. Анткени биздин имамдардын деңгээли төмөн. Муну моюнга алыш керек. Ал жакта бир жактуу гана окутуп жатышат. Медреселерде светтик сабактарды окутуу керек деген талкуу кетип жатат. Муну мамлекеттик деңгээлде көзөмөлгө алуу зарыл.

Биздин өлкөдө Конституцияга ылайык, дин уюмдары жана диний ишмерлер мамлекеттин ишине кийлигишүүгө укугу жок.

“Азаттык”: Бирок акыркы учурда диний ишмерлердин мамлекеттик саясатка кийлигишкен же чакырык жасаган учурлары көп эле болуп жатпайбы. Зайырбек мырза, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия акыркы окуяларды кандай баалап, кайсы бир чара көрүүнү ойлонуп жатабы?

Зайырбек Эргешов: Чындап эле 70 жылдан ашуун биз атеисттик коомдо жашаганбыз. Мечитке баруу эмес, ырым-жырымга чейин катуу тыюу салынып, көзөмөлдөнгөн. Эгемендик келген соң дин тутуу эркиндигине ээ болдук. Президент дал ушул дин тутуу эркиндигин туура пайдаланалы, андан аша чаап кетпейли, аны жоготуп албайлы деген мааниде сөз кылып жатат. 1991-жылы Кыргызстан боюнча 39 мечит болсо, азыркы күндө 2647 мечит каттоодон өттү. 2014-жылы мечиттерди каттоодон өткөрүү, алардын ачык ишмердик жүргүзүшүнө шарт түзүү, имамдардын ишин көзөмөлдөө боюнча аракеттер күчөп жатат. Биз мечиттердин санын арифметикалык гана мааниде көбөйтпөй, элге дин тууралуу туура маалымат берген сапаты жөнүндө ойлонуп жатабыз.

“Азаттык”: Мечит, медреселердин ачылышына, аларга каалаган адамдар барышына коомчулукта каршы болгондор азыр жокко эсе. Бирок ошол мечит, медресеге баргандар ыймандуу, барбагандар ыймансыз болуп калат деген туурабы?

Мечитке баргандын баары эле ыймандуу болот деп айта албайбыз. Мечитти жалаң эле намаз окуган жай катары да түшүнбөш керек.
Орозбек Молдалиев.

Орозбек Молдалиев: Ыйман дегендин мааниси дин, ишеним дегенди билдирет. Ошол жөнүндө сөз болуп жатат. Экинчиден, ыйман деген кыргыз тилинде динден да кеңири сыпаттамага ээ, ал адептүүлүктү да өзүнө камтыйт. Бирок мечитке баргандын баары эле ыймандуу болот деп айта албайбыз. Мечитти жалаң эле намаз окуган жай катары да түшүнбөш керек. Негизи ислам дининин беш башкы социалдык функциясы бар. Маселен, кезинде мечиттеги адепке чакырган китептерди орус падышалыгы которуп, православдарга сунуштаган.

“Азаттык: Мунун баары туура. Бирок бүгүн Кыргызстандагы мечиттер канчалык деңгээлде мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү жана агартуучу функцияны аткарып жатат?

Орозбек Молдалиев: Бул абдан туура суроо. Биздин мамлекетибиз деле толук калыптанып бүтө элек. Бизде билимдүү молдолордун катмары калыптана элек. Аалымдар дээрлик жокко эсе. Аалымдар кеңеши бар, бирок аалым жок экени парадокс. Президент айткандай, салттуу динди кармансак, эч кандай конфликттик кырдаал жаралбайт.

“Азаттык”: Сиздер "президенттин сөзүнөн трагедия издеп кереги жок, мечит менен мектепти салыштыруу туура эмес" деп айтып жатасыздар. Бирок мектеп менен мечиттердин санын салыштыруу өлкөдө мектептер жетишпей, андагы окуучулар класстарга батпаган көйгөйдөн улам да чыгып жатат окшойт. 200дөй мектеп авариялык абалда, Токтогулдагы бир айылда азыр балдар боз үйдө окуп атышат. Маселен, 1990-жылдардын башында 40 чакты мечит болсо, учурда анын саны 2800дөн ашты. Ал эми мектептер мындай тездик менен салынган жок. Мечиттерди көбүнесе ишкелер же диний фонддор салып жатат. Эмне себептен ошол бир айылда эки-үчтөн мечит салууга табылган каражат мектеп салууга табылбай жатат?

Каныбек Осмоналиев: Бул жерде мектепти куруу менен мечитти куруунун финансылык булагы эки башка болуп жатат. Негизги кайсы бир жерде көйгөй же конфликт болсо, аны утурлап тосуп чечүүгө аракет кылыш керек. Биз болсо андан качып жатабыз.

Жарандардын аң-сезимин өзгөртүү керек. Бизде “мечит курсаң бейишке чыгат экенсиң, сооп иш болот” деп ушуга багыт алып алган. Мектеп саласыңбы, көпүрө саласыңбы же оорукана курасыңбы баары эле сооп иш
Зайырбек Эргешов.

Зайырбек Эргешов: Ушул маселени биз быйыл январь айында көтөрдүк. Тийиштүү органдарга кайрылдык. Болбосо бир айылда эле үч-төрттөн мечит курулуп, “сенин мечитиң, менин мечитим” деген бөлүнүүлөр чыкты. Анан жалпы жарандардын аң-сезимин өзгөртүү керек. Бизде “мечит курсаң бейишке чыгат экенсиң, сооп иш болот” деп ушуга багыт алып алган. Мектеп саласыңбы, көпүрө саласыңбы же оорукана курасыңбы баары эле сооп иш экенин түшүндүрүшүбүз керек.

“Азаттык”: Жакында диниятчы Чубак ажы Жалилов мектептерде кыздар менен балдарды бөлүп окутуу боюнча ачык чакырык таштап, анын билдирүүсү далай телеканалдарда көргөзүлүп, бул боюнча талкуулар жүрүп жатат. Бул светтик мүнөздөгү өлкө үчүн канчалык деңгээлде мыйзамдуу? Тиешелүү органдар эмне себептен эскертүү берип же башка аракеттерди көрбөйт?

Бишкектеги айт намаз.
Бишкектеги айт намаз.

Зайырбек Эргешов: Бул иш-чараны “Булан” институту уюштуруп, ал жерде диний билим берүү боюнча талкуу болгон. Ал жерде Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов кыздарды жана балдарды бөлүп окутуу маселесин көтөргөн. Эми бул маселе да коомдо дискурс (логикалык ишарат) катары жашап жатат. Мен былтыртан тарта аймактарга барып, имамдарды окутууга катышканда бөлүп окутуу маселесин айткан ата-энелер болду. Мыйзам боюнча, 16 жашка чейин диний билим берүү мүмкүн эмес. Эми бул маселени Чубак ажы көтөрүп койду. Бул биринчиден, мыйзамга каршы келет. Бирок ошону ишке ашырабыз деп аракет көрсө, анда биз чара көрөбүз.

Каныбек Осмоналиев: Ар кыл ишмердиктин өзүнүн принциби болот. Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан секулярдык билим берет. Анын баары Конституцияда жазылып, так көрсөтүлгөн. 9-класска чейин баланы исламбы же православдык мектепке берип, окутууга тыюу салынган. Тилекке каршы, иш жүзүндө мындай болбой жатат. Ал эми секулярдык билим берүүнүн эң ыйык принциби бар. Ал тең укуктуулук принциби. Ошонун негизинде психологиялык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен бүткүл дүйнөдө биргеликте окуп келет. Муну бузуу деген сөз бир жактуу саясат жүргүзүүгө барабар. Биз ал жыйынга катышып, Чубак ажы сүйлөп жатканда дароо эле ордуна койдук.

“Азаттык”: Акыркы жылдары Кыргызстанда диндин саясатташып кеткени ачык эле көрүнүп калды. Саясатчылар мамлекеттик иш-чараларда диний көз караштарын билдирип, бул жаатта упай топтоо аракеттерин да жашырбай келет. Ошол эле учурда дин өкүлдөрү, диниятчылар деле мамлекеттеги окуяларга өз пикирин билдирип, айрым учурда Конституцияга каршы чакырыктарды жасап жиберген учурлары да бар. Мындай көрүнүштөргө эмне себеп болуп жатат?

Бул жерде айрым саясатчылар дин маселесин көтөрүп, жаман көрүнгүсү келбейт. Электоратты карайт. Социалдык тармактарда отуруп, мындай маселени көтөргөндөргө акарат келтиргендер басымдуу. Ошондуктан саясатчылар өтө этият болуп жатат.
Абдывахап Нурбаев.

Абдывахап Нурбаев: Азыр ааламдашуу доорунда көптөгөн чакырыктар келип жатат. Биз мыйзамдарды карап чыгышыбыз керек. Сөзсүз түрдө эгерде элде, жаштарда жетишпеген боштук болсо, аны мектеп толтурбаса, медресе же болбосо көчөдөн алат. Аны мамлекет өзү бергенге аракет кылыш керек. Мамлекет мыйзамдарды карап, көңүл бурушу керек. Дин комиссиясы жаңы мыйзам киргизип жатат. Кирсе, ошол боюнча да чоң талкуу болот. Бул жерде айрым саясатчылар дин маселесин көтөрүп, жаман көрүнгүсү келбейт. Электоратты карайт. Социалдык тармактарда отуруп, мындай маселени көтөргөндөргө акарат келтиргендер басымдуу. Ошондуктан саясатчылар өтө этият болуп жатат.

Орозбек Молдалиев: Саясат менен динди аралаштырган жакшылык менен бүтпөйт. Кийинки эле мисалдардан Алжирди, Иракты алалы. Ооганстанды карагыла. Ошол бийликке келишиңер керек деп экстремисттерди тукуруп отуруп, Ооганстан 1978-жылдан бери тынчтык көрө элек. Бул бизге чоң сабак болуш керек. Имамдарды шайлоого катыштырып, ага колдоо көрсөтүп койгон учурлар бар. Мисалы, бизде бир диний кызматкерди колдонушуп, Жогорку Кеңештин V чакырылышына шайлоо болгон учурда батир алып берген окуя болгон.

“Азаттык”: Негизги акыркы кырдаалда саясатчылар, өлкө жетекчилери диний темада сүйлөгөндө эмнеге көңүл бурушу керек?

Абдывахап Нурбаев: Мамлекет эрежени коюшу керек жана аны аткарууну көзөмөлдөш керек. Мисалы бизде эл менен бирге кабыл алынган Конституция бар, мына ушул эреженин сакталышын карашыбыз керек.

Орозбек Молдалиев: Бизде жалаң эле мусулмандар жашаган мамлекет эмеспиз: атеисттер, теңирчилер, христиандар бар. Мамлекет башчысы же Жогорку Кеңештин төрагасы же өкмөт башчысы сүйлөгөндө “келгиле муфтият айткандай кылсак оңолобуз” деген туура эмес. Мисалы, муфтиятка православдар баш ийбейт. Ошондуктан, светтик өлкөнүн башчысындай сүйлөш керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG