Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 04:08

Динди айланчыктаган саясат


Президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев менен Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков. 21-август, 2018-жыл.

Интернет айдыңында, маалымат каражаттарында Кыргызстандын азыркы саясий жетекчилери динчил болуп баратканы тууралуу көп сөздөр айтылууда.

Саясатчылар өлкөнүн өнүгүшүнүн бир жолун динден көрөбү же саясий максаты үчүн динди пайдаланабы? Деги Конституциясында дүйнөбий мүнөздө экени жазылган мамлекетте динге мамиле кандай болушу керек? Ушул ж.б. суроолордун тегерегинде “Арай көз чарай” берүүбүздөн кеп кылдык.

Талкууга Кыргыз Республикасынын мурдагы вице-премьер-министри Тынычбек Табылдиев жана Кыргызстан ислам университетинин проректору Марс Ибраев, социолог Бакыт Малтабаров катышты.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, адатта өлкө жетекчилигинин сөзү жалпы эл үчүн баса турган жол же аткарууга багытталган үндөө катары кабыл алынат эмеспи. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков айт намазда “биз Дин башкармалыгынын айткан жакшы ниеттерин, насаат сөздөрүн жүрөгүбүзгө түйүп, ошол иш-чаралар менен иш кылсак Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшү да тез болот” деди. Сиз спикердин сөзүн кандай түшүндүңүз, кандай кабыл алдыңыз?​

Аянтка келгендер күнүнө беш убак намазды муфтий же кайсы бир жетекчи үчүн эмес, Жараткан үчүн окушат. "Муфтийди уксак эле экономика өсөт" дегени күлкү келтирет.
Тынычбек Табылдиев.

Тынычбек Табылдиев: Биздин өлкөнүн бийлигинин протоколу бир маселени чечиш керек. Мисалы, миңдеген эл катышкан жыйындарда, айт намаздарда бир эле президент сүйлөгөнү жетиштүү. Бизде атаандашып баары кезекке туруп алып сүйлөй беришет. Аянтка эл бирөөнүн акылын укканы эмес, Жаратканга жалынганы, сыйынганы келди.

Ошондуктан спикердин аянттагы үгүттөп сүйлөгөнүнө кошулбайм, туура эмес кадам жасады. Президенттин куттуктоосун аянттан окуунун кандай кажети бар эле? Телеканалдар аркылуу окуп койсо жетиштүү болмок. Дүйнөнү болбосо да айлананы карабайлыбы. Путин же Назарбаев кошоктошуп алып, баары чиркөөдө сүйлөшпөйт, ал жердин өз ээси бар. Аянтка келгендер күнүнө беш убак намазды муфтий же кайсы бир жетекчи үчүн эмес, Жараткан үчүн окушат. "Муфтийди уксак эле экономика өсөт" дегени күлкү келтирет.

“Азаттык”: Марс мырза, акыркы жылдары жума намазга, айт намазга катышкан мамлекеттик аткаминерлер көбөйгөнү айтылууда. Сиздин баамыңызда алар кандай максатта келишет: чын ыкластан парзын аткаргысы келеби же элдин көңүлүн алган саясий максат байкалабы?

Марс Ибраев.
Марс Ибраев.

Марс Ибраев: Адам мечитке же айт намазга кандай максатта келерин бир гана Кудай билет. Мечитке саясатчы, соодагер да келет, биз аларды сыртынан карап эле “бул адам келиптир” деп коебуз.

Диний иш-чараларга келүү - ар кимдин көңүлүндөгү иш. Мен диний адам катары кимдир бирөөнү саясий же башка максатта мечитке, айт намазга келип жатат деп ойлобойм. Ал эми диний ишмерлер өзүбүздүн Аалымдар кеңешинин атынан саясий иш-чараларга, шайлоолорго катышпай коюуну эп көрөбүз. Бирок диний адам жеке инсан катары, шайлоочу катары шайлоо өнөктүгүнө катышууга, кайсы бир талапкерге добушун бергенге, үгүттөгөнгө толук укугу бар, ага эч ким тоскоол боло албайт.

“Азаттык”: Тынычбек мырза, мурда парламенттин имаратында бир намазкана болсо, азыр экиге көбөйдү. Бул демек ага болгон талап күч, каалаган аткаминерлер көбөйүүдө десек болот да. Ушул көрүнүштүн мыйзамдык, этикалык, саясий жагын кандай көрөсүз?

Тынычбек Табылдиев: Кыргызстанда динге ишенгендер көбөйүүдө, намазканалардын ачылышын кескин сындай албайм. Бул көрүнүштү мен колдойм, ар бир адам динге ишениши керек.

Бирок динди дааватчылардын чала сөзү менен эмес, Курандагы накта жол-жоболор менен тааныш керек. Динге жаштар көп тартылууда. Жакшы жагы -алардын арасында арак ичкендер азайып жатат. Депутаттар да намазканаларга барып жатат. Мечитке баруу же барбаш ар кимдин өз иши. Ошондуктан канча намазкана ачылбасын, аны парламенттин иши менен байланыштырып, реклама кылыштын кереги жок.

Тынычбек Табылдиев.
Тынычбек Табылдиев.

Болуптур, президент, спикер же башка чондор борбордук аянтка намазга келишсин, бирок элдин арасында эле турушсун, окушсун. Спикер анчалык эле элге көрүнөм десе бир торпокту курмандыкка чалып, этин карылар үйүнө алып барып, таркатып бербейби? "Парламент төрагасы өз маянасына кайрымдуулук кылыптыр" деп баарыбыз билип калат элек.

Ал эми аянтка чыгып алып акыл үйрөтүүнүн кажети жок. Спикер парламентте да акыл үйрөткөнгө акысы жок, ал - болгону жыйындын алып баруучусу. Канткен күндө да Кыргызстанда намазканаларды кайда, качан ачыш керек деген маселенин тартип-эрежеси болушу керек. Мисалы, Орусияда өлкө чиркөөсүнүн башчысынын уруксаты менен гана сыйынуу жайы ачылат. Бизде көзөмөл жок, он киши баткан намазкана ачып алып, иштете беришет. Ошондуктан бул маселени жөндөй турган мыйзам болуш керек.

Биздин саясий элита чоң саясий өнөктүктөр башталганда шайлоочулардын, анын ичинде динге ишенген электораттын көңүлүн, добушун алыш үчүн иштейт.
Бакыт Малтабаров.

Бакыт Малтабаров: Биздин иликтөөлөрдүн жыйынтыгына таянсак, акыркы жылдары адамдар динди саясий максатта колдонуп жатышканын байкоо кыйын эмес. Социологияда аны "динди саясатташтыруу" же "саясатты диндештирүү" деп аташат. Дагы тагыраак айтсак, мамлекет дин ишине кийлигишет, дин мамлекет ишине аралашат деген сөз.

Биздин саясий элита чоң саясий өнөктүктөр башталганда шайлоочулардын, анын ичинде динге ишенген электораттын көңүлүн, добушун алыш үчүн иштейт. Акыркы шайлоолордо диний элита да өнөктүктөргө катышкысы келери билинди. Тилекке каршы, акыркы убакта диндин радикалдашып баратканы өкүндүрөт. Бул көрүнүш мамлекеттин коопсуздугуна шек келтириши мүмкүн.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Динди айланчыктаган саясат
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:35 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG