Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:22

Чубак Жалилов өлүм жазасын сунуш кылды


Чубак Жалилов.
Чубак Жалилов.

Диний ишмер Чубак Жалилов коррупцияга аралашкандарды өлүм жазасына тартууну сунуш кылды.

Экс-муфтий жемкорлорго жаназа окууга тыюу салуу боюнча да Аалымдар кеңешине кайрыларын билдирди. Мындай демилгени колдобогон тарап "сот реформасы толук ишке аша элек кезде өлүм жазасын киргизүү кайсы бир саясий буюртмалардын аткарылышына жол ачат" деп жатат.

Диний чөйрөдө таасирлүү аалымдардын бири болуп саналган Чубак Жалилов жемкорлорду өлүм жазасына тартуу жөнүндө сунушун радиолордун биринде угармандар менен интерактивдик баарлашуу учурунда айтты. Бишкектин Жылуулук электр борборундагы жана Улуттук тарых музейиндеги оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу суроолорго жооп берип жатып, шариятты негиз кылган экс-муфтий буларды белгиледи:

- Биз кыйынбыз го, "Орусияда ушундай экен, Европада мындай экен" дейбиз. Эмне үчүн Кытайды айтпайбыз? Мен Кытайдагы колун, башын кескен мыйзамын колдойт элем. Бул жерде мен – Чубак ажы молдо болгонум үчүн эмес, улуу Кытай кошунабызды мисалга тартып жатам. Кытайда ушундай практика бар экен, коррупция кылгандардын башын алышат экен. Биз да ошондой кылышыбыз керек.

Диний ишмер коррупционерлерге жаназа окуудан баш тартуу тууралуу да пикирин билдирип, жакын арада Аалымдар кеңешине ушул сунуш менен кайрыларын кошумчалады:

- Буга да абалактап, ит үргөндөй үрүп чыккандар болот. Ошол уурулардын шериктери бар. "Андай эмес, мындай эмес, бул варвардык, жапайылык" деп. Уурдаганы маданияттуулукпу? Галстукту тагынып алып, уурулук кылып отурганы варвардык болбойт да, алар тууралуу айтып койгонубуз варвардык болобу?

Чубак Жалиловдун айткандары жазылган видеотасма 27-майда "Youtube" порталына чыгып, эки күндө 15 миңден ашуун адам көрдү. Пикир жазган жүздөн ашуун колдонуучу анын демилгесин колдой тургандыгын билдирген.

Жалилов буга чейин да айрым сунуш-пикирлери менен кызуу талаш-тартышка жем таштап келген. Анын кезектеги демилгесин дин таануучу Кадыр Маликов да колдойт:

Кадыр Маликов.
Кадыр Маликов.

- Биздин өлкө - дүйнөбий багыттагы мамлекет. Андыктан мен диний ишмер эмес, жөнөкөй жаран катары өлүм жазасын киргизүүнү колдойм. Киши өлтүргөндөрдү, педофилдерди жана ири өлчөмдө акча жымырган коррупционерлерди жазалаш үчүн өлүм жазасын киргизиш керек. Анткени жемкорлуктун бүгүнкү абалы биздин өлкөнүн бүтүндүгүнө да, улуттук коопсуздукка да терс таасир тийгизет. Коррупция күчөй берсе, элде бийликке ишеним жоголот. Бирок сот тармагында тазалоо жана реформа болмоюнча, мындай жазалоону киргизүү да туура эмес. Антпесе жазалоонун жогорку ыкмасы саясий атаандаштардан арылуу максатында колдонулуп кетиши мүмкүн.

Жарандык активист Динара Ошурахунова Чубак Жалиловдун билдирүүсүн жоопкерсиздик катары мүнөздөп, демократияны тандаган өлкөдө мындай турум болбошу керек экенин айтты:

Динара Ошурахунова.
Динара Ошурахунова.

- Анткени, өмүрдү коом же мамлекет берген эмес, демек алар кайра ала албайт. Бизде укук коргоо органдары реформаланбай, соттор коррупцияга малынып, бийликке баш ийип иш жасаган система болуп жатат. Кылмыш ишин козгогон органдар өзү таза эмес болуп, саясий буйруктарды аткарып жүрсө - мындай кырдаалда өлүм жазасын киргизүү такыр мүмкүн эмес. Чубак ажы саясий буйрук менен түрмөдө отурган адамдарды көрүп жатпайбы. Ошолорду көрүп туруп, мындай билдирүү жасаганы - жоопкерсиздик.

Өлүм жазасын киргизүү коомдук-саясий, диний ишмерлер маал-маалы менен ар кандай жагдайларга байланыштуу демилге көтөрүп келе жатышат. Акыркылардан болуп президенттик шайлоо алдында бул тууралуу парламенттеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев айтып, балдарга бачабаздык кылгандарды өлүм жазасына тартуу жөнүндө жобону Конституцияга киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун сунуш кылган.

Парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинин мүчөсү Кенжебек Бокоев Кыргызстандын жарандары ар кандай маселелер тууралуу пикирин билдирүүгө укуктуу экенин, бирок өлүм жазасы менен жемкорлукту жоюу кыйын болорун айтты:

Кенжебек Бокоев.
Кенжебек Бокоев.

- Эгер ушул жол менен тыйылса, Кытайда жемкорлук токтоп калмак. Уурулук үчүн колун кесишет, коррупционерлерди атып салышат. Бирок жемкорлук токтогон жок. Камоо же атып салуу менен корупция тыйылса, көп жерде натыйжа бермек. Андай болбой атпайбы.

Кыргызстандын Баш мыйзамындагы өлүм жазасы жөнүндөгү жобого 1998-жылдан баштап мораторий жарыяланып, 2005-жылы Конституциядан алынып салынган. Анын ордуна өмүр бою абакка кесүү жобосу киргизилген. Аны ишке ашыруу мыйзамы 2007-жылы кабыл алынган.

Редакциядан: "Википедиядагы" маалыматка ишенсек, Кытайда өлүм жазасы азыркы тапта көбүнчө атуу жана инъекция (жазалануучуга уулуу заттарды саюу) жолу менен ишке ашырылат. Акыркы жылдары атуунун ордуна инъекция көбүрөөк колдонула баштаганы белгиленген. Уурулук үчүн же эркинен ажыратуу, же эгерде ири өлчөмдө болсо өлүм жазасы каралган. Ал эми акыркы маалыматтар боюнча адамдын денесине залал келтирген жазалар Зимбабве, Нигерия, Сингапур, Танзания, Ооганстан, Бахрейн, Иран, Йемен, Ливия, Сауд Арабиясы өңдүү бир катар башка мамлекеттерде колдонулат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG