Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Европа сабактары: ваххабизм коркунучу


Кадыр Маликов.
Кадыр Маликов.

Белгилүү теолог, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов менен маек.

Европада исламга каршы чакырык таштаган оңчул саясий партиялар бийликке келип жатат. Ушул айдын башында эле Австриянын бийлиги жети мечитти жабуу жана көптөгөн имамдарды өлкөдөн чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды. Швецияда акыркы эки жылда мечиттерге кол салуу он эсе көбөйгөн.

"Биз жана дин" берүүсүндө ушул тема талкууланды. "Азаттыктын" суроолоруна теолог, Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов жооп берди.

"Азаттык": Жалгыз эле Австриянын бийлиги эмес, Дания, Швеция сыяктуу Европа Биримдигиндеги башка өлкөлөр да мечиттердин салынышына чектөө киргизүүгө, бурка, никаб сыяктуу кийимдерге тыюу салууга аракет кылууда. Европадагы бийлик өкүлдөрү буларды эмне максатта жасап жатышат? Бул кандайдыр бир идеологиялык күрөшпү же катардагы эле коопсуздук чараларыбы?

Кадыр Маликов: Жалпы эле Европа мамлекеттери жөнүндө айта турган болсок, мисалы Франция, Германия, Испания сыяктуу өлкөлөргө көп сандаган качкындардын жана мигранттардын барышы ал жактагылардын чыдамын кетирди. Акыркы убакка чейин исламга байланыштуу тынчсыздануу көп деле ачыкка чыкчу эмес. Өзгөчө Ливиядагы кризистен кийин Европада мигранттардын көбөйүшү Европа өлкөлөрүнүн жетекчилерин терең ойго түрттү.

Болбосо ошол эле Австрияда мусулмандарга карата аябай жумшак саясат жүргүзүлүп келет жана мыйзамдар аябай ыңгайлуу. Австрияда керек болсо исламдык укуктун, башкача айтканда шарияттын кээ бир эрежелерин жалпы укуктук системада колдонууга шарт түзүлгөн. Нике жана үй-бүлө маселесинде мусулмандар шарияттын негизинде жашоого укуктуу.

Венадагы ислам борбору. 26-февраль, 2015-жыл.
Венадагы ислам борбору. 26-февраль, 2015-жыл.

​Бирок алар акыркы убакта коопсуздук маселелеринин айынан таптакыр башка багытка бурулууда. Австрия, Германия сыяктуу өлкөлөрдө мурда көбүнесе түрктөр мигрант болуп саналчу. Жумушчу болуп эсептелген түрктөр Европа өлкөлөрүндө аз да болсо маданий мозаиканы түптөй алышкан. Ошого карабастан Европадагы кээ бир илимпоз, саясатчы жана оңчул топтордо исламофобиялык маанай пайда болгон.

Алар мигранттардын агылып келиши жана мусулмандардын көбөйүшү акырындап Европанын кебетесин өзгөртүп, мусулман кылып салат деп кооптонушкан. Буга окшогон тынчсыздануу жана исламофобиялык маанай жогоруда айтылып өткөндөй Ливия сыяктуу Жакынкы Чыгыштагы кээ бир өлкөлөрдөгү кризистен качып, Европага барган мигранттардын көбөйүшү менен абдан күч алды.

"Азаттык": Сиз "Европадагы мусулмандардын көбөйүшү европалыктарды кооптондурат" деп айтпадыңызбы. Бирок статистика боюнча Германияда жана Швейцарияда мусулмандар калктын беш гана пайызын түзсө, Англияда үч, Францияда алты гана пайызды түзөт. Бул аябагандай эле аз да? Анда эмне үчүн Европадагы айрым лидерлер мусулмандардан коркот?

Кадыр Маликов: Самуэль Хантингтондун "Цивилизациялардын кагылышы" деген китебинин жарык көрүшү жана анын теориясы коомчулукту туура эмес нерселерге багыттап, карама-каршылыктарга түрттү.

Самуэль Хантингтондун теориясы дүйнөдөгү саясий жана башка карама-каршылыкты диний-цивилизациялык араздашуу катары көрсөтүп койду. Ал биринчи коркунуч катары исламды көрсөтүп, Европанын исламдашуусу боюнча терс пикирлерин айткан. Миграциянын таасирин көбүртүп-жабыртып, негизсиз эле кооптуу жагдайды сүрөттөгөн. Анын пикирлери европалыктарды, өзгөчө оңчул партияларды исламдан коркууга, исламга каршы болууга түртүп жатат. Буга Европага барганда өзүбүз да күбө болуудабыз.

Мигранттар арасындагы кылмыштуулук, алардын Европанын шарттарына ыңгайлаша албаганы ислам коркунучу катары кабыл алынууда. Европалыктар мунун баарын Европанын исламдашуусу же болбосо арабдашуусу катары кабыл алууда.

Австрия менен Словениянын чек арасындагы мигранттар. 23-октябрь, 2015-жыл.
Австрия менен Словениянын чек арасындагы мигранттар. 23-октябрь, 2015-жыл.

Европада жайылып жаткан исламдык түшүнүккө байланыштуу маселелер жокпу? Албетте, бар. Мисалы Европадагы мечиттердин кээ биринде түрк дин кызматкерлери иштейт. Бирок жамааты арабча сүйлөгөн мечиттерди көбүнесе араб өлкөлөрүнөн барган имамдар башкарып жатат. Башкача айтканда, айрым мечиттерге ваххабизм идеясына ээ болгон имамдар жетекчилик кылат.

Эң кызыгы - буга чейин Батыштагы кээ бир өлкөлөр буга көз жуумп келишкен. Көптөгөн Европа мамлекеттеринде араб маданий борборлору иш алып барат жана ал жерде өз мечиттери да бар. Тил менен катар динди да үйрөтүшөт жана көпчүлүгү Сауд Арабиясы тарабынан каржыланат. Дайындалган имамдардын баары ваххабизмди карманат.

"Азаттык": Анда Сирияга, Иракка согушканы кетип жаткан европалыктар ошолорбу?

Кадыр Маликов: Франция, Белгия сыяктуу мамлекеттерден Сирияга кеткен мусулмандардын саны көп экени айтылып келатпайбы. Ошол кеткен жаштар такфирчи-жихадчы салафийлер болуп эсептелет. Алар ошол мамлекеттердеги араб геттолорунан, жабык райондордон кетишкен. Биз Брюсселдеги ошондой кварталдарды өз көзүбүз менен көрдүк. Ал райондорду аралап кетип жатканда өзүңдү араб мамлекетине түшүп калгандай, Сауд Арабиясында жүргөндөй сезесиң. Эркектер кыска шым кийип, узун сакал коюшкан, аялдар бети-башынын баарын чүмкөгөн. Ошондуктан Ангела Меркел бекер жерден "мультикультурализм жок болду" деп айткан жок да.

"Эмне үчүн мусулмандар Европага интеграция боло алышкан жок? Эмне үчүн мусулмандар мынчалык агрессивдүү?" деген суроолор туулат. Маселеге эки жактан карашыбыз керек. Биринчиден, Европага барып исламды жайган дин адамдарынын көпчүлүгү ваххабизмди карманышат. Ал эми ваххабиздин өзгөчөлүгү Куранды кандай жазылса, ошондой түшүнүү болуп эсептелет. Алар өздөрүнүн ислам түшүнүгүн Европанын жашоо образына карама-каршы коюп алышкан.

"Азаттык": Европадагы бийлик өкүлдөрү бул маселе боюнча элдин талабына жооп бергенге аракет кылып жаткандай сезилет. Себеби, европалыктардын арасында исламофобия күч алып жатат да. Бирок бийликтин ушундай кадамдары кайра эле оңчул саясий партиялардын, бийликке умтулган радикал улутчул топтордун популярдуу болушуна шарт түзүп жаткан жокпу?

Кадыр Маликов: Ооба, чын эле ушундай нерселер болуп жатат. Себеби либералдык жана неолибералдык баалуулуктардын учурдагы кризиси аябай терең. Либералдык баалуулуктарды жактаган солчул партиялар жана кыймылдар маселелерди чече албай жатат, коопсуздукту камсыз кылууда, туруктуулукту сактоодо чабал болууда. Күндөн күнгө өз аброюн жоготуп жатат. Мындан ары да оңчулдар упай топтой берет деп эсептейм. Алардын пешенесине азыркы учурда исламофобия Европада күч алууда. Исламофобиялык маанай оңчул күчтөрдүн жаштардын мобилизация болушуна жана бийликке келишине шарт түзүүдө. Францияда Ле Пен канчалык бийликке келе албаса да алдыда ал көп нерсеге жетиши мүмкүн.

"Азаттык": Бирок мусулмандар Европага жеткенге аракет кылып жатышпайбы?

Кадыр Маликов: Бардык мусулмандар аракет кылышууда. Себеби мусулман өлкөлөрүндө да кризис бар эмеспи. Экономикалык кыйынчылыктар толтура. Мусулмандардын бул көчү - улуу көч. Бул көчтүн натыйжасында ислам Европада мындан да көп жайылат деп эсептейм. Бирок Европада кайсы ислам болот деген суроо туулат. Сауд Арабиясы сыяктуу мамлекеттер өздөрүнүн түшүнүктөрүн жаюуну улантууда.

"Азаттык": Европадагы саясий бийликтин мечиттерди жабуу, буркага тыюу салуу сыяктуу мусулмандардын дин тутуу эркиндигин чектөөгө багытталган чечимдери диндердин ортосундагы карама-каршылыктарга алып барышы мүмкүнбү?

Германиядагы мусулмандарга каршы митингдердин бири. Дрезден, 12-январь, 2015-жыл.
Германиядагы мусулмандарга каршы митингдердин бири. Дрезден, 12-январь, 2015-жыл.

Кадыр Маликов: Ооба, андай нерселер болушу мүмкүн. Исламофобиялык маанай массалык маалымат каражаттарында даана байкалууда. Бул жалаң эле Европада эмес, Орусияда да күч алды. Исламды терроризм менен байланыштырып жатышат. Бирок исламдын терроризмге тиешеси жок. Тескерисинче терроризм саясий себептердин айынан пайда болуп жатат. Керек болсо кээ бир мамлекеттер терроризм менен алек болуп жатат. Ошондуктан исламофобиялык көз караштар терроризмди исламга жармаштырууда.

Бирок кылмыштуулуктун өзү адамга жана жеке адамдык факторго тиешелүү эмеспи. Европага ар түрдүү көз караштагы, ар түрдүү социалдык-экономикалык абалдагы адамдар барат. Жакырчылык, жумушсуздук буга түздөн-түз таасир этет.

Азыркы убакта адамдардын ишеними жана акыл-эси үчүн күрөш жүрүп жатат. Чындыгында ваххабизм азыркы кезде мусулмандар үчүн, жалпы эле ислам үчүн коркунуч туудурууда. Себеби ваххабизм акыркы учурда исламдын максаттарына, кайсы бир мамлекеттин же болбосо Сауд Арабиясынын максатына эмес, геосаясий кызыкчылыктарга, мусулман эмес өлкөлөрдүн пайдасына кызмат кылууда. Ушу тапта ваххабизм исламофобдор үчүн пайдалуу.

"Азаттык": Европада ваххабизм жеңишке жетүүдөбү?

Кадыр Маликов: Ваххабизм азыркы учурда аябай тез жайылып жатат. Себеби ваххабизмге мунайдан түшкөн каражаттар аркылуу үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүлөт. Негизи ваххабизм мунайдан түшкөн долларларга сүйөнөт.

"Азаттык": Европадагы бийлик өкүлдөрү кабыл алган чечимдерден жана ал жакта пайда болуп жаткан кырдаалдан биз кандай сабак алышыбыз керек?

Кадыр Маликов: Биринчи кезекте биз Кыргызстанда Перс булуңундагы өлкөлөрдөн келген диний көз караштардын жайылбашы үчүн чара көрүшүбүз керек. Эң өкүнүчтүүсү - азыркы учурда өлкөбүздө алардын диний түшүнүктөрү жайылып жатат. Ал жакта бекер окуп келген жаштар бул жакка келип, өздөрү үйрөнгөн идеологияны жайылтууда, элге ваххабизмди үйрөтүүдө.

Кыргызстан. "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрүнүн соту. Ош, 21-ноябрь, 2008-жыл.
Кыргызстан. "Хизб ут-Тахрирдин" мүчөлөрүнүн соту. Ош, 21-ноябрь, 2008-жыл.

Экинчиден, бул жактагы имамдардын диний көз караштарына маани беришибиз керек. Эң негизгиси - алардын дүйнө таанымы, идеологиясы, башкача айтканда акыйдасы матуридий акыйдасы болушу керек. Карманган мазхабы ханафий, шаафий жана башка болушу мүмкүн, бирок акыйдасы бизде мурдатан калыптанып калган матуридий окуусу болушу зарыл. Себеби айрым топтор жана кишилер ушул кезде мусулман коомчулугунун ичинде бузукулукту жаюуда, жарандарды идеологиялык тирешүүгө түртүүдө.

Ваххабий багыттагы топтор өздөрүн "чыныгы мусулман" катары көрсөтүп, мусулмандарды бири-бирине карама-каршы коюп, душмандыкты козутуп жатышат.

Ошондуктан биз сырткы таасирлерге көңүл бөлүшүбүз керек. Ирандын шиизми болобу, Сауд Арабиясынын ваххабизми болобу - биз сырткы таасирге жол бербешибиз керек. Бирок бул багытта кескин иш-чараларды алып барыш үчүн саясий эрк жетишпей жатат. Кааласа жасаса болот. Ваххабизмге үндөгөндөрдүн ишмердүүлүгүнөн четтеш керек жана акчалай колдоосун токтотуу зарыл.

Азыркы учурда өзгөчө жаштар арасында ваххабизм тез жайылып баратат. Мурда түндүк аймактарда таасирдүү болсо, азыр түштүк аймактарда тарап жатат. Илгертен Ош аймагы салттуу ханафий-матуридий түшүнүгүнө ээ болуп келсе да, акыркы мезгилде ваххабизмге таасирленүүдө. Ал кыргыздардын арасында да, өзбектердин арасында да жайылып баратат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

XS
SM
MD
LG