Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:55

Медреселердин арсар абалы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда медреселердин макамы, тышкы каржылоодон көз карандылык маселеси жана алардын бүтүрүүчүлөрүнүн тагдыры талкууга алынды.

Диний эксперттер медресе бүтүрүүчүлөрдүн адистиги так аныкталбаганын жана медреселердин баары тигил же бул чет элдик идеологиянын таасирине дуушар болуп келгенин айтышты.

Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү медресе бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүгү мамлекет тарабынан таанылбай келгени чоң маселе жаратарын баса белгилешти.

Жыйырма жаштагы Асадулло Аяз уулу орто мектептин 9-классын бүтүрүп эле Арашан айылындагы Абдулла бин Аббас атындагы медресеге тапшырган. Ал мындай чечимин динге болгон кызыгуусу жана динге кызмат кылгысы келгени менен түшүндүрөт. Медреседе окуган үч жылдын ичинде ал диний илимдерден тышкары ширетүүчүнүн жана айдоочунун кесибин үйрөнгөнүн айтып берди.

- Күнүнө 5-6 сабак болчу. Негизинен Куран жаттоо жана шариат илимдеринин сабактары - фикх (диний юриспруденция), хадис (пайгамдардын айткан сөздөрү жана иш-аракеттери), акыйда (ишеним, ыйман илими) илимдери өтүлчү. Андан сырткары араб тилинин грамматикасын үйрөндүк. Бул сабактардан тышкары бизге автомектептен келип сабак берип жатышты. Кийин ширетүүчү кесиби боюнча сабак алдык.

Асадулло айтып жаткан айдоочунун жана ширетүүчүнүн сабактары Кыргызстан боюнча үч медресеге киргизилген. AVEP фонду менен АКШ элчилигинин колдоосундагы бул долбоор 2014-жылы башталган. "Медресени бүтүргөндүгү жөнүндөгү күбөлүктү мамлекет тааныбагандыктан, ушундай жандооч кесипти үйрөтүүгө шарт түзчү долбоорго муктаждык жаралды" дейт аталган фонддун координатору Нарынбек Кыдыргычов. Ал демилгеге болгон муктаждыкты төмөнкүчө түшүндүрдү:

Акимжан Эргешов.
Акимжан Эргешов.

- Медреселерде окуучулар көп. Алар диний гана билим алат, бирок колдоруна мамлекет тааный турган документ албайт. Ал документи менен дүйнөбий окуу жайларына тапшыра албайт. Булардын орто билими жок. Биз жок дегенде жардам болсун, окууга тапшырбаса да иш кылышсын деп ойлодук. Дин тутунгандардын арасынан Сирияга кеткендер да көбөйүп кетпедиби. "Алар жумушсуздуктун айынан акча табуу максатында кетип жатат" деген сөздөр чыккан. Медреселердин бүтүрүүчүлөрү араб тилин билгендиктен, буларды кылтакка илүү оңой. Ошондой коркунучка туруштук берүү максатында долбоорду баштаганбыз. 2014-жылы беш медресеге кошумча кесиптик курстарды киргизгенбиз.

Нарынбек Кыдыргычов алгач муфтият мындай демилгеге каршы чыкканын кошумчалады. Мунун себебин муфтийдин орун басары Акимжан Эргешов "Азаттыкка" мындайча түшүндүрдү:

- Биздин бүгүнкү күндөгү диний кесипке ээ болгон бүтүрүүчүлөрдүн кесипке ээ болуу маселесин чоң маселе катары көрбөйм. Маселе алардын дипломун мамлекет тааныбай жатканында. Эгер тааныса алар мектепке же институттардын теология факультеттерине кирип, сабак бергенге мүмкүнчүлүк алмак. Бирок, тилекке каршы, алардын диплому диний чөйрөнүн гана диплому болуп, алар башка жакка аралаша албайт.

Дин жаатындагы адис, теолог Маметбек Мырзабаев медреселердин басымдуу бөлүгү башка мамлекеттер тарабынан каржыланарын айтып, алар Кыргызстанда динди жайылтууда ар башка, жада калса карама-каршы келген көз караштарды окутканын белгиледи:

Маметбек Мырзабаев.
Маметбек Мырзабаев.

- Адамдарга динди үйрөтүш үчүн бизге бир адис керек. Бул адис кандай билим алышы керек? Медреседен бүткөн бала же кыз элге дин үйрөтө турган адиспи? Анын билими жетиштүүбү же жетишсизби? Көптөгөн мусулман өлкөлөрүндө жогорку билим алмайынча адамга динди үйрөтүү жоопкерчилиги берилбейт. Экинчи маселе - идеология маселеси. 1990-жылдан берки дин тууралуу баяндамаларда, талкууларда "Кыргызстандагы диний абалга сырткы жагдайлар чоң таасирин тийгизүүдө" деп айтылып келет. Кааласак, каалабасак да медреселер жалаң эле сырткы идеологиялык күчкө эмес, ар медресе ар түрдүү сырткы күчтөргө байланган. Бул биз каалаган дин адамынын тибинин ар түрдүү болушуна, кээде бири-бирине карама-каршы келген дин адамдарынын тарбияланып калышына шарт түзүп жатат.

Учурда "Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө" мыйзамга ылайык медреселер окуу жайынын эмес, диний уюмдун макамына гана ээ. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замир Турсунбековдун айтымында, учурда медреселерге да Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензия берүү жобосу иштелип чыгып жатат:

Замир Турсунбеков.
Замир Турсунбеков.

- Жобонун негизинде медреселерге да билим берүү мекемелеринин статусу берилет. Ашпозчу, тигүүчү курстарына берилген лицензия сыяктуу эле муфтиятка да Билим берүү министрлиги тарабынан лицензия берилет. Ошол лицензиянын негизинде муфтият өзүнүн дипломун бере берет. Бирок ал лицензия лицейлер, коллеждерге берилген жалпы били берүүчү мекемелердин лицензиясындай болбойт. Болгону кесиптик деңгээлде гана берилет.

Сөз болуп жаткан жобо Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан 2018-жылдын аягында даяр болот. Учурда өлкөдө 102 медресенин 87си толугу менен иштеп жатат. Алардын ар биринде 50дөн 150гө чейин окуучу билим алат. Мамлекеттин мыйзамдарына ылайык, медреселерге 9-класстан жогорку окуучулар гана кабыл алынат. Бирок 8-10 жаштагы балдар да медреседе окуган учурлары кездешет.

"Азаттык" медреселерди лицензиялоо маселелеринин оош-кыйышы тууралуу теология илимдеринин доктору, дин таануучу Сайфулла Базаркуловду кепке тартты.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:47 0:00
Түз линк

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG