Линктер

ишемби, 17-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:58

Самаган Мырзаибраимов: Мааниси терең диний китептер жетишсиз


Самаган Мырзаибраимов.

Ош мамлекеттик университетинин теология факультети соңку төрт жылда ислам таануу жаатында элүүгө жакын китеп чыгарды. Анын ичинде диний агартуучулук, биографиялык, тарыхый маселелер боюнча фундаменталдык жана илимий эмгектер бар.

Китепте ислам дининин кыргыздардын арасында жайылышы тууралуу да буга чейин жарыяланбаган темалар изилденди. Факультеттин окутуучулары биринчи жолу кыргыз тилинде көлөмдүү хадистер топтомун басып чыгарууга жетишти. Анын деканы, теология илимдеринин доктору Самаган Мырзаибраимовду “Азаттык” кепке тартып, алардын изилдөөлөрү жөнүндө сурады.

“Азаттык”: Самаган мырза, Ош мамлекеттик университетинин теология факультети башка окуу жайлары сыяктуу студенттерди окутуу менен катар илимий изилдөө ишин да кошо алдыңыздар. Ачылган күндөн бери канча китеп, канча окуу куралы чыкты? Алар кайсы багыттарды изилдөөгө алган китептер болду?

Мырзаибраимов: Негизи Ош мамлекеттик университетинин теология факультети Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азияда азыркы заманбап шарттарга ылайык диний билим берген алгачкы жана системалуу иштеген жападан-жалгыз факультет.

Факультет 1993-жылы ачылган. Борбор Азия боюнча теология илиминин 11 доктору иштеген бирден-бир факультет. Маселен, Казакстанда “Нур-Мубарак” университетинде теологиянын төрт доктору бар экен. Ошондуктан бизде китеп жазуу жана которуу жагынан илимий кадрдык потенциалыбыз бар десем жаңылышпайм.

ОшМУнун теология факультетинин китептери.
ОшМУнун теология факультетинин китептери.

Китеп чыгаруу маселеси окуу жайыбыз ачылган алгачкы жылдары жакшы болгон эмес. Акыркы төрт жылда жигердүү иштеп, 50гө жакын китеп басып чыгардык. Алардын ичинен он чактысы биздин окутуучулардын калемине таандык, ал эми 30дан ашык эмгек түрк тилинен кыргыз тилине которулган. Котормо ишинде Кыргызстандын шартына ылайык келген, биздин талаптарга жооп берген, мамлекеттин дин саясатына каршы келбеген жана жаштарга ыңгайлаштырылган китептерди которууга аракет кылдык.

“Азаттык”: Сиздер чыгарган китептерде диндердин, анын ичинде исламдын тарыхы, ислам маданияты жана мазхабдар түшүнүктөрүнө көбүрөөк басым жасалыптыр. Бул темалар кайсы көз караштарга ылайык изилденди?

Мырзаибраимов: Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинде акыйдадан матуриди көз карашын жана ханафи мазхабын колдоо маселеси коюлган. Бул – биз "салттуу ислам" деп атап жүргөн, башкача айтканда биздин чөлкөмдө ата-бабабыз колдонуп келген диний жашоо модели болуп эсептелет. Ошого негиздеп, биз дин окуу жайларында колдонууга ылайык эмгектерди даярдадык. Биздин китептерди, маселен, медресе же башка исламдык билим берүүчү окуу жайлары окуу куралы катары пайдаланышса болот.

ОшМУнун теология факультетинин китептери.
ОшМУнун теология факультетинин китептери.

Экинчиден, негизги түшүнүктөргө, маселен “Матуриди деген ким, көз карашы кандай, ал негиздеген акыйданын негизги өзгөчөлүктөрү эмнеде?” деген суроолорго жооп бере турган китептерди которгонго аракет кылдык. “Азирети Хусейн”, “Имам Матуриди”, “Имам Бухари” жана “Имам Абу Ханифа” деген китептерибизде ислам дүйнөсүндөгү белгилүү бул аалымдардын өмүр баяндары, алардын окуулары тууралуу фундаменталдуу маалыматтарга басым жасалды. Бул темалардын баары матуриди агымынын, ханафи мазхабынын көз караштарына ылайык изилденди жана ошол багыттарга ылайык чыгарылды.

ОшМУнун теология факультетинин китептери.
ОшМУнун теология факультетинин китептери.

“Азаттык”: Өзүңүз да "көбүнчө түрк авторлорунун китептери которулду" деп айтып атпайсызбы. Мен байкагандан кыргыз авторлору жазган эмгектер деле дээрлик баары түрк булактарына таянуу менен жазылыптыр. Бул сиздердин факультетти Түркия ачып, каржылап жатканы үчүнбү же ислам тарыхы, маданияты боюнча түрк элинин жазма булактары баалуу болуп саналабы?

Мырзаибраимов: Биздин факультеттеги окутуучулардын баары Түркияда докторлук диссертациясын жактаган, баары түрк тилин таза билет. Буга менимче ушул жагдайлар да себеп болду.

Түркия мамлекети - матуриди агымы менен ханафи мазхабын илимий негизде өздөштүргөн жалгыз мамлекет. Ошондуктан жаңы көз караш менен классикалык көз караштарды айкалыштырып жазылган китептерди колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашыбыз керек.

Бул түрк булактарын колдонуудагы экинчи себеп. Маселен, бир нече кылым мурда Борбор Азиядагы диний аалымдар тарабынан жазылган китептердин көпчүлүгү Осмон империясынын мезгилинде Түркияга жеткирилип, ошол жактагы китепканаларда сакталып калган. Алардын арасында өтө баалуу эмгектер көп. Ал китептердин нускасы биздин колубузда жок, аларды изилдеп жазылган китептерди гана колдонуп жатабыз.

ОшМУнун теология факультетинин жамааты.
ОшМУнун теология факультетинин жамааты.

“Азаттык”: Сөзүңүздүн тарыхый өңүтүнө улай эле бир суроо бере кетейин. Кыргыз элинин ислам динин кабыл алышы, мусулмандашуусу боюнча иликтөөлөр аз. Бартольддун, Абрамзондун эмгектеринде, кийинки окумуштуулардан Урмановдун “Ислам жана кыргыздар” аттуу китебинде изилденгени менен бул тема баары бир терең ачылбаган бойдон калып келет. Сиздердин окумуштуулар чыгарган "Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы", "Кыргыздардын дүйнө таанымында Аллах түшүнүгү" деген эмгектер да ушул багытка арналыптыр. Бул эки китепте мен айткан тема жаңы өңүттөрдөн каралдыбы же буга чейинки эмгектерде берилген эле маалыматтар кирдиби?

Мырзаибраимов: Сиз белгилеген “Кыргыздардын мусулмандашуу тарыхы” - окутуучубуз Али Жусубалиев жазган китеп. Бул анын докторлук диссертациясынын темасы. Ал Түркия мамлекетинин Анкара университетинин базасында “Фергана аймагында ислам дининин кириши жана жайылышы” деген темада магистратуралык диссертациясын түрк тилинде жазып, жактаган. Ошол эле окуу жайында “Кыргыздардын исламды кабыл алышы” деген темада доктордук (Европа стандартындагы Ph.D) диссертациясын да түрк тилинде жазып, ийгиликтүү жактаган. Башкача айтканда автор бул темада кесипкөй жана дасыккан адис болуп саналат.

ОшМУнун теология факультетинин китептери.
ОшМУнун теология факультетинин китептери.

Ошондуктан мен ал жазган эмгекти биздин өлкөгө, Кыргызстанга байланыштуу болгон үчүн балким дүйнөдө биринчи жолу оригиналдуу жазылган эмгек десем жаңылышпайм. Анткени Жусубалиев ошол эле Бартольдго, жалпы орус булактарына же түрк булактарына таянып калбастан, изилдөөсүндө арабча жана англисче тарыхый эмгектерди кенен пайдаланган. Окутуучубуз өз эмгегинде кыргыз элинин мусулмандашуусуна өз алдынча талдоо жүргүзгөн, бирок тарыхый процесстин өзүн бейтарап сүрөттөөгө басым кылган.

Ал эми окутуучубуз Абдилазиз Калбердиевдин "Кыргыздардын дүйнө таанымында Аллах түшүнүгү" деген эмгеги - бул кыргыздарда илгертен келе жаткан кудай, теңир жана алла түшүнүктөрүнө талдоо салган китеп.

Бул эки эмгек тең ислам дининин Борбор Азияда, анын ичинде кыргыздардын арасында жайылышын изилдөөгө кайсы бир деңгээлде жаңы маалыматтарды жана жаңы талдоону киргизди.

"Манас эпосунда ислам дининин орду" китеби.
"Манас эпосунда ислам дининин орду" китеби.

Дагы бир белгилей кетчү жагдай - "Манас" эпосу тууралуу да китеп чыгардык. Ал китеп кыргызча, өзбекче жана түркчө чыкты. Бул тема учурда аябай актуалдуу, талаш жараткан маселе болуп жатат. Негизинен “Манас” китебинде ыйыктык, кут маселесине басым жасалат. Ошол эле мезгилде диний мотивдер, “Манастагы” ислам дининин чагылдырылышы жөнүндөгү маселе каралган. Мында да архивдик материалдар изилденген. Буга чейин жазылбаган, иликтенбеген жана айрыкча этимологиялык жактан көптөгөн сөздөрдү, “Манастагы” сөздөрдүн диний терминдер менен айкалышы колго алынган.

“Азаттык”: Эмгектер чыгып жаткандан кийин анын окурмандарга жетиши да маанилүү эмеспи. Китептериңиздер негизи кайсы жактарга таратылат? Сатылабы же бекерби? Бекер болсо анда китептерди кантип чыгарасыздар?

Мырзаибраимов: Албетте, китеп чоң каражатты талап кылат. Биздеги китептердин дээрлик баары “Түркия Дианет” фондунун колдоосу менен чыгып жатат. Биз буларды мыйзам чегинде таратыш керек болгон жерлердин баарына бекер таратып берип жатабыз. Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгы менен иштешип, мечиттерге, башкача айтканда имамдарга окуу куралы катары сунуш кылабыз.

ОшМУнун теология факультетинин китептери.
ОшМУнун теология факультетинин китептери.

​Бизде ошондой эле жеткинчектерге ылайыкташкан китептер да бар. Буларды да ата-энелерге тарбия берүү максатында таратып беребиз.

Жакында Кыргызстанда биринчи жолу жети томдук “Хадистердин негизинде ислам” деген китеп да которулуп чыкты. Бул Түркияда 80ден ашык профессор жазган китеп. "Пайгамбардын хадистерин күнүмдүк жашоодо кантип колдонуу керек?" деген маселе каралат.

Жети томдон турган китеп беш миң нускада басылып чыкты. Анын эки жарым миң нускасын ар бир мечитке, медреселерге берели деп жатабыз. Калган нускаларын тиешелүүү жерлерге, кызыккан жарандарга беребиз. Бул Кыргызстан үчүн чоң эмгек жана акысыз таратылат.

ОшМУнун теология факультетинин хадис жөнүндөгү топтому.
ОшМУнун теология факультетинин хадис жөнүндөгү топтому.

Жалпы жонунан алганда биз илимий негизде жазылган, заманбап китептер менен жаштарды диний жактан агартууга, өз алдынча ойлонууга, талдоого үйрөткүбүз келет жана үйрөтүп жатабыз.

“Азаттык”: Негизи Кыргызстанда ислам багытында агартуучу китептер акыркы убакта көбөйө баштады. Муфтият, Кыргызстан ислам университети, Кара-Балтадагы ислам институту, сиздердин факультет жана башка мекеме-уюмдар чыгарып турушат экен. Албетте, баарында эмес, бирок бир топ китептерде кайсы бир жамааттын, кайсы бир агымдын көз карашын да таңуулагандай маалыматтар айтыла калып жүрөт. Ошондой, кандайдыр жат идеологиялык багытта жазылган окуу куралдарын окурмандар кантип ажыратып, билиши керек? Кантип туура эмес идеологияга сугарылып кетпеши керек?

Мырзаибраимов: Мунун бир эле жолу жарандарга диний маалыматты жеткирүү болуп саналат. Ошондо гана жаштар өзүнө туура деп алган маалыматты, биздеги дин үйрөтүү мүмкүнчүлүгүнө, укугуна ээ болгон тараптар аркылуу үйрөнгөн маалыматты, окуп жаткан китеби менен салыштыруу менен гана айырмалай алат. Бизде китеп чыгарууда, деги эле маалымат жеткирүүдө эки маселе бар. Биринчиси – кээ бир жамааттардын өз көз карашын таңуулоочу китептерин чыгарылышы. Экинчиси - биздин бүгүнкү шартка ылайыктуу илимий негиздеги китептерди жазуу маселеси. Бүгүн мына ушул экинчиси көйгөйлүү маселе болуп турат.

Башкача айтканда, мусулмандарга байланыштуу “Намаз кантип окулат?” же “Орозо кантип кармалат” деген китептер чыгып жатат. Ал эми “бүгүнкү күндөгү коомдогу маселелерге диний терезеден кандай мамиле кылышыбыз керек, анын жообун кантип табышыбыз керек?” деген суроолорго жооп берүүчү илимий негиздеги китептер жокко эсе. Биз классикалык китептерден карап, ошол жерден жообун издеп таап, "бул динде мындай экен" деген нерсе менен эле чектелип жатабыз.

Экинчиден, мусулмандардын эмоциясына ойноп, ошого ылайыктап сүйлөө менен динди түшүндүрүү ыкмасын кеңири колдонуп келе жатабыз. Ал эми объективдүү түрдө илимий китептерди жазуу маселеси Кыргызстанда актуалдуу бойдон калып жатат. Тилекке каршы, мусулмандардын аң-сезимин, акыл-эсин иштетип, талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн өстүрүүчү китептер бизде тартыш.

ОшМУнун теология факультетинин китептери.
ОшМУнун теология факультетинин китептери.

Араб мамлекеттеринде чыгып жаткан саясий маселелер да мусулмандардын эркин ой жүгүртүүнү, талдай билүүнү жакшы өздөштүрбөгөнүнөн чыгып жатат. Ошол үчүн биз келечекте саясий, экономикалык, социалдык маселелер мындан да өрчүп кетпесин десек, талдоого, ой жүгүртүүгө басым жасашыбыз керек.

Ошондо биз биринчиден, диний маселелердин, экинчиден ошого байланыштуу башка маселелердин алдын алабыз.

Деталдаштырып айтканда, ар бир диний окуу жайы предметтерди окутууда жалаң эле жаттоого басым жасабай, акыл-эсти иштетүүгө, аң-сезимди өрчүтүүгө байланыштуу сабактарды да бериши керек. Ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү талдай турган окуу программасын киргизишибиз зарыл. Эгер андай кылбасак, жаштар кайсы бир жамааттын же кайсы бир лидердин көз карашына сугарылып кетет. Натыйжада диний лидерлер, жамааттар аларды эртең өзүнүн саясий максатына да колдонуп коюшу мүмкүн. Туура, биз аалымдардын, ойчулдардын сөзүн угабыз. Бирок ошону угуп аткан мезгилде да ар бирибиз өз алдынча инсан катары талдоого үйрөнүшүбүз керек. Мына ушул нерсе - негизги маселе.

“Азаттык”: Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын эсеби боюнча Кыргызстанда ислам багытында билим берген 114 диний окуу жайы бар экен. Алардын тогузу институт, бирөө университет. Калган 104ү медресе жана окуу борборлору. Сиздин оюңузча ушул медреселерде кандай китептер окутулат? Дегеле медреселердеги билим берүүнү кандай баалайсыз?

Мырзаибраимов: Медреселерди негизинен муфтият колго алып, бирдиктүү программасын иштеп чыккан. Бул жагынан кандайдыр жолго коюлганын айтсак болот. Негизи медреселердин деңгээли жогорку окуу жайларынын деңгээлинде эмес. Башкача айтканда окуу форматы лицейлердин же коллеждердин деңгээлинде. Бирок бүгүнкү күндө алар ошол деңгээлге жетип жатабы? Жеткен жок.

​Себеби бизде медреселерге лицензия берүүдөн качышат. Коркпой лицензия бериш керек болчу. Анткени лицензиянын өзүнүн шарттары бар. Ага ылайык, ошол эле математика, физика жана башка сабактар кирет. Бул кандайдыр бир деңгээлде медресенин окуучуларынын дүйнө таанымынын өсүшүнө жардам берет. Муну же муфтият өзү көзөмөлдөшү керек же Билим берүү министрлиги аркылуу мамлекет колго алышы керек. Буларды жөн гана "капа болбосун" деп четке коюп, анан “куран, хадис жаттаса, анан бир-эки диний китептерди окуса болду” деп калтырып коюу туура эмес. Муну системалуу түрдө сөзсүз колго алыш керек.

ОшМУнун теология факультетинин китептери
ОшМУнун теология факультетинин китептери

​Менин баамымда бир тараптуу билим берген мекемелер мамлекеттин саясатына толук ылайык келет деп айта албайбыз. Анткени ал жактагы балдар Куранды жаттап коюу менен эле экстремисттик көз карашты аныктай албайт. Анткени медреселерде окуу куралдар базасы да кеңири эмес, китептер да көп мезгилде жетишсиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG