Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:54

"Талибан" кайра бүлүк салды


Ооганстанда "Талибан" кыймылынын чабуулунан кеминде 11 аскер мерт болду. Бул "Талибандын" өкмөт менен Айт майрамынын алдындагы утурумдук элдешүүнү токтоткондон кийинки алгачкы чоң чабуулу.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мухаммад Радмаништин “Азаттыктын” ооган кызматына билдиришинче, "Талибандын" өлкө батышындагы Бадгис провинциясындагы чабуулунан 11 аскер өлүп, тогузу жарадар болду.

Провинциянын губернатору Абдул Гафур Маликзай билдиргендей, "Талибан" аскерлердин эки көзөмөл бекетине таңга маал чабуул койгон.

Башка бир маалыматтарда өлгөндөрдүн саны 30дай болушу мүмкүн. Бадгис провинциясынын кеңешинин төрагасы Абдул Азиз Бек жана жергиликтүү полициянын өкүлү Нагибулла Амини "Талибандын" чабуулунан курман болгон аскерлердин саны 30га жетээрин, жоочулар да жоготууга учурашканын кабарлады. "Талибан" болсо айгышкан атышуулар уланып жатканын билдирген.

Ооганстан.
Ооганстан.

Ооган өкмөтү буга чейин Айт майрамынын алдында башталган утурумдук элдешүүнүн убактысын узарткан.

- Ок атышууну токтотуунун башкы максаты - тынчтык орнотуу, анын согушууга эч кандай зарылчылык жок. Биз көйгөйлөрдү чогуу чечүүбүз керек. Ооганстандын өкмөтүнүн, талибдердин жана элдин динге жана саясатка байланыштуу бири-бири менен жаңжалдашууга, бул урушту улантуусуна эч кандай негиз жок, - деген 17-июнда президент Ашраф Гани “Талибан” менен ок атышпоо шарты дагы он күнгө узартыларын жарыялап жатып.

Ашраф Гани.
Ашраф Гани.

Бирок “Талибан” бул чакырыкты кабыл албай, дароо четке каккан. Ашраф Гани согушкерлерди куралын таштап, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоого жана саясий партия катары күздө өтө турган парламенттик шайлоого катышууга быйыл февраль айында да үндөгөн.

Анда жоочулардан ооган өкмөтүн таануу жана мыйзам үстөмдүгүн урматтоо талап кылынган.

“Талибан” ал чакырыкка да кулак салган эмес. Согушкер топ "сүйлөшүү үчүн адегенде өлкөдөн чет элдик күчтөр кетиши керек" деген мурдагы шартын кайталаган. 17-июндагы элдешүүнү узартууну жарыялаган кайрылуусунда Ашраф Гани бул сунушту да карап көрүүгө даяр экенин билдирген.

“Талибан” кыймылы ооган өкмөтү менен 17 жылдан бери согушуп келе жатат. Айрым маалыматтарда өкмөттүк күчтөр азыр Ооганстандын 60 пайыздай аймагын гана көзөмөлдөйт.

Ал ортодо өлкөдө согушту токтотууну талап кылган активисттер эки тарапты элдешүүгө чакырууда. "Биз тынчтыкты каалайбыз!", "Согуш токтосун!" деген ураандарды чакырган элүүдөй активист 700 чакырымдай жол басып, тынчтык кербени жүрүшүн жасашты.

Ага катышкан Замарай Заланддын айтымында, эл согуштан чарчап бүттү:

- Биз эки тарапты тең тил табышып, ок атышууну токтотуу режимин узартууга чакырабыз. Биздин жүрөгүбүз ооруп турат. Бул жаңжалдан тажаган элдин кайгысы. Биз ок атышуунун, эки тараптын өлкөдө туруктуу тынчтыкка жетишин каалайбыз.

Тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары.
Тынчтык жүрүшүнүн катышуучулары.

АКШ жана НАТО күчтөрү 2001-жылдын 11-сентябрындагы Нью-Йорктогу террордук чабуулдан кийин Ооганстанга кирген.

Буга ошол учурда Ооганстандын башында турган талибдердин өкмөтү "Ал-Каида" баштаган террорчул топторго баш калка берди деген жүйө негиз болгон.

Бир нече жылга созулган кармаштан кийин талиптер бийликтен кол жууп, ордуна жаңы өкмөт түзүлгөн.

2014-жылы Америка жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткен. Ооган жергесинде калган 8400 америкалык аскер жана НАТОнун 5000дей жоокери көбүнесе ооган армиясына кеңеш берүү жана машыктыруу милдетин аркалайт.

“Талибан” быйыл апрелде жазгы чабуулун баштаганын жарыялагандан бери ооган коопсуздук күчтөрүнө жана кызмат адамдарына каршы кол салууларын күчөткөн.

Эл аралык жана регионалдык уюмдар, ошондой эле көптөгөн мамлекеттер "Талибан" кыймылын жалпы аймакка коркунуч катары көрүп, аны алдын алуунун ар кандай жолдорун карап келишет.

Маселен, Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги "Талибан" кыймылынын жогорку жетекчилигинин өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүү үчүн тиешелүү байланыштар түзүлгөнүн расмий сайтына жарыялады.

Жолугушуулар качан жана кайда өткөнү тууралуу эч кандай маалымат айтылган эмес. Өзбек дипломаттары сүйлөшүүлөр 27-мартта Ташкентте өткөн Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда жетишилген макулдашуулардын аркасында уюшулганын ырасташты.

Мындан кийин өзбекстандык дипломаттар ооган өкмөтү, АКШ, Кытай, Орусия жана Эл аралык байланыш тобунун, Түштүк Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен бир катар кеңешмелерди өткөрүшкөн.

Ооганстандын эли “Талибандан” тышкары “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жергиликтүү канатынын кыянатчылыктарынан да азап чегип келе жатат. 17-июнда Нангархар провинциясындагы “Ислам мамлекети” тобунун жанкечтилери жасады деген кош теракттан элүүдөй адам көз жумду.

Ооган өкмөтү “Ислам мамлекети”, "Ал-Каида" сыяктуу эл аралык террорчу уюмдар менен элдешүү болбой турганын билдирип, алар менен элдешүү жарыялаган эмес.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG