Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:38

Ооганстанда "Талибандын" чабуулунан кеминде 11 аскер мерт болду


"Талибандын" жоочулары Айт күнү Жалалабад шаарынын чет жакасында жүргөн учур. 16-июнь, 2018-жыл.
"Талибандын" жоочулары Айт күнү Жалалабад шаарынын чет жакасында жүргөн учур. 16-июнь, 2018-жыл.

Бул - "Талибан" өкмөт менен Айт майрамынын алдындагы утурумдук элдешүүнү токтоткондон кийинки алгачкы чоң чабуул.

Ооганстандын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Радмаништин “Азаттыктын” ооган кызматына билдиргенине караганда, "Талибандын" өлкө батышындагы Бадгис провинциясындагы чабуулунан 11 аскер өлүп, тогузу жарадар болду.

Провинциянын губернатору Абдул Гафур Маликзайдын айтымында, "Талибан" аскерлердин эки көзөмөл бекетине таңга маал чабуул койгон.

Бадгис провинциясынын кеңешинин төрагасы Абдул Азиз Бек жана жергиликтүү полициянын өкүлү Нагибулла Амини "Талибандын" чабуулунан курман болгон аскерлер саны 30га жетээрин, жоочулар да жоготууга учурашканын кабарлады.

"Талибан" болсо айгышкан атышуулар али уланып жатканын билдирүүдө.

Ооган өкмөтү Айт майрамынын алдында башталган утурумдук элдешүүнүн убактысын он күнгө узартканы менен "Талибан" аны 17-июндун түнүнөн тарта токтотуп койгон. (UE)

XS
SM
MD
LG